presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көңүл чордонунда

МЕГАКОМ: дагы бир көз боёмочулуктун бети ачылды!
"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (ЖАК) жаңы жетекчилиги бул компаниянын буга чейинки кылган иштерин терең талдоого алып, колунда уюлдук телефону бар ар бирибизден миңдеген, миллиондогон акчалар башкалардын чөнтөгүнө суудай агып жатканын ачыкка чыгарууда.
MegaCom - бул "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (ЖАК) бренддик аталышы. Ал Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногундагы GSM 900/1800 стандартындагы уюлдук кызмат көрсөтүп жаткан кыргыз-орусиялык компания болуп саналат. Өлкөнүн калктуу аймагынын 90 пайызын жапкан компания дээрлик 2 млн. абонентти тейлейт. Биердеги көрүнүктүү компаниялар, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик структуралар, дипломатиялык миссиялар - Мегакомдун клиенттери. Компаниянын корпоративдик клиенттеринин саны эки миңден ашык жана тынымсыз өсүү үстүндө. Кыргызстандагы ири он салык төлөөчүлөрдүн катарына кирет.
MegaCom - сапаттык менеджменти жагынан эл аралык сертификация алган Кыргызстандагы бирден бир оператор болуп саналат жана бизнести башкаруу боюнча заманбап талаптарга төп келет. Өлкө боюнча 1065 базалык станциясы бар, 6 500 сатуучу түйүнү, 8 ири тейлөө борбору жана 6 фирмалык салону иштейт. Компаниянын командасы өз тармагы боюнча устат саналган кесипкөйлөрдөн куралган жана Кыргызстанда эң ири иш берүүчүлөрдөн болуп эсептелет. MegaCom кайрымдуулукту да жасап, үй-бүлөлүк типтеги "Нурмээайса" балдар үйүнө, башка алты коомдук уюмга колдоо көрсөтөт. Андан сырткары, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана спорт чөйрөлөрүндө демөөрчүлүк кылып келет.
Акыркы териштирүүлөр Мегакомдон түшкөн акча каражаттарын "саап" алуу боюнча бир катар схемаларды ашкереледи. 10-февралга карата, маселен, "Мегаком" компаниясынан ("Альфа Телеком" ЖАКтан) "БиМоКом" жоопкерчилиги чектелген коомуна (ЖЧК) жана "MGN Asset Managment" ААК компаниясына миллиондогон долларларды чыгарып кетүү амалдары ачыкка чыкты. Мисалы, аванс төлөмдөрүнүн карталары (АТК) аркылуу акчаларды чыгаруу механизми бир катар гезиттерге жарыяланды. АТКларды алдап сатуудан эле 363,79 млн. сомго туйтунушкан.
Ал ишенимдик башкаруу механизми аркылуу акчаларды чыгарып кетүү схемасынан эле 9 млн. чамалуу АКШ доллары чыгарылып кеткени кечээ-бүгүн жарык көргөн гезиттерге жарыяланды. ("Лозунг", "Учур" гезиттеринин акыркы сандарын окуңуз жана жергиликтүү интернет-сайттарды караңыз.)
Бул жолу биз "Альфа Телеком" ЖАК менен Montgomery Corporate Limited компаниясынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрү тууралуу кеп кылалы.
Montgomery Corporate Limited - Белиз офшордук аймагында катталган юридикалык тарап. Белиз - Борбор Америкада катталган кичинекей мамлекет. Анын мыйзамы мамлекеттик органдарга толук маалымат ачууга жана берүүгө жол бербейт.
"Альфа Телеком" ЖАК менен Montgomery Corporate Limited (MCL) ортосундагы карым-катнаш учурунда төмөнкүдөй келишимдер түзүлгөн:
1. 2009-жылдын 15-августундагы ?002 башкы келишимде кызмат жана иш көрсөтүү каралган. Буга ылайык MCL кандай гана болбосун иш жана кызмат заказдарын аткарууга мүмкүнчүлүк алган. Кийин бул келишимге дагы кошумча келишимдер (КК) түзүлөт да, төмөнкүдөй суммалар которулган:
?1КК - 15-август, 2009-жыл, 148 900 $ (бул КК 31.10.10да түзүлгөн)
?2КК - 15-август, 2009-жыл, 118 300 $ (бул КК 31.10.10да түзүлгөн)
?3КК - 15-август, 2009-жыл, 136 870 $ (31.10.10да түзүлгөн)
?1 КК менен 17-августтагы ?3 КК материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш менен камсыз кылууну караган
?4 КК - 15 август, 2009-жыл, 172 400 $
?5 КК - 17 август, 2009-жыл, 17 000 $ ай сайын
?6 КК - 30 декабрь, 2009-жыл, 91 833 $ ай сайын

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийинки кошумча келишимдер:
?7 КК - 30-июль, 2010-жыл келишим мөөнөтү 2010-жылдын 31-декабрына чейин узартылган
?8 КК - 1-ноябрь, 2010-жыл, 421 070 $ бир айга
?9 КК - 31-декабрь, 2010-жыл, келишим мөөнөтү 2011-жыл 30-июнга чейин узартылган.
15-август, 2010-жылдагы ?002 башкы келишим (БК) товар берүү жөнүндө түзүлүп, ага ылайык MCL товардын жана кызматтын кандай гана түрү болбосун көрсөтүүсү каралган. Кийин бул келишимге кошумча келишимдер (КК) түзүлөт да, төмөнкүдөй суммалар которулган.
?2 КК - 15- август, 2009-жыл, 200 018 $
?3 КК - 15-август, 2009-жыл, 120 000 $
?4 КК - 15-август, 2009-жыл, 160 000 $
?5 КК - 15-август, 2009-жыл, 85 000 $
?6 КК - 17-август, 2009-жыл, 127 583 $
?7 КК - 15-сентябрь, 2009-жыл, 1 296 642,66 $
?8 КК - 1-октябрь, 2009-жыл, 437 540 $
?9 КК - 12- октябрь, 2009-жыл, 120 000 $
?10 КК - 2-ноябрь, 2009-жыл, 240 000 $
?11 КК - 2-ноябрь, 2009-жыл, 181 000 $
?12 КК - 21-декабрь, 2009-жыл, 326 000 $

