presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Таратып ийем дейби…
Президент Р.Отунбаева ЖКда ант берген өкмөт мүчөлөрүн бир сыйра куттуктагандан кийин парламенттин короосуна колтойгон таш ыргытты. "Эгерде парламент кыйчалыш учурда өзүнүн милдетин аткарбай, саясый оюндар менен алыша берсе, эл аны таратып жиберүү талабын айтып чыгышы мүмкүн. Мен президент катары мамлекеттин тынчтыгын жана бейпилдигин сактоо үчүн кардиналдык чараларды көрүүгө даярмын" деди президент. Муну менен таратып ийсем таңкалбагыла дегенди айтты окшойт. Ошондой эле айрым саясый күчтөр УӨнүн декреттерин "аңтарып" чыгууну каалап жатышкандыктарын, бирок референдум, ЖКга шайлоо дал ушул УӨнүн декреттерине ылайык жүргүзүлгөндүгүн да эске салды. Мындай болгондо айрым саясый, финансылык маселелер боюнча убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн эч ким эч нерсе сурай албай калабы? Таза тамаша эми башталчудай болуп турат.
"Ар намысчыл" депутат А.Маматалиев дароо Конституцияны көтөрүп чаап, президент коркутканга акысы жок деп опурулду.

"Паханмын" десең бүттүң
"Ата журт" партиясынын тизмесиндеги бирөө УКМК тарабынан укурукталыптыр дегенди укканбы, айтор Ө.Текебаев адаттагыдай теминип, кылмыш дүйнөсүнө кылыч ала жүгүрдү. Жүгүргөнү ушул, "ата мекенчилердин" фракциялык талкуусунда кылмышкерлер менен күрөшүү багытындагы жаңы мыйзамды токуп жатканын билдирди. Эгер ал мыйзам кабыл алынса, "мен паханмын" "черныймын" "смотрящиймин" деген бир ооз сөзүң үчүн үч жыл түрмөгө тыгылышың ажеп эмес. Ал эми 2-3 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топ түздүң дегиче 10 жылга кеттим дей бер. "Ата мекенчилердин" бул мыйзамы жакында ЖК палатасынын талкуусуна коюлат.

Аты бар чоку. Аңкайган Атамбаев
Өкмөт башчысы А.Атамбаев Чүйдөгү 4000 миң метрлик аты жок чокунун бирине В.В.Путиндин ысмын ыйгаруу демилгесин жактырып, ЖоКеге сунуш кылган.
Депутат Жоомарт Сапарбаев муну тышкы саясаттагы кашкайган кошоматчылык деп атаса, дагы бир депутат Турат Мадылбаев бул чокунун аты бар эле экенин, жергиликтүү эл аны "Жар-Таш" деп атаарын билдирди. Башында А.Атамбаев ак-суулуктар өздөрү демилге кылып, тиги чокубуз аты жок турат, Путиндин ысмын ыйгарып бергиле деп жатышат дегендей айткан. Эми ЖК депутаттары географиялык объектилердин аталыш жобосуна такап, уруксат бербейбиз дегендей кылып жатат. Аягы кандай бүтөөрүн айтыш кыйын.

Асияны апаптап койгулачы
ЖК спикеринин орунбасары Асия Сасыкбаева түшүнөн чочудубу же парламенттеги активдүү аялдардан сестендиби, айтор "…парламентке жалаң ОБОНчу аялдар келип алгандай таасир калтырат" деген экен, басма сөздөр жерге жеткизбей илип кетти. Чын эле эси чыгып калган окшойт, ажы эмеспи Турсунбай Бакир уулуна бир дем салдырып алса жаман болбос эле. Болбосо ушинтип да айтабы?!

Баш чаккан Башпрокуратура
7-апрель окуясында күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын кайра калыбына келтирүү үчүн баш-аягы 400 миң. доллар кетет экен. Аны оңдоого жалпы жонунан 530 млн. сом сарпталары эсептелип, быйылкы жылдын бюджетинен 479 млн. сом каралып жаткан. Бирок Башпрокурордун биринчи орунбасары Рыскул Бактыбаевдин айтуусу боюнча, ага бөлүнгөн 530 млн. сом аз. Анын билдиргенине караганда, имараттын өзүн куруу үчүн эле 230 млн. сом керектелет, ал эми оргтехниканы, мекеменин өрттөлгөн автомашиналарын ордуна коюуга жогорудагы сумма жетпейт.




