11.02.11 - 16-бет:
  Ажына кылган ажылык

Галстукчан "шайтандар" колдуу болду

Кыргызстан дин эркиндиги жагынан да дүйнөдө теңдеши жок. Көпчүлүк өлкөлөрдө тыюу салынган диндер бизде койдой эле өрүп жүрөт. Анан элден калбай ажыга бармайыбыз да бар. Барганыбыз курусун, бөлүнгөн квоталарды бөрүгө жедирип коюп эле карап турабыз. Бул тууралуу эл депутаты Каныбек Осмоналиев менен маегибизди сунуш кылабыз.

- Кыргызстандагы дин саясаты тууралуу эмнени айта аласыз?
- Бизде дин саясаты башынан эле туура эмес түптөлгөн. 1991-жылы мамлекет менен жарандардын, мамлекет менен диндин, коомдук уюмдардын ортосундагы мамилени тактап ала турган жарандык кодексти кабыл албай туруп, дин эркиндиги мыйзамын кабыл алып жибергенбиз. Бул мыйзамды Батыш өлкөлөрү чайнап берип, таңуулап, өздөрүнүн алысты мелжеген саясатына ылайыктап кабыл алдырткан. Жарандык кодексти андан эки жылдан кийин кабыл алдык. Ошентип дин тутуу эркин, ким болбосун каалаган динин тутуш керек демиш болушуп салттуу динге кирбеген, көпчүлүк өлкөлөрдө тыюу салынган секталарды каптатып жиберишкен. Натыйжасын көрүп жатабыз, канчалаган атуулдарыбыз жети атасы укпаган секталарга кирип кетишти. Бүгүнкү күндө эки миңден ашык диний уюмдар (70-80%ы протестанттык багытта) Кыргызстанда иш жүргүзүп жатышат. Ислам динине келсек, Пакистандын, Түркиянын, Сауд Арабиясынын, Египеттин көз карашына туура келген багыттагы диний уюмдар жортуп жүрө баштаган. Алардын арасындагы радикалдык-экстремисттик ("Хизб-ут Тахрир", ИДУ, "Аль-Каида" ж.б.) багыттагыларга 2003-жылы Жогорку соттун чечими менен тыюу салынган. Кийин 2008-жылы атайын мыйзам кабыл алынып, диндеги башаламандыктар анча-мынча болсо да жөнгө салынды.
- Апрель окуяларынан кийин муфтийдин айланасында болуп өткөн шумдуктуу окуялардын төркүнү кайда жатат?
- Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын азирети муфтийинин орду миллиондогон акча каражатына байланышкан орун болуп калган. Бул биринчи кезекте ажылыкты уюштуруунун тегерегиндеги каражат. (Менимче, бул жерде жылына 15 млн. доллар айланат). Экинчиси, сырттан түшкөн каражаттар. Бул дагы оңбогондой чоң сумма. Көпчүлүк өлкөлөр (Түркия, Сауд Арабиясы ж.б.) муфтиятты колдоо, мусулман дининин баалуулуктарын өнүктүрүү үчүн жакшы эле ниетте каражат жөнөтүшөт. Үчүнчүдөн, өлкө ичинен түшкөн (кайыр-садака ж.б.) каражат булактары бар. Ушунун баары муфтийдин ордун майлуу кылып жиберүүдө.
- Жыл сайын ажыга барууну уюштура албай эле "ажына" болгон көрүнүштөр көп…
- 2008-2009-жылдары ажылыкты уюштуруу муфтияттын өзүнө жүктөлүп, мамлекет тиешелүү (транспорт, виза ачуу, чегара кызматы) жардамын берген. Бирок ал жылдары деле ыраматылык муфтий Мураталы ажы Жумановдун мойнуна бийлик минип отурган болчу. Себеби акчанын жытын алышкан да. Мисалы, виза ачтыруу, квота бөлүштүрүү, авиацияга тендер жарыялоо, ж.б.у.с. кызылдай акчалардын булагы көздөрүн кызартып турган. 2010-жылы ажылыкты уюштурууну КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы өздөрүнө ала коюп, мыйзам бузууга барышты. Мыйзам боюнча мамлекет буга киришпөөсү керек эле. Менимче, мындай кадамды муфтият деле, казыят деле жактырышкан жок. Мүмкүн саботаж жасашты. Ошентип мамкомиссия жаңылыштыктардан башы чыкпай калды. Айталы, галстук тагынган "шайтандар" (дин ишмерлери чиновниктерди ошентип аташат) квоталарды өздөрү бөлүп отуруп алышты. Ал эми визаларды бөлүштүрүүдө буга чейин адам укпаган кадамдарга барышты. Визаларды алып келген Сауд Арабиясынын эки өкүлүн мамлекеттик резиденцияга бекитип алышып иштеп жатышты. Мамлекеттик резиденцияда президент баштаган өлкө жетекчилери жашайт да. Алардын, мамлекеттин коопсуздугу эмне болду? Авиацияга тендер жарыялоодо да мүдүрүлүштү. Мунун баары өлкө мусулмандарын нааразы кылды.
- Кыргызстанга бөлүнгөн квоталар "кызыл кырманга" айланып кетти го?
- Дин иштери боюнча мамкомиссия кыргызстандык 4676 адам виза алышкан деп айтып жатышат. Ал эми Тышкы иштер министрлиги 5060 адам виза алган дейт. Экөөнүн айырмасы 384 виза болуп жатат. Бул визаларды кимдер алышты?
Ал эми Сауд Арабиясынан суратсак, аба жолдору менен 4301 эле киши келди дейт. Ошондо ТИМ айткан цифрадан (5060) муну кемитсек 759 виза жетпей калып жатпайбы. Дагы иликтей келгенде Кыргызстанга бөлүнгөн визалардын эсебинен барган адамдын саны 900 болгон деген да чыгып жатат.
Мен окумуштуу катары эки нерсени байкадым. Булар ажылыктан пайда таап баюунун эки жолун тандап алышкан. Биринчиси, Кыргызстанга бөлүнгөн визаларды чет элдик атуулдарга сатуу (Иран, Түркия, Синзцян (КЭР), Өзбекстан ж.б.). Экинчиси, ажылыкты уюштуруудан пайда табуу (квота, визаларды бөлүштүрүү, ажы башчыларды даярдоо). Айтмакчы, жыл сайын 30га жакын эле киши ажы башчы болсо, быйыл алардын саны 57ге жеткен.
Дагы бир кызык нерсе, ажыга кеткендердин тизмесин чоң кыйынчылыктар менен алдык. Муфтият УКМК алып кеткен десе, УКМК көчүрмө өздөрүндө калган дейт.
Эми бул тизме боюнча да салыштырып чыгабыз. Ошондо көп нерсе белгилүү болот.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13