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийинки кошумча келишимдер
?13 КК - 30-июль, 2010-жыл, 2010-жыл, 31-декабрдагы ? 002 БКны узартуу жөнүндө
?14 КК - 20-октябрь, 2010-жыл, 2 105 350 $
?15 КК - 31-декабрь, 2010-жыл, ?002 БКны 2011-жыл 30-июнга чейин узартуу жөнүндө
? 16 КК - 20-декабрь, 2010-жыл, 503 000 $
? 17 КК - 20-декабрь, 2010-жыл, 1 300 000 $

2009-жыл 17-сентябрындагы ?008 сублицензиялык келишимде программалык камсыздоо жагынан укук берүү каралган.
КОРУТУНДУ
"Альфа Телеком" ЖАК 2009-жылдын августунан тарта "Мегаком" деген бренд менен ишин жүргүзүп келген. Ошондон 2010-жылдын 7-апрелине чейин "Альфа Телеком" Максим Бакиевдин тикелей көзөмөлү алдында иштеген (башдеректири А.Г. Силич). Бул аралыкта (18.09.09 - 31.03.10) "Альфа Телеком" Montgomery Limited компаниясына 7 423 783,35 (жети миллион төрт жүз жыйырма үч миң жети жүз сексен үч доллар 35 цент) которгон.
"Альфа Телеком" ЖАКтын акциясынын 49%ы улутташтырылгандан кийин, 13.07.10 - 22.12.10 арасында аталган коом ошол эле баш деректир А.Г.Силичтин жетекчилиги астында Montgomery Limited компаниясына кошумча 7 393 913, 97 (жети миллион үч жүз токсон үч миң тогуз жүз он үч доллар 97 цент) которгон.
Ошентип бардык которулган сумма 14 817 697,32 (он төрт миллион сегиз жүз он жети миң алты жүз токсон жети доллар 32 цент) барабар болгон.
Мегаком компаниясынын жаңы жетекчилиги жана адистери өткөргөн алдын ала талдоолорго караганда, "Альфа Телеком" ЖАК менен Montgomery Corporate Limited ортосунда түзүлгөн келишимдер алкагында жүргүзүлгөн иштердин наркы чыныгы рыноктук наркынын болжол менен 70%ын түзөт.
?001 жана ?002 башкы келишимдер түзүлгөнгө чейин "Альфа Телеком" ЖАКтын 99% акциялары "Southfield Management Inc" компаниясына (Белиз мамлекети), 1%ы "VESATEL UNITED LIMITED" (Жаңы Зеландия) компаниясына таандык болгон. Ошондой эле Montgomery Corporate Limited компаниясы да Белиз мамлекетинде катталган. Бул фактынын өзү эле аттары аталган компаниялар Мегакомдон акча каражаттарын чыгарып кетүү максатын көздөп, ич ара келишимдерге барганын айкындайт.
Ошентип "Альфа Телеком" ЖАК 2011-жылдын 20-январына чейин, так айтканда, А.М.Мырзалиев тышкы башкаруучу болуп дайындалганга чейин Максим Бакиев жең ичинен түзгөн компания менен ошол эле Максим Бакиевдин тушундагы схема боюнча эбегейсиз көп суммадагы акчаларды чыгарып кетүү амалы менен иштеп келгени ачыкталды.
Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 20-майындагы ?44 декретинен кийин (улутташтырылгандан кийин) "Megacom" компаниясынын башкаруу структурасы:
"БиМоКом" ЖЧК компаниясынын башкаруу схемасынан көрүнгөндөй, "Eventis Telecom Holing LTD" компаниясы өзүнүн алдындагы "Penwell Business Limited" компаниясынын атынан азыркы кезде "БиМоКомдун" уставдык капиталында 51% үлүшү бар, ал эми "БиМоКомдун" 49% үлүшү болсо Максим Бакиевдин көзөмөлүндө турган "Forntek Enterprises Limited" компаниясына таандык болгон.
"Eventis Telecom Holing LTD" акционерлери менен паритеттик башкаруу боюнча алдын ала макулдашууларга карабастан, А.А.Бороздин башында турган мурдагы башкармалык мамлекеттик орган өкүлүнүн компанияны башкарууга катышуу аракетинен кескин баш тарткан. Алтурсун А.Бороздин убактылуу башкаруучуга карата компаниянын коопсуздук кызматы тарабынан күч колдонулат деген жана компаниянын ишин үзгүлтүккө учуратуу тууралуу коркуткан сөздөрдү айткан.
Маселени А.П.Акопян мырза менен сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен чечүү аракеттеринен да майнап чыкпады. Бул кездешүүлөр тууралуу протоколдор сакталуу.
Ошондой эле "Альфа Телеком" компаниясынан акчаларды чыгарып кетүү жөнүндөгү бул маалымат бир гана компания боюнча ачыкка чыгып отурат. Бул кыңыр иштерди "Альфа Телеком" ЖАКтын жаңы жетекчилиги келээри менен таап чыкты!




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??