Крим-аалы
Үй-бүлөнү жалмаган тилсиз жоо
26-январда таңкы саат беште Токтогул районундагы Көтөрмө айылындагы үйдүн биринен өрт чыкты. Үй-бүлө мүчөлөрү уктап атканда электр жылыткыч жарылып, 12 жаштагы Темирбек кызы Сезим терезеден чыгып, кошуналарын ойготкон. Кошуналары өрттөнүп аткан үйдөн Т.Иесбаевдин, анын жубайы М.Саткынбаеваны, он жашар кызы Айгерим менен бир жаштагы кызы Каринанын сөөктөрүн алып чыгышкан. Ал эми аман калган Сезим денесиндеги 1-2-даражадагы күйүк менен ооруканага жаткырылды. Бир үй-бүлөнүн өмүрүн алган тилсиз жоону таңкы саат жети жарымда гана өчүрүп тынышкан.

Укуктун укуругу узун
Астана шаарынан 27 жаштагы кыргыз жигит кармалды. Ал 2009-жылдын сентябрь айында адам өлтүргөн оор кылмышы үчүн Кыргызстандын укук коргоо кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн эле. Аны казактар убактылуу кармоочу жайга камап коюшту. Жакында аны биякка өткөрүп берүү каралууда.

Кырсыкта кыраат жок
Өткөн жылдын он эки айында Кыргызстан боюнча 4402 жол кырсыгы катталып, 985 адам көз жумса, 6192 киши денесинен ар кандай жаракат алган. Жол кырсыгынын 48,2% түн ичинде болуп, ошондо 46,3% адам жаракат алган да, караңгыдагы кырсыктан 61,2% адам көз жумган. Ал эми өткөн жылы өспүрүм балдар катышкан жол кырсыгы 900 болсо анын ичинен 120 бала көз жумган, 916 бала денесинен ар кандай жаракат алган. 2010-жылы 666134 жол жүрүү эрежеси бузулуп, алардан мамлекетке түшкөн айып пул 120 млн.726 миң 567 сомду түзгөн.

Оюндан от чыкты
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Жийде айылынан алты жашар кыз ширеңке чагып ойноп атып, А.Исмановдун 72 чарчы метр короо-жайы менен кышкы тоютун да өрттөп жиберди. Ал эми Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы Достук дачасындагы басмаканадан өрт чыгып, ичиндеги кароолчусу кошо күйүп кеткен.

Өмүргө каскак жол
Бишкектин Тынчтык проспектисинен 27-январда түнкү саат үч жарымда "Мерседес-600" унаасы менен "Тойота Камри" машинасы сүзүшкөн. Кырсык болгон жерден "Тойота Камри" унаасынын айдоочусу дароо жан берген. Маркумдун туулган жерин, жашын аныктоону Октябрь РИИБнин изкубарлары моюнга алышты.

Жашабай жатып неге тажады?
Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында жайгашкан № 6 гимназия мектебинин 15 жаштагы окуучусу өз жанын кыюу максатында димедрол дарысынан көп ичип алып, эс-учун жоготуп койгон. Өспүрүм кыздын өз жанын кыюуга эмне түрткү болгонун эксперттер иликтөөгө алышты.





