presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Медалдын экинчи бети
Андагы депутаттыкка талапкерлер парламенттик шайлоо учурунда алыскы аймактарды түрө кыдырып, карапайым калкка убаданы дүңүнөн беришкен. Эми айрым эл өкүлдөрү "эшегим суудан өткөн соң" маанайында шайлоочуларын кабыл албай жатыптыр. Жакында эле түштүктөн атайын ат арытып келгендер орчундуу маселе боюнча "Ата журттун" лидери Камчыбек Ташиев , "ар-намысчы" Дастан Бекешовго кирип, эки иштен бир иш деп Исмаил Исаковдун кабинетине да баш багышат. Мына, кызыкты көрүп ал! Генерал мырза келгендерди а дедиртпей эле тумшугу менен бир тийип айдап чыкканы. Көрсө, жарыктык кишинин көңүлү жокпу же тигилерди көргүсү келген эмеспи, айтор, шаабайларын суутуптур. Исмаил Исакович, депутаттык төш белги төшүңүздө түбөлүккө жаркырабасын эстей жүргөнүңүз оң го.

Өлбөгөн жанга, тоюс, Өмүкеге жаз келер…
Башмыйзамды спикерге ылайыкташтыра жазып, акырында ага жетпей калган Өмүрбек Текебаевдин ичкүптүсү бар белем, өз максатына жетпесе эле оппозиция кейпин кийчү Өмүке азыр дагы тынч жатпай тымызын иш жасап атканын кулагыбыз чалды. Дегенибиз, "Ата мекен" партиясынын мүчөлөрү борбордун чет жакасындагы жаңы конуштарды үймө-үй кыдырып, бүгүнкү бийликке ыраазысызбы же нааразысызбы? Нааразы болсоңуз анда бизге кошулуңуз ураанын таштап, жазгы митингге үндөй баштагандай. Текебаевдин мындай аракетинен кандай майнап чыгарын март айында көрөбүз.

Өрүкзар да тынч эмес
Баткендин жаңы губернатору, "ата журтчу" Арзыбек Бурканов менен Кадамжай районунун акими Токтомат Ганиевдин тиреши күчөп барат. Ганиев КСДП өкүлү болгондуктан премьер-министрге таянып шефинин буйругуна моюн толгоп аткандай, сыягы. Ага Арзыбек мырзанын ачуусу келип, "тежик" акимди теске салууга белсенүүдө. Губернатор менен район жетекчисинин тиреши ансыз деле кырдыбычак абалында турган коалицияны белге чаппас бекен?

Бабановдун кишиси ким?
"МК Азия" гезитине Рустем С. аттуу кримавторитет (макала жарык көргөнгө чейин Рустем С. дүйнөдөн кайткан) кеңири маек куруп, азыркы аткаминерлердин айыбын ачыптыр. Анын айтымында, жакында "каралардын" дүйнөсүндө кадрдык алмашуулар орун алып, "мыйзамдагы ууру" тактысына 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановдун жердеши отурмакчы. "Саясатчылар "черныйлардын" арасынан өздөрүнүн адамдары болушун каалайт. Өзүнө жакпаган, кирешесин бөлүшкүсү келбеген ишкерлерге басым жасап туруш үчүн" деп кошумчалаган ал. Бул Өмүрчиктин кримчөйрөгө тикелей аралашканын каңкуулабайбы?

Апченин буйругубу?
Эски режимдин тушунда "ата мекенчи" депутат Равшан Жээнбековго кылмыш иши ачылган. Апрель коогалаңынан кийин ал маселеге чекит коюлуп, жаш саясатчы толук акталганы маалым. Энди жабылган кылмыш иштери кайрадан иликтене баштаганы айтылууда. Атүгүл Жээнбековдун эсебин таап, темир торго тыгуу буйругу жогору жактан түшкөнү неси? Равшан Бабырбекович деле жемин жедирчү жигит эмес го, айыгышкандардын катыгын колуна карматар…

Бири кармаса, экинчиси кое бердирет. Үчүнчүсү…
Кыргыз бийлиги криминалга каршы аеосуз күрөш баштады. Тилекке каршы, анысынан жарытылуу майнап чыкпасы эмитеден байкалууда. Бизге жеткен маалыматка ылайык, "Ата журт" партиясынын тизмесинде 47-сапка илинген Өмүрбек Абакиров аттуу берен "черный мирдин" өкүлү делет. Аны изкубарлар кылтакка түшүрсө, "Ата журттун" тыңчыкмалары партиялашын бошоттуруп алганы тар чөйрөдө айтылууда. Анан бийлик уюшкан кылмыштуулуктун тамырын кыркат дегенге кантип ынанасың.

