presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргыз буту кайда гана баспаган

Казак талаасын бейишке айланткан Турдубай ата
Казакстанда 38 жыл жашап, алты балалуу, 22 неберелүү, 12 чөбөрөлүү болгон Турдубай ЖАЙЧИБЕКОВ менен байбичеси АЙША апа улгайганда өз элине кайтып келишти. Бөтөн жерде кыргыздын кыйындыгын көрсөтүп кадыр-баркка ээ болдук дешет.

- Чоң Алайда туулуп өсүп, ар түрдүү себептер менен 1971-жылы Каспий деңизине жакын жайгашкан Казакстандын Актау шаарына үй-бүлөм менен көчүп бардым. Ал жердин аба ырайы абдан катаал экен. Шаар жаңы курулуп, жашылча-жемиш деген таптакыр жок. Жергиликтүү казактар Кавказдан самолет менен жер-жемиш ташычу. Ошол кезде каңгыраган боз талаага жемиш өстүрсө болобу деп ойлонуп жүрдүм. Мен 50 гектар жер алып иштетип көрүүнү чечтим. Ал жердин топурагы да кызык экен. Географиялык картасында жер-жемиш өспөйт деп жазылып турат. Топурагын Бишкекке алып келип айыл чарба лабораториясынан текшертсем, бардык жер-жемиштер өсөт деди. Ошондон кийин алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, жүзүм, коон, дарбыз, атүгүл грек жаңгагынан бери тиктим. Баары жакшы түшүм берди. Казакстандагы чөлдү акырындап жемиш бакчасына айланттым. Элдин баары таң калып, кыргыз өстүрдү дешип Турдубай атым Турдакеге айланды.
- Сизден кийин казактар айдай башташтыбы?
- Мени туураган казактар болду, бирок алардын колунан келбеди. Ал жакка жалаң кыргыздарды алпарып иштеттим. Азыр мен айдаган бакча Актау шаарын 18% жер-жемиш менен камсыз кылып калышты. Ал жерге кыргыздар көбөйгөндөн кийин улуттук маданий борборун ачтым. Бир кызым жергиликтүү "Еларна" телеканалында иштейт. Ошол жактан кыздарыбызды күйөөгө узатып, атайын кыргыздан келин алдык. Бир гана уулумдун аялы казак.
- Казакстандан ушундай кадыр-барк күтүп, бирок элиңизге кайтып келүүңүзгө не себеп болду?
- Бирөөнүн эли-жеринде жашаган адамдар тууралуу көп китеп окудум. Кыргызда "бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол" деген сөз болсо, казактарда "ит тойгон жерде калат, эр туулган жерин табат" деген кеп бар экен. Мен ушул жерде жашап атып көз жумсам, балдарым эли-жерим деп Кыргызстанга барса, сенин атаң дүнүйө деп жүрүп Казакстанда калып калды деген тил тийбесин, андан көрө тирүүмдө кетип калайын деп чечтим. Байлык, кадыр-барк, бардыгы жетишерлик болду. Балдарыма ак батамды берип, өлсөм да Кыргызстандын топурагына жатайын деп келдим.
- Азыр Сосновкага көчүп келиптирсиз, чарбачылык менен алектенип атасызбы?
- Чарбачылыкты кайра колго алалы деген ой болду. Бирок чарчап калыптырмын. Экинчиден, Кыргызстандагы абалды көрүп атабыз. Жер алып иштетели деп документти даярдаганыбыз менен азыркы туруксуз кырдаалга байланыштуу токтоп калдык. Казакстанда жүрүп көп сыйлыктарды алдым. Боз талааны көк шиберге айландырган адамга техника керек деп "Беларусь-82" тракторун бекер беришти. Облустук чоң жыйналыштарда алкоолор гана айтылчу. Кемпирим болсо Казакстанда электр ширеткичи (сварщик) болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыкты.
- Кыргызстанга келип бияктагы абалды көрүп, келгениңизге өкүнбөдүңүзбү?
- Биякка көчүп келгениме бир жарым жыл болду. 6-апрелде машине менен ооруканада жаткан туугандарга баратып кемпир экөөбүз тополоңго кирип аман чыктык. Жайындагы Ошто болгон окуяны угуп, кээде бекер келген экенмин деп ойлоп калам. Бирок Казакстандагы чоң чарбамды сатып келгем да. Азыр деле Казакстанга барсам ал жакта үйүм бар, бирок көңүлүм чаппайт.
- Отуз сегиз жыл Казакстанда жашап, иштеп жүрүп кандай пенсияга чыктыңыз?
- Биздин алган пенсияны Кыргызстанда чоң кызматта иштегендер да албаса керек. Кемпирим экөөбүз 300 доллардан алабыз. Жаңы жылдан кийин дагы 30 пайыз кошулду. Биз дагы эле Казакстандын жараныбыз. Биякка каттоого турганга кыйынчылык болуп атат. Силердин паспортуңар казактыкы экен, биякта көп турууга болбойт деп жергиликтүү милиция биздин тынчыбызды көп алат. Казакстан согуш учурунда тентип кеткен казактарын жыйнап чогултуп атат. Ал эми кыргыздар элибиз, жерибиз деп келип атсак, сенин паспортуң казактыкы экен деп айып салып, бизди кыйнап атат. Биякта балам бар, эми Кыргызстандын жарандыгын алалы деп документ бергенбиз. Эгер биз Казакстандан каттоодон чыгып пенсиябызды бул жакка котортсок 2800 сом гана алаласыңар дешти. Ошондуктан Казакстандан каттоодон чыгалбай калдым.
- Акыркы кезде соода кылган кыргыздар көбөйсө керек?
- Азыр Актауда кыргыздар абдан көп. Казакстанга иш издеп барган кыргыздарды далай жолу милициядан, темир тордон сактап, бардык жагынан жардам бердим. Кыргызстанга кетип атканда ошол жакта соода кылган кыргыздар эми бизге ким көз салат деп ыйлашты. Казакстандагы облустук балдар үйүнө жардам берип, кайрымдуулук жасап жүрдүм. Интернатта иштеген мугалимдер ыраазы болуп, калтасын кампайтып толтура акча алып жүргөн казак ишкерлер эч жардам бербейт, боз талааны гүлдөткөн кыргыз жардамын берип, өмүрү көрбөгөн алманы өстүрдү деп абдан ыраазы болушчу.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Жаралуу сезим

