presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өнөр төр

Наристелердин "Алтын уясы"

Улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында кыргыздын музыкалык тарыхындагы алгачкы "Алтын уя"?аттуу балдар опереттасы коюлуп келет. Музыкасын композиторлор Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулова жазышты. Опереттанын уникалдуулугу анын алгачкылыгында эле эмес, спектаклди сахналаштырууда өкмөткө эч жүгүн артпастан 3 жаштан 17 жашка чейинки 60 баланын күчү менен коюлушунда.

Калкыбызга эбактан белгилүү болуп кадыр күткөн элдик үлгүлүү театрлаштырылган "Ак шоола"?балдар хорунун коллективи бул опереттаны сахнага татыктуу алып чыгып, бир нече жолу опера-балет театрынын сахнасында ойнолуп, көрөрмандардын жана музыка адистеринин жогорку баасына татып,?өткөн жылдын аягында "Замандаш"?журналынын көрүүчүлөр арасындагы жүргүзгөн сурамжылоосунун негизинде, искусство жаатындагы жаңылык катары "Жылдын мыкты өнөр табылгасы" деп шардана кылынды.
"Алтын уя"?балдар опереттасынын либреттосу Г.Эсенгулова тарабынан жазылып,? эл-жерди сүйүп,?ата-энени урматтоо,?атуулдукту бекем тутуу сыяктуу учурдун талылуу маселелерин көтөрөт. Өлкөбүздөгү оор учурдагы балдардын психологиялык-нравалык жактан чыңдалуусуна да оң таасирин берери бышык. Балдар чыгармачылыгынын ушинтип обондон опереттага чейин өсүп жаткандыгы ишпалдасы чыгып бара жаткан искусствонун эртеңкисине оптимисттик көз караш жаратарына толук ишенебиз. 5-февралдагы опереттаны көрүүгө ЖК маданият жана билим,?илим комитетинин төрагасы Ж.Жолдошева келип, бул чыгарманы Кыргызстандын бардык региондогу балдар көрүшү керектигин баса белгиледи. Өзгөчө Ош коогалаңынан кийин ошол жактагы балдарга опереттаны көрсөтүүнү уюштурууга жардам берерин айтты. Башка дагы бийлик башында олтургандар келип балдардын саамалыгын көрүшсө, саясаттан бир аз эс алып, сабак ала турган жагын да көрүшмөк.
Маани-маңызы терең, музыкасы, коюлган бийлери, сахналык жасалгасы абдан көркөм, музыкалык жана актерлук билими жок туруп балдар тарабынан эң жогорку чеберчиликте аткрылышы көрөрмандардын көөнүн тойгузду.
"Алтын уянын" кезектеги коюлушу эмдиги жумада (25-февралда) күтүлүүдө. Көрө элек болсоңор келип көөнүңөрдү жазып кетсеңер болот.





Куудул, тамада, ырчы Борончу Кудайбергенов азыр убактысынын көбүн ар бир айдын алтысында өтө турган "Аралаш" тобунун концертине жумшоодо. Тамашакөй, ар бир сөзүндө куйкум аралашкан куудулдун көз карашы, ой жүгүртүүсү такыр башка нукка өзгөргөнү байкалып турат.