Курама өкмөт кулайт дейби?
ЖоКедеги "Ата журт" фракциясынын өкүлү Нариман Түлеев март айында коалициялык өкмөт "тамам" болорун жакындарына шыбырады дешет. Ошондой эле үчүнчү революция жүзөгө ашуусу ыктымалдыгын кыйытыптыр. Экс-мэр эмнени эңсеп жатканын билбейбиз. Балким өзү үн катып, жогорудагыдай кепти чечмелеп берер.

Жардамчы деген оңой эмес
Жыргалбек Турдукожоев менен Айнуру Алтыбаева кезинде Роза Отунбаеванын жардамчысы болушкан. Роза Исаковнага оомат оогону алардын да иши илгериледи. Маселен, Ж.Турдукожоев мамлекеттик "Кабар" агенттигин 9 айга чукул жетектесе, Айнуру айым "Ар-намыс" партиясынын атынан бакыйган депутатка айланды. Укканыбызга караганда, президент "темир генералды" чакырып, тигини тизмеге кошуусун өтүнүптүр.

Жаныштын жаасы дагы эле күчтүү
Курманбек Бакиевди тууган-туушкандарын кошуп кубаладык деп кубанып атабыз. Бирок экс-президенттин жакындарына таандык бизнес объектилери баягыдай эле күпүлдөп иштеп атканы жашыруун эмес. Алсак, жакында Жаныш Бакиевдин Кыргызстандагы өнөктөштөрү жаңы бизнес долбоорун ишке киргизишти. Жаныштын биздеги фирмаларын ЖКдагы кээ бир депутаттар "крышовать" этет деген кеп бар. Атургай Ж.Б.-ны калкалагандардын арасында ЖК төрагасы Ахматбек Келдибековдун ысымы да аталганы кызык.

Теңир-Тоо бир муштумга бирикти
Жакында эле "Ат-Башым" фонду түптөлүп, Теңир-Тоонун кыраркасы болуп турган ат-башылыктардын башы биригип, мындан ары районго, айылдарга жардам берүүнү колго алалы дешкен. Жума башында ат-башылыктар Нарындын беш районунун жана Нарын шаарынын аксакалдарын, орто муун жана жаштар өкүлдөрүн "Дасмияга" жыйнап, "Теңир-Тоо" коомун түзүштү.
Буга чейин далай коомдор түзүлүп дайыны чыкпай жок болду эле, бул деле ошонун бирөөдүр деген шек саноолор да күч. Башка райондор уюштуруучуларды сыйлап, алгачкы алты айга коомго төрагалык кылууну Ат-Башы районуна тапшырышты. Коомго төрагалык кылуу, Теңир-Тоо үчүн жалпы иштерди жасоо ар алты айда чүчүкулак боюнча алмашылат. Ат-Башынын намыстуу жигиттери шек санап четте тургандарды да өздөрүнө тартып, кандай иштөөнү көрсөтөрүнө көз жетип турат. "Теңир-Тоо" коомунун ишине ийгилик гана каалайбыз.

Борбиев көпүрө болот деди
Парламенттик шайлоодо "Ата журт" партиясы Токтогул районундагы Сары-Камыш айылынын көпүрөлөрүн оңдоп, уюлдук байланыш орнотобуз деп убада кылышкан. Бүгүнкү күндө анын бири да аткарыла элек. Мындан улам кетмен-төбөлүктөр "Ата журттун" өкүлү, Өзгөчө кырдаалдар министри Болот Борбиевге кирип маселени кабыргасынан коюшту, "айтылган сөздүн өтөөсүнө чык же кызматтан кет"деп. Айласы алты кеткен Борбиев Сары-Камыштагы көпүрөлөрдү апрелге чейин оңдоттурарын билдирди. Жигит бир сүйлөйт дечү эле, Борбиев жердештерине берген убадасын аткарса керек. Антпесе элдин күчү эмнеде экенин билет.

Акматбаев азыр болсо эмне кылмак?
Орус тилдүү басылмалардын биринде оозду аңырдай ачырган жаңылык жарыяланды. Гезитке кримавторитеттердин бири маек куруп, "мыйзамдагы ууру" Рыспек Акматбаев убагында экс-вице-премьер Азимбек Бекназаровду кантип "арыктатканын" шардана кылган. Көрсө, окуя мындайча болуптур. 2006-жылы кышында Р.Акматбаев Азикени Төө-Ашуудан кармап алып "сүйлөшүп", аны 300 миң долларга "сындырат". Азимбек Анаркулович коррупционер эмес экенин кудайды оозанып актанган жайы бар. Андай сөзгө ишенели десек, Акматбаевге төлөгөн "салыкты" кайдан тапканы табышмак. Буга чейин экс-башпрокурор кылмыш чөйрөсү менен жолу кесилишкен-кесилишпегени тууралуу ачык айткан эмес. Эми үн катар деп күтүп турубуз.

"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??