presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кылмышкердин "крышасы" күчтүү болсо, жабырлануучунун жанын чыгарабы?

Гезитибиздин 28-январда жарык көргөн №4 (030) санында "Кылмышын жабуу үчүн дагы кылмыш кылган милийса сөрөй" деген макала жарыяланганы окурмандарга маалым. Анда Чаек айылынын тургуну, мурдагы милиция кызматкери Арген Исаевдин төрт табакташы менен бирге Кочкор районуна мал сатып алганы бараткандарды сабап, тоноп кеткени айтылган эле. ИИМдин бул кылмыш тууралуу маалыматы интернет булактарына чыгып, ага удаа Кочкор РИИБинин кылмышкерлердин экөө кармалгандыгы тууралуу маалыматы жабырлануучуларга берилген болчу. Катуу жабыр тарткандарына карабай аеосуз токмоктолуп, тонолгондор окуя болгондон көп өтпөй эле ИИМге, Башкы прокурор Кубатбек Байболовго бул тууралуу арыз жолдошкон. Эми жыйынтык кандай?

Жабырлануучулар Дамир Мусаев менен Алтынбек Баймендиевдин айтымында, учурда бул кылмыш ишин Кочкор РИИБи Нарын облустук ички иштер бөлүмүнө өткөзүп берген.
"Карга карганын көзүн чукубайт" болуп атабы, айтор, Нарын облустук ИИБнин, Кочкор РИИБнин да качып кеткендерди тез арада таап, акчабызды, документтерибизди кайтарып берчү аракети байкалбайт. Жакында Кочкорго тергөөчү чакырганынан бардык. Арген Исаевдин камакта жаткан түрү жок. Колунда чөнтөк телефон. Тергөөчүнүн көзүнчө "шашпагыла, мен көп болсо эки ай жатам. Чыкканда силердин түбүңөргө жетем" деп опурулду. Сабалып, тонолгонубуз аз келгенсип эми кылмышкер бизди минтип ачык коркутуп отурат. Аны тергөөчү тыя да алган жок. Күйөө балам Алтынбекке Арген "тиги кармалбаган эки бала жөн жатат дейсиңерби. Алар силердин артыңардан иштеп атат. Мен болбосом да экөө акыры түбүңөргө жетет" деп коркутуптур. Анын минтип алкынып жатканында кеп бар экен. Угушубузга караганда, Аргендин өкүл атасы Жумгал РИИБнин начальник орунбасары дешет. Ошол киши кийлигишип жатыптыр. Биздин арызыбызды каакы ордуна көрбөй, кылмышкер жазаланбаса, анда неге биз убара болуп акыйкаттык издеп жүрөбүз?" дейт бармагын мылтыктын огу жулуп кеткен Дамир.
Баарынан кызыгы, башында байкуш болуп, Оштогу кылмышымды жапканга 500 миң сом керек болгонунан ушул ишке бардым деп ыйламсыраган "тартип сакчысы" Арген эми мен жөн гана таксист болчумун деп чыга келген. Башкы прокуратура болсо Дамир Мусаевдин арызын кайра Нарын облустук прокуратурасына түртө салган. ИИМ тергөөчүсү болсо Дамир Мусаевди өзүнө чакырып, окуянын жүрүшүн сурамыш этип, "бара бер, баары окей болот" таризинде кайра жолго салыптыр. Бакыйган ИИМ, Нарын облустук ИИБи, Кочкор, Жумгал РИИБи бири 21, экинчиси 22 жаштагы балапан бейбаштарды бир айдан бери кармай албаса, анан мамлекет кантип террористтерге каршы күрөшө алат? "Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат" болуп кылмышкер тергөөчүнүн көзүнчө жабырлануучуну өлтүрөм деп жатса, анан кантип "смотрящий", "черныйларды" ооздуктоо жөнүндө сөз кыла алабыз? Коомдук аталган КТРК кылмышкерлердин көрсөтмө бергендерин, жабырлануучулардын арыз-муңун көрсөтүүдөн айбыгып жатса, Нарын облустук укук коргоо органдары көз көрүнөө кылмышкерди калкалап жатса кримчөйрөнү кантип кыскартабыз? Кылмыштуулукту кыска убакытта тыптыйпыл кылабыз деген Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Башкы прокурор Кубатбек Байболов неге унчугушпайт? Ушуга жооп бере аласыңарбы?

