28.01.11 - 23-бет:
  Ой-пикир, сунуш күтөбүз

Сиздер менен биз барбыз
"Жаңы Агым" гезити ар бир кыргыздын көкүрөк көйгөйүн, элдин мүдөөсүн, үнүн жогору жактагыларга жеткизип, эл кызматында болууга кызыкдар. Гезит жамаатынын негизги максаты акыйкаттык, чындык издеп чырылдап жүргөн, таланты бар таанышы жок, акылы мол, акчасы жок мекендештерибизге көмөк көрсөтүү. Редакция үчүн ар бир окурмандын сын-пикири, сунушу, маалыматы маанилүү. Калыстыктын каалгасын таппай, адилеттүүлүктөн адашып калсаңыз "Жаңы Агым" гезитине кайрылыңыз. Саясый, социалдык, экономикалык, маданий далилдүү, даректүү маалыматыңыз, арыз-арманыңыз, жандүйнөгө азык берер жакшы оюңуз, келечек муунга айтар кеп-кеңешиңиз болсо биз менен байланышыңыздар. Урматтуу окурман, жаңы жылдан тарта "Жаңы Агым" гезитине жазылуу республиканын бардык байланыш түйүндөрүндө жүрүп жатат. Жазылыңыз, шашылыңыз, жакшы маалыматка ээ болууга ашыгыңыз!