18.02.11 - 15-бет:
  Көрүнгөн "көлөкөлөр"

Жансакчысы
көбөйгөн элдин кешиги азаят

Мыйзамга ылайык президент, спикер, премьер-министр, конституциялык соттун төрагасынын коопсуздугу мамлекет тарабынан корголот. Аларга атайын даярдыктагы жансакчылар, "темир тулпарлар" каралган. Калган таасирдүү фигуралар, ашынган олигархтар дараметине жараша "телохранителдердин" кызматын пайдаланышат.

Ишенимдүү булактан алынган маалымат боюнча президенттин жеке коопсуздугуна жылына өлкө казынасынан 100 млн. сом чегерилет. Ал эми президент администрациясынын иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коеналиевдин айтымында, мамлекет башчысынын кортежи төрт машинеден (президент отурган унаа, эки коштоочу машине жана "тез жардам" кызматы - Н.К.) турат. "Бирок "тез жардам" өтө аз колдонулат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын 9-бөлүмүнүн кызматкерлери өлкө башчысын кайтарат" дейт Коеналиев мырза.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жаны ширин белем. А киши жакында эле орус тилдүү басылмалардын бири уюштурган түз байланышка катышты. Башбакан келерден мурдараак атайын кызматтын өкүлдөрү редакциянын ичин ит менен шимшилетип текшерип чыгышты. Андан соң Атамбаев "батальонунун" бастырып киргенин көрүп ал! Төрт капкара "жип" толгон автоматчандар башбаканды коштоп келишти. Анысы жетишпей аткансып, "кызыл шапкечендер" редакциянын имаратын курчап турушту. (Башкасын билбейм, кезинде экс-премьер Игорь Чудиновдун А.Атамбаевдикиндей 20 эмес, эки жансакчысы бар экенине күбө болгом - Н.К.). Ушул көрүнүш демаралда кырдаал дале оордугунан кабар берери калетсиз.

Ажал айттырбай келет
Борбордо адам өмүрүн кайтаруу кызматын аркалаган жеке менчик агенттиктердин саны жыйырмадан ашат. Арасында профессионал адистерди даярдоочулары бешөө. Жеке агенттиктерде тарбиялангандар ИИМ, УКК органдарындагы дасыккан адистерден коопсуздук, укук, психологиялык жана практикалык жактан сабак алышат. Мындан сырткары, дене тарбия институтунда жансакчыларды даярдоочу атайын курс бар. 2007-жылга чейин ал жерде 11 миңге чукул адис окуудан өткөн.
Жогоруда баяндагандай, чыныгы жансакчы болууну каалагандар атайын даярдыктан өтүшү керек. Анткени "көлөкөлөр" кардардын өмүрүн сактап гана тим калбастан, кооптуу кырдаалды алдын алып, аны болтурбоонун камын көрүшү талапка ылайык. Тилекке каршы, көпчүлүк убакта "телохранителдердин" шалаакылыгынан улам адам өмүрү кыйылат. Маселен, Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Рыспек Акматбаев жана Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө жансакчылардын тажрыйбасыздыгы себепкер болгон дейт адистер. Мындай кайгылуу көрүнүш дүйнө жүзүндө да көп кездешет.

Жанга тете жансакчы
7-апрелден кийин "телохранителдердин" күнү тууду. Анткени мен саясатчымын дегендердин бардыгы кеминде эки-үчтөн желдеттин коштоосунда жүрүп калышкан. Бу өңүттөн караганда "Ата мекен" партиясынын лөгү Өмүрбек Текебаев, экс-финансы министри Темир Сариев, башбакан Алмазбек Атамбаев астына ат салдырган эмес. Ысымы аталган инсандарды 15-20нын тегерегинде жансакчы кайтарган. Ушул жерден бир кызык факт, бизге жеткен маалымат боюнча КСДП лидери тишине чейин куралданган алты жигитти Россиядан алдыргандыгы айтылып жүрөт. Муну А.А.нын кыргыздын алгырларына ишеним артпаганы деп түшүнөбүзбү?
"Манастан Чубак кем бекен" демекчи, жансакчы жандаттырмай жагынан "Ата журттун" "атаманы" Камчыбек Ташиев премьерден кем калышпайт. Парламенттик шайлоо маалында килеңдеген 20 "балбан" Камчыкенин өмүрүн сактаган. Бул Ташиевди көлөкөдөй ээрчиген адамдардын саны гана, дагы ошончо "караан" депутаттын үйүндө "жашаганы" белгилүү. Аларга канча "жашылбай" сарпталганын эсептесең чачың жыдышы ыктымал. Ушундан эле эл өкүлүнүн капчыгы калыңдыгын баамдайсың.

Ээсин тапкан 40 миң доллар
Кыргызстанда "телохранителдер" айына канча каражат табары туурасында так маалымат жок. Бейрасмий статистикага таянсак, жансакчылардын эмгек акысы 350-400 долларды түзөт. Албетте кээлеринин кожоюну марттык кылып маянадан тышкары кошумча акча төлөшөт. Кеп өңүтү келип турганда бир окуяны мисал тарталы. Өзүн Путиндин адамы санаган "Мекен ынтымагы" партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков ЖоКе жарышта үч автоматчан "дөөнү" үч күнгө жалдап, анүчүн 40 миң доллар төлөгөнүн жаш саясатчынын жакындары алигиче айтып түгөтө элек.
Темир Сариев, Нариман Түлеев сындуу берендердин да колу ачык дешет. Буларың жеке коопсуздугу үчүн айына 2,5-3 миң доллардын тегерегинде каражат коротот экен. Темикенин артынан үч "көлөкө" ээрчип жүрөрүн эске алсак, алардын ар бирине канча доллар сарпталарын эсептеш ашыкча акылды деле талап кылбайт.

