presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Учкун мырза учурбастыр
Буудайдын наркы төмөндөгөнүнө карабастан, нандын баасынын көкөлөшү өндүрүүчүлөр менен нан жасап сатуучулардын ортосунда антимонополиялык мыйзамга жатпаган, тымызын "сүйлөшүүлөрдүн" бардыгын айгинелеп турат, муну иликтөө керек деп билдирди Экономиканы жөнгө салуу министри Учкун Ташбаев. Өкмөт мүчөсү ар кандай шылтоону айтпай, талуу жерден кармады окшойт. Айтканга келгенде баарыбыз уста элек, бул маселенин арты кандай чечилээр экен. Максимдин "баш бармагы" аталып жүргөн Учкун Ташбаев ушунун артынан түшүп, нанды арзандатып жиберсе, элдик люстрациядан өткөнү ошол болмок.

Дөө жөөлөш
Президенттин аппарат башчысы Э.Каптагаевди дүңүнөн сокпой, ачык айтпайсыңбы деп камчылап жүрүп эти кызыган күлүктөй ээликтирип алганбызбы, айтор, күүлөнгөн бойдон барып эл депутаттары А.Жапаров менен М.Султановду катары менен койдуруп өттү. "Бакиев бийлиги тушунда бириң финансы тармагын, экинчиң экономиканы тейлеп эмне кыйраттыңар. Бүгүн бюджет андай, бюджет мындай деп акыл үйрөтөсүңөр, былтыр ошентпейт белеңер. Тарифтерди көтөрүп, элдин канын соргонсуңар" деди. Тимеле барскан менен койгондой баса айтты. Аңгыча А.Жапаров "бийликке төңкөрүшпү, революциябы ошонун шарданы менен келип алган, интеллектуалдык көрөңгөсү аз, жеп-ичкенден, айкырып-кыйкыргандан башканы билбеген үчүнчү күч деген ушулар" деген теориясын жылдыра салды. Ошентип дөөлөр жөөлөшө баштады, ортодо эл.

КТРКга кылтак
Парламенттин тиешелүү комитети башка иши калбай калгансып, КТРКнын Байкоочу кеңеши тууралуу УӨнүн декретин ары оодарып алты, бери оодарып беш карап, мыйзамдык жагынан шек туудуруп жатат дешип бир күн кечке талкуулашты. Акыры бир чечимге келалбай ЖоКенин конституциялык мыйзамдар комитетине жолдоду. Бул декретти кайра кароо демилгесин "Ата журт" фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева көтөрүп чыгып, Байкоочу кеңеш боюнча мыйзамдарга ылайык келбей жатат деп ырастагысы келди эле, майнап чыкпады. Медиа өкүлдөрү ЖК парламенти мындай аракети менен КТРКны кылтакка алганы жатат деп жиберишти. Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Аида Салянова Байкоочу кеңешти жоюунун жол-жоболору эч жерде жазылбагандыгын көзгө такап, бул маселеге кайрылбагыла дегендей кылды.

Акылбектин аллергиясы
Эл депутаты А.Жапаров парламентте намазкана ачуу демилгесин көтөрүп бир көзгө көрүнгөн. Ошондон бери ушунчалык арууланып кетти дейсиң, аткаминер десе эле аллергиясы кармаган адат тапты. Айталы, мамлекеттик чиновниктердин муктаждыгына жумшалуучу 1 млрд. 467 млн. сомду билим берүү тармагына жана күч структураларына берүү идеясын жылдырып жатат. "Ушу жол менен кетсек президент, спикер, өкмөт башчылары жансакчыларынан ажырап, эл катары эле басып калат, эң негизгиси, билим берүү жана күч структураларына чоң жардам болот" деп турганы. Негизи популизм жыттанып турганы менен ойлончу жактары бар маселе көрүнөт.




  Крим-аалы

Таптырбай кетти
Борбордогу Асанбай кичирайонунан 16-февралда кечке маал белгисиз унаа кош бойлуу келинди койдуруп, качып кеткен. Жабырланган келин денесинен оор жаракат алып, курсактагы баласы түшүп калуу коркунучунда ооруканада жатат.

Жашагысы келбептир
Бишкектеги Алматы көчөсүндө жашаган 30 жаштагы келин 16-февралда мас абалында өз жанын кыям деп күрөө тамырын кесип салган. Келинди дароо ооруканага алпарып, ак халатчандар аман алып калышты.

Палата №6
Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар - 12 кыштагынын эли менен ошол жерде жайгашкан психикалык ооруканасынын бейтаптарынын ортосундагы кагылышты Таш-Көмүр шаарынын кызыл шапкечендери тынчтандырды. Көрсө, 16-февралда ооруканада дарыланып жаткан Бишкек шаарынын тургуну, 24 жаштагы бейтап Д.Р. менен 27 жаштагы дагы бир бейтап О.Э. оорукананын кароолчусу 57 жаштагы Д. Шабдановду сабап коюшкан. Д.Шабдановдун уулу атасына болушуп эки бейтап менен уруша кетет. Ошол учурда психооруканадагы бейтаптар чогулуп, экинчи жагынан жергиликтүү эл топтолуп, ортодо уруш чыккан.

Кандуу арматура
Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин изкубарлары Маевка айылынын тургунунун өз үйүнөн кимдир-бирөө өлтүрүп кеткен сөөгүн табышты. Ысык-Ата районунун тургуну, мурда уурулук үчүн түрмөгө отуруп келген адамдын кандуу колунан келгенин милиция тез эле таап чыкты. Анын колуна кишен салынганда эле мастыктан чыккан чырдан улам темир арматура менен чаап өлтүргөнүн мойнуна алды.

