presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаңырык

Айчолпон:
"Бейишти көргөн кыздар Кытайга сүйүү үчүн эле барышы мүмкүн"

Азыр таш ыргытсаң ырчынын башына тийет. Ошондой абалда да жаштардын көбү ырчылыкка кызыгып жатышат. Көбүнчөсүнүн музыкалык билими жок. Сахна дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштап жаткан кытайлык кыргыз кыз Айчолпон да ырчы болууну каалаган кыздардын бири. Бул максат менен атайын Кытайдан келип билим алып жаткан селкини кепке тарттык.

Толук аты-жөнү: Беки кызы Айчолпон
Туулган күнү: 9-апрель, 1989-жыл
Кичи мекени: Улууча ооданы, Синзянь автономиялык облусу
Билими: искусство институту, эстрада факультети
Хоббиси: кино, ыр, бий
Учурда: жеке ырчы
Алдыга койгон максаты: Кыргызстанга жана Кытайга таанымал болгон ырчы болуу


- Айчолпон, кытайлык кыргыздардын сулуусу болот экенсиң. Ал жактагы улутташтарыбыз жөнүндө кененирээк айтып бербейсиңби?
- Мен Үркүн учурунда Кыргызстандан Кытайга качып барган кыргыздардын тукумунан болом. Ал жакта 300 миңден ашуун кыргыздар бар. Көбүнчөсү мал чарбачылык, дыйканчылык менен тиричилик кылышат. Билимдин артынан сая түшкөндөрү өкмөт жумуштарында да иштешет. Кыргыздар илгертен эмгекчил келгендиктен, алар жашаган аймакта бак-дарактар отургузулуп, мөмө-жемиш бышат. Муну көргөн кытайлар биз жашаган жерге завод-фабрикаларды курушкан эмес. Ошентсе да чөптүн сапаты Кыргызстандагыдай болбогондуктан, ал жактын малы Ала-Тоонукунан арыктыгы менен айырмаланып турат.
- Көбүнчө кайсы тилде пикир алмашасыңар?
- Кытайлар менен кытайча, уйгурлар менен уйгурча, өз ара кыргызча сүйлөшөбүз. Айта кетчү нерсе, кытайлык кыргыздар кыргыздын байыркы нукура тилинде кеп токушат. Мен айрым кыргыздын нукура сөздөрү менен сүйлөсөм Бишкектеги досторум түшүнбөй калышат. Ушундай кыргыздын сөзү бар деп мелдешип, анан мугалимдерден сурап, меники туура болуп чыгат. Ал жакта каада-салт да катуу кармалып, ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан эрежелер сакталып калган. Мисалы, Бишкекте бир нече үйлөнүү үлпөттөрүнө катыштым. Батышты туурап кеткендей таасир калтырды. Бизде деле кафе-ресторандарда өткөрүп, кортеждер менен сейилдөөгө чыгуу сыяктуу заманбап салттар бар. Бирок негизги ырым-жырымдар байыркы салттын өзөгүн кармап турат. Бул жакта бардык конокторду бир күнгө чакырып кутулуп коюшса, кытайлык кыргыздар досторду, туугандарды, кесиптештерди, айылдаштарды өз-өзүнчө чакырып тойлошот. Илгери кыргыздар жумалап той беришкен да. Ошонун негизинде ушундай болуп калган. Чыгым жагы бирдей эле кетет. Бул жактагы тойдо көпчүлүк конокторго көңүл бурулбай калгандай туюлду.
- Калың төлөмөйчү?
- Албетте кыргыздын салтынын бир өзгөчөлүгү ушунда. Сүт акы, калың жана башка илгертен келе жаткан майда түзүмдөрдүн баары келин алып, кыз узатууда толугу менен сакталат. Учурда билимдүү кыздарга 5-6 миң доллар, окубаган кыздарга 2-3 миң доллар калың беришет.
- Бул жактагы кыргыздардан үйлөнгөндөр барбы?
- Ал жактагы кыргыздар өзүнүн ата мекенине келгиси келишет. Буга документация иштери бут тосот. Андыктан Кытайда жашаган кыргыз кыздар бул жактан жигит тапса кубанып эле турмушка чыгышат. Ал эми ал жактан келген жигит бул жактан кыз таап сүйүү менен эле үйлөнбөсө, Кытайда бул жакта өскөн кызды кызыктыра турган эч нерсе жок. Кыргызстандын жаратылышы бейиш экен деп арабдар айтып кетишет деп жүрүшпөйбү, биз коңшу өлкөдө жашап салыштырып көрүп, буга жүз пайыз макул боло алабыз. Ала-Тообузда тынчтык орноп өнүгүү болсо, суктана турган өлкөлөрдүн бирине айланмакпыз.
- Кытайда бир үй-бүлөгө бир эле бала деген мыйзам бар эмеспи, ошол кыргыздарга да тиешелүүбү?
- Бул мыйзам кытайлар үчүн. Ал эми шаардагы кыргыздар эки, айылдыктар үч баладан ашырбашы керек. Мен үйдөгү жети баланын кичүүсүмүн. Бул мыйзам 1989-жылы майда кабыл алынса, мен ага бир ай жетпей төрөлгөм.
- Эмне үчүн ырчы болоюн деп чечтиң?
- Бардык кыздар сыяктуу эле жашыман ырчы болсом деп кыялдангам. Бул жакта чыккан жаңы ырлар Кытайда эртерээк популярдуу болот. Анткени Кыргызстанда анча көңүл бурушпаганы менен, ал жакка дароо жеткен дисктер элге бат тарап кетет. Көпчүлүк кытайлык кыргыздар сыяктуу эле мен да Гүлнур Сатылганова менен Бек Борбиевдин чыгармачылыгын баалайм. Учурда ырчылардын саны көп болгондуктан, атаандаштык айдыңында көрүнбөй калбаш үчүн музыка багытында атайын билим алып, кечкисин күн сайын кафеде ырдап үнүмдү тарбиялап келем. Буюрса, жакында жеке ырчы катары кадам таштап, эки өлкөдө тең эки тилде бирдей ырдаган ырчы болсом деген максат коюп жатам.

