18.02.11 - 11-бет:
  Майрамдык эмес маанай

Ардагерлердин ардакталбаган жашоосунан

23- февраль аскерлердин майрамына карата Улуу Ата мекендик согушта кан кечкен ардагерлер тууралуу жазалы дедик. Жыл сайын ардагерлердин катары суюлуп барат. Алды эчак эле көз жумса, артында калгандары токсонду таяп калышты. Алардын ден соолуктары начарлап, көбүнчөсү төшөктөн туралышпайт экен. Бишкектеги Октябрь районунун ардагерлер кеңешинин төрайымы Зарыл ДҮЙШӨНАЛИЕВА эже төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Майрам сайын жергиликтүү администрация башчылары тарабынан ардагерлерге акчалай жардам, белек-бечкек, тамак-аш берилет. Алардын үйүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшүп келет. Ардагерлердин турмушун көзөмөлгө алып турабыз. Өзгөчө ардагер айымдардын майрамында аларга керектүү белектер берилет. Атам Дүйшөналы Бозов да согушка катышып, жарадар болуп мекенине кайткан. Ал жетимишке чыкпай каза болду. Ошондон улам ардагерлерди көргөндө боорум ооруп, аларга жардам бергим келет. Согуш учурунда курман болгондордун майкесин чечип бетине жаап коюп кете берчүбүз, канчасы көмүлбөй согуш талаасында калды деп кейичү атам.
Бишкек шаарында жашаган ардагер Шейшеке ЖУМАКАДЫРОВдун үйүнө башбактык. Жумакадыр ата оорудан жакшы сүйлөй албай калыптыр, байбичеси Турум апа буларды айтып берди:
- Жолдошум Жумакадыров Шейшеке 1923-жылы туулуп, 1941-жылы согушка кеткен экен. Апасы ал төрөлгөндө эле каза болуп калгандыктан, аны чоң энеси чоңойтуптур. Кан майданга аталаш эки агасы менен аттаныптыр. Өзүнүн атасы да согуш маалында эки жыл Казакстандагы аскердик бөлүктө иштеген экен. Улуу Ата мекендик согуш аяктагандан кийин да төрт ай кызмат өтөп анан келген. Согуш учурунда Берлинге чейин барып, ага беш жолу ок тийип жарадар болгон. Башына ок жаңылып, бир бутунан ажыраган. Абышкам согушта болгон күндөрүн көп эскерет.
Шейшеке согуштан кайткандан кийин өмүрүн чыгармачылыкка арнап, Кыргызстандагы белгилүү гезит-журналдарда кабарчы болуп эмгектенген. Атасы 98 жашка чыгып көз жумса, апасы 102ге чыгып кайтыш болду. Ортобузда үч уул, бир кыз бар. Үч жылдан бери абышкам катуу ооруп төшөктөн турбай, атүгүл жакшы сүйлөй да албай калды. Дайыма коляска менен сүйрөп багам. Өмүр бою үйүбүз жок батирлеп жашадык. Мындан он эки жыл мурун бир тууганым Жолдукенин Бишкектеги үйүнө келип жашап калдык. Жолдуке союз убагында Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ал көз жумгандан кийин анын байбичесин карап, ошол бойдон ушул жакта жашап калдык. Жыл сайын эле ардагерлерге үй берилет деп айтылат, кезекке деле турдук, бирок эмдигиче үй ала элекпиз.
Айлабыз кетип ардагерлер коомуна деле кайрылдык. Ана беребиз, мына беребиз деп келатышат. Бирок былтыр 9-май жеңиш күнүнө карата жакшы жардам беришти, бир жолу 15 миң сом алдык, андан тышкары муздаткыч, газ плита, азык-түлүк сыяктууларды берип келатат. Шейшекенин пенсиясынын көбү дары-дармегине эле кетет.
Жакында Шейшеке катуу ооруп "тез жардам" чакырсак, үч дарыгер келди. Ооруканага алпарып бир ийне сайды да, абалы кичине жакшырганда үйүбүзгө жеткирип, бизден 1700 сом талап кылышты. Бизде анчалык акча жок, абышкам согуштун ардагери деп документтерин көргөзсөк ишенбей, бул жасалма документ деп күйгүзүштү. Акчабыз жок болчу, эптеп үйдөгү тамак-ашка деген 700 сомду берип, айдын аягына чейин калган акчаны пенсиянын эсебинен берейин деп кетирдим. Жыл сайын курортко дарыланганга жолдомо беришчү, былтыр акчасын да, жолдомосун да беришкен жок. Азыр абышкамды багып атам, эми кандай болот, билбейм.
Ардагер Марина Михайловна Власованын үйүнө башбакканыбызда, ордунан жылбай отурган жалгыз кемпирди көрдүк. Ал көз жашын агызып, таржымалын айтып отурду.