 "Кара" дүйнөдөгү тополоң

Башталды?..

Расмий статистикага ылайык былтыр кримчөйрөнүн 67 өкүлү кармалган. Ал эми быйыл жарым айга жетпеген убакытта 20га чукул "каралар" кылтакка илинди. Ушунун өзү кыргыз бийлиги кылмыш дүйнөсү менен чындап кармашууга белсенгенинен кабар берет.

5-февралда президент Роза Отунбаева жетектеген делегация Ысык-Көлгө барып, ал жактан жергиликтүү аткаминерлер менен жолугушту. Анда президент айым апрель коогалаңынан кийин криминал баш көтөрүп, олуттуу күчкө айланганын жарыялады. "Бүгүнкү күндө криминал күч структурасына жана бийликтин башка бутактарына аралаша баштады. Мындай процесс өтө тереңдеп кеткендиктен аны менен күрөшүүгө жалгыз гана прокуратуранын дарамети жетпейт" дейт ал. Мамлекет башчысынын сөзүнө караганда, бийликтин негизги милдети - жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Тилекке каршы, өкмөт андай милдетти аркалай албай жатыптыр. Мындан улам Ички иштер министрлигин реформалоо максатында ЕККУ концепциясын кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ошол эле жыйында мурдагы жылдарга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны 50%га өскөнү ачыкка чыкты.
Кимиси "беш өрдөгүн" учурду?
Президенттин кримчөйрө менен аеосуз кармашуу демилгесин күч структурасынын жетекчилери текши колдоду. Маселен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, эки ай аралыгында "черныйлардын" сазайын колуна карматыш керек. "Биз президенттин тапшырмасын аткарууга кириштик. Эгер эки ай ичинде бул тапшырманы аткара албай, өз күчүбүздү көрсөтпөй, коомчулукту тазалай албасак, анда ишибиз бир тыйынга да арзыбайт" деди башкы чекист.
Мындай пикирге ИИМ ачендиги Зарылбек Рысалиев да кошулат. Бирок ал эки айда эмес, жыл соңуна чейин уюшкан кылмыштуулуктун тамырын кыркарын шардана кылды. Министр мырза бандиттерден эч ким коркпостугун, күч структурасындагы айрым кызматкерлер "каралардан" он эсе күчтүү, акылдуу, тажрыйбалуу экенин кошумчалады.
Кыргыз өкмөтүнүн кримдүйнөнү ордуна коелу, атуулдардын жана мамлекеттин коопсуздугун сактайлы дегени колдоого аларлык. Арийне, ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков жаңы жылды "криматалыгы" Камчы Көлбаев менен чогуу тосуп, тоодон ылдый чана тепти дегендей маалымат коомчулуктун кызыгуусун жараткан. Мындай каңшаарды парламенттин басма сөз кызматы, спикердин өзү расмий төгүндөгөн. "Үч тамга" лөгү К.Дүйшөбаев дагы жогорудагыдай маалыматты жокко чыгарды. Ошону менен бул маселеге чекит коюлгансыган. Бирок "Учур" гезити өткөн санында алакандай макала басты. Анда мындай делет: "…Расмий бийлик минтип Көлдөгү окуяны жокко чыгарып жатышса, ошол эле А.Келдибеков бир нече депутаттар менен Дубайга барганда кримавторитеттер К.Көлбаев жана А.Анапияев менен чогуу чай ичишкендерин, Бишкекке кайткан самолеттун бизнес-классында чогуу учуп келгендерин көргөн күбөлөр толтура. Муну кантип жашырышат?"
Расмий бийлик азырынча буга ак да, көк да дей элек. А УКМК башчысы акыркы мезгилде түз милдетин аткарбай эле адвокаттыкка өтүп алгансыйт. Бу саам деле ошол көрүнүш кайталанышы толук мүмкүн. Мыйзамга ылайык бийликтеги үч адамдын (спикер, президент, премьер-министр) коопсуздугун сактоо УКМКга жүктөлгөн. Эми элестетип көрүңүз, Кыргызстандагы №1 фигуранын, тагырагы, ЖК төрагасынын кримдүйнө лөгү менен даам сызганын атайын кызмат байкабай калды дейсизби? Буга бешиктеги бала эле ишенбесе, акыл-эси жайында адам ишенбейт. Маселенин бир өңүтү ушундай.
Экинчиден, спикер өзү баш болуп "криматалыгы" менен табакташ болуп жүрсө, кылмыш чөйрөнүн тамырына кантип балта чабууга болот? Мындан сырткары, спикер Келдибеков депутат болуп келген "Ата журт" партиясынын тизмесиндеги "караларга" тиешеси бар делген бирөөнүн камалганы боюнча басма сөздө биртоп айтылды, бирок бул боюнча бир да тарап расмий билдире элек. Ошол эле "Капризде" эс алган орус элчисине Москва эскертүү бергени да көп айтылды. Кыязы, кыргыз бийлиги кримдүйнө менен бекем чырмалышып калгандыктан, эскертүү эмес мылтык менен атсаң да укпай калышты окшойт. Демек, кримдүйнө менен аеосуз күрөшүүнүн аягы Ак үй, Көк үйдөгүлөрдүн тирешине алып келиши ыктымал.


Бир шиңгил
?УКМК маалыматы боюнча өлкөдө беш негизги кримтоптун (К.Көлбаев, М.Абакиров, А.Батукаев, А.Бокушев, А.Анапияев) 300дөн ашуун активдүү мүчөсү бар.

?Ордолуу Оштун "атамандары" Равшан Хакимов менен Акрамжан Абдикаримовго издөө салынды. Алар июнь коогалаңында массалык киши өлтүрүүгө катышты деп шектелүүдө.

?Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан өзүн "смотрящий" эсептеген берен кармалды. Ал бандиттик "ишмердүүлүгүнүн" аркасында 35 миң доллар жыйнаптыр.

?Өткөн жума аягында кримчөйрө "атамандары" чогулду дейт. "Жыйынга" катышпаган соң не тууралуу сүйлөшкөндөрүн так айта албайбыз.

?Жеке булактардан алынган маалыматка таянсак, "республикачы" депутаттардын бири жакында Дубайда күн кечирип аткан Алманбет Анапияевге жолугуп кайтты.
Талантбек
СЫДЫКОВ