11.02.11 - 19-бет: ДҮЙНӨ күн

ОКДҮЙНӨ. Германиянын Беккинген шаарында 83 жаштагы абышканын үйүнөн ири арсенал табылды. 362 даана курал-жаракты абышка көп жылдан бери чогултуп келиптир. СССР менен Германия согушканда аябай чоң таасир алган чал булар дагы согушуусу мүмкүн деп даярданып жүргөн кербези экен. Анын арсеналында 35 мылтык, 77 тапанча, HK G3 үлгүсүндөгү бир нече автомат, бычак, граната, жиликтенген пулемет сыяктуу заманбап жана эски куралдар бар экен. Байлыгынын баарын курал сатып алганга жумшаган абышка менен психологдор иштеп жатышса, анын артиллериясынын бир бөлүгү полицияга, бир бөлүгү музейге тапшырылды.

СҮЙДҮЙНӨ. Чилиден Испанияга учуп жаткан 300 жүргүнчү сүйүүнүн айынан өз убагында көздөгөн жерине жете албай калышты. Анткени, жүргүнчүлөрдүн арасында арзуусунун күчтүүлүгүнөн акылынан адашып бараткан бийкечтин сүйгөнү бар эле. Аны Испанияга кетирбөө үчүн сулуу кыз аэропорттун жетекчилигине чалып, каттамдын номерин так айтып, ошол учакта бомба бар экенин билдирген. Мунун айынан атайын кызматтар рейсти токтотуп калышкан. Ал эми сүйгөнү ал үчүн кылмыш кылганга да даяр экенин көргөн жигит Испанияга учпай, сүйүктүүсүн актоонун аракетин көрүп калды.

ЖАНДҮЙНӨ. Крокодилдер менен адамдын кармашын биз Индиянын фантастика кинолорунан эле көрбөсөк, оңой менен бир тоннага чейин жеткен жырткычтан кутулуу кыйын экенин жакшы билебиз. Австралиянын 37 жаштагы тургуну эл түшпөгөн жапайы жайда сууга киринип жатса килейген крокодил кол салат. Аны менен кармашып, көзүнө чапкылап, качып кетүүгө үлгүрүптүр. Муну көргөндөр ал кишинин шамдагайлыгына таңданышса, айрымдар жаңы Маугли деген ат коюшуптур.

ПУЛДҮЙНӨ. Вологодск облусунун тургуну, айдоочу Федор Коротаев жолдо келе жатып жол четине түшүп калган капты көрүп токтойт. Ичин караса "Почта России" деген майда баштыкчаларга салынган 3,7 миллион рубль акча болот. Ал бул ири сумманы тезинен жакынкы милиция бөлүмүнө алып барып тапшырган. Бул жакшы кадамы үчүн Федорго ыраазычылык каты жана 2011-жылдын аягына чейин каалаган 10 басылмага бекер жазылууну белек кылышты. Көрсө, тамтыгы чыгып бараткан почта кызматынын машинесинин эшиги чуңкурга түшкөндө ачылып кетип, бир кап акча жолго түшүп калыптыр. Сиз эгерде ушинтип жолго түшүп калган акчаны таап алсаңыз, алып барып берет белеңиз же пенсия, пособиелердин эсебинен заматта байып алат белеңиз?




МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
Сильвия Берлускони
Кыргызстанда премьер-министр тургай катардагы айыл өкмөтүнө кылмыш иши козголбойт. Миландын прокуратурасы Италия премьер-министрине кылмыш ишин козгоду. 74 жаштагы саясатчыга марокколук жашы жете элек бийчи кыз менен интимдик байланышта болгон деген айып коюп, тез арада жоопко тартууну көздөшүүдө. Мындай кадам иликтөөчүлөрдүн жүз пайыздык далилдери бар экенинен кабар берет. Берлусконинин адвокаты бул ишти төмөнкү палата талкууга алыш керек дейт. Ал жакта жалаң өкмөт башчынын кишилери экени белгилүү. Себеби, жооптуу кызматтагы чиновниктер карапайым адам катары соттолбойт экен. Бул үчүн парламенттин чечими керек тура.

Усама бен Ладен
2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын шаштысын алган дүйнөдөгү номер биринчи террорист учурда Пакистанда жашырынып жатып алып, АКШнын пилотсуз учкучтарынын бомбалоосунун натыйжасында алсыз болуп калыптыр. Эми АКШ үчүн башка мусулман биринчи душман болуп чыга келди. Йеменден чыккан Анвар аль-Авлаки билими да жогорку, бир нече тилде эркин сүйлөгөн, интернетти чаккан, акыркы технологиялар менен куралданган террорист катары АКШнын аскерлерин кыйла жүдөтүп жатыптыр. №1 деген статусунан айрылган Усама акебиз күчтөнөбү же өз титулун алдырабы, убакыт көрсөтөт.

