18.02.11 - 6-бет:
  Күнкөйгөй

Өз элинде өгөйлөнгөн мигранттар
Алакандай элибиздин жумушсуздуктун айынан чет өлкөгө агылып жатканы кабырга кайыштырган көрүнүш. Алар акырындап барган жерине сиңип баратат. Бала-бакыралары да ал жакта калып калуу коркунучу бар. Ушуга байланыштуу миграция боюнча көз карандысыз эксперт-консультант,
"Каныкей эне" коомдук фондусунун жетекчиси
Перизат СУРАНОВАга кайрылдык.


- Орусия жарандыгын алган мигранттарыбыз жыл сайын артууда. Алардын балдары да эми орус жараны болуп эсептелет. Ал балдар түпкү мекенине кайтып келем десе жарандык жагы кандай болуп калат?
- Бул биздин мигранттар үчүн аргасыз жол. Анткени күндөн-күнгө жумуш табуу кыйындап, Орусияда кенен-чонон басып туруу тарыды. Белгилүү болгондой, орус жарандыгын алгандардын укугу кеңири. Эми ал жарандарыбыз, бул жакта киндик каны тамбаган алардын балдары кайтып келем десе үч айдан алты айга чейинки аралыкта кайра кыргыз жарандыгын ала алышат. Муну мынчалык созуунун кажети жок эле. Анткени кайтып келген адам бул убакытка чейин тезек терип жүрмөк беле? Дагы бир жагдай, автоматтык түрдө орус жараны болуп төрөлгөн ал балдар эне тилин билбей, сөөгү кыргыз, тили орус болуп калбайт деп кантип айтабыз. Демек, алардын туулган жерлерине кайтышы чоң суроо. Мындай балдардын алды 15-18ге чыгып, күн өткөн сайын оруска оролуп баратат. Мунун түпкүлүгү улуттук генофонддун бөксөрүшүнө алып келиши толук мүмкүн.
- Орусия жарандыгын алып тыңып алган мекендештерибиз өз каражаттарын Кыргызстандын экономикасына эмне үчүн салышпайт?
- Орусия жарандыгын алып, орун-очок тапкан бир катар атуулдарыбыз ал жакта байып, ишкана, базар ачып, биздин мигранттарга жумуш таап берип жатышат. Бирок алар кайтып келип ишкана же башка нерсе ачам десе чет өлкөнүн жараны катары мыйзамдык жана биздин мамлекетке мүнөздүү коррупциялык тоскоолдуктарга, ачык эле шапке сурамайга туш болушууда. Учурда тышкы инвестициясыз Кыргызстанды көтөрө албайбыз. Ушундай шарттарда сырттагы колунда бар мигранттарыбызды инвестор катары тартууну ойлонгон бирөө жок. Айталы, белгилүү окуялардан жабыр тарткан Жалал-Абад, Ош шаарларын калыбына келтирүүдө мигранттардын потенциалдуу мүмкүнчүлүгүн пайдалануу таптакыр эске алынбады. Аларга салык, укук, социалдык жактан бир катар мыйзамдык жеңилдиктерди берип, кызыктырууга неге болбосун. Москвада, Тюменде, Саратовдо, Новосибирскиде, дегеле Орусиянын бардык ири шаарларында, Египетте, Батыш өлкөлөрүндө бир өрөөндүн элин бакканга мүмкүнчүлүгү бар эмгек мигранттарыбыз көп. Аларды мыйзамдык өгөйлөөгө тушуктурбай, тескерисинче өзүбүзгө тартышыбыз керек эле.
- Өзүбүз жумуш менен камсыз кыла албагандан кийин миграциялык процессти мамлекеттин кызыкчылыгына бурууга болобу?
- Биздеги миграциялык агымдын эки көрүнүшү бар. Биринчисине жумушсуздуктун айынан күнүмдүк оокат таап келүү үчүн жөнөп жаткандар кирет. Экинчисине эбак барып бутуна туруп алгандарды кошсок болот. Биринчисин кетирбей, экинчисин кайра өзүбүзгө тартуу үчүн Кыргызстанда инвестициялык жакшы шарттар түзүлүшү зарыл. Мисалы, байып алган эмгек мигранттарын айыл жерлеринде кайра иштетүүчү ишканаларды курууга, дыйкандык-фермердик иштерди жандандырууга тартсак, жер-жерлерде жумушчу орундары ачылмак. Жумуш табылып жаткан соң миграция агымы өзүнөн-өзү токтомок. Мамлекеттин экономикасына жан кирмек. Кашайганда ушуну көрө албай жатабыз...
Темирбек АЛЫМБЕКОВ




