11.02.11 - 12-бет:
  Күлазык

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин консерваториясы Кыргыз эл артисти, айтылуу булбул Асек Жумабаевдин 85 жылдыгынын урматына эскерүү кечеси 10-февралда өткөрүлдү. Таңшыган авазы, таасын кайрыктары менен калкынын эсинде калган эл артистинин шакирттери, белгилүү өнөрпоздор А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында чоң программадагы концерт беришти.
Аталган эскерүү кеченин демилгечиси, Кыргыз эл артисти Роза Аманованын чыгармачылыгын кезегинде Асек аба өзгөчө баалап, устат эмес атадай астейдил мамиле кылганын көпчүлүк жакшы билет.


Айтылуу
Асек Жумабаев унутулдубу?

- 1998- жылы Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы улуттук консерваториясынын аспирантурасына тапшырдым. Ага чейин комуз менен ырдап эле жүргөм. Ал жактагы илимий жетекчим С.Елеманова мени угуп көрүп, "элдик салттуу ыкмада ырдашың керек" деген талап кое баштады. Мен "бизде андай ырчылар жок" дейм. Ал макул болбойт. Акыры Асек Жумабаевди атайын издеп келип филармониядан жолуктум. Жайымды айтсам, "үйгө кел" деди. Барсам байбичеси Сайра эже экөө тең жылуу кабыл алышты. Ошентип иштей баштадык. "Күйдүм чокту","Ой, булбулду" ырдаганды үйрөндүм. Кийин "Ак Зыйнатты" үйрөттү. Бул чыгармалар менен "Орто Азиянын өнөр адамдары" деген долбоордо казактын ырчысы Бекбулат Тлеухан, домбрачысы Рустем Кулшебаев менен Европанын биртоп шаарларында болдум.
- Асек аба болгонун болгондой түз айткан, чындык деп чырылдаган чыканактай киши болчу да, ошондой чапчаң мүнөзү ишиңерге да таасир эттиби ?
- А киши чынында эле туура эмес иштерге көз жумуп кое албаган, курч тилдүү адам болчу. Ошол адилетсиздикти сындап бийликке ачык акаарат айтканынын айынан элге кылган эмгеги убагында бааланбай, карып калган кезинде көп нерседен алакчыланып, пенсиясы менен гана жашап калды. Бирок өзүндөгү кашкөй чындыгы менен нукура талантты да ошончо түшүнүп, ошончо баалай билчү.
Асек Жумабаев аткарган чыгармасынын тим эле жанын чыгарчу. Сахнага чыкканда ар бир угуучусу менен сүйлөшүп жаткандай эч адашпай, мүргүбөй, авазына күүсү, күүсүнө авазы куп келишип, ашкере актерлук чебердик менен аткарчу.
Дагы бир таң калганым, бу киши консерваторияда окуган эмес, бирок 1949-жылдан баштап 40 жылдан ашуун опера жана балет театрында иштеп, "Айчүрөк" операсында Акун хандын, "Манас" операсында Кыргыл чалдын, "Токтогулда" Арзыматтын ролун жогорку чеберчиликте аткарган. Улуттук салттуу ырларды ырдап жүргөн адамдын минтип арияларды таасын аткарышы оңой эмес. Оркестрди угуш керек, ал үчүн өзгөчө вокалдык техниканы өздөштүрүш керек, терең билим талап кылынат. Асек абада билим болбогон менен өзгөчө сезимталдык, табигый талант бар болчу.
Мындай деңгээлге эми беш жыл окуп да жетпей жатпайбызбы. Асек аба салттуу өнөрдүн кебин бузбай, олутун өзгөртпөй алып жүргөн акыркы могикандын бири болду окшойт. Аттиң, учурунда бу кишинин алтын сандыгындагы баалуулуктар жазылып калса, салттуу өнөрдүн далай сырларын билүүгө мүмкүнчүлүк болмок да. Менин анча-мынча өздүк архивимдегилер эле болбосо, көп нерселери сакталып калган жок. Өзү болсо өлөр өлгөнчө комузду таштабай, жетимиштен өткөнчө кадимкисиндей ырдап жүрдү.
- Комуз чертүү боюнча да ушу киши устат болдубу?
- Комуз боюнча көптөгөн маалыматтарды, таалимди мен Болуш Мадазимовдон алдым десем туура болот. Ал киши да улуу талант эмеспи. Асек абадан сабак алып жүргөн учурда эле Болуш абадан "Ак Бакай" сымал көп дастан-күүлөрдү үйрөндүм. Эки залкар эки башка, эки кызык адамдар болушчу.

