04.02.11 - 11-бет:
  Тараза

УЛУУ, СУЛУУ, ЖӨНӨКӨЙ,
АЙЫЛ ЖЫТТАНГАН ШАЙЛООБЕК АКЫН
Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеев билинбей эле алтымышынчы ашуудан өтүп кетиптир. Шайлообек аганын чыгармачылыгы ар тараптуу жана кызыктуу. Ал акын, жазуучу, публицист, журналист. Акыркы кезде анын манасчылык өнөрү көрүнө баштады. Биз коомчулукка кайрылып, Шайлообек Дүйшеев кандай акын экендигин билүүгө аракет кылдык.

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры:
- Шайлообек Дүйшеевди алгач акын катары калайык калк алдына алып чыккан мен болчумун. Өзүмдүн анын чыгармачылыгы тууралуу жазган чакан макалам аркылуу. Шайлообек ошондогу менин үмүтүмдү толук актады. Ал азыр аттуу-баштуу кыргыз эл акыны. Анын акын катары, айрыкча публицистикалык маанайдагы ырлары менен калайык калк алдында кадыры чоң. Ал азыр элибиздин атагы дүңгүрөп жалпыга угулган, ырларын адамдар кадырлап жана суктанып окуган азыркы мезгилдеги сүймөнчүктүү акындардын бири. Мен ага мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Эл ичинде аман болсун, таланты мындан ары өркүндөй берсин.
Сооронбай ЖУСУЕВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры:
- Шайлообек кыргыз элине кеңири таанылган, окурмандар анын ырларын күтүп, канааттануу менен окуган азыркынын мыкты акындарынын бири. Анын ырларындагы ойлор так, маанилүү, көркөм, жагымдуу. Ал жөнүндө мындан бир нече жыл мурда ага арналып жазылган ырларымда айтканмын. Акын жакшы чыгармалар менен кыргыз адабиятына, демек кыргыз калкына ак кызмат өтөп жатат.
Кадыркул ДАУТОВ,
адабий сынчы:
- Шайлообек Дүйшеев бул өз муунунда абдан белгилүү, өзүнүн ордун тапкан, талантын ачкан, биздин жакшы акындарыбыздын бири. Ал кыргыз поэзиясында өз ордун жасап алды.
Бексултан ЖАКИЕВ,
Кыргыз эл жазуучусу:
- Бир сөз менен айтканда, Дүйшеев таланттуу, көп кырдуу оюн түз, кенен, тартынбай айткан, кыргыздын турмушуна күйүп-бышкан акын.
Каныбек ИМАНАЛИЕВ,
ЖК депутаты, акын:
- Шайлообек Дүйшеев улут жандуу, айылдын топурагындай жөнөкөй, Байдылдадай ар бир кыргыз айылдарына сиңип кеткен, Алыкулдай элдин жүрөгүнө жакын, Калыгул, Арстанбектей даанышмандыкка жуурулган, уйкаштыгы Жеңижоктун ырларындай ширелишкен, сүйүүнү Мидинче жазган, табиятты дүйнөлүк классик акындарындай сүрөттөгөн, тирүү кезинде Рыспай Абдыкадыров, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу улуттун символуна айланып кеткен акын.
Аксуубай АТАБАЕВ,
Кыргыз эл артисти:
- Мен аны көп жылдардан бери окурман катары да, жеке адам катары да жакшы билем. Шакем жакшы акын. Ал адамкерчиликтүү, мен үчүн супсулуу (күлүп), себеби экөөбүздүн сырткы келбетибиз да окшош. Акын катары ал элдин көйгөйлөрүн жазып, улутту улуу жолго үндөп келет. Мен аны чыгармачылыгы боюнча сыйлайм. Жакында ага 3-даражадагы "Манас" орденин беришиптир. Учурдан пайдаланып куттуктап коеюн. Бирок 1-даражадагысын эле берсе болмок экен. Ал ошого татыктуу болчу. Мамлекеттик жогорку сыйлыктар чыгармачыл адамдын жандүйнөсүнө канат болот турбайбы. Мындай адамдарды көзү барында сыйлап калыш керек.
Мамат БОЛОТ,
адабиятчы:
- Дүйшеев азыркы кыргыз адабиятындагы өзүнчө бир феномен, чоң акын. Улуттук масштабдагы улуу акын десек да болот. Демек Шайлообек Дүйшеевдин поэзиясынын өзгөчөлүгү - бул анын улуттук ички мотивдерден, материалдардан улуттун өзүнө жана адамзатка тиешелүү азыркы кезде бардыгыбызды ойлонткон маселелерди сууруп чыгып аткандыгында. Поэзиясы нукура улуттук мотивдерге жык толгону менен Есенин, Бернс жана башка улуттук улуу акындар сыяктуу жалпы адамзаттык маселени козгойт. Ошонусу менен Шайлообек кызыктуу, ошонусу менен улут поэзиясындагы чоң көрүнүш. Бирок мен аны адам катары билбейм, себеби аны менен жакындан тааныш эмесмин.
Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер:
- Шайлообек Дүйшеев биздин мезгилдеги публицистикалык поэзиянын эң көрүнүктүү өкүлү. Ошондой эле ал өз элин жанындай сүйгөн чыныгы мекенчил инсан. Ырасында азыр өзүн мекенчил катары көрсөтүп жүргөндөр көп. Бирок Дүйшеевдин ар бир жазган ыры, сүйлөгөн сөзү, жасаган мамилеси анын нукура элдик киши экенин айгинелеп турат. Экинчиден, ал коомдун тамырын кармап турган мыкты журналист. Үчүнчүдөн, мен Шакемдин адамкерчилигин жогору баалайм. Чыгармачыл чөйрөдө "адам болбой эле акын болуп алгандар көп" деген түшүнүк бар. Ал эми Дүйшеев мыкты акын, мыкты кесипкөй жана асыл сапаттарга ээ мыкты инсан.
Нуралы КАПАРОВ, акын, "Кыргызстан маданияты" гезитинин башредактору:
- Шайлообек көп кырдуу талант, уникалдуу акын. Ал Саякбайдай манасчы, Осмонкулдай дастанчы, Ысмайылдай жамакчы, Ысактай кошокчу, Жоомарттай өткүр, Мидиндей лирик, Байдылдадай тапан, Райкандай төкмө, Алыкулдай сырдуу, Сагындай муңдуу, Ашымдай зергер, Салижандай таамай, Жалилдей өжөр, Рамистей тентек, Сүйүнбайдай жөнтөк, Турардай чынчыл, Жолондой эр көкүрөк, Токтогулдай нуска, Пушкиндей сүрөткер акын.
Саламат САДЫКОВА,
Кыргыз эл артисти:
- Шайлообек Дүйшеевди жумурай журт курч акын катары жакшы билет. Бул киши мага акын-жазуучулуктун бардык кырын ала жүргөндөй сезилет. Бир карасаң лирик, бир карасаң көзгө атар сынчы. Ошол эле учурда элдин ичиндеги көйгөйлөргө жуурулушуп кирип кетип, өзүнүн чыныгы атуулдук позициясын айтып келет. Бул жагынан алып караганда, ал өзүнүн ырындай кайдыгер жашабаган акын. Көп эле акын Дүйшеевдей боло бербейт. Кайсы бийлик келсе ошолордун ырын ырдаган акындарды көрүп эле жүрөбүз. Калем акыдан башканы ойлонбогон акындарыбыз бар. Ал эми Шакемдин баскан жолу, жазган темасы сыйлоого татыктуу. Ал биздин коомубузда болуп жаткан окуяларга дайыма саресеп салып, дүрбүсүн көтөрүп жүргөн акын.
Кожогелди КУЛУЕВ,
акын, Маданият жана маалымат министринин орунбасары:
- Шайлообек Дүйшеев кыргыз поэзиясындагы өтө уникалдуу кубулуш. Дүйшеев чыгармачылыгында акын деген бул табияттын туундусу экендигин көрсөттү. Анткени ал тубаса акын. Табият менен жуурулушуп, анан адам көрүп байкай албаган касиеттеринин баарын өзү көрүп анан башка адамдарга поэзиянын улуу күчү менен жашоо, жаратылыш кандай экенин жөнөкөй сөз менен көрсөтө билген касиеттүү, улуу акын. Мен Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдыгына карата "Кыргыз Туусу" гезитине "Дүйнө. Күн. Ирмем. Дүйшеев" деген макала жаздым эле. Ошондо Шайлообек Дүйшеев алтымышка чыккан жок, ал алтымыш жаштыкка чыкты деп жазгам.
Азамат БОЛГОНБАЕВ,
төкмө акын:
- Шайлообек чоңдор үчүн чыйкан акын,
Шайлообек эл-жер үчүн тулпар акын.
Токтогулдай Сибирге барбаса да,
Тоодой бийик өнөргө дыйкан акын.
Арыбаган калеми акындар көп,
Аркан бою көбүнөн дурус акын.
Тиги өкмөт чындыкты жашырганда,
Тили менен тап берген Брюс акын.
Сандаган китептерди чыгарган жок,
Салып ийип ортого "крышасын".
Зайырбек АЖЫМАТОВ