presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ким билет?..

Апрелде кайра революция болобу?
Парламенттеги тымызын тирешүүлөр, түштүктөгү коогалаңды териштирүүдөгү саясый маданияттын төмөндүгү, маанилүү маселеге катышпай басып кеткен депутаттардын кайдыгерлиги, бир айткан жообун он айттырып Эркебаевди эзип алышканы, бир кезде бир диктатордун калтырып кеткен "биз - океан, сен - кудук, биз сүйлөйбүз, сен дудук" деген регламентин калкандай кармап, "комментарийге акың жок!" деп чамгарактап турушканы (кудум эле партбюро!), жаман да болсо партиядан кочкор салам принциби, анан эң башкысы, убактылуу өкмөт акчаны, майлуу-сүттүү орундарды, ал эми парламент Кыргызстанды кой бөлгөндөй бөлүп алышканы азыркы бийлик жана парламенттик система эмне экенин көргөздү.

Буга чейин эле шайлоо алдында убаданы ууктура берип алып, шайлоо бүтөрү менен куйруктарын шарт кесип баса берген партшылуундардан көңүлү калып отурган калайык сессияларды көргөндөн кийин "ушулар үчүн жан кыйган кайран балдар!" деп отуруп калгандай болгон.
Көрсө, отуруп калбаптыр. Азыр жер-жерлерде ар түрдүү жыйындар өтүп жатат. Таласты алалы. Бири "Жерүй, Андашты сүйлөшөбүз" деген шылтоо менен жылкы союп эл чогултуп, "гүбүрнатыр кетет экен, ордуна мени түртө салгыла" деп чучукка тайгаланып жүрсө, "апрелде кайра революция кылбасак болбой калды" деп ызырынып жүргөндөр да арбын экен. Аларды пас-пастап, мыйзамдуу жол менен биринчи элдик курултай өткөрөбүз деген азаматтар да бар (Конституциянын 52-статьясы жол берет экен). Алар жакында кеңеш өткөрүп, курултайдын облустук жыйынын 30-январга белгилешти. Ага жети облустун өкүлдөрү катышат. Кызыгы, Конституция жол берип турган мындай иш-чарага убактылуу өкмөттүн уруксаты кана деп, анын жоюлганын да билбеген, Конституцияны да көрбөгөн айрым айыл өкмөттөрү бут тосуп баштаптыр. Андан дагы өткөн шайлоодо ызаланып калган бир партия эл аралап: булар Отунбаеванын бийлигин дагы беш жылга узартканы жатышат деп ушак таратып жүрүшөт. Максаты элдик курултайдын аброюн түшүрүү, элди иренжитүү. Балээнин баары дал ушундай ашкере кыраакылардан чыкчу эле. Жөн турган элдин жинин кайнатып, жок жерден ызы-чууну да ушулар баштайт эмеспи. Анын себеби - Конституциянын 52-статьясындагы укук элге берилгенин билбегендиги, укуктун баары менде деп чалкалап тургандыгы. Эл андай айыл өкмөтү тургай, өзүн кудай сезип калган президенттерди кууп чыкканын унутпаш керек. Эл менен ойногон кандай болорун башкалар билбесе да таластыктар жакшы билет.
Азыр Кыргызстанды чыныгы элдик курултай гана сактап калат деген кеп тарап кетти. Көрсө, буга чейинки курултайларды же бийлик, же партиялар, же уруу башчылары уюштуруп келген экен. Ал эми эл өзү демилге көтөрүп, бардык айылдардан өкүлдөрдү өздөрү шайлап жөнөткөн курултай болбоптур. Ошон үчүн Ошто да, Таласта да кеңешке катышкандар, бул биздин биринчи элдик курултайыбыз болот деп жатышат.
Мелис СОВЕТ уулу




Парламент
"пахмелдери"
Тамаша айтсаң угабыз
Үстүбүздөгү жылда кыргыз парламентин кармоо үчүн 500 млн. сом каралып жатыптыр. Муну "Республика" партиясынан депутат Алтынай Өмүрбекова айтып чыкты. Ошол эле депутат "2008-жылдагы IV чакырылыштагы ЖК депутаттарынын жылдык бюджети 183 млн. сомдон ашпаптыр. Биз аларды ар тараптан "обгондоп" кеттик. Эми элди кантип карайбыз. Көбүңөр шайлоо алдында жеңилдиктерден баш тартабыз дебедиңер беле" маанисинде маселени кабыргасынан койду. Элдин көңүлүн алымыш эткендеги тамашасы болбосо, ат-аа, бул депутат айымыбызда ынсап бар окшойт деп калдык.
Кезектеги калдырак
"Ар-намыстын" анабашы Феликс Кулов өткөндө коррупцияны кантип жоюунун жол-жобосун үйрөттү эле, бул жолу Жогорку Кеңеште Элдик Курултай түзүү сунушу менен чыкты. "…Эл өзү чечсин, күздөгү президенттик шайлоодо бул маселени да койсок болот" деп турат. Акыркы күндөрү Ф.Кулов ушундай укмуштуу идеяларды ортого таштап жиберип, калканын "каң" дегизе кагып алчу болду.
Маң кылган машине
Депутат Роза Акназарова "бир депутат жаңы, экинчиси эски машине минип жүрөт, үчүнчүсүнө таптакыр эле тийбей калды" деп кейип алды. Сыягы, Роза айымга эски машина тийип калса керек. Же баарына тең карайлы дегенди айтып жатабы?
Балыкчынын шамалы "опасно"
КСДП партиясынын депутаты Гүлнара Жамгырчиева Балыкчы шаарынын тургундары үчүн жайында 50 кВт/саат, кышында 100 кВт/саат жеңилдиктерди берүүнү өкмөттөн сурады. Өкмөт кандай кабыл алды билбейбиз. Бирок депутат Г.Жамгырчиева Балыкчынын аркыраган шамалын Ак-Сай, Арпа менен алмаштырып алганбы деп турабыз. Болбосо, ак кар, көк муздун башында жашаган эл деле мындай талабын коюша элек. Кантебиз, Балыкчынын шамалында бир калсаң, ушинтип шамалдап калмайыбыз бар эмеспи.
Өзүбүздө болсо болду, өңгөлөр…
"Республикачылар" жандаган жардамчыларынан, жайнаган кеңешчилеринен "аткез" беребиз, бизди карап түздөнбөйсүңөрбү демилгесин көтөрүп чыгышты. Ошентсек 15 млн. сом үнөм болот экен дешүүдө. Үнөмдөгөнү го жакшы экен. Ошол эле учурда "республикачылардын" өкмөттүн, президенттин каражатынан дагы 100 млн. сомду өөнөп ЖКга алып жиберели дегендерин кандай түшүнөбүз? Ансыз деле 500 млн. сом алганы жатышпайбы. Же мамлекетте депутаттан башкалар эшек такалап жүрүптүрбү?!
Атамды ээрчибейм
ЖоКе жарышта атасынан калбай ат байгеге илинген Нурзат Осмонова депутаттыгынан баш тартты. Ал айтылуу депутат Курманбек Осмоновдун карачечекей кызы. "Үй-бүлө" "Ата журт" партиясынан шайланып келген. Н.Осмонова мындай кадамын атамды ээрчип ЖКда жүргөнүм ар кандай сөздөрдү чыгарышы мүмкүн, анүстүнө элибиз үй-бүлөлүк башкаруудан тажагандай эле болду деп түшүндүрдү. Мынча келгенден кийин такшалып, тажрыйба алып жүрө берсе деле болмок экен. Эл деле көнүп калгандай болгон.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??