- Жашым токсондон ашып калды. 1941-жылдан баштап согуш талаасында медайым болуп иштедим. Согуш аяктагандан кийин да жарым жыл Берлинде жарадарларды дарылап жүрдүм. Кан майданда жоокерлердей болуп атышпасак да, алардын артынан калбай, жарадарларды дарылап, жаныбызды аябай жүрдүк. Албетте, абдан оор күндөр өттү. 1945-жылдын аягында Липецк шаарындагы үйүмө келдим. Ата-энемдин сегиз баласы бар эле. Атам согушка чейин эле каза болуп калган. Согушка үч бир тууганым менен баргам. Эки бир тууганым согуштан кайткан жок.
Кан майдандагы госпиталда төрт врач менен кошо липецкилик төрт фельдшер иштедик. Согушка жөнөп атканда апам түз жүр, уруш болгону менен эркек деген эркек деп көп айтаар эле. Анын айтканын угуп, Липецкиден чыккан төрт медайым абдан түз жүрдүк. Бизге ашыкча сүйлөгөндөн да чочулап турушчу. Бирок жоокерлер абдан сыйлап, баары жакшы көрүшөөр эле. Ошондуктан жоокерлер бизди "липецкилик фронт" деп тамашалап коюшчу. Госпиталда иштеген Вахад Кожомбердиев деген врач экөөбүздүн мамилебиз жакын болчу. Экөөбүз тең жашпыз, согуш аяктагандан кийин ал Кыргызстандагы өз мекенине кетти. Мен Липецкиге жөнөдүм. Бирок көп өтпөй Вахад Липецкиге артыман келип, апаман менин колумду сурап алып кетти. Жолдошумдун улуту уйгур. Апам адегенде орус болсоң, жашоо кандай болот деп тынчсызданды. Бирок Вахад экөөбүздүн сүйүүбүз жеңип, Липецкиден нике кыйдырып, документ алып Фрунзеге келдик. Бияктан жолдошум экөөбүз согуштан жарадар болуп келгендерди дарылап ооруканада иштедик. Вахад операция жасаса, мен ага жардам берчү элем. Үйүбүз жок, госпиталдын бир бөлмөсүндө баш калкаладык. Кийинчерээк Фрунзеден жарым үйдү сатып алып, өмүр бою ошол жерде жашадык. Жолдошум экөөбүз Кыргызстандын алыскы аймактарында дарыгер болуп иштеп келдик. Мединститутта сабак берип далай дарыгерлерди даярдады. Жакында анын студенттеринин бири, Кыргызстандагы белгилүү хирург Эрнест Акрамов келип мага жолугуп, ал-абалымды сурап кетти. Жолдошум 1982-жылы инфарктан көз жумган.
Вахад экөөбүздүн Игорь аттуу уулубуз бар. Ал алтымышка чыгып калды. Ата-энесинин жолун жолдоп врачтык кесипти тандап, медицина илиминин кандидаты болду. Бирок турмуштан жолу болбой, үй-бүлөсү менен ажырашып кетти. Ал азыр жалгыз жашайт. Туруктуу иштеген иши деле жок. Бир кыз, бир уулу бар.
Үч жыл мурун жыгылып, жамбашымды сындырып алгам. Ошондон бери төшөктөн туралбай калдым. Азыр мага тамак берип, мени караган эч ким жок, ошондуктан бир аялды жалдап, ага пенсиямдан үнөмдөп 5000 сом төлөп берем. Антпесе мени ким багат? Ал аял эртең мененки тогуздан экиге чейин карайт, кээде келбей калса үйдө жалгыз ордуман жылалбай кыйналып, көз жашымды агызам. Уулум анда-санда келип дары-дармек алып бергени менен менин алдымды которуп, кийимимди алмаштыралбайт да.
Өмүр бою саламаттык сактоо жаатында иштеп 4000 сом менен пенсияга чыккам. Андан тышкары согуштун ардагери катары да кошумча акча берилет. Бирок акчамдын көбү дарыга кетет. Нандан бөлөк тамак сатып алууга каражат жетпейт.
Ушинтип күндөр өтүп атат. Липецкиде калган туугандарымдын баары каза болушту. Жаш кезибизде жолдошум экөөбүз Липецкиге жыл сайын барып эс алып келчү элек. Үйдө жалгыз калганда өткөн өмүрүмдүн жылт эткен учкундарын эстеп убакыт өткөрөм…
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Эркектердин энчилүү майрамы
Эстен кеткис ошол күндөр
Мекенине кызмат өтөгөн ар бир эркектин эсине армияда жүргөн күндөрү ташка тамга баскандай сакталып калары талашсыз. Кимисинен сураба эсинде калган күлкүлүү же өкүнүчтүү, кубанычтуу же азаптуу күндөрүн айтып бергенден тажашпайт. "Эми ал кезде көп эле жакшы да, жаман да күндөр өттү…" деп баштаган каармандарыбыз төмөнкүдөй окуяларын эскеришти.

