18.02.11 - 16-бет: Алтындын айдай, күмүштүн күндөй күлгөнү

Кыз-келиндер арасында кыргыз оюусу түшүрүлгөн улуттук кийимдер суроо- талапка ээ болуп, ага шайкеш келген жасалгалар да популярдуу болуп турган кез. Зергерлердин колунан чыккан көз жоосун алган жасалгалар биздин колго тийгенге чейин кандай жолду басып өтөт? Дегеле, зергер деген ким? Бир жасалганы жасоо үчүн канча каражат сарпталат? Ушул суроолордун тегерегинде адистерге кайрылдык.

Зергер болгуң келсе зээндүү бол
Зергерлик кесипке кызыккандар борбордогу Чокморов атындагы атайын кесиптик окуу жайдын "Зергер жана модельерлер" бөлүмүнөн билим алышат. Мурда окуу жай "Мураскер" деп аталып, тапшыргандар төрт жыл билим алышчу. Азыр шарты бир аз өзгөрүп, окуу мөөнөтү бир жарым жылга кыскарган. Окууну аяктаган бүтүрүүчү дипломдук ишти практика жүзүндө гана жактайт. Тактап айтканда, комиссиянын курамына өз күчү менен жасалган зер буюмдардын топтомун көрсөтүү керек. Топтомго сөйкө, шакек, моюн тумар, билерик кирет. Бүтүрүүчүнүн жасаган ишин карап, ошого жараша беш даражадагы разряддын бири ыйгарылат. Эң жогорку даража бешинчи тепкич, бирок ар ким эле андай баага арзый бербейт. Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылууда "Кыргызалтын", "Рубин", "Келдике" фирмаларынын салымы чоң.

Таш менен жасалгалоо да чоң талант
Кардардын табитине жараша жасалга кыргыздын оюу-чиймеси же кымбат баалуу таштар менен кооздолот. Оюуну сөйкөнүн же шакектин бетине түшүрүүгө атайын шаймандар ылайыкталган. Ал эми таш түшүрүү өзүнчө талант. Ташты формасын, көлөмүнө жараша атайын таш кескен адистер бар. Адистер ташты кесип тазалап, өң берип зергерлердин колуна даяр карматышат. Алардын кызмат баасы таштын наркына көз каранды. Мисалы, күн ташы бир топтомго 1300-1400 сомдон айланат. Кызыл түстөгү таш 1500 сомго барат. Седеп ташы азыркы күндө жокко эсе болуп бараткандыктан эң кымбат таштардын катарына кирет. Зергерлерде ташты чагып жасай турган станоктор жок болгондуктан атайын таш чеккен адистерге акы төлөп пайдаланышарын баса белгилешти. Жалпы жонунан бир топтомду жасатыш үчүн (билерик, тумар, шакек, сөйкө) күмүштүн, таш салдырса таштын жана зергердин эмгегин төлөйт. Орто эсеп менен бир топтом төрт миң сомдон жогору. Ал эми убакыт жагынан алганда татаалдыгына жараша үч-төрт күндөн баштап он эки-он беш күнгө созулат.

Акылбек ТУРДУБАЕВ, зергер:
"Күмүш кан басымды бир калыпка салат"
Өз ишин мыкты билген зергер учурда жеке заказдарды алып, түркүн зер буюмдарды жасоо менен жан багып келет. Алтынга караганда күмүшкө качырган зергер анын пайдасы, жумушу тууралуу төмөнкүлөрдү кеп салып берди.
- Канча жылдан бери ушул кесип менен алектенип келесиз?
- 1993-жылы Чокморов атындагы окуу жайды бүтүргөм. Төрт жыл билим алып, өз кесибим менен дароо эле иштеп кеттим. Азыр зер буюмдарын жасоодон сырткары окуу жайда "Зергер жана модельер" бөлүмүн жетектеп келем.
- Сизге алтынга караганда күмүш менен иштөө жеңилби, же айырмасы жокпу?
- Мага күмүш менен иштөө абдан жагат. Акыркы жылдары кыз-келиндер улуттук колориттеги жасалгаларга көп кызыгып калышты. Болгондо да күмүшкө көп басым жасашат. Алардын арасында ырчылар да бар. Аида Кулуева, Роза Аманова көп кайрылат. Биз жасалгалар менен эле чектелип калбайбыз. Ар кандай сувенир, калкан, кылыч, ээр токумдардан бери жасайбыз. Албетте, алтын өтө кылдаттыкты талап кылат. Анын бир граммы эле 1300 сомдун тегереги. Аны жасап жатканда ката кетирсең чыгымынан башка пайдасы жок. Күмүш жанга жагымдуу металл. Анүстүнө анын ден соолукка пайдасы көп. Кан басымды түшүргөнгө жардам берет. Кан басымы жогору адам күмүш жасалга тагынганда ал тез эле карайып кетет, себеби организмдеги уулуу заттардын баарын күмүш өзүнө соруп алат.
- Күмүш жасалгаларды сактоодо кандай кеңештерди бересиз?
- Күмүштү эч качан косметикага, атырга аралаштырып салбаш керек. Атырда химиялык аралашма бар, жасалга экөө чогуу турганда реакция жүрөт. Жумшак, кургак чүпүрөктүн бетине салып койгон оң. Кээ бири күмүш жасалгаларды ным чүпүрөккө салып коюшат, бул анын тез карайып кетишине шарт түзөт. Шырдакка, кийизге сүрүп тазалоо эски ыкма, мындайда күмүш жешилип калат.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




  Дүйнө айлампасы

Гурченко келин боло албайт
Орус элинин ырчысы Людмила Гурченконун өмүрүнө коркунуч туулду. Азыркы тапта анын көзүнүн көрүүсү начарлап, доктурлардын көзөмөлүндө. Анысы аз келгенсип оң жак жамбашын чыгарып алып үйүндө жата берген экен. Туугандары Гурченконун бутуна тура албай жатканын байкаганда гана бейтапканага кайрылышкан. Доктурлар көзүнүн начарлоосун пластикалык операциянын кесепетинен келип чыкканын аныкташкан. Жетимиш жылдыгын белгилеп жатса да отуз жаштагыдай көрүнөм деген Гурченконун аракетинин "акыбети" ушинтип кайтып жатат өңдөнөт.

Диана Гурцкая эми Россияда ырдабайбы?
Грузиялык ырчы Диана Гурцкаяга Россияда ырдоого тыюу салына баштады. Анын ырлары телеканалдардан алынып, бут тосуулар болуп жатат. Россия тараптан болгон мындай иш-аракеттерге Гурцкаянын Грузиянын президентин колдоп Тбилисиде ырдаганы түрткү болууда. Башында бул окуя бир аз талкуу жаратканы менен кийин тынчып калган болчу. Диананы колдогон Вахтанг Кикабидзе буга чара колдонууга же ырчы кызды Россиядан алып кетүү сунушун киргизген. "Михаил Саакашвилини колдойсуң деп ага бут тоскон акылга сыйбай турган нерсе" дейт артист.

Игорь Николаевдин кызыгы тарады
Игорь Николаев Наташа Королева менен ажырашкандан кийин өзүнөн бир нече жаш кичүү Юлия Проскуракова атуу бийкечке үйлөнгөн эле. Акырында ырчынын сүйгөнүнөн кызыгы тараганбы же андан сулуусун тапканбы, айтор, экөөнүн мамилеси солгундай түшкөнү кызуу талкуу жаратууда. Учурда Игорь АКШга альбом жаздырганы кетип, Юлияны Москвада калтырган. Колуктусун жанынан жарым карыш чыгарбай жүргөн ырчынын азыркы кылыгы түшүнүксүз болуп турат. Баарынан да Игорь качан келерин айтпай, Юлиянын чалууларын жоопсуз калтырууда.

Крутой чын эле "крутой"
Композитордун кыймылсыз мүлкүнүн саны дагы көбөйдү. Буга чейин ал Нью-Йорктон 6,1 миллион долларга үй сатып алса, азыркы алган үйүнүн наркы 40 миллион доллар турат. Нью-Йорктогу эң мыкты делинген кабат үйлөрдүн бирин композитор сатып алды. Азырынча ал үйдө өзү жашайбы же кыздары барабы белгисиз. Буга чейин Москвадан алган эки үйүн апрель айында сатыкка коюп, түшкөн каражатка башка өлкөдөн үй алууну пландап жатат.

Эротикалык фотоссесиянын арты эмне менен бүтөт?
Украиналык ырчы Анастасия Приходько жакында эркектерге арналган журнал үчүн эротикалык фотосессия жасаган. Жарандык никеде жашап жүргөн жолдошу Нурик азыр ырчынын кулак-мээсин жеп, уруш чыгарып жаткан кези. Экөө ушул жайда баш кошуп мамилесин бекемдешмек, бирок Настянын бул жоругу экөөнүн мамилесин ириген сүттөй кылат өңдөнөт. Болочоктогу жубайынын жылаңач сүрөтүн көргөн жолдошу ырчынын продюсерине телефон чалып сотко берерин билдирген. Анысы аз келгенсип Настяга белекке берем деп камдап жаткан темир тулпардын документтерин тытып салыптыр. Экөөнүн мамилеси эмне менен аяктаар экен деп көпчүлүк аларды аңдып турган кези.
Бегайым БАЙБОСУНОВА