04.02.11 - 13-бет:
  Алтын оймок

Өзү да, колу да асыл Айдай

Кыргызда колунан көөрү төгүлгөн уз айымдар кудайга шүгүр эле. Учурдун талабына жараша кийизден түркүн буюмдарды жасап кыргыздарды да, чет элдик туристтерди да кубантып келген Айдай АСАНГУЛОВАНЫН кол өнөрчүлүк менен алектенгенине тогуз жылдын жүзү болуптур. "Бүкөн Арт" студиясынын жетекчиси, уз айым Айдайдын иши тууралуу билүүгө ишканасына башбактык.

- Айдай, сизге мындай узчулук кимден өттү эле?
- Өзүм архитектуралык институттун сүрөтчү-конструктор бөлүмүн бүтүргөм. Дипломдук ишимди жактаарда кийиз менен байланышкан буюмдарды жасай турган болдум. Ал кезде кийизди шырдак же ала кийиз жасоодо гана колдонуу менен чектелчү эмес белек. Калың, иштелбеген кийиздерден кийимдерди тигүү ойго келбеген иш болчу. Окуумду бүткөндөн кийин кол өнөрчүлүк менен алектенген "Кыргыз тил" деген уюмда иштеп калдым. Баары бир шыгың болбосо кандай иш болбосун көзүн таап кетиш оңой эмес. Мага бул өнөр энелеримен өткөн. Чоң апам да, таенем да уз кишилер экен. Башка оорчулук түшкөндө чоң энем бир туугандарынын баарын өнөрүнүн аркасы менен багыптыр. Шаарга караганда айылда өскөн адамдын кол өнөрчүлүккө кызыгуусу эрте ойгонот эмеспи. Кичинемден ала кийиз жасагандарына аралашып, шырдак шырыганда кошо кармашып жүрүп үйрөндүм. Бирок ушинтип кийиз менен тыгыз иштешип калам деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Өзүм медицина кызматкери болсом деп кыялданчумун. Тилекке каршы, 1995-жылдары келишимдин негизинде акча төлөп окумак тургай, күнүмдүк тиричилик зорго өтчү. Мүмкүнчүлүгүм чектелүү болгонунан улам медицина кызматкеринин ордуна минтип кийиз иштетип отурам.
- Өз алдыңызча качан иштеп баштадыңыз?
- 2002-жылдан баштап өзүнчө жамаат түзө албасам да алгач сиңдилерим менен иштеп баштадым. Башында колго сайма сайып эле отурчубуз. Бир күнү апам кичинекей аппак жүн алып келиптир. Буга чейин андай таза жүндү көргөн эмесмин. Көрсө, Токмоктун фабрикасынан ушундай таза жүндү иштеп чыгарышат экен. Ошол муштумдай болгон жүндөн бир нерсе жасап көрүү керек деп чамындым. Негизи өзүм бир орунда отура албаган, эксперименттерди көп жасаган жанмын. Анан ошол кичинекей жүндөн эле кийиз жасадык, жупжука, аппак, сонун кийиз болот экен. Анан андан ары фантазиябыз өрчүп кетти. Ошентип буюмдарды көбөйтө баштадык. Көбүнчө кийизден моюн орогуч жасаганга өттүк. Башында өлчөмүн кыска же өтө узун кылып алып, кийиз киргенде канча өлчөмгө кыскараарын билбей биртоп каталарды кетирдик. Жасаган буюмдардан бирөөнү тандап "Тумар" салонуна белек кылганы барганбыз. Анын жетекчиси Чынара Макашева мындай буюмдарды кайдан алганыбызды такып сураса, өзүбүз жасап жатканыбызды уялуу менен айткан элек. Биринчилерден болуп биздин өнөрүбүздү баалап, колдоо көрсөткөндөрдүн бири Чынара эже болду. Ошондон бери тыгыз иштешип келе жатабыз.
- "Бүкөн Арт" студиясы тогуз жылдан бери кандай ийгиликтерге жетишти?
- Студияны чоң энемдин атынан "Бүкөн Арт" деп атаганбыз. Эң алгачкы көргөзмөбүз 2003-жылы болгон. Быйыл иштегенибизге тогуз жыл болот экен. Жаз айларынын алгачкы күндөрүндө "Биз баскан кийиз жолдору" деген аталыштагы көргөзмө уюштуралы деп жатабыз. Жакында эле өнөктөштөрүбүз салон ачып Америкага барып келдик. Ошол эле учурда Германияга барып көргөзмөгө катыштык. Мындан сырткары, февраль айында Парижде өтө турган чоң сынакка даярдык көрүп жатабыз. Жыл сайын мода жумалыгына катышчубуз, быйыл убакыт жагы кандай болорун билбейм. Былтыр мода жумалыгында "Соң-Көл" деген коллекциябыз гран-прини утуп алган, ушул эле коллекция менен быйыл Москвага аттанганы турабыз.
- Студияда канча айым иштейт?
- 2004-жылдан тарта жамаат түзүп иштей баштадым. Жумуш чындап оор. Сууктун күнү суу менен иштешкен эки эсе кыйынчылык жаратат. Беш-алты киши такай иштеп турат. Башкалар заказды алып үйлөрүндө иштешет. Бизде дайыма жумуш болуп турат деп айтуудан алысмын. Эгер сунуш түшсө жасайбыз, андан сырткары өзүбүздүн товарларды сатабыз. Бош убакытта жаңы идеялардын үстүндө эксперимент жасайбыз.
- Сиздердин продукцияны жасалма кылып сатып, орто жолдон пайда көргөндөр болобу?
- Америкадан бир жолу ушундай окуя болгон. Алар бизге атайын чалып билдиришкен эле. Негизи биздин "Айдай" бренди азырынча Кыргызстанда эле иштейт. Америкага барып катталууга мүмкүнчүлүк жетишпей жатат. Кыргызстанда болсо биздин товарда этикетка жок болсо алышпайт. Анткени аз да болсо элдин ишенимине кирип калдык окшойт.
- Башка чөйрө сыяктуу эле кол өнөрчүлүктө да атаандаштык болсо керек?
- Болсо болгондур. Бирок биз бир орунда отуруп калбай дайым изденүү менен алдыга жылып келебиз. Бир буюмду жасаш үчүн беш-алты буюмду бүлдүрүшүбүз мүмкүн. Бирок жыйынтыгында сөзсүз жаңы идея, жаңы буюм жаралат. Эң алдыда болушубуз керек деген ураан менен иш алып барабыз. Башка чеберлерге салыштырмалуу биздин моюн орогучтарыбыз кымбат, ошого жараша сапаты да мыкты. Бизде моюн орогучтун сексен түрү бар. Баалары 200 сомдон 1200 сомго чейин. Кийиз сумкалар 300 сомдон сапатына, көлөмүнө жараша. Аксессуарлар, сувенирлер жүз сомдон жогору.
Атаандаш деп эч ким менен эсептешпейбиз, эгер ага карасаң ишиң токтойт. Жеткени кууп жетсин, жетпегени кала берсин деген ойдомун.
- "Тумар" сыяктуу өзүңүз деле салон ачсаңыз болбойбу?
- Ага мүмкүнчүлүк чектелүү. Анүчүн кийиз менен кошо дем алып, ушул ишти сүйгөн киши керек. Иш кагаздарын бүтүрүү да биртоп машакат. Ижара акысы кымбат дегендей… Азырынча ага муктаждык деле болгон эмес, кийинчерээк салон тууралуу ойлонуу керек. Анүстүнө бул машина менен дүңүнөн чыгара турган товар эмес да. Ар бирине биртоп убакыт, эмгек талап кылынат.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




  Жаңырык

Мектеп театры деген түшүнүк бар беле, же…

Албетте азыркы коомдо мектеп окуучуларынын арасында бөлүнүү, чатакташуу бар. Айрыкча мындай көрүнүш Бишкек шаарын курчай жайгашкан жаңы конуштарда басымдуу болушу толук мүмкүн. Себеби айылдан айырмасы жок конуштардагы ар кошкон эл али бири-бирине сиңип кете элек. Мектеп окуучуларынын арасындагы талаш-тартышты болтурбоо үчүн кандай арга кылыш керек?

№87 Келечек орто мектебинин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орунбасары Ырысгүл Киркирекова аталган мектептин беш окуучусу менен былтыр жайда Ысык-Көлдүн жээгинде IREX изилдөө боюнча эл аралык толеранттуулук фонду жана ЮСАИД тарабынан уюштурулган ар кандай конфликттерди чечүү боюнча тренингден өтүп келген. Бул долбоор "Тынчтык жаштар программасы" деп аталат.
Негизинен аталган долбоордун максаты - интерактивдүү театр методологиясын колдонуу менен конфликттүү суроолорду чечүүгө көмөктөшүү. Башкача айтканда, ЮСАИДден даярдыктан өтүп келген окуучулар кайсы бир пикир келишпестиктин кантип чечилишин сахнада көрсөтүү аркылуу өз курбалдаштарына таасир этмек. Ошол эле учурда бул театрга көрүүчүлөр да катышып, конфликттерди чечүүгө салым кошушат. Тактап айтканда, мектеп коомчулугу үчүн актуалдуу болгон маселелер диалог аркылуу жөнгө салынат.
Иштин жүрүшүндө №87 Келечек орто мектебинин аталган тренингден өтүп келген тобу жазган долбоор жеңишке жетишти. Мында аталган мектептин окуучулары өспүрүмдөр арасындагы өзүн өзү өлтүрүү маселеси боюнча оюн коюп, окуучулар мындай конфликттен кантип чыкса боло тургандыгын айтышты. Мындан сырткары, мектепте ушул багытта сегиз жолу атайын иш-чара өткөрүлүп, ага (FTI) жана каржылоо жагын өз мойнуна алган ЮСАИДдин өкүлдөрү келип катышкан. Учурда аталган мектепте жогорудагы өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу менен сүрөт тартуу боюнча сынак жүрүп жатат. Ошол эле учурда бул мектептин тынчтык жаштар театры мектептер аралык жүрүш уюштуруу аракетин көрүүдө.
Зайырбек АЖЫМАТОВ