"Өмүр бою ыраазымын"
Апрель коогалаңы Талас дубанынан башталганы маалым. Ошондо агездеги Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, 1-вице-премьер Акылбек Жапаров митингчилерди тынчытмакчы болуп барышкан. Натыйжада Молдомуса Ташполотович көгала койдой сабалды. Ал эми Акылбек мырзанын алгач оң көзүн чукуп коюптур дешсе, кийинчерээк чын дүйнөгө "аттаныптыр" имиши тараган. Жапаровдун бактысы тоодой экен, бүгүнкү күндө көзү оюлбай-этпей эле, көздөрү менен теше тиктеп, ар кимге акыл үйрөтүп парламентте кайкайып отурат. Буга жансакчысынын салымы зор. Ал Жапаровдун бир тал чачын түшүрбөстөн тополоңдон аман-эсен сууруп чыккан. Мына ошол күндөн тартып "ар-намысчы" депутат "көлөкөсүнө" кудайындай ишенип, атүгүл "мен сага өмүр бою ыраазымын" деп айтканы элита чөйрөсүнө дайын.
Жокеде "ар-намысчы" Феликс Кулов, "республикачы" Алтынбек Сулайманов жансакчы жалдамай жагынан рекорд коюшат. Укканыбызга караганда, "темир генерал" жатса да, турса да жанынан россиялык үч "балбандын" карааны үзүлбөйт. А Алтынбектин жөнү башка. Аны ордолуу Оштогу 500 спортсмени кезектешип кайтарышат. Сулайманов жоон билектүү жигиттеринин ар бирине айына кеминде 10 миң сомдон сарптайт.

Дүйнө да дүрбөлөң
Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин ичинен Израиль, Америка, Кытай, Франция, Түштүк Кореядагы жансакчылардын эмгеги жогору бааланат. Ал жактагы "телохранителдер" күнүгө 1000 доллардан табат. Асыресе, расмий Вашингтон коопсуздук маселесине зор көңүл бурат. АКШ президенти, вице-президент, министрлердин жана чет жактан келген меймандардын коопсуздугун сактоо жашыруун кызматка жүктөлгөн. Атайын кызмат бул функцияны аткарууда жылына 42,3 млрд. доллар сарптайт.
Президентти кайтаруу милдетин аткарган жашыруун кызматы Американын 111 шаарында иш алып барат. Мунун 30га чукул өкүлү жер шарындагы бөлөк аймактарда иштейт.
Төмөндө дүйнөлүк масштабдагы жансакчылык кесип тууралуу кыскача баяндайбыз:
? 2002-жылы орус президенти Владимир Путин Азербайжанга визит жасаган. Бакуда Путинди "көзгө атар" мергендер күтүп турушканы кийин ачыкка чыкты. Азербайжандын атайын кызматы терракты өз убагында алдын алып, Путиндин өмүрүн сактаган. Кийинчерээк киллер кармалып, 10 жылга эркинен ажыратылды;
? КГБ полковниги, Михаил Горбачевдун жеке жансакчысы Дмитрий Фонарев АКШ президенти Рональд Рейгандын алкоосуна татыган. Рейган ага кымбат белек тартуулаган;
? 1957-жылы Парижде жансакчылардын эл аралык бирикмеси түзүлгөн;
? 2003-жылы поп музыка королу Майкл Жексон "педофил" имиши жаралган. Бирок бул жөн гана сөз экенин Жексондун жансакчылары жарыялашкан. "Биз Майклдын жанында дайыма жүрчүбүз. Ал чыныгы эркек экенин ишенимдүү билдиребиз" дейт Билл Уайтфилд. Себеби "көлөкөлөр" үн катпаганда М.Жексон коомчулуктун эсинде "педофил" бойдон сакталып калмак;
? Адольф Гитлердин жансакчысы Рохус Миш болгон. Ал шефи өзүн-өзү аткан маалда курсагын тойгузуп аткан. Бул жашоосундагы эң чоң катачылык экенин кийин моюнга алган;
? АКШ президенти Жон Кеннеди, Ливан президенти Башир Жмайель, Алжир президенти Мохаммед Бодиаф, Швециянын премьер-министри Улоф Пальме атылып өлтүрүлгөн. Буга "телохранителдердин" алсыздыгы себепкер.




Ток этерин айтканда
? утурумдук өкмөттүн №1 декретинин негизинде Мамлекеттик күзөт кызматы (МКК) жоюлуп, анын милдети УКМК менен Коргоо министрлигине өткөрүлгөн. Эске салсак, МКК 1992-жылы 16-сентябрда түптөлгөн;
? мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду башында Рашид аттуу жигит кайтарчу. Ал учурда кожоюнунун жардамчысына айланган;
? өткөн жылы А.Жекшенкулов менен Т.Сариевдин жансакчылары мушташып кетишкен. Жыйынтыгында сариевчил желдеттердин көзү көгөргөн;
??президентти кайтаруу азаптын азабы болгону менен, тапкан кирешеси чеке жылытпайт. Айына 15 миң сомдон жогору акы алышат. Эл катары базардан тамак-аш сатып алып, катардагы мончолордо киринишет. Маселен, Роза Отунбаеванын жеке жансакчысы дем алыш күндөрү "Байтур" мончосунда бууланып, пиводон шимирип атканын көрөсүң;
? маркум Санжарбек Кадыралиев эмгек жолун Баяман Эркинбаевди кайтаруу менен баштаган.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail: kerimbayev@mail.ru,

тел.:38-67-19кайтаруу менен баштаган.