presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Муздак суу
"…жок, досум, алдай албайсың! Сырыңды билебиз:
башыма дагы муздак суу куйганы турасың."
Н.Гоголь. Жиндинин жазгандары

Орус элинин кыйгыл ылакабы бар. Сөзмө сөз которгондо: "Мен мен эмесмин, минген атым да меники эмес".
Ушул эсиме түштү. Өгүнү утурумдук өкмөт башынын орунбасары Азимбек Бекназаров менен Кыргызстан түштүгүндөгү кандуу окуяны иликтөө боюнча Улуттук комиссия мүчөсү Жыпар Жекшеевдин кайым айтышын телевизордон көргөндө ошол ылакапты жана бир эстеп алдым. Сиз деле көрсөңүз керек же уккан чыгарсыз. "Азаттык" радиосунун салтка айланган "Ыңгайсыз суроолорунан" аябай "ыркырашты". Айтышты дегеним.
Байкасаңыз керек, Азимбек мырза Анаркулович комиссия жыйынтыгына аябай ардыккан сыяктуу. Жалпысына эмес, жалкысына. Өзүнө тиешелүүсүнө. Убагында чара көрүлсө, окуя мынчалык кандуу уланмак эмес, андыктан анда утурумдук өкмөттүн, айрыкча күч органдарынын, аны координациялаган, жетектеген Азимбек Бекназаровдун аз айып, көп күнөөсү бар, б.а., моралдык жактан жоопкер дегенине. Ошондон уламбы, кагазды калың даярдап келген экен, Жыпар Жекшеевди түз эле көк желкеден алды: Бекназаров күч органдарын көзөмөлдөйт деген документти кай жерден көрдүң? Көрсөң, кана, көрсөт, көрбөсөң былжыраба маанисинде. Бечара Жекшеев документтердин баарын мүшөккө салып асынып жүрмөк белем кыяпатын кылып, араң актанды сыяктанат.
Азикени түшүнсө болот. Гоголдун бир сүйлөмүн бура айтканда: өзү революционер болсо, анын үстүнө ачуусу келип турса… комиссиянын бул кылыгы бир чака муздак сууну башынан ылдый куюп жибергендей кеп да. Болгондо да капыстан, атайын аңдып келгенсип…
Арийне, Азикеге канчалык жан тартсак да, акыйкаттык үчүн Жекшеевдин жеңилин жерден, оорун жондон алышууга туура келет. Анткени Азимбек Анаркулович утурумдук өкмөттө күч органдарын көзөмөлдөгөнүн кат-сабаты ачылган кыргызстандыктар жакшы билет. Республикадагы бардык тилге, бардык жерге ошентип жарыяланган. Анын ичинен президент Роза Отунбаева бир нече жолу ошентип жарыя айткан. Ырас, анда кана, кол койгон декретиңди көрсөт деп талап кылууга эч ким батынган эмес. Азимбек Анаркулович өзү да ошол даражада пресс-конференция-ларды өткөрүп, телевизордон чыгып, басма сөзгө интервьюларды берчү. Колума тийген гезит тиркемелеринин бирин эле барактайын. "Вечерний Бишкек" гезити (10.12.10) Азике пресс-конференцияда минтип айтканын келтирет: "По поручению Отунбаевой я курирую силовые структуры. Она сейчас и президент, и премьер-министр - не успевает. Иногда мне поручает курировать взаимодействие судебных органов, прокуратура, МВД". Азыркы бийлик "революция" деп койгон жапайы бунттан кийин Азикенин мындай билдирүүлөрүн ондоп, жүздөп тапса болот, бирок зарылчылыгы жок. Анын үстүнө Азикең бийликтин ушул даражасында буйрук этиштин бардык түрүн пайдаланды. Анын канчалык туура, туура эместигинде кеп жок, кыргыз бийлиги кылган-эткенин адатынча аласалдырып жок кылбаса, алар качандыр бир ачыкка калкып чыгат.
Иш жүзүндө Бекназаровдун колу менен дебесек да, демилгеси менен ишканалар токтоду, банк эсептери жабылды, ачылды, көптөгөн кишилер камалды, чыгарылды дегендей. Эсеби маселең, андагы финансы министри Темир Сариев кечээ "МК-Азия" гезитине берген интервьюсунда "АзияУниверсалБанктан" минфинге мыйзамсыз (соттун чечимисиз дегеним) которулган жана азыр баш-аягы табылбай аткан 1,999 млн. доллар Бекназаровдун түзгөн "актысынан" соң "ишке" чегерилгенин айтты.
Тереңдебейли. Таптакыр жерде калды дегидей жөнөкөй мисал. Спорт сарайында башталган сот процессинде жоопко тартылып, бүгүн сурак берип аткан О.Малеваная, Н.Турсункулов, К.Жороев эртеси эмне болуп өлкөдөн чыгып кетти? Чегарадан кимдин амири менен өттү? Баш калкалоо чарасы кимдин чечими, кимдин кепилдиги менен өзгөртүлгөн? Алар жооп береби? Залогуна эмне коюлган? Ушуга окшогон бир катар суроолорго Бекназаров жооп берүүгө тийиш. Не дегенде сот жүрүшүн өзү уюштурган, бүт жоопкерчилигин мойнуна алган.
Албетте алар майда чабактар. Чоңдоручу? Кыргыз "деңизинен" кантип эркин сүзүп өтүп кетти? Тилекке каршы, маңдайга матай койгондой далил жок, бирок элдин оозун тыюуга мүмкүн эмес. Алардын алты саны аман чыгып кетишине айрым азыркы бийлик билермандарынын, асыресе Азимбек Анаркуловичтин салымы тууралуу айың арбын. Атүгүл "теракысына" канча алганы да айтылып келет.
Айтайын дегеним ал эмес эле. Сөзгө алакачтырып жибердим. Тек, төңкөрүштөн кийин Азике, сиз - сиз (Азимбек Бекназаров) болчусуз, минген атыңыз - күч органдарынын координатору, демек жетекчиси эле дегим келген. Туура, ИИМ менен УКМК түз президентке баш ийет, аларды колдогон кожо ким экендиги да белгилүү, бирок бери дегенде алардын ишмердигин президентке жеткирип туруу сиздин түздөн-түз милдет болчу. Антүүгө, сиздин каңкууңузга карасак, президент менен Алмаз Атамбаев жол бербесе, ал кызматтан аткез кылуу оң болмок. Антпестен ысык башка муздак суу тийгенде оозум андай эле, көзүм мындай эле дегенге эч ким ишенбейт. Эсеби маселең, А.Атамбаев экөөнүн атактуу "телефонгейтинен" бир үзүм келтирсек, А.Бекназаровдун укугу канчалык "чектелүү" экендиги дайын болот. Азимбек Анаркулович Алмаз Атамбаевге, өлкөнүн 1-вице-премьер-министри, өзүнүн түздөн-түз начальнигине айтып атыр: "Мен азыр кылмыш ишин козгоп жатам. Санкция бердим. Кулматовуңду бүгүн каматам". "Силер тымызын осурак, Бакиевден өткөн арам экенсиңер… Отунбаева экөөңөрдү чогултуп сүйлөшөйүн дедим эле". Мындайда комментарий керексиз деп коюшат.
Арийне, Улуттук комиссиянын "муздак суусуна" Бекназаровдон мурда ичиркенип, айкырып чыккан андагы коргоо министри, мындагы ЖК депутаты Исмаил Исаков болду. Комиссия жыйынтыгынын каны жерге тамалекте пресс-конференция өткөрүп жиберди, Жогорку Кеңеш талкуусунда (отчет угуу делгени менен талкууга айланды) аскер адамындай эмес, ашынган оратордой жалындуу сүйлөдү. Бардыгында тең өзүнүн суудан таза, сүттөн актыгына басым жасалды. Болсун! Комиссия чечимин сотко бермей болду. Сот адилет өтсө, андан жакшы.
Исмаил Исакович эл урматтаган генерал экендиги талашсыз. Анын кадыр-баркына сотсуз деле көлөкө түшмөк эмес. Бирок генералга бере турган бир катар суроолор бар. Мисалы, кандуу кыргын алдындагы түштүктөгү аскерий-техникалык абал жөнүндө. Аны бусаам кое туралы. Бирок менин оюмча бир маанилүү деталга кайрыла кетүү оң. Аны комиссия төрагасы Абдыганы Эркебаев отчеттун эртеси "Дело №…" гезитине берген интервьюсунда да кыстарды.
Баарыга белгилүү, жарыя кылынган факт: "атамекенчилер", губернатор Бектуровдун колдоочулары менен бирдикте Батыровдун куралчан колу Бакиевдердин короо-жай, айыл-аймактарын талкалаган соң кыргыз-өзбек улутундагылар ортосунда айыгыш башталган. Өзбек туугандар Кыргызстандын желегин өрттөп, тебелегенге чейин барган. Эртеси кыргыздар Батыровдун Жалал-Абаддагы университетин талкалап, эки улуттун ортосунда атышуу болуп, эки адам окко учкан. Андан соң кыргыздар ипподромго чогулуп, облгубернатор Бектуровду ташка алып, генерал Исаковдон Батыровду камап, ишин сотко өткөрүүнү талап кылган деген маалымат бар. Генерал үч күндүн ичинде чечмек болгон. Анын ортосунда Кадыров кайдадыр кеткен. Бирок ошол эле тегеректе өзбектерге курал таратып жүргөнү тууралуу ИИМге маалымат түшүп турган. Бул жерде баса белгилей турган жагдай: И.Исаков 13-майдан баштап (окуя кандуу кыргынга айлангандан бир ай чамалаш мурда) утурумдук өкмөттүн түштүк боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган, демек толук полномочиеси бар болучу.
Суроо туулат: генерал кадимки аскердик чечкиндүү-лүгүнө салып Батыровду убактылуу болсо дагы кармап турса, мүмкүн кан мынчалык калың акпас беле?
Урматтуу депутат-генерал ошол кыйын кезеңдеги ишмердигин кең өрөөндүн тигил учунан бул учуна тынымсыз учуп жаным жай алган жок маанисинде ЖКда элестүү сүрөттөдү. Ошондо биз (утурумдук өкмөт мүчөлөрү) болбосок, силер (депутаттар) башка жакта (түрмөдө) отурмаксыңар деп кыстара кетти. Эмне демекпиз? Жолдош генерал, сиз ошентип ары учуп, бери уча берип жерге конбой койбодуңузбу деп алакан жайып тим болгондон башка арга жок. Ал эми экинчисин, менимче, депутаттарга эмес, утурумдук өкмөт мүчөлөрүнө багыттаса жарашмак.
Ушуга окшогон бир кыйла урунттуу учурлар коомчулукта айтылып, жазылып, бирок азырынча (!) айныбас аргумент, омоктуу далил табалек чындыктын бир капталын - утурумдук өкмөт Тейит айылында тишине чейин куралданган бакиевдерди кармоого батынбай, Батыров "гвардиясынан" жардам сураган версиясын жарык кылбай койбойт. Албетте анын объективдүү да, субъективдүү да себептери болушу мүмкүн. Объективдүүсү - Бакиевдерди кармоого күч колдонсо, түштүк элинин баары болбосо да көпчүлүгү көтөрүлүп кетиши ыктымал болчу. Утурумдук өкмөткө каршы. Менимче, Жалал-Абат окуясы алдындагы Атамбаев-Текебаев-Батыров "телефонгейтин" жандырып, көзкарандысыз, балким башка мамлекеттер экспертизасынан өткөрүү акыйкат ажарын ачууга биртоп өбөлгө түзмөк.
Ал - ал менен. Улуттук комиссия жыйынтыгынан башка революция "веногун" кийген ысык баштарга жаба куюлган дагы бир муздак суу, биздин байкашыбызча, утурумдук өкмөттүн финансы министри Темир Сариевдин парламенттеги отчету болду. Ал коомчулукка аздыр-көптүр белгилүү болчу. Айың, божомол-дөдөмөл иретинде. Эсеби маселең, өткөн жылдын аягында "Таза багыт" коомдук уюму банк ячейкаларынан Бакиевдерге таандык деп алынган 2 млн. доллар кайда деген маселе коюп, республика жетекчилерине интернет аркылуу кайрылган. Утурумдук өкмөт аппарат башчысы Э.Каптагаев, УКМК төрагасы К.Дүйшөбаев баш болгон аркыл даражадагы мамлекеттик кызматкерлерге берилген 498 миң доллар (23 млн. сомдун тегереги) алгандардын коюлган колу менен жарыяланган. Акча алган чиновниктердин аты-жөнү ачыкка чыкканы болбосо, ал жаңылык деле эмес болчу. Андан мурда, май айынын акырында А.Атамбаев баш, А.Бекназаров төш болгон УӨ мүчөлөрү бири-биринин көчүгүн чукуйм деп атып 2 млн. долларды сөөмөйүнө иле чыгышкан. А.Атамбаев "кылмыш иши козголсун!" деп кыйырга угуза кыйкырганы менен козголгон жок. Кыязы, кайрадан тил табышып кетти сыяктанат.
Жабылуу аяк ошол бойдон калып баратканынан улам мен макала жазып, басууга даярдалып жатканда (Эски тепши? "ЖА", 21.01.11) маселе андан алда канча кеңейтилип, парламент бакылдагына илинип калды. Экс-министрдин отчету боюнча УӨ чечими менен Бакиевдер жана анын айланасындагылардыкы делинип банк ячейкаларынан 21 млн. доллар алынган. Андан "атайын операцияларга" делген жашыруун гриф менен эки ирет: биринчиси, өткөн жылдын майында Жалал-Абаддагы Бакиевдер басташуусун басууга; экинчиси, июндагы кандуу окуяга жумшалды делинип, бардыгы 6 млн. 999 миң доллар кертилип, андан 2 млн. 672 миң доллар пайдаланган. Башкача айтканда, белгилүү мекемелердин, коомдук уюмдардын, партиялардын өкүлдөрүнө бөлүнүп берилген. Ал мамлекет көздөгөн максатка жумшалдыбы, жумшалбадыбы, бир кудай, анан акча алган адам гана билет.
Эсеби маселең, "Ата мекен" партиясынын лидери, УӨ вице-премьери Өмүрбек Текебаев 20 миң доллар алган экен, түштүккө барып милиционерлер менен солдаттарга тараткам, ишенбесеңер чөнтөгүмдү аңтаргыла кыязын айтып кутулду. Күч органдарын жетектеген Азимбек Бекназаров 120 миң доллар алган делсе, жүз тыйын да алган эмесмин деп асман-айдан кетти. Алганын кийин араң "эстегенин" Темир Сариев эртеси "МСН-Азия" гезитиндеги интервьюсунда эскертти. Кыскасы, уй уурдаган цыган тууралуу анекдот эсиңиздеби? Сотто айтып атпайбы: талаада аркан жатканынан короого апкелип таштагам, анын бир учуна уй байланганын кайдан билейин?
Темир Аргенбаевич ошолеле интервьюсунда Эмил Каптагаев алган 43 миң доллардын 17 миңи 17-майда "Медиа-Форум" алдында 7-апрелде курман болгондорго арналып өткөн, а чындыгында шайлоого карата А.Атамбаевди даңктап, арбайын көтөрүүгө жумшалды сыяктанат деди.