Мараттын энеси Жанаранын атасынын айтканына ооз ачалбай калды. Бир чети анын айтканы да жөндүү. Ким эле кызын албайм деген жигитке зордоп бергиси келсин. Көңүлү жок немеге кызын бермек түгүл жакын жолотпосу айдан ачык.
- Мейли, Марат жакшылап ойлонуп көрсүн. Шаштырбайбыз. Эгер ал чындап эле ошол кызды сүйсө үйлөнүп алсын, ага эмнеге каршы болмок элек. Кеч боло электе чечишип алганыбыз оң, - деди Жанаранын атасы. Үйдөгүлөрдүн сөзүн уккан Жанаранын көңүлү чөгүп, шаабайы сууп отуруп калды. Бир чети делбелеңдеп курбуларына, тааныштарынын баарына Маратка турмушка чыгарын жар салып алганына өкүндү. Бул жерден Мараттын айтканы менен эсептешип, мени жөнеле буюм катары карашабы, а мени менен ким эсептешет деп ичинен кыжыры кайнап, бирок, анысын сыртка чыгарбады. Мараттын көзүнөн деле баарын байкачу, ал Жанараны чындап сүйбөсү билинип турчу. Ошентсе да айылдык карапайым кыз шаардык сулуу жигитке турмушка чыгам деп кыялданып алган.
Ортодогу сөздөр аяктагандан кийин Жанаранын ата-энеси тез эле кетип калышты. Аларды чакырып үйлөнүү үлпөтү тууралуу сүйлөшөлү деген сөздөрү тескеринен чыкканга Мараттын ата-энеси да ыңгайсыз абалда, уялып калышты. Аларды узаткандан кийин атасы кыжыры кайнап Марат жаткан бөлмөгө кирди. Диванда көмкөрөсүнөн жаткан уулун жулкулдата тургузду:
- Ий, эмнени кыйраттың, кана айтчы?! Бүт баары мен ойлогондой болот деп атасыңбы! Эгер менин сөзүмдү укпай, Жанарага үйлөнбөй турган болсоң сени балалыктан кечип жиберем, уктуңбу! Топурагымды түйүп берем, сендей балам жок! Муну кара, жөн койсо... Бизди аларга уят кылдың! - деп урушуп кирди.
- Мейли, мени балалыктан кечип салгыла! Мени өлгөн балам деп эсептеп койгула, баарынан тажадым! Силер эмес, топуракты мен түйүп берем, - деп Марат ызаланып шкафтагы кийимдерин чогулта баштады. Алардын ызы-чуусун уккан энеси жетип келип ата-баланын ортосуна түштү. Бирок анын сөзүн Марат да, атасы да уккан жок.
Уулунун тултуңдап терс кыялын көрсөтүп кийимдерин чогултуп атканына атасы ого бетен жинденип:
- Жогол көзүмө көрүнбөй, сендей уулум жок! - деди да чыгып кетти. Бирок эненин жүрөгү түтмөк беле, күйөөсүн урушуп, баласын кучактап өпкүлөп, алдап-соолап кетирбегенге аракет кылды. Атасына таарынган Марат энесинин кал деп ыйлаганына карабай кийимдерин көтөрүп үйүнөн чыгып кетти. Жини менен караңгыда көчөгө чыкты да, каякка барарын билбей биртопко ойлонуп турду. Анан жол боюндагы таксилердин бирине барып Айдай жашаган даректи айтты.
* * *
Айдай менен атасы демейдегиден көңүлдөрү көтөрүңкү. Мурда бири-бирине кыжылдашып урушуп турса, эми анын бири жок. Кечки тамакты ичип, экөө залда телевизор көрүп отурушса эшиктин коңгуроосу кагылды. Беймаал убакта келген ким деп таң кала эшикти ачкан Насирдин чоң сумканы көтөрүп маңдайында турган Маратты көрүп өңү бузула түштү. Сылык учурашкан Мараттын алигин алган жок. Дароо эле:
- Эмне келдиң? - деди кекете.
- Айдай менен сүйлөшсөм болобу?
- Аны эмне кыласың?.. - деп Насирдин одураңдап жооп бергиче ары жактан Айдай келди. Ал да Мараттын келгенин көрүп бир чети таң калса, бир чети кыжыры кайнап чыкты.
- Бул эмне келиптир? - