04.02.11 - 12-бет:
  Шардана

КТРКнын радио канаты кай жакка кагылат?
КТРК коомдук болгону анын ички структурасы да реформаланышы шарт. Коомчулук өз эсебинен каржыланып жаткан каналдын кантип реформаланып жатканын билип туруусу абзел. Биз ушул максатта алгач Коомдук телерадиокорпорациясынын радио бирикмесин жиликтеп көрдүк. КТРКнын бул канаты учурда форматына жараша үч каналдан турат. Алар маалыматтык "Биринчи радио", классикалык "Кыргыз радиосу", көңүл ачуучу "Мин кыял FM" деп аталат. Ал эми "Балдар FM" Биринчи радионун, "Түнкү белес" Кыргыз радиосунун алдына бириктирилген.


"Биринчи радио"
"Биринчи радио" - саясый, экономикалык жана маданий, спорт жаңылыктарын буга чейин суткасына 18 саат бою угузуп келсе, жакынкы мезгилден тартып 24 саат бою обого чыгууну пландаштырууда. Радиоканалдын негизги мүдөөсү эл күткөн маалыматты оперативдүү, бейтарап жеткирүү менен угарман журттун ишенимин камсыз кылып, "бийликтеги чакан топтун колбаласына айланган канал" деген түшүнүктөн арылуу. Ошол эле учурда улуттук азчылыктар ортосунда, муундар арасында жана бардык конфессиядагы адамдарды жакындаштыруу үчүн алардын кызыкчылыгына жараша көп кырдуу багыттагы түйүндүү маселелерди козгогон, жакырчылык көйгөйлөрүнөн тартып саламаттык сактоо, билим берүү, атактуу жана карапайым адамдардын бейнеси тууралуу тармакты камтыган уктурууларды даярдоо менен турмушка жакын болуу. "Биринчи радио" Бишкек менен Чүйдө 104.1 FM, Нарында 100.5 FM, Талас 102.0 FM, Ысык-Көл 102.4 FM, Жалал-Абад 104.7 FM, Ош 100.7 FM, Баткен 104,2 FM жыштыктарында угулат.
"Биринчи радио" өзүнүн концепциясында Кыргызстандын медиа рыногунда күнү түнү обого чыккан негизги жана жалгыз маалымат каналы болуп калууну, эфирге чыгуунун сапатын арттыруу үчүн радио толкундарын берүүчү жаңы технологияларды өздөштүрүүнү, программа түзүү саясатын аудиториянын кызыкчылыгына шайкеш келтирүүнү көздөйт.


Жаңылыктар кызматы ар бир сааттын башталышы жана ортосунда обого чыгып турат. Күндүн олуттуу маселелерин эксперт - адистердин катышуусунда түз эфирде талкууга алган "Күндүн темасы" маалымат талдоо интерактивдүү уктуруусу мурдагыдан жанданган. Жаңылык катары "Биринчи кабылдама" өлкө башчысынын элдин алдындагы жумалык маалыматы, "Радио күзөт" - сурооңузга "тез жардам" жандуу рубрикалары пайда болгон.


"Балдар FМ" башталды
"Балдар радиосунун" негизги максаты - балдардын таанып-билүүсүн өрчүтүү жана кызыктуу берүүлөр аркылуу билим, тарбия берүү. Сүйлөө маданиятын калыптандыруу. Бөбөктөрдү балдар ырларына кызыктыруу.
Мазмунун карай келсек, "Сендей менен Мендей" шоу программасында бир туугандар Сендей менен Мендей алыскы өлкөлөргө саякатка чыгып, ал жерди тааныштырышат. "Момпосуй" куттуктоо программасын кичинекей ди-джейлер алпарышат. Таланттуу балдарды элге тааныштырган "Салам, жаш талант" рубрикасы, таанып билүүчү "Баарын билгим келет", "Куландан соо", "Жаныбарым жан досум", "Ырдап берем", "Бөбөктай хит-парад" ж.б.у.с. уктуруулар бар. Балдардын билимин сыноочу "Акыл таймаш", "Манас таануу" интеллектуалдык радио оюндары өткөрүлүп турат.