  И-тагдаалы

Концерт деп ушуну айт
Өткөн жумада белгилүү куудул Келдибек Ниязов менен белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев Воронцовка айылындагы ден соолукту калыбына келтирүү жана курортология институтунда концерт беришти. Баарынан кызыгы, концертке жолдун алыстыгына карабай Ата-Бейитти кайтарган жоокерлердин жыйырмасы келип катышып, концерттин шаңына шаң кошулду. Сыймык мырзанын "Жоокер ыры" башталганда жоокерлер тура калышып марш тээп, ырчыны коштоп турушту. Бул шаң жоокерлердин эле эмес, дарыланып жаткан адамдардын демине дем кошуп, алар ырчы, куудулга эле эмес, жоокерлерге да алкыш айтышты. Концерт аяктап ай чыкканда жоокерлер марш тээп, "Жоокер ырын" созолонто кызматына узап кетишти.
Үлкөн үч китеп жарык көрдү
Жакында Улуттук китепканада дарыгер Токтаалы Жапаровдун поэтикалык "Атанын тагдыры", Каныбек Бокоевдин тарыхый "Нарындан Кашкарга чейинки улуу инсандардын кыргыз тарыхындагы орду жана мамлекеттик ишмердүүлүгү", Ысмайыл Кадыровдун санжыра, далилдерге таянып жазган "Чериктер баяны. Матай бий" аттуу китептеринин бет ачары болду. Бул жыйынга эки жүздөй киши катышып, аталган эмгектердин артыкчылыгы, кемчиликтери да айтылып өттү. Жыйынга белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов катышып, ортого омоктуу пикирин таштады. Чогулгандар кызыктуу китептердин жарык көрүшүнө көмөк көрсөткөн Мухтар Өмүракунов, Нурбек Өмүракунов, Дамир Турсункулов, Жолдош Асановго, Улуттук китепкананын жетекчилигине ыраазычылыгын билдиришти.
Дагы бир сыясы кургай элек китеп
Жаштар сыйлыгынын лауреаты, республикалык жана эл аралык сыйлыктардын ээси, акын Нурлан Калыбековдун "Сыр жарык" аттуу ыр, поэма, котормолордон турган китеби жарык көрдү. Акындын бул ыр жыйнагына мурда жарык көргөн чыгармалары киргизилген.
КТРКдагы тирешүү жумшарды
Кытырап турган КТРК ушул жумада радио тармагы боюнча орун басарлуу болду. Буга чейин аталган мекеменин баш директору сунуш кылган талапкерди жамаат кабыл албай, алар сунуштаган талапкерди баш директор менен байкоочу кеңеш кабыл албай тирешип турат эле. Эми бул кызматка жамаат сунуштаган талапкерлердин бири, белгилүү радиожурналист, драматург Кайрат Иманалиев отурду. Бирок ал бул кызматка баш директордун сунушу менен убактылуу бекигени айтылууда.
Туулган күнү унутулбаган талант
КР эмгек сиңирген артисти, СССР телерадиосунун отличниги, элүүгө жетпей бул дүйнө менен кош айтышкан белгилүү диктор Тамара Алсейитова 26-январда жарык дүйнөгө келген. Бул датага байланыштуу кечээ аны менен бирге иштеген кесиптештери жана шакирттери даңазалуу диктордун Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейитине гүл коюп, эскеришти. Быйыл кыргыздын таланттуу кызы Т.Алсейитова 55 жашка чыкмак.





  Жума криминалы

Алманбетти актагандар,
не дейсиңер?
Былтыр Алманбет Анапияевдин бир чоң кылмышка тиешеси бар экени тууралуу жазганбыз. Андан кийин редакцияга аттуу-баштуу адамдар келип, аны сүттөн ак патриот кылышкан эле. Көрсө алар айткандай ал апапак эмес экен.
Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын тургуну Алманбет Анапияев 2003-жылы мыйзамсыз курал, жардыргыч заттарды сактагандыгы, ташыгандыгы үчүн 8 жыл 6 айга үч жылдык сыноо мөөнөтү менен эркинен ажыратылган. Эми минтип 2011-жылдын 19-январында Алманбет "баатырга" "адам уурдоо", "каракчылык", "мыйзамсыз эркинен ажыратуу" айыптары тагылып, Биринчи май райондук соту аны камоо чечимин чыгарып, ИИМ издөө жарыялап отурат. Буга чейин ИИМ кызматкерлери анын ар кандай мыйзам бузуулары үчүн бир нече жолу кармашкан.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги аны К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары издеп атса, Алманбет "баатыр" алыш күрөшү боюнча эл аралык федерацияга кантип президент болуп калганы кызык.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??