1998-жылы эмгек сиңирген артист наамын алгандан кийин Асек абама бардым. "Э ботом, түшүмдө жип түрүп атыпмын, жип түрсөм эле жолго чыкчу элем, кайда барат болдум экен" деп калды. Ал кезде жашы 68ге келип калган. Мен "Болуш аба үчөөбүз Кыргызстанды кыдырып, элге концерт бергени гастролго чыгып келели" дедим. Көптөн бери эки жакка чыкпай бук болуп жүргөн абам сүйүнүп кетти. Биз Бишкектен чыгып, Оштон Болуш абаны кошуп алдык. Азыр эстесем күлкүм келет, экөөнүн мүнөзү эки башка. Бири ичим десе, бири бутум дейт. Продюсер экөөбүз эки жакка чуркап экөө менен алекпиз, анан сахнага чыкканда баягынын бири жок, элдин оозун ачырып биринен бири өтүшөт. Көрсө, өнөр таймашы дегениң өзүнчө бир улуу нерсе турбайбы. Ошондон кийин Казакстанга "Көчмөн элдин салттуу музыкасы" фестивалына алып бардым. Экөөнө "ХХ кылымда салттуу музыка өнөрүн сактаган залкарлар" деген наам, 100 миң сом акчалай сыйлыгы менен беришти.
- Устат-шакирттин силердикиндей мамилеси азыркы өнөрпоздор арасында барбы?
- Чыныгы устат болуу бактысы ар кимдин эле багына жазыла бербейт тура. Устат болуш үчүн өз ишин мыкты билгендик эле эмес, көкүрөктүн кенендиги, ниеттин тазалыгы болуш керек экен. Устатынан шакиртинин өтүшүн ар ким эле каалабайт. "Бу эртең мага атаандаш болот" деген нерсе туткундап турат экен. Көп эле өнөр ээлери билгенин үйрөтпөй кетпедиби.
Андыктан улуттук салттуу музыка өнөрүн бузбай, өз нугунда, өз деңгээлинде алып жүргөн Асек Жумабаевге окшогон өнөрпоздордун чыгармачылыгы аркылуу элибиздин нукура улуттук баалуулуктарын кийинки муундарга өткөрүү биздин негизги милдетибиз. Бул иш-чаранын жүзөгө ашуусуна биздин консерваториянын бөлүм башчысы, доцент Өмүр Бутеф Далгун баш болгон боордошторубуз көмөк көрсөттү.
Сүйүн КУРМАНОВА




  Агайдан арман кеп

"Арабдардын жашыруун кызыкчылыгы бардыр"
Кыргызстандын азыркы абалына, билимсиз жаштарына күйүп, өлкөнүн келечегине жүрөк ооруткандар аз эмес. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 38 жылдан бери эмгектенип келаткан профессор Мухамедий КУТУЕВ агай азыркы жаштардын тарбиясы, билим деңгээли боюнча жүрөгүн өйүгөн маселелер менен бөлүштү.