Борончу Кудайбергенов:
"Аялдын күчү алсыздыгында"
- Ай сайын концерт бере берип анын кызыгы кетип калбайбы?
- Бир айдын ичинде көрүнүктүү эмне окуялар болсо ошону тамашага айландырып элге жеткирип жатабыз. Ар бир концертибизде мурдакыны туурабай күйөрмандарды тажатпаганга аракеттер бар. Буюрса, алдыдагы концертибиз айымдардын майрамына арналат. Аял кишиге байланышкан тамаша, куйкум сөздөр айтылат. Февралда өткөн концертибиз 23-февралга арналды.
- 23-февраль сиз үчүн кандай майрам?
- Ал кезде Афганистанга барам деп кезекке жазылсам, боюң кичирээк деп жаратпай коюшкан. Эң жакшы күндөрүм - аскерде жүргөн кезим. Башында тил жагынан жүдөп, кыйналган күндөрүм эсте калыптыр. Барарым менен жаңы кийимдерди беришти, койкоюп кийип алдык. Түн ортосунда турсам жаңы тумагымдын ордуна эски тумак туруп калыптыр. "Стариктер" өздөрүнүн эски тумагын жаңысына алмаштырып тартып алышат экен. Эртең менен баарыбыз тизилип турабыз, командир менден жаңы тумагың кайда деп сурады. "Түндө жарык өчкөндө алмаштырып кетип калышыптыр" дегенди орусча айтыш керек болуп жатат да. Эмне дээримди билбей "товарищ командир, когда вечером свет был шапка был, когда свет нету шапка нету" дедим. Тизилгендердин баары каткырып күлүп жатышат. Тил билбегенимдин айынан көпкө чейин күлкү болуп жүрдүм. А бирок өмүрдөгү майрам деп мектептеги кезди айтаар элем. Бири-бирибизге белек беришкен күндөр сонун болчу.
- Андайда кыздар кымбат белек берип, балдар оңой кутулуп, ортодо таарынычтар көп болот эмеспи?
- Окуп жүргөндө кыздарга салыштырмалуу балдар аябай эле аз болчубуз. Сиз айтмакчы, бир жылы кыздардан кымбат белек алдык. Сегизинчи мартка жакындаганда жүрөкзаада боло баштадык. Апаларыбыз жыргаган деле акча берчү эмес, эптеп болгон акчага алганыбыз бирден дептер менен өчүргүч. Байкуш кыздар кыялындагы белекти алат экенбиз деп күтүп атышат да. Аларды эбак досканын маңдайына тизип коюп, өзүбүз болсо эшиктин жанында сен бер мен бер болуп турабыз. Эң жоош баланы кармап туруп, белектерди анын колуна берип түртүп киргизип жиберип, өзүбүз качып кеттик. Ал балабыз да бирден таратып бербей, баарын "мегиле, бул силерге" деп аларды көздөй ыргытып жиберип качып кетиптир. Кыздар байкуш ыза болуп кала беришкен. Ошондо уялып мектепке бир нече күн барбай жүрдүм. Кийин дагы бир кызга белек бермекчи болуп дүкөндөн белек издедим. Чыгармачыл киши курусун, эч нерсеге окшобогон белек бергим келди. Кыдырып жүрүп кооз сувенир алдым, ошол кезде көзгө бөтөнчө кооз көрүнгөн эле. Кийин сурасам тамекинин күлүн түшүргүч алып бериптирмин. Ошол кезде алган белектер, жада калса майрамдын шаңы да башкача болчу. Азыр жаштардын түшүнүгү, аң-сезими такыр бөлөк. Чоңойгонго шашылышат. Мисалы, биз мектепте окуп жүргөндө өзүбүздөн бир класс жогору же төмөн окугандарды эле жакшы билчүбүз. Азыркы үчүнчү класстын окуучусунан сурасаң мугалими ким менен жүргөнүнөн өйдө айтып берет. "Мындай кийим кийип алыптыр, соткасы арзан экен. Күнүгө бул көйнөгүн кийип келет" деп сынап турушат. Негизи эле азыркы жаштар башкача. Өсүп жаткандары жакшы, ошого жараша тарбияны да четте калтырып салып жатпайбы.
- Сиз балдарыңызды кандай тарбиялайсыз?