Замир КАЗАКБАЕВ, ди-джей:
"Эсимен тангыча таяк жегем"
- Мен Балыкчыда Панфилов дивизиясында кызмат кылгам. Аскер мөөнөтүн толук бүтпөй калгам. Анткени мен аскерге барган учур союз таркаган кезге туш келип калгандыктан жоокерлерге көп көңүл бурулбай, тартип жок болчу. Мен да аскерге жаңы барганда дембелдерден таяк жегем. Бир жолу менин кезегим болбосо деле казарманы бүт жууп чыгасың деп кыйнашканына моюн сунбай, "мен силерге пол жуугуч белем" деп айтыша кеткем. Тийишкиси келип турган немелер швабра менен эсимди жоготкуча сабашты. Бети-башым көгала болуп, мээм чайкалган. Ал кезде тартип жок болгондуктан офицерлер кеч кирээри менен солдаттарды сержанттарга дайындап коюп өздөрү кетип калышчу. Эч ким жокто дембелдер бизди каалаганындай эрмектеп, каалаганын кылышчу. Таяк жегенден кийин армиядагы кызматты улантканга доктурлар уруксат берген жок. Ошентип жарым жылдан кийин аскер кызматым аяктаган.

Рустам АТАШОВ, режиссер:
"Мурдумдун суусу муз болуп тоңчу"
- Мен Монголияда кызмат кылдым. Чет жакада жүргөндө түндүк-түштүк болуп бөлүнмөк тургай кыргыздын жүзүнө зар болуп каласың. Бир эле сууктан кыйналдым, 50-60 градус суукта жүрчүбүз. Ушул жерден эле сууктан тоңуп өлөм го деген да ойлор келчү. Азыр күлкү болушу мүмкүн, бирок ошол кезде мурдубуздун суусу жанагы тамдын кырындагы муздай болуп тоңуп калчу. Пулёмет менен мээлегенде темирге бетиң жабышып, бетиңди тартып алсаң териси кошо сыйрылып кетчү. Бутубузга болсо мисалы, мен кыркынчы өлчөмдөгү бут кийим кийсем, кырк төртүнчү чокой кийип алчумун, анткени ичинен кат-кат кийиз чулгоо орончубуз. Пулёмет менен атканда ок тийбей калса, ошол калың кийимиң менен алыс аралыкка чуркатчу. Суукта окторду азайтыш үчүн көргөзбөй коробкасы менен карга көмүп, ыргытып ийген учурлар көп болду. Бир жыл ошентип кыйналдым, экинчи жылы сүрөттү жакшы тарткандыктан талантымдын аркасы менен жылуу-жумшак казарманын ичинде жүрдүм.

Кадырбек ТАЖИЕВ, КР эл артисти:
"Пушка менен комиссияны аткам…"
- Мен Подмосковьеде танк полкунда кызмат кылып жүргөндө бизди текшермекке комиссия келип калды. Айдаган танкың саатына 60 километр ылдамдыкта жүрөт эмеспи. Мен да бир танкка отуруп, аңгыл-дөңгүлдү карабай айдап жөнөдүм. Командир менин белгим менен ат деди, белги боюнча эмне болуп кетти билбейм, бир убакта карасам пушканын 28 килограммдык снаряды комиссия тарапты көздөй учуп баратат. Алар үч кабаттуу жайда отурушкан, бир убакта октой учуп биринчи кабатына чуркап түшүшүптүр. Ызы-чуу түшүп мени баары кармагыла деп кууп жөнөштү. Мен безилдеп качып жүрөм, бирок кууп жүрүп кармап алышты. Биздин полкто Кулагин деген командир бар болчу, мени Фрунзеңе жогол деп качырып жиберди. Бир айдан кийин барсам жайланышып, тынчып калышыптыр. Азыркыга чейин командириме ыраазы болом, ал болбогондо дисбатка эки жылга камалып, көрбөгөн кордукту көрмөкмүн. Элестетсеңер, үчүнчү кабатка учкан снаряд 15-18 кишини талкаламак да.


Армияда кызмат өтөбөгөн атактуулар:
Түгөлбай Казаков
Эмир Сарпашев
Расул Маматкулов
Эрнест Абдыжапаров
Кыялбек Урмамбетов
Алтынбек Сапаралиев
Жолдошбек Жанжигит уулу
Тынай Алыбаев
Съездбек Искеналиев


Бегайым БАЙБОСУНОВА