Бетти даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




Кош, Роналдо!
Футболдо Роналдо деген ысым өчпөй келет. Алгач бразилиялык Луис Де Лима Назарио Роналдо бул атты дүйнөгө таанытса, кийин Португалиянын капитаны Криштиану Роналдо аны бекемдеди. Дал ошол улуу Роналдо карьерасына "оомийин" деди. Өз мекенине караштуу "Коринтианс" клубунда салмагынын оордугун токтото албай оюнду жыйынтыктоону чечкен Роналдодой эч ким ийгиликтерди багынта элек. Ал атактуу "Барселона", "Реал", "Интер" клубдары менен бир нече ири турнирлерди багынта алса, Бразилия курама командасы менен дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. Тарыхта мындан көп голду эч ким жарата элек. Анын эсебинде дүйнө биринчилигинин финалдык бөлүгүндө эле киргизген 15 голу бар. Башкаларын толук санаганга эч ким үлгүрбөй калыптыр. 1996, 1997, 2002-жылдары дүйнөнүн мыкты футболчусу аталып, жер шаарында бир миллиард адам анын сүрөтү чагылдырылган футболка кийишкен.

Кыйын экен Клийстерс
Теннис дүйнөсүндө ханыша алмашты. Бельгиялык Ким Клийстерс даниялык Каролина Возняцкийден упай жагынан ашып өттү. Ким айым муну менен 4-жолу бул рейтингдин башына чыкты. Буга чейин ал балалуу болгону эс алууга кеткенде башка теннисчилер упайы менен андан ашып кеткен. Бирди төрөп келе калган Клийстерс тез аранын ичинде эле кайра тактысын тартып алды.

Сенсация аптасы
Бул аптада дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдар миллиондогон акчаларынан кол жуушту. Себеби, аптадагы негизги беттештердин баарында күчтүү командалар жеңишке жете алган жок. Чемпиондор лигасынын алкагында өткөн беттеште өз үйлөрүндө Италиянын "Милан" клубу окемдердин палваны Павлюченко ойногон "Тоттенхемге" 0:1 эсебинде утулса, андан мисал алып хохолдордун "Шахтер" клубуна Римдин "Ромасы" 2:3 эсебинде утулду. Акчаны ой келди чачып, жылдыздардын баарын сатып алган "Манчестер Сити" гректердин "Ариси" менен 0:0 эсебинде тарап кетсе, Абрамовичтин "Челсиси" "Фулхемге" гол да кийире албады. Ал эми эч кимге жеңилгис "Барселона" Лондондун "Арсеналына" 1:2 эсебинде жатып берди. Бу каталондук клубду бир гана окемдер сыздатат окшойт. Анткени былтыр "Рубин" өз үйүндө 1:2 эсебинде ыйлатып кетсе, "Арсеналдын" курамында ойногон окемдердин капитаны Андрей Аршавин гол согуп, лондондуктарга маанилүү жеңиш алып келди.

Асса!
Дүйнөнүн чемпиону, жарнамалык роликтерди көркүнө чыгарган бразилиялык футбол жылдызы, легендарлуу Роберто Карлос Махачкаланын "Анжи" футбол клубунда ойной турган болду. Дагестандыктар дүйнөдөгү эң катуу тепкен сол буттун ээсине 6 миллион доллар төлөп берээрин укканда бюджеттен акча бөлүштүбү деп ойлосок, жакында эле бул клубду миллиардер Сулейман Каримов сатып алган тура. Буюрса, Роберто Карлос кырк жашын кавказдыктар менен лезгинка бийлеп тосо турган болду.

Абройлуу абышка болом дейт
Быйыл эмнегедир легендарлуу спорт жылдыздары карьераларын жыйынтыктап атыр. "Тур де Франсты" жети ирет багынткан дүйнөнүн эң мыкты велосипед тепкичи Лэнс Армтсронг карьерасын жыйынтыктады. 39 жаштагы спортчу Австралияда өткөн жарышта 65-болуп келгенде, "болбой калыпмын, авторитетим барда пенсияга кетип калайын" деп чечти. Туура кылат, саясатчылар да Армстронг мырзадан үлгү алышса жакшы болмок.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??