Леонид Якубович
Белгилүү теле алып баруучуну Пермь мамлекеттик университетинин мугалими Леонид Торопов сотко берди. Ал "Поле чудес" оюнунда экинчи үчилтиктин экинчиси болуп катарда туруп оюнга катышкан. Анын алдындагы кыз "полкан" деген сөздү кийинки оюнчуга кезек жеткирбей таап алган. Бирок бул иш эреже бузуу менен болгон деген күнөө менен атактуу алып баруучуну акчалай айыпка жыгуунун аракетин көрүүдө. Себеби, биринчи жолу анын атаандашы "а" деген тамганы айтып, туура таап, кайра барабанды тегеретип туруп, кайра эле ошол тамганы айтып алган. Мындай учурда оюн кезеги кийинки оюнчуга өтүшү керектиги бул телеберүүнүн эрежесинде жазылыптыр. Леонид Якубович моралдык жана материалдык зыяндарымдын баарын ашыгы менен төлөп берсин деп туру акылдуу мугалим.

Роман Абрамович
"Челси" футбол клубунун ээси "Финанс" журналынын аныктоосу боюнча Россиянын эң бай үч адамынын катарына кирбей калды. Ажырашып, мурунку аялы менен байлыгын бөлүшө электе Рома байкең эң бай окем болуп саналчу. Быйыл анын кедейленип кетиши "Челси" футбол клубунун начар ойношу жана 2018-жылы Россияда өтүүчү дүйнө биринчилигине Абрамович да стадиондорду салып жардам берсин деген Путиндин "грузит эткени" себеп болуп жатыптыр.




Россия. Орус президенти Дмитрий Медведев "Полиция жөнүндөгү" мыйзамга кол койду. Бул мыйзам 1-марттан тарта күчүнө кирет. Эми окемдердин кызыл шапкечендерин да полисайлар деп атай баштайбыз. Мунун шылтоосу менен укук коргоо органынын кызматкерлерин атайын аттестациядан өткөрүү менен алардын санын 20 пайызга кыскартуу каралган. Бул кадам полисайларды коррупциядан арылтуунун аракетинде көрүлүп, алардын эң аз айлыгын 45 миң рублга жеткирүүнү көздөйт.
Египет. Туристтердин бейишине айланып калган бул өлкө тозоктун кейпин кийди. Өлкөдө башаламандык катуу күч алган. Нааразычылыкка чыккандардын саны миллиондор менен гана саналат. Хьюман Райчтын билдирүүсү боюнча, аскерлер акциялардын уюштуруучуларын кармап кетип, аларды ХАМАС, Израилге иштеп жатасыңар, сырткы күчтөрдөн ким таасир берип жатат деп электрошок сыяктуу нерселер менен кыйноого алышууда. Бүгүн 11-февралда дагы ири акция өткөрүлүп, ал "кыйналгандардын жумасы" деп аталат. Буга чейин "миллиондор маршы" жана "Мубаракты узатуу" аттуу акциялар уюштурулган. Ал эми Хосни Мубарак бийликтен кете турганын расмий билдире элек. Оппозиция ага бир жума убакыт берди.
Пакистан. Бул өлкөнүн өкмөтү отставкага кетти. Муну парламенттеги көпчүлүк талап кылды. Оппозициялык маанайдагы депутаттар эки палатада тең басымдуулук кылгандыктан, алар өз каалоолорун талап кыла алышты. Буга себеп болуп министрлер кабинетинин чыгымынын көптүгү жана алардын олчойгон аппетити айтылды. Депутаттар бюджеттин чыгаша бөлүгүн 30 пайызга кыскартуу зарылдыгын, министрлердин санын эки эсе азайтууну сунуш кылышты. Учурда Пакистанда 50 министрлик орун бар.
Франция. Президент Николя Саркози бир катар министрлерди тырыштырды. Анткени, массалык маалымат каражаттарында Тышкы иштер министри, премьер-министрдин Египет жана Тунис өлкөлөрүнүн бийлигинен белек катары самолетунда бекер учуп, алардын курортторунда эс алганы чыгып кеткен. Бул өлкөнүн тышкы саясатына терс таасирин тийгизип жатат деп белгилүү француздардын баарына сыртка чыгып эс алууга тыюу салды.
Болгария. Парламент 7 миң евродон ашкан соода иштерин накталай төлөп берүүгө тыюу салуучу мыйзамды кабыл алышты. Эми машине алсаң да банктагы эсеп аркылуу которууга туура келет. Бул кылмыштуулукту, мыйзамсыз акча айлантууну кокодон алууга шарт түзөт. Мындан сырткары, жанында көрсөтүлгөн суммадан ашыкча алып жүргөн болгарлардын акчасы конфискацияланып, кызыл шапкечендер бюджеттин эсебине кошо бере турган болушту.
www булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