  Бюджет эмей эле фантазия

Акчадан алдыга озгон президент
Кыргыз парламенти өткөн жумада 2011-жылдын бюджет долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен жактырды. Алдыда дагы эки окуу бар. Анда да эл өкүлдөрү тарабынан колдоо табылса, мамказынанын чыгашасы 89 млрд. 710 млн. 934 миң 600, киреше бөлүгү 68 млрд. 453 млн. 552 миң 900 сомду түзмөкчү. Мунун негизинде бюджет тартыштыгы 21 млрд. 257 млн. 381 миң 700 сомду басып жыгылат. Адистердин баамында, чоң тобокелчиликти жараткан бюджет долбоорунун аткарылышы күмөн.


Президент баш, депутаттар төш болуп мамлекет каражатын үнөмдүү пайдаланалы деп чамынышкан. Бирок бул жел сөз экенин турмуш акең ырастоодо. Маселен, бюджет долбоорунун алгачкы вариантында президент аппаратынын карынын "кампайтууга" 721 млн. 804 миң 700 сом чегерүү каралган. Буга ЖоКе көнгөн эмес. Ал эми өткөн жумада парламентке сунушталган бюджет долбоорунда президент аппаратын асыроого 829 млн. 512 миң 100 сом бөлүү зарылдыгы баса белгилениптир. Макаланын башында айтылгандай, эл өкүлдөрү аны колдоду. Ушул жерден Жогорку Кеңештин принциби кандай экенин даана байкайсың.
Жыл өткөн сайын аткаминерлердин саны арбып барат. Жөнөкөй мисал. Төмөнкү таблицада үч режимдин тушунда президент аппаратында канча адам эмгектенгени көрсөтүлгөн.
Эми элестетип көрүңүз, бюджет таңсыктыгы 21 млрд. сомду түзгөн шартта майда чиновниктерди көбөйтүүнүн кажети бар беле? Себеби, алар миллиондордун "желишине" үлкөн салым кошуп атпайбы.

Атамбаевдин "реформасы"
Былтыр билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат республикалык бюджеттин 7%ын (4 млрд. 902 млн. 100 миң сом) түзгөн. А быйыл бул көрсөткүч 5,9%дан, тагырагы, 5,3 млрд. сомдон ашпайт. Эсибизге жара чыкпаса, курама өкмөт май айынан тартып мамлекеттик мекемеде эмгектенгендердин маянасы 2,5-3 эсеге жогорулатыларын билдирген. Анын ичинде педагогдор да бар. Жаңылбасам, агай-эжейлердин айлык акысын 30%га көтөрүү үчүн кошумча 1 млрд. сом талап кылынары айтылган. Маяна өлчөмү 2,5-3 эсеге жогорулатылган шартта жалпы агартуу тармагына делген 5,3 млрд. сом кайсы "тешикти" бүтөрү белгисиз.
Ушундай эле "мышык ыйлачу" кырдаал саламаттык сактоо чөйрөсүндө турат. Расмий статистикага таянсак, өткөн жылы бул тармакка 5 млрд. 608 млн. сом (мамбюджеттин 8,6%ы) чыгымдалган. Жаңы бийлик тушунда калктын ден соолугуна зор "көңүл" бурулганын ушундан бил, 5 млрд. 651 млн. сомдон ашуун гана каражат каралыптыр. Курама өкмөттүн мындай саясаты саламаттык сактоо тармагын огобетер оңколотпос бекен?