Алтын казына
Азыркы Кыргыз радиосу - жаңы форматтагы, бирок эзелкидей эле улут уңгусуна кызмат кылган классикалык мүнөздөгү рухтун радиосу. 80 жылдык тарыхы бар радионун өзөгүн кыргыздын залкар таланттары, белгилүү коомдук ишмерлери толуктап, келечек муунга өткөрүп берген улуу мурасы болуп эсептелет. Кыргыз радиосу уктуруулары аркылуу улуттун идеологиясын жаңы муунга жеткирүү жана кыргыз маданиятын көтөрүүнү башкы максат деп эсептейт.
Ар түрдүү тематикадагы 5-10-15-20-30 мүнөттүк музыкалык-адабий, таанып- билүү жана бир сааттык түз эфирдеги жолугушууларды, театрлашкан уктурууларды даярдайт.
Учурда "Кыргыз радиосунун" алтын казынасындагы уникалдуу рухий байлыкты кайра жараткан "Улуу Манасты укчу маал", "Айтматов ааламы", "Поэзия мүнөттөрү" , "Асыл ойлор", "Театр микрофондо", "Бейне" "Инсан" ж.б. аталыштагы адабий уктуруулар бар.
"Таңшы комуз", "Залкарлар", "Айтыш", "Классикалык музыка", " Кыргыз композиторлордун чыгармалары", "Терме", "Дастан", "Санат-насыят ырлары", "Кыргыз радиосунун алтын казынасынан" ж.б. аталыштагы музыкалык уктуруулар кетип жатат.
Түркүн өнөр ээлери жана чыгармачыл адамдардын бейнесине арналган "Мезгил жана музыка", "Музыкалык жолугушуу", "Өнөркана", "Асылдар ааламы", "Жарыгы калган жылдыздар", "Түз эфирдеги жолугушуу" бар.
Жакынкы мезгилде "Айтматовду окуу", "Радио фестиваль", "Ыр баян", "Айлуу түндүн арноосу", "Көчмөн нарк", "Көөнө тарых", ж.б. жаңы долбоорлор пайда болгон.
"Мен кыргызмын!", "Бейпил түн", "Таң шоокуму", "Сыбызгы" аттуу көркөм публицистикалык жана түнкү музыкалык композициялар уктурулат. Ошондой эле маданий жаңылыктар оперативдүү даярдалып турат.


Кыялкечтер толкуну
"Миң кыял FM" радиосу 2007-жылы1-январда ачылган. Ал КТРКнын радио бирикмесинин 1-2-программаларынан эфирдик классификациясы аркылуу кескин айырмаланат. Тактап айтканда, "Миң кыял FM" 70 пайыз музыкадан, 30 пайыз маалыматтан турат. Радиодо программалар музыкалык-маалыматтык форматтын принциптерин сактоо менен кыргыз тилинде гана даярдалат. Музыкалык саясаты боюнча кыргызстандык гана аткаруучулардын кыргыз жана орус тилдүү чыгармаларын угармандар арасында жайылта турган радиостанция. Маалымат таратууда "Миң кыял FM" радиосу Би-Би-Си Бүткүл дүйнөлүк маалымат кызматы менен өнөктөш экендиги менен өзгөчөлүү.
Радиостанциянын негизги концепциясы угармандардын маалыматтык, социалдык-этикалык жана маданий-эстетикалык талаптарын канааттандыруу максатында жогорку сапаттагы радио уктурууларды даярдоо. Угармандар менен угармандар арасында диалогду тереңдетүү жана кеңейтүү. Кыргыз тилдүү музыкага басым коюу, ата мекендик аткаруучуларга колдоо көрсөтүү.


Түн каткан радионун сыры
"Түнкү белес" радиосунун максаттык аудиториясын 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар, автосүйүүчүлөр, түнкүсүн иштегендер түзөт. Музыкалык форматында дүйнөлүк хиттер менен Орусия эстрадасы жана кыргыз шоу бизнесинде популярдуу болгон аткаруучулардын чыгармалары пайдаланылат.
"Түнкү белес" радиосунда көңүл ачуучу, кызыктуу маалыматтар менен бөлүшкөн ар түнү чыгуучу "Үкүлөр шоу" интерактивдүү түнкү шоусу белгилүү.
"Сүйүү закымдары" уктуруусунда атактуу инсандардын жашоосунун белгисиз кырлары баяндалат. "Будильник" аталган каналдын таңкы шоусу - мүнөзү боюнча көңүл ачуучу, ойготуучу, таңкы позитивге багыт берүүчү музыкалык программа.


Учурда КТРКнын радио тармагында жаш, заманбап ой жүгүрткөн муундун өкүлдөрү бар. Ошол эле учурда 80 жылдык тарыхы бар кыргыз радиосунун өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп келген, кийинки муунга кеңеш берип, жетпегенин жеткирип, кемигенин толуктап турган нарктуу, салттуу муун өкүлдөрүнөн да куру эмес. Жогоруда карап көрсөк, ар бир радио өз концепциясында коомчулуктун пикири менен эсептешип турууну, улуттун улуу наркын сактоону көздөгөнүн белгилеген. Биз мындан ары да ошол белгиленген максаттар кандай деңгээлде ишке ашып жатканына, жаңылык реформаларга көз салып турмакчыбыз.


Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