- Ушул суроого карата бир окуя айтып берейин. Бир баланын апасы каза болуп калып, атасынын эле колунда өсүптүр. Бала чоңоюп үйлөнсө келинчеги "атаң бизге тоскоол болуп жатат, көзүмө көрсөтпө" деген экен. Тиги бала атасынын көзүн тазаламакка талаага алып барып таштын үстүнө отургузуп коюп кетип баратат дейт. Атасынын ыйлаганын көрүп эмне болгонун сураса, бир убакта ал да өз атасын ушул таштын үстүнө алып келип отургузуп кете бергенин айтат. Анан баягы атасы өлүптүр. Баласы мүрзөсүнө куран окуганы келсе оң жакты кара деген жазуу турат, оң жагын караса ал жакта сол жакты кара деген жазуу бар экен. Сол жагын караса эми мүрзөнү айлан деген жазууну окуйт. Мүрзөнү айланып басып баратса "сен да бир убакта айланып ушул жерге келесиң" деп атасы жазып койгон экен. Анан азыр мен балдарыма кандай тарбия берсем, мага алар кандай мамиле жасашса кийин ошонун кайтарымы сөзсүз болот.
- Жанатан бери байкасам телефонуңуздун жаны тынчудай эмес, келинчегиңиз кызганбайбы?
- Мага бир күндө эки жүз телефон чалуу болот. Анын жүз элүүсү кыздар, анын ичинен отузу сүйлөшүп көрбөйлүбү, ону жүрүп албайлыбы деп чалат. Буга келинчегим деле көнүп бүттү. Менин ордума алып жооп берип, кыздарың чалып жатат деп берип коет. Телефондун айынан чоң трагедия деле болбойт. Бирок ушунун айынан урушуп, кыжылдашып жүргөн досторумду көрүп эле жүрөм. Негизи кызганыч түшүнбөстүктөн келип чыгат. Бул деле бир оору да. Адам бир нерседен шекшинсе шайтан колтукка сайып ого бетер өрчүтөт. Токойдо жашап жатпагандан кийин киши болгон соң сүйлөшөсүң, жолугуп иштериңди бүтүрөсүң да…
- Анан ал кыздарга эмне деп жооп бересиз?
- Башында кезигели, кандайсың, сырткы келбетиң сулуубу дечүмүн. Беш жылдан бери намаз окуп, ажыга барып келгенден кийин кыйшаңдап тетири басканды токтоттум. Ар бир нерсенин өз учуру бар, ал убактан өттүм го деп ойлойм. Бирок ошондо деле келинчегим кызганып, обу жок уруш чыгарчу эмес. Чыгармачыл адам болгондон кийин эркиндик керек да. Болбосо кысылып, чүнчүп кетесиң. Бирок жеткен сынчы аялым, концертиме барганда ээн-эркин сүйлөй албайм, себеби үйгө келгенде минтип сүйлөп салдың деп сөзсүз айтат.
- Камчыңыз катуубу же...
- Жаңы үйлөнгөн кезде көзгө эч нерсе көрүнбөй кыйын болуп турган учурда келинчегиме колум тийип кеткен. Ош базарды аралап баратып экөөбүз уруша кеттик, жиним менен жаакка чаап жиберген элем. Андан бери кудайга шүгүр, андай катуу уруштар боло элек. "Жакшы ат камчы салдырбайт" дегендей, кол көтөргөнгө өзү деле түрткү бербейт. Жакшы мамиле жасап көңүлүмдү алып турат. Ошого жараша мен да колуман келген жардамымды аябайм. Эгер жумуштан андан эрте келип калсам тамак жасап же кээ бир иштерди бүтүрүп коем. Андан колум кыскарып же өзүм кичирейип деле кетпейм. Уруштун баары ачуу сөздөн чыгат да. Аял алсыздыгы менен күчтүү. Анын күчү тилинде. Эгер бир маселени урушуп-талашып жатканда бир аз сабырдуу болуп койсо эле эч кандай балээ жок. Кээде мен деле бир нерсе айтып алып арты урушка бараарын баамдай калам. Андайда сөздү башкага буруп же тамашага чалганга аракет кылам.
Бетти даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??