Буюрса болот. А буюрбасачы?
Май айынан тартып мамлекет акырынан "жем" жегендердин маянасын 2,5-3 эсеге жогорулатуу үчүн кошумча 10 млрд. сом керек. Өкмөт аны эл аралык донорлордун көмөгү менен жабууну пландаган кербези. Дүйнө коомчулугу кокусунан бизге сыртын салып койсочу, анда бюджет таңсыктыгы 21 млрд. эмес 30 млрд. сомдон ашып түшөбү? Ушул фактор Атамбаев өкмөтү чоң тобокелчиликке баратканын айгинелейт.
Айрым депутаттар бюджет долбооруна көңүлү тойбостугун ачык билдиришкен. Алсак, "ар-намысчы" депутат Акылбек Жапаров "Азаттык" үналгысына мындайча комментарий берген: "Ошону менен бирге 3 миллиард 300 миллион сомдон ашык, мыйзамда жок, "буюрса болот" деген жел акчаларды бюджетке киргизбөөнү сунуштап атабыз. Анткени бул бир катар мыйзамдарга каршы келет ".
Айтор, 2011-жылдын бюджети өлкөнүн социалдык-экономикалык, саясый абалын оорлотот окшоп калды. Бул маселе бүгүн парламент отурумунда талкууланат. Эл өкүлдөрү кандай чечим чыгарары ошондо билинет.




