presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Бул күндү өзбектер 20 жыл күткөн…"
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Саясый аналитиктердин баамында, утурумдук өкмөт ыкчам аракет көргөндө июнь коогалаңы болмок эмес. Мындай пикирлерде негиз бар. Анткени УК отчетунда улуттар аралык жаңжалдын башаты узаган жылдын май айына барып такалары даана жазылган.
Былтыр 12-13-майда Ош, Жалал-Абад обладминистрациялары басылып алынган. Ошондо өзбек улутундагы жаалданган жаштар экс-президент Курманбек Бакиевдин Тейиттеги үйүнүн күлүн көккө сапырып, кыргыз желегин өрттөшкөнү белгилүү. Ушул окуядан соң эки улут ортосунда жик кеткенин УК төрагасы Абдыганы Эркебаев centrasia.ru сайты аркылуу төмөндөгүдөй баяндайт: "Өзбек туугандар өлкөнүн саясый жашоосуна аралашууну каалаганын түшүнөм. Бирок алар чектен ашып кетишти, айрыкча Кадыржан Батыровдун катышуусунда Бакиевдердин үйүн, Кыргыз Республикасынын желегин өрттөшкөндө. Ар бир акыл-эстүү жаран мындай көрүнүшкө чыдабайт. Натыйжада кыргыз-өзбек мамилеси өзгөрүлдү. Бакиевдердин үйүнүн өрттөлүшүнөн кийин этникалык тиреш күчөдү ".
Тейиттеги окуядан дээрлик ай айланган соң июнь окуясы башталып отурат. Ушу аралыкта бийлик жаңжалды жеринде басууга, кыргыз-өзбек жаракасын бүтөөнүн үстүндө неге иштебеди? Анын ордуна Иномжан Абдрасуловду эки ирет кармап, кайра кое берип, Кадыржан Батыровду кармамак тургай каратып туруп качырып жиберишти. Мындай иштерге акыры кимдир бирөө жооп береби же…
"Хаяттагы" чайлашуу
Абдыганы мырзанын парламентте сүйлөгөн сөзүнө караганда, Кадыржан Батыров баштаган өзбек лидерлери автономия маселесин козгобоптур. " Кадыржан Батыров катышкан жыйындарда тартылган тасмаларга көз жүгүрттүм. Анда өзбек туугандар автономия талап кылган эмес " дейт ал. Ал эми спикер Ахматбек Келдибековдун айтымында, 5-июнда ала допучан тыңчыкмалар борбордогу "Хаят" мейманканасына чогулушкан. " Жыйында алар БУУ комиссарынан "Өзүнчө автономия болсок болобу?" деп сурашса, ал: "Жок, бул Кыргызстандын ички маселеси" деген жообун узатыптыр " дейт А.Келдибеков. "Хаяттагы" чайлашууга УК мүчөсү Бактияр Фаттахов да катышканы кызык. Ал дароо жыйында автономия темасы талкууланбаганын билдирди. Фаттаховдун актанганында чындыктын үлүшү канчалык экенин мезгил, анан тиешелүү органдар тастыкташы талапка ылайык. Бирок 5-июндагы жыйын боюнча неге комиссияга кабарлаган эмес? Себеби, так ошондон беш күн өткөн соң каргашалуу окуя башталбадыбы. УК "Хаяттагы" чайлашуудан кабардар болгондо, балким көп сырлар ачылмак…
Баатырбы же?..
Улуттук комиссиянын отчетун талкуулоо маалында кээ бир депутаттар июнь коогалаңында эрдик көрсөткөн азаматтарга мартабалуу наам ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Алсак, эл өкүлү Курсан Асановдун эки ийнине генералдык чин тагып, эл баатырлыгын бериш керек экен. Сөз жок, Курсан мырза агездеги Ош шаарынын коменданты катары улуттар аралык жаңжалды жөнгө салууда кандай роль ойногонун тарых өзү аныктаар. Ошентсе да ага чейин коомчулукта, асыресе элита чөйрөсүндө Асановдун таржымалы туурасында жөө жомоктор айтылып атканын эске салып өтөлү. Эл арасындагы маалымат боюнча К.Асанов ала допучандарды, кытайлык ишкерлерди чегарадан ары жылуу-жумшак узаткандын акысына оңбогондой "жашылбайга" туйтунган дейт. Буга улай, өзбек улутундагы айрым олигархтардан ири өлчөмдө каражат "сындырганы" тууралуу аңыздын аягы Ак үйдө да, ордолуу Ошто да тыйыла элек. Биз жогорудагыдай кептин чын-бышыгына кепилдик берип, ксдпчыл депутатты бир тараптуу каралагандан алыспыз. Арийне, "жел жүрбөсө …" дегендей, Асановго байланышкан имиштер тегин жерден чыкпаса керек.
Алдыда парламенттик жана эл аралык комиссиянын тыянагын күтүшүбүз абзел. Алардан кандай "сүйрүприздер" секирип чыгары табышмак. Жаза тайып ошондо Курсан Сатарович сындуулардын чыныгы жүзү ачылса эмне болот? Андыктан мамлекеттик масштабдагы сыйлык маселесине келгенде шашылбай, "жети өлчөп бир кесип" чечим кабыл алсак кантет?
P.S. Гезит басылардын астында Курсан Асанов борбордон заңкайган "особняк" сатып алганын эшиттик. Өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалаган адам килейген үйдү кайсы каражатына сатып алганы да бүйүр кызытат…
Түштүк коогалаңы кайра кайталанбайбы?
УК отчетунун аягында 19 бөлүмдөн турган сунуш киргизиптир. Анда И.Исаков, Б.Шерниязов, А.Бекназаров, К.Дүйшөбаевден тышкары мурдагы Башпрокурор Байтемир Ибраев, Ош жана Жалал-Абад облустук, шаардык жетекчилер, Базар-Коргон, Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу жана Араван районунун акимдерин саясый жоопкерчиликке тартуу керектиги камтылат. Бирок Кыргызстандагы мен деген саясат талдоочулардын саясый жоопкерчилик дегенди так чечмелегенге акылы жетпей атыр.
УКМК, ИИМ, прокуратура органы реформалоого муктаж экени калетсиз. Мындай кемтикти Улуттук комиссия көңүл сыртында калтырган эмес. Тактап айтканда, өлкөнүн күч түзүмдөрүн жаңылоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо сунушу 8-бөлүмдө орун алган. Ага куйрук улай Маданият жана маалымат министрлиги, Юстиция министрлиги, Башпрокуратура маалымат каражаттарынын жетекчилерине улуттук жана экстремисттик маанайдагы макалаларды жазууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарылдыгы көрсөтүлөт. Ошондой эле Жогорку Кеңеш тогуз мыйзам актысына ("Чукул кырдаалдар боюнча", "Диндик уюмдар боюнча", "ММК боюнча", "Ош шаарынын статусу боюнча", "Бейөкмөт уюмдар боюнча", "Курал-жарактар боюнча", "Дене тарбия жана спорт боюнча", "КР күч түзүмдөрү боюнча", "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы боюнча") өзгөртүү жана толуктоолорду киргизсе жакшы болмоктугу кыстарылган.
Түпкүлүгүндө УК сунуштарында данек бар. Бирок кеп өңүтү башкада. "Кайрадан кыргыз-өзбек жаңжалы от албайбы? Мындан ары июндагыдай кайгылуу окуяны болтурбоо үчүн кандай чара колдонуш керек?" деген суроолор жүрөктү өйүүдө. Улуттук комиссия дал ушу маселенин тегерегинде ой жүгүртүп, 10-июндагыдай кыргын канткенде кайталанбастыгын далилдүү фактылардын негизинде мисалдаса туура болмок. Менимче, А.Эркебаев башында турган комиссия ошондо өз милдетин толук аткармак.
Июнь окуясына баа берүү муну менен эле токтобойт. Макаланын башында токтолгондой, жакын арада депутаттык, эл аралык комиссия ишин жыйынтыктайт. Эл аралык комиссия дагы кандай сырлардын бетин ачарын жоромолдош кыйын. Ал эми парламенттик комиссиянын отчету кандай болорун божомолдосок жарашат. Буга байланыштуу түрдүү имиштер Ак үйдүн жетинчи кабатында желдей жортууда. Аңыздарга караганда, депутаттык топ убактылуу өкмөттүн былыктарын чукуп чыгат экен. УӨ билермандары Кадыржан Батыров менен кантип соодалашып, андан канча акча алганы, Жалаллидин Салахудиновду ким калкалап, сыртка качырганы ЖК комиссиясында ачыкталат дешет. Айтор, 10-июнь капсалаңынын жарасын чукуу саясый күчтөрдүн тирешин күчөтүп, кырдаалдын курчушун шарттайт окшоп калды.




Бир шиңгил:
УК келтирген статистикага ылайык, өлкөнүн түштүгүндө ички дүң жыйым (ИДЖ) көлөмү 8,9%га төмөндөгөн;
Улуттук комиссия өзбек лидери Ислам Каримовго сыйлык ыйгаруу сунушун президент Роза Отунбаевага жолдоду;
июнь коогалаңынын "куну" 3 млрд. 757 млн. 661 миң 429 сомду түзүп, анын 1 млрд. 1 млн. 419 миң 654 сому калыбына келтирилген. Ошондой эле уурдалып, талкаланган буюм-тайымдардын саны (автоунаа, мамлекеттик имарат, кафе-ресторан ж.б.) 3671ди чапчып жыгылганы УК тыянагында баса белгиленген;
жаңжал учурунда өзбек улутундагы 75 миң жаран коңшу мамлекетке кире качса, он миңдеген кыргыз тоолуу райондорго жашырынган. Мындан сырткары 38 миң 213 адам аргасыздан Россияга журт которгон. Жыйынтыгында 84 миң 289 жумушчу орду "кайып" болуптур;
түштүк кыргынынын башкы фигуранттарынын бири саналган Жалаллидин Салахудинов Дубайда күн кечирип атканын кулагыбыз чалды;
10-июндун эртеси өлкөдөн безе качкан ала допучан олигархтардын бизнесин басып алмай өнөкөтү күчөдү. Бул тууралуу кези келгенде кенен сөз кылабыз.




Ат жалында маек
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, июнь коогалаңын иликтөө боюнча түзүлгөн Улуттук комиссиянын төрагасы:
"Акыркы чекитти президент коет"
- Эл өкүлү Исмаил Исаков, экс-вице-премьер Азимбек Бекназаров жана анын уулу Руслан Бекназаров УКны сотко берерин билдирди. Соттон утулуп калабыз деп чочулабайсызбы?
- Жок. Биз ар бир сөзүбүзгө жооп бергенге даярбыз.
- УК тыянагына нааразы болгондор арбын. Жакында парламенттик жана эл аралык комиссия ишин аяктайт. Анын жыйынтыгы силердикинен таптакыр айырмаланып калса не кыласыздар?
- Идеалдуу эч нерсе болбойт. Биздин иште дагы кемчиликтер кетсе кеткендир. Эң башкысы, УК өз милдетин толук аткарды. Ага акыркы чекитти президент коет. Депутаттык жана эл аралык комиссия кайсы критерийлердин негизинде иликтөө жүргүзөрү мага белгисиз. Ошон үчүн алдын ала андай-мындай деп пикир айтканым туура эмес.
- Исмаил Исакович УК кимдир бирөөлөрдөн акча алгандыгына байланыштуу бир тараптуу чечим чыгарды деди. Сиз эмне дейсиз?
- Исмаил мырза биздин кимден канча көлөмдө акча алганыбызды далилдесин. Антпесе мындай жалган маалыматы үчүн жооп берип калышы ыктымал.


Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
e-mail:kerimbayev@mail.ru, тел.:38-67-19






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??