Эскерте кетебиз, Э.Каптагаев абалы Ош менен Жалал-Абадда жаңыдан тутана баштаган коогалаңды басууга деп 43 миң доллар, экинчи ирет Оштогу согушту өчүрүүгө 10 миң доллар (масштабы башкабы?) алган. Отчетун берди деген маалымат азырынча жок. Берген күндө деле Гоголдун атактуу Ноздревундай: "Баарын уттурдум (буларда "бердим"), байкадыңбы, менде саат түгүл, сааттын чынжыры да жок" кыянатында жооп угарыңды бөрктөй көрүң. Баары ошентет.
Эсеп-чот менен тааныша келгенде бир тенденцияны байкабай коюуга мүмкүн эмес: бөлүнгөн каражаттын көбүн түштүк окуясынан таптакыр эле тыш адамдар алган. Эсеби маселең, Бишкек шаары ИИБ чарба начальниги Н.Райкеев 30 миң доллар, Мамрегистр кызматынын орунбасар деректири С.Т.Четимбаев 120 миң доллар (ырас, Жалал-Абад облгубернатору Б.Асанов Бекназаров берип жиберди деп Четимбаевден 100 миң доллар алгам маанисинде маалымат таратты. А 20 миңи кайда?), токой чарбасын башкара калган улуу урматтуу Топчуке Тургуналиев 5 миң доллар (жырткыч айбанаттарды элдештирүүгөбү?), Коопсуздук кеңешинин секретары Алик Орозов 100 миң доллар (канткен менен ал кеңеш берип, чечим кабыл алуучу, б.а., кеңседе иштемей орган го?) ж.б. деп санай келгенде жооп табуу кыйын. Эсеби маселең, кан күйүп аткан жерге барып акча таратканга караганда, Роза Отунбаеванын ишмердигине шарт түзүү УӨ аппарат башчысы Э.Каптагаевдин негизги милдетине кирмек.
Сөз тизгинин тартууга мезгил жетти сыяктуу. Маселенин юридикалык жагын айтпай ак коелу, аргасыз болдук, казна бош эле дейт. Тилекке каршы, ал дагы чындыкка анчалык коошо бербейт. Андагы финансы министри Т.Сариев май айында: 7-апрелден кийин казнада калган 1,1 млрд. сом жаңы бийлик бюджетине кирди. 7синен 30-апрелге чейинки киреше 4 млрд. 258 сомду түздү, анын баланчасын салык, түкүнчөсүн бажы кызматы берди деген маалымат тараткан.
Макул, арга кетип, алты айла түгөндү дейли. А эмне үчүн мамлекеттин элементардуу финансы мыйзамдары сакталган эмес? Жумшалган акча эмне үчүн финансы институттарынан өтпөйт? Мамлекет тургай ар бир мекеме, ишкана, коомдук уюмдардын бухгалтерия, кассасы бар. А эмне үчүн акча каражаттары алар аркылуу берилбейт да, Э.Каптагаев, Ө.Текебаев, А.Бекназаров сыяктуу бийик даражалуу чиновниктердин чөнтөгү аркылуу таратылат? Мамлекеттин жооптуу кызмат жетекчилерине мамлекеттик акча накта берилбесин билбейби?
Суроо бар, жооп жок. Ушунун өзү эле криминалдын бүксүгөн жытын мурунга урат. Тааныш схема. Эсиңиздеби, Баткен окуясына жумшалды деп кумга сиңген 400 миң доллар. Аны президент Акаевге администрация башчысы, маркум Медет Садыркулов Улуттук банктан (УБ) нак алып келип берген. Акаев учурунда коомчулуктун алы жетпей, 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин Акаев качып кутулуп, М.Садыркулов менен УБ төрагасы Улан Сарбанов сот жообуна тартылган. Президент Бакиевге канча берип кутулганы белгисиз.

Же дагы бир төңкөрүштү күтөбүзбү?
Алым ТОКТОМУШЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??