?????
  ТВ-маек

Маалымат коопсуздугу майдадан башталат
Жети облусту манжалап санаганыбыз менен июнь окуясында дүйнөнү коелу, ошол жети дубанга өз убагында туура маалымат жеткире албаганыбыз анык. Мунун себебин ар ким ар башкача түшүндүрүп келатат. Ошол окуянын чордондорунун бири Жалал-Абад шаары эле. Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору, КТРдын отличниги Куттубидин БАЗАРКУЛОВ ошол күндөр жөнүндө буларды айтып берди
- Куттубидин мырза, түштүк окуясында маалыматтык "согуштан" жеңилип калганыбыздын себебин ар ким ар кандай жоруп келет. Сиз жеңилүүгө эмне себеп болду деп ойлойсуз?
- Буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында Өзбекстандын "Яшлар", Ташкент, Наманган, Фергана телеканалдары эч тоскоолдуксуз, жакшы көрсөтүлүп келген. Мындан сырткары, МезонТВ, ОшТВ, КереметТВ деген өзбек тилиндеги телеканалдар да көбөйүп кеткен болчу. Биринчиден, Кадыржан Батыровдун бул каналдар аркылуу байма-бай чыгышы июнь окуясынын чыгышына себеп болду. Экинчиден, маалыматтык коопсуздуктан уттурганыбыздын дагы бир негизги себеби, бакыйган, азыр коомдук аталган КТРКнын Жалал-Абад облусу боюнча маалымат алуучу интернет булагынын жоктугу болду. Түштүктө июнь окуясында эле эмес, апрель, май айларында да биртоп адамдар каза болуп, жагдай өтө оор болуп турду. Ошол үч ай аралыгында "Ала-Тоо" программасынын кабарчысы катары өз чөнтөгүмөн акча чыгарып, аргасыз борборго маалымат жөнөтүп турдум. КТРК жетекчилиги интернеттик маалымат алмашуу жагын мурдатан колго алганда мынчалык утулуу болбойт эле.
- Эми ЖТРК облустун бардык булуң-бурчунда көрсөтүлөбү?
- ЖТРК Жалал-Абад шаарын, Сузак, Базар-Коргон райондорун жана Ноокен районунун айрым айылдарын камтып, Ош шаарына чейин жетет. Тактап айтканда, бизде район, шаарлардын саны 14 болсо, ошонун 20 пайызында гана ЖТРК көрсөтөт. Анткени телеканалдын бир эле маалымат өткөрүүчү аппараты (передатчик) бар. ЖТРК облусту толук камтыш үчүн Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондоруна, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүргө, ошондой эле төрт ай гана байланышта болуп турган Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл ашуусуна маалыматты өткөрүүчү аппараттарды коюшубуз керек. Качан биз ушуга жетишкенде гана облус эли толук биздин маалымат менен камсыз боло алат. Жогоруда айтылган өткөрүүчү аппараттарды алууга, орнотууга 8 млн. сом керектелери адистер тарабынан эсептелип, бул боюнча Ош, Жалал-Абадды кайра куруу мамдирекциясына, өкмөткө, өлкө башчысына губернатордун атынан кат жолдонгон. Азырынча жооп боло элек. Баса белгилей кетсем, облус тоолуу аймак болгондуктан КТРК, ЭлТР тартпаган айылдар бар. Мындай аймактарда болсо өзбек телеканалдары туптунук көрсөтөт. Бул кыргыз жарандарынын өзбекче сүйлөп, өзбектешип кетип жатышына шарт түзүп берип жатат.
- ЖТРК имараты июнь окуясында өрттөлгөнүн билебиз. Азыркы акыбалы кандай?
- ЖТРКнын имараты 1991-жылдан бери курулбай келатып жаңы курулуп бүткөндө июнь окуясында кайра күйүп, он беш жылдан берки топтолгон жабдык, видеотехника, эмеректери менен кошо күлгө айланган. Президенттин жеке көзөмөлүнүн негизинде Ош, Жалал-Абад мамдирекциясынан 18 млн. сом бөлүнүп, жакшы имарат курулду. Мурун кабарчыларыбыз "утка" аталган арзан видеокамералар менен иштеп келишсе, эми бизге жаңы, заманбап видеотехникалар сатылып алынды. Бир кезде алып баруучулар кагаз карап иштешсе, эми алар телесуфлерлор менен иштеше башташты. Заманбап монтаждоочу аппараттар, видеомагнитофондор, ток-шоуларды коюу үчүн жаңы столдор келип атат. Жашырганда эмне, мурун ток-шоуларды эски столдорду коюп эптеп тартчубуз. Азыр бул жагы жакшы.
- Бийликтин алмашуусу ЖТРК тележурналисттерине да оң-терс таасир берсе керек?
- Ошол кездерде чынында журналисттерге кыйын эле болду. Өзүбүздүн кесиптештердин арасынан эле позициясын тактай албай, Бакиев кайра келип калабы деп үмүттөнгөндөр болду. Кырдаалга байланыштуу ЖТРК жетекчилери эки жолу алмашып, алар менен иштешпейбиз деп чыккандар да болбой койгон жок. Кээ бирөөлөр жаңы жетекчи менен же убактылуу өкмөт менен иштегиси келбей, эмгек акы төлөнбөгөн отпускага чыгып алышты. Кийин алар бийликтин алмашканына толук көздөрү жеткен соң өз эрки менен арыз жазып, кызматтарынан кетишти. Негизи эле адам дайым аркасын карап, жаштарды тарбиялап, келечекти ойлой жүрүшүбүз керек тура. Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес экен. Кеткендердин орду жаш кадрлар менен толукталды. Азыр ЖТРК кызматкерлеринин 80 пайызы жаштар. Заманга жараша жеке эле маалымат берүү менен чектелбей, операторлукту, монтаждоону мыкты өздөштүргөн кызматкерлерибиз бар. Муну бирөө ойлоп тапкан жок. Минтип ар тараптан өнүгүп, универсал болуу коомдун, учурдун талабы экен.
- Жогоруда июнь окуясына чейин түштүктө өзбек каналдары жакшы көрсөтүлчү дедиңиз. Азыр кандай?
- Өзбекстандын телеканалдары дагы деле көрсөтүлүп жатат. Көбүнесе алар ар кандай сериалдар менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартышат. Учурда Кыргызстандагы өзбек тилдүү телеканалдар кыргыз тилине өтүштү. Бирок бул канчага созулары азырынча белгисиз.
Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, эмне үчүн Пирамиданын, жеке бир адамга тиешелүү 5-каналдын өткөрүп берүүчү аппараттары Бишкекте турат дагы, облустук статусу бар ЖТРКныкы борбордо турбашы керек? Мына ушундай маселени жеке эле биз эмес, башка региондор да көтөрүшүбүз керек. Анткени Кыргызстан алыскы айылдары, аймактары, ошол жактан чыккан саясатчы, жетекчилери менен Кыргызстан. Менимче, региондук телеканалдарды жакшыртканда гана маалыматтык коопсуздук колго алынат.
Маектешкен
Мелис СОВЕТ уулу