Оюндан чыккан өрт
Талас районундагы Талды-Булак айылынын жашоочусу Асановдун үйүнөн алты жашар баланын ээнбаштыгынан өрт чыкты. Жыйынтыгында төрт тонна чөп, эки тонна саман өрттөнүп, малы тоютсуз калды.

Кыялдын кыялы орундалбады
Борбордо жайгашкан "Боорукер" базарынан жасалма 1000 сомдук менен соода кылып сатуучуну алдап кеткиси келген Кыял деген кыздын колуна кишен салынды. Көрсө, ал мурда да алдамчылык кылып темир торго отуруп келиптир.





  Көңүл бургула,

"Түз байланыш"!
Бишкек мэри Иса ӨМҮРКУЛОВ
"Жаңы Агымда"
Урматтуу окурмандар!
Борбордогу көкөй кескен көйгөйлөр, Бишкек келечекте кандай шаарга айланары, жаңы конуштар канткенде жаңыланарын билгиңиз келеби? Анда 28-февраль, дүйшөмбү күнү саат 14.00дөн 16.00гө чейин 38-67-03 телефонуна чалыңыз. Сизди кызыктырган суроолорго Бишкек шаар башчысы Иса ӨМҮРКУЛОВ жооп берет.
Суроолорду алдын ала
kerimbayev@mail.ru дарегине жөнөтүп
же 38-67-19 номуру аркылуу калтырсаңыз
да болот.




  И-тагдаалы

Жеке ишкер эле, гүбүрнатыр болду
Нарынга мурда жеке ишкерликте, кийинчерээк эл аралык компаниялардын жетекчилик кызматтарында жүргөн кырктын кырындагы Канатбек Муратбеков гүбүрнатыр болуп барды. "Жаш келсе ишке" дечү эле, ишине ийгилик каалайлы. Өзүнүн айтымында тартипти катуу кармаган, инвестиция тартып келсем дегенде эки көзү төрт, мурда болбогон иштерди жасап жиберүүгө жөндөмдүү жигит имиш. Иштесин, көрөбүз да.

Москва Путиндин өз колуна тийсин
"Ата журт" фракциясы Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин ысмын кыргыз тоосунун чокусуна берүүнү жактырбай жатат. Өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Данияр Нарымбаев В.Путиндин жана Орусиянын жардамын унутпай, ушу чокуну берип койбойлубу дегени суу кечкен жок. Фракциянын анабашы К.Ташиев "бул популизм. Биз Путинди сыйлайбыз, бирок урпактарыбызды да унутпашыбыз керек" деди. Ошондой эле өз атынан кат жазып, "урматтуу" Путинди бул идеядан баш тартууга үндөй турганын билдирди.

Айрым студенттер Шиберге айдалат
Өткөн жылдын декабрь айында "Алтай- Манас-Талас" коомдук бирикмесинин чакыруусу аркылуу Россия федерациясынын Алтай Республикасынан расмий мамлекеттик өкүлдөр Талас облусуна келип кетишкендиги тууралуу жазганбыз. Бул кызматташтык андан ары өнүгүп, өткөн жумада алар Кыргызстанга биртоп инвесторлорду алып келип, ар кандай тармактагы келишимдер түзүлдү. Өзгөчө Кыргызстандын Билим берүү министрлиги менен биртоп келишимдер түзүлүп, Панфилов районундагы жетим балдар жатак-интернатынын бүтүрүүчүлөрүн Тоолуу-Алтай шаарындагы кесиптик лицейлерге, ал эми интернатты мыкты бүткөн зээндүү балдар-кыздарды жогорку окуу жайында окутууга макул болду.

Арманың болсо айтып кал
21-февралда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын борбордук аппараты "Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө" карата ачык эшиктер күнүн өткөрөт. Иш-чаранын негизги максаты социалдык теңсиздикке бөгөт коюу, туруктуу жумушка колдоо көрсөтүү, адам укуктарынын тебеленишине каршы күрөшүү ж.б коомдук факторлорду ачыкка чыгаруу болуп саналат. Ачык эшиктер күнүнө министрликтер, ведомстволор жана шаар тургундары чакырылган. Каалоочулар үчүн эшик ачык.




Түштүккө көңүл бурган жан барбы?
Бишкекте саясый элита бирин-бири чукумайдан колдору бошобой жатканда түштүктү бакиевчилердин карааны аралап жүргөнүн, атургай алар тарабынан ири финансылык каражаттар келип түшкөнүн Ош облусунун губернаторунун орунбасары К.Тезекбаев билдирди. Анын айтымында, Ош, Жалал-Абадда коомдук-саясый абал күндөн-күнгө оорлоп, Бакиевдердин "куйруктары" чамгарактап ашынып, айтылуу ОБОНчуларды алдыга салып алып, жер басып алууну, жаңы саясый толкундоолорду уюштурууну күчөтүшүптүр.
Муну токтотуучу укук коргоо органдарынын 5%ы гана иштебесе, калгандары Ж.Бакиевдин кадрлары болгондуктан жаңы бийликке бут тосуп жатышыптыр. Ошондуктан Ош, Жалал-Абаддын күч структураларына чукул ротация жасамайын иш жүрбөй калган абалга жетип калгандай.
Мындан тышкары облустук бийликтерде бир аз гана кадрлар алмашпаса, калгандары бүт эле Бакиевдердин тонун жамынгандар дейт орунбасар. Андыктан жергиликтүү бийликтер дээрлик иштебей, Бакиевдер жиберген каражатты кантип актоонун гана жолун көздөп калышыптыр. К.Тезекбаев бул абалдан чыгыш үчүн түштүккө көбүрөөк көңүл буруп, коррупция, жумушсуздук менен күрөшүүгө чакырды. Анын коңгуроосун бийлик угабы-жокпу, айтыш кыйын.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??