- Азыркы тапта билим берүүнүн сапаты абдан начарлап кеткенин моюнга алышыбыз керек. ЖОЖдордо билим алган студенттердин 10%ы таланттуу, билимдүү болсо, 20%ы ортозаар окугандарга кирет. Ал эми калгандары ошолордун шарапаты менен эле эптеп диплом алалы дегендер. Мурда Кыргызстанда сегиз ЖОЖ болсо, азыр элүүдөн ашып кетти. Шаарларда эле эмес, айылдарга чейин сапатсыз ЖОЖдор ачылып, окутуунун, билим берүүнүн баркы кетип, сапаты төмөндөдү. Совет доорунда руханий маданиятка өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Ошондон улам адамдын ички дүйнөсү мыкты болуп, азыркыдай конъюнктурага берилген эмес. Азыр бизге руханий тарбия, кыргыздын ички менталитети жетишсиз. Ошондон улам жаштар ар кандай азгырмаларга туш болуп атышат. Акыркы жыйырма жылдан бери жаштарды тарбиялоодон, билим берүүдөн мамлекетибиз аксап, мугалимдердин да толкундоолору ошондон келип чыгууда. Даярдыгы начар, акчасы аз, ачка жүргөн мугалимдер кантип окуучуларга жетишерлик билим бере алсын. Мектептен чала сабат келген окуучулар ЖОЖдорго келип окуп атпайбы.
- Мектептеги мугалимдердин айлык акысы төмөндүгүнөн улам митингге чыгышты. А ЖОЖдордогу мугалимдердин айлыгы канча?
- Учурда студенттер контракттык негизде билим алышат. Контрактты төлөгөн студент сабактан начар болсо да ошол жакта окуйт. Мамлекет ЖОЖдорго көңүл бөлбөгөндөн кийин өзүн өзү багып каржылоого муктаж болуп, контракт менен келген студенттерди кабыл алууга туура келет. ЖОЖдогу мугалимдер студенттерден түшкөн контракттын эсебинен маяна алышат. Эгер мамлекет илгеркидей мугалимдердин маянасын каржыласа, студенттер арасында тандоо чоң болмок. Биз анда контрактка көз каранды болбой калмакпыз. ЖОЖдорго төлөнгөн контракттын 20%ы мамлекеттик бюджетке кетет.
- Сиз иштеген университетте хиджаб кийген кыздарды, сакал-мурут өстүргөн жигиттердин кирип-чыгып жүргөнүн көрөбүз…
- Биздин университетте араб факультети ачылган. Алар араб тилин, маданиятын үйрөтөт. Булардын аркасында арабдардын кандайдыр бир жашыруун улуттук кызыкчылыгы барбы деген да ой кетет. Алар бизди финансы жактан жакшы каржылап аткандан кийин университетти сактап калалы деп унчуга албайбыз. Негизи жаштар арасында улуттук идеологиянын жоктугунан вакуум пайда болуп, ошону толтуруу үчүн сакалчандар жаштарды динге буруп атышат. Алар жаштарды кыйыр жол менен өздөрүнө тартып аткандай. Жаштарды тарбиялоодо улуттун кызыкчылыгын көтөрүш керек. Эртеңки жаштарыбызды азыр тарбиялабасак, кайрадан төңкөрүш, ызы-чуу башталат. Өткөн жылкы төңкөрүштө биздин университеттен бир студент, бир мугалим көз жумду. Албетте алар баатырдык кылды, бирок жаштар ушундай жол менен өнүкпөш керек эле.
- Архитекторлорду даярдап чыгарат экенсиздер. Борбордо курулуп аткан жаңы имараттар тууралуу не дейсиз?
- Курулуш тармагында да улуттук идеология болушу шарт. Мисалы, Ташкенге барганда өзбектердин шаары экени алардын улуттук архитектурасынан билинет. А биз илгерки совет доорундагы стандарттуу курулуштардан алыс кете албай атабыз. Улуттук архитектура боюнча илимий ачылыштар бар. Аэропорттон тартып борборго чейин кыргыз жыттанган курулуштар турушу керек эле. Бул боюнча бийликке далай жолу сунуштаганбыз, бирок бардыгын каражатка такап коюшат. Бизде улуттук идеологиянын эмес, байлыктын кулу болуп, чыныгы таланттар, окумуштуу, акылмандардын эмгеги бааланбай, капчыктуулар мамлекет тарабынан сыйланып, өлкөбүздүн өспөй атканы өкүнүчтүү.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА