presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Тимати
Орус сахнасындагы мырзалардын ичинде денесиндеги татулардын көптүгү менен айырмаланып турган татар жигит Тимати "эркинен ажырады". Рэппер жигит Милана аттуу сулуу менен түбөлүк кол кармашып, эрди-катын болуп катталышты. Милана Тиматиге толугу менен берилгендигин далилдегиси келип, анын фамилиясына өтүп, Милана Юнусова болуп алды. Мындан сырткары, модель кыз колуна англисче "One love" деп жаздырып, жанына Тиматинин туулган күнүн чагылдырган тату түшүртүп алды.

Дэвид Бекхэм
Футбол жылдызы "Ин тоуч Викли" журналын жана ага интервью берген сойкуну сотко берген. Дэвид абийирин айрандай төккөн тараптардан 25 миллион долларды өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Ирма Ничи аттуу айымдын айтымында, бир убакта атактуу футболчу анын кызматын көргөн экен. Бул тууралуу ал журналга берген маегинде ачык айтып берген. Викториянын күйөөсү 2007-жылдары Лондондо жана Нью-Йоркто бир нече ирет Ирма менен болуп, ар бир түнгө 10 миң доллардан төлөп берген имиш. Бекхэмдин ишин караган сот далилдерди карап чыгып, футболчуга эми бир эркектик кылып койгонуң билинип калса чычалабай эле кой да деп, ишти журнал менен сойкунун пайдасына чечип берди.

Тайгер Вудс
Дүйнөнүн эң бай спортчусу, гольф тарыхында эң көп жеңиштерге жетишкен Тайгерди акыркы күндөрү "нас" басты. Себеби, таланттуу спортчу 15 айдан бери бир да жеңишке жете албай келет. Бул ирет Дубайда өтүп жаткан жарышта өзүнүн кезектеги кыйшык соккусунан кийин сөгүнүп-сагынып, гольф талаасынын үстүнө какырып-түкүрүнө баштайт. Муну бир нече дүйнөлүк телеканалдар тартып алып, миллиардер спортчуну кайра-кайра дүйнө жүзүнө уят кылып атат. Турнирдин уюштуруучулары бул кылыгы үчүн акчалуу мырзага олчойто айып салышты. Жинденип отуруп Тайгер Вудс араң дегенде 27-орунга татыктуу болду.

Леди Гага
Сахнага чыгууда өзүнүн оригиналдуу кийимдери менен өзгөчөлөнгөн ырчы кыз бул жолу да өз репертуарынан адашпады. Атайын буйрутма менен жасалган жумуртканын ичинен чыга келген Леди Гага кадимки чийки жумурткадан чыккандай сезим калтырды. Жумуртканын сырты жарылгандан кийин, чапташкан суюктуктардын коштоосунда чыккан ырчы даярдыгына жараша ыр аткара алды. Өзүнүн сулуу эместигине жини келип, бир нече ирет өлгүсү келген ырчы кыз бул жылы да атактуу "Грэмми" сыйлыгынын үч номинациясын жеңип алды.




ДҮЙНӨ күн

ӨПДҮЙНӨ. Таиланддын Паттайя шаарында "өбүшүү марафону" болуп өттү. Сүйүү күнүнө арналган иш-чара 12-февралда башталып, 14-февраль махабат майрамында жыйынтыкталды. Бул жолу жаңы дүйнөлүк рекорд катталды. 14 жуптун ичинен 46 саат, 24 мүнөт, 19 секунд ооздору менен жабышып турган жубайлар 2009-жылы Германияда коюлган рекордду артта калтырышты. Бул убакта жуптар ар үч саат сайын "маданият үйүнө" да ооздорун ажыратпай чогуу барышып, суюк тамак-ашты ооздоруна түтүкчө салып ичип турушкан. Бул жетишкендик Гиннес китебинде катталды.



ТАКДҮЙНӨ. Мыйзам өлгөн десек, Бельгияда тирүү экен. 14-февралда сүйүү күнүндө сүйүүгө да, беркисине да мас болуп алып, унааны жеңип келе жаткан королдун кичүү уулу 47 жаштагы принц Лоранды жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер токтотуп, жазалашты. Ага уруксат берилген ылдамдыктан 30 чакырым ашып кетти деген шылтоо менен жолун тосушкан инспекторлор кийин бастырып алыптыр деген айыпты да мойнуна иле алышты. Жыйынтыгында "Фиат" үлгүсүндөгү спорттук унааны башкарып келе жаткан эрке бала айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Брюсселде "оозу кыйшык" мыйзам эмес, чыныгы мыйзам өкүм сүрөт тура.

БАТДҮЙНӨ. Бишкектин супермаркеттердеги кассага чубалган кезек сизге да жат болбосо керек. АКШда ушундай ишти жокко чыгаруу максатында атайын кассирлер үчүн конкурс уюштурулган. Анда кассирлер кардар алып чыккан товарды батыраак эсептен, кагаз баштыкка салып берүү боюнча жарышат. Бул жолу үч баштык азык-түлүктү 38 секундда жайлап салган Кристал Смит аттуу айым жеңүүчү болду. Жеңүүчүгө 10 миң доллар сыйлык ыйгарылып, "жылдын мыкты кызматчысы" деген наам ыйгарылды.

МЫЙДҮЙНӨ. Лондондун Даунинг стритинде жайгашкан премьер-министрдин резиденциясына Ларри аттуу мышык алып келинди. Анткени атайын адистерди чакырып, байыркы имараттагы чычкан-келемиштерди жок кыла албай коюшкан чиновниктер мышыктын кызматына муктаж болушуптур.

ЖИНДҮЙНӨ. Гатино шаарында жергиликтүү хоккей клубдун беттешинде оюн калысы бир эле эпизоддогу эреже бузуу үчүн эки айып убактысын көрсөтөт. Буга жини келген команданын башкы машыктыруучусу таштанды салынган чаканы аянтчага ыргытып жиберет. Оюндун калысы беттешти токтотуп, эгер чачылган таштандыны машыктыруучу өзү тазалап чыкпаса анын командасына жеңилүү ызасын карматарын айтат. Аргасы калбаган машыктыруучу шыпыргыны алып, аянтчанын үстүн толугу менен тазалап чыкты. Бул тууралуу Ю-Туб сайтынан көрсөңүздөр болот.

ЖАТДҮЙНӨ. Таиландга самолет менен барып калсаңыз этият болуңуз. Эркекти сүйүп калышыңыз мүмкүн. Анткени "PC Air" авиакомпаниясы биздин Аманейге окшоп эркек болуп төрөлүп, аялча жашап жүргөн мырзаларды стюардесса катары жумушка алышыптыр. Алар ушунчалык электен өткөндүктөн, чечинтип эле айырмалабасаңыз, кыздардан такыр айырмаланбайт экен.

ЧОРТДҮЙНӨ. Италиянын "Альберета 72" командасында ойногон футболчу Андреа Бьонди калыс тарабынан эреже бузгандыгы үчүн көрсөтүлгөн кызыл кагазга жини келип, калыстын оозуна ышкырыгын тыгып салгысы келип, 20 айга дисквалификация алды. Командалаштары тоскоол болбогондо ышкырыкты чын эле тыгып салмакмын дейт ачуусу чорт спортчу.

ЫРДҮЙНӨ. Коньки тээп жарышуу боюнча Калгариде өткөн жарышта Россиянын кыйыны Иван Скобрев 500, 1500, 5000 жана 10000 метрлик жарыштардын баарын кошкондо жеңишке жетишип, сыйлоо аземинде окемдердин гимни ойнолмок. Уюштуруучулар биринчи ирет башка ырды коюп алышат. Россиянын гимни компьютерден өчүп кетиптир деп оркестрге ойнотушса, алар алгач Белоруссиянын, кийинкисинде Болгариянын гимнин ойной башташат. Көрүүчүлөр спортчунун маанайын чөктүрбөй Россиянын гимнин хор менен жандуу аткарып абалдан куткарып кетишти.



Ливия. Каддафинин режими өлкөнү 40 жылдан бери башкарып келет. Египет менен Тунистин тагдыры бул өлкөнү да күтүшү мүмкүн деген кептер айтыла баштаган. Кечээ бул өлкөдө да ири митинг болуп өттү. Бул иш-чара мамлекет башчысын кетсин деген максатта эмес, тескерисинче аны колдоо максатында анын тарапкерлери тарабынан уюштурулуптур. Демек Хосни Мубарак менен Зин эль-Абидин Бендин тагдыры Ливиянын жетекчисин күтпөшү мүмкүн. Бирок ким билет?
Эквадор. Өлкө президенти Рафаэль Корреа Конституциялык соттон Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө уруксат алды. Өзгөртүү, толуктоолор карапайым калкка жага турган учурлар менен коштолот. Бул 2007-жылы бийликке келген Рафа 2017-жылга чейин тактысында жылбай отурушуна шарт түзөт экен. Анткени өзгөртүүлөр чыныгы социалистик өлкөнүн мүнөзүн берчүдөй. Мисалы, отчетунда көрсөтүлгөн кирешеден көп акчасы бар адамдар жоопко тартылат. Кылмышка шектүү делген адамдар буга чейин ири акча төлөп жоопкерчиликтен кутулушса, эми миллиардерлер деле мыйзам бузса камала бере турган болду. Мындай аракеттер СССРдегидей бай-кедей деген бөлүнүүнү жокко чыгаруу үчүн көрүлөт тура.
Иран. Египеттеги абалды пайдаланып оппозиция элди бийликке каршы уюштуруу аракетин көргөнү белгилүү. Ал кагылышууда бир адам көз жумган. Эми бүгүн бийлик тарап жума намазынан кийин элди "оппозицияны жек көрүү" митингин уюштуруу аракетин көрүүдө. Бул кадамды карапайым эл колдойт. Анткени ирандыктар азырынча бийликке нааразы эмес.
Украина. Жогорку Радада Тимошенконун тарапкерлери бийлик алмашып, саясатчы айым оппозицияга кеткен учурда ар кандай шылтоолор менен камалган чиновниктерди бошотууга кол топтоого аракет кылышты эле, болгону жүзгө жакын парламентарий колдоп беришти. Аз кол коюлса да депутаттардын кайрылуусу башпрокуратурага жиберилди. Эгер тиешелүү деңгээлде кол чогулганда депутаттардын тапшырмасы менен саясый туткундагылар бошотулмак эле. Адистердин айтымында, Тимошенкону тарапкерлери сата баштаптыр.
Бахрейн. Оппозициялык маанайдагы "Аль-Вифак" партиясы кайра-кайра нааразылык акцияларын уюштуруп атат. Башкы талаптары Конституцияга шайлоо жолу аркылуу өлкө башчысын алып келүүнү киргизүү. Бул болбосо бийликти алып түшүү. Ар бир кагылышууда адам өлүмү болуп жатканы өкүнүчтүү. Бул өлкөнүн мусулмандары да египеттиктерден кем калышпайбыз дейт. Бүгүнкү жума намазынан кийин да башаламандык болушу күтүлүүдө.
www булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??