Султан Кудайбергенов




Бул дүйнөнүн бурганактуу жашоосунан
14-февралда Бишкектин Каспий менен Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги электр трансформаторунун будкасынан жаш жигиттин башы жана буттары токко жабышып күйүп калган сөөгү табылган. Биринчи май РИИБнин кызматкерлери маркумдун ким экенин тактаганда ал Бишкек шаарынын тургуну экени белгилүү болду.

1978-жылы туулган Женя ата-энеси көз жумгандан кийин аракка берилип кеткен. Кошуналарынын айтымында, үйүн саткандан бери ар кайсы жерде мас болуп уктап, жылуу жай издеп калган экен. Күн сууктай баштаганда көп кабаттуу үйлөрдүн подъездине түнөгөндө, жашоочулар аны киргизбей кууп чыгышыптыр.
Жыл сайын кыш мезгилинде үй-жайы жок селсаяктар үчүн атайын баш калкалоочу жай мамлекет тарабынан каралган. Алар түнөөчү жайга элүүгө чукул киши батат, бир маал ысык тамак берилет. Күндүз кечке ар кайсы жерде жүргөндөр кечинде жылуу бөлмөгө түнөп кетишет. Бул жерде мурдатан энчилеп алган ордун эч кимиси бербейт экен. Селсаяктардын бул мыйзамын билбеген Женя ал жерден жай табалган эмес. Күнүгө бир жерди шимшилеп жылуу жай издеп жүрүп, акыры көчө боюнда турган электр трансформаторунун ичине кирип жылуу жайда жатам деп ойлосо керек дейт анын бөтөлкөлөштөрү.
Быйыл суукка тоңуп өлгөн селсаяктардын саны жылдагыга караганда көп эмес дейт изкубарлар. Өткөн жылдын аягында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде суукка тоңуп өлгөн эки өспүрүм болгон. Алардын аты-жөнүн тактай келгенде ата-энеси жок, көчө селсаяктары болуп чыккан. Жаштары 11-12лер чамасындагы бул өспүрүмдөр базарлардан кайыр сурап, ар кайсы жерге түнөп күн өткөрүшкөн. Буга чейин алар клей жыттаган баңги өнөкөтү бар экенин сотмедэкспертиза аныктаган. Көрсө, балдар баштарына целлофан баштык кийип, клей жыттап жатып суукта уктап кетишкен. Ошол боюнча турган эмес. Таң атканча өспүрүмдөрдүн сөөгү муздап, зыңкыйып тоңуп калган.
Ал эми Аламүдүн базарын айланчыктап жан баккан Ася аттуу селсаяк аял өткөн жылдын август айында таштандыдан ымыркай кыз таап алыптыр. Ася жаңы эле төрөлгөн араң жан кызды эч кимге бергиси келбей, өзү багууга аракет жасаган. Бирок бир айга жетпей ымыркайдын киндиги ириңдеп, эти ысып, дем алалбай калганда гана балдар ооруканасынын алдына таштап кеткенин айткан. Киндиги ириңдеген ымыркайдын өмүрүн ак халатчандар араң сактап калган.
Өткөн жылдын жай мезгилинде үй-жайсыз адамдар арак талашып уруша кетип, Вова деген бирөөсүн сабап өлтүрүп алышкан. Бул кылмышты жашыруу максатында анын сөөгүн жиликтеп ар кайсы таштандыга ыргытышкан. Кан кое бермек беле, өзүнүн ким экенин жакшы билбеген төрт селсаякты изкубарлар тез эле кылтакка түшүрүшкөн эле.
Жаңы жылдан кийин дагы бир көчөдө жашаган үй-жайсыз адам жылуулук өтүүчү люкка түшүп баратып жыгылып кетип, башын темир түтүккө жарып алган. Башынан катуу жаракат алып, кан токтобой атканын көргөндөр "тез жардам" чакырышкан экен. Дарыгерлер келип аны ооруканага алып кетели дешсе, баш калкалоочу жылуу "жайын" башкалар энчилеп кетет деп караманча кашайып болбой коюптур. Анын жарылган башын тазалап, таңып коюп ак халатчандар кете беришкен. Бирок анын абалы оор экенин эскертишкен. Жертөлөсүн кайтарып, эч кимге бербейм деп ден соолугуна да кайыл болгон селсаяктын азыркы жашоосу белгисиз…
Назира КУЛМАТОВА





Акыйкат барсыңбы, же акча болуп кеттиңби?

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылынын он бир тургуну кредит алабыз деп шылуундарга кабылып, үлүштөгү жерлеринен айрылып, акыйкат издеп "Жаңы Агымдын" редакциясына Замир САМСАЛИЕВди жиберишиптир. "Кимге арызданарыбызды да билбей калдык. Алдамчылардын айынан уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок талаада калабызбы" дейт Замир Самсалиев оор үшкүрүнө.

- 2004-2006-жылдары Түп районунун Түп айылында "Калыя-Түп" финансы-кредиттик союзу түзүлүп, А.Мусаев, К.Намазбеков, С.Койчуманов, З.Самсалиев, Ы.Эркинбаев Ж.Утегенов, Акматов, Ш.Итибаев, А.Асакеев, Г.Ашырбаева, К.Талбаева, А.Бакашов жана башкалар анын мүчөсү болгон. Бул кредиттик союздун төрайымы Кеңешкүл Умуралиевага жогоруда аталган жарандар кредит сурап барганыбызда "жериңердин документин күрөөгө коюп акча алсаңар болот" деген. Кредит алуунун жол-жоболору боюнча да күрөөгө бир нерсе коюлушу шарт эмеспи, он беш киши үлүш жерлердин китебин жыйнап күрөөгө койдук. Анын ичинен төрт киши өзүнчө келишим менен алса, он бир киши башка келишим менен суммасы 9000 сомдон 35000 сомго чейинки акча алдык. Биз тиешелүү кагаздарга кол коюп, күрөөгө коюлган үлүш жерлердин китептерин Кеңешкүл Умуралиева жыйнап алган. Кредит алган он бир киши сумманы өз убагында "Калыя-Түп" кредиттик союзуна үстөгү менен төлөп кутулдук. Убагында төлөгөндүгү тууралуу тастыкталган документтер да бар. Ошол он бир киши кредиттен кутулгандан кийин күрөөгө коюлган үлүш жердин китебин сурап К.Умуралиевага барсак, ал "бүгүн кел, эртең берем" деп күнүгө бир шылтоону айтып убакытты созуп жүрүп, акыры таптырбай качып кетти.
Үлүшкө алган жерлерден бир заматта кол жууп, айлабыз кетип, анын былык иштерин иликтөөгө алдык. Көрсө, К.Умуралиева он бир кишинин үлүш жерлеринин документтерин алып, Бишкектеги кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү финкомпаниясы менен келишим түзүп, эки күрөө келишимин жасап, 360 миң жана 660 миң сом алып, үлүш жердин ээлеринин колдорун окшоштуруп жасаткан экен.
Он бир киши кредиттин акчаларын төлөп бергендиктен, күрөөдөгү китептерин талап кылган учурда финкомпаниянын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү Кеңешкүл Умуралиевага болушуп, бир аз чыдап турууну өтүнүшкөн. Финкомпаниянын кызматкерлери К.Умуралиева Кыргызстанда жүргөндө эч кандай жыйынтыктуу чара көрүшкөн эмес. Качан гана К.Умуралиева Кыргызстандан качып кеткенден кийин кайрадан алынган кредитти талап кыла башташты. К.Умуралиеванын орунбасарларын, кредиттик комитеттин башчысынын, бухгалтерлердин ишин териштирбей, алдамчылык жол менен күрөөгө коюлган он бир кишинин үлүш жерлерин сот аркылуу алуу үчүн аракетти башташты.
Ошентип 2006-жылдан бери он бир адам акчадан же үлүш жерден жок, ак жерден күйүп, моралдык жана материалдык чыгымдарга кабылып, райондук, облустук, республикалык сотторго чейин барып адилеттүүлүктү табалбай келишет. Эми кимге арызданарыбызды да билбей калдык…
P.S. Бул тууралуу Бишкектеги кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү финкомпаниясынан да маалымат алалы деп байланышалбай койдук. Эгер экинчи тараптын ою болсо редакциянын эшиги ачык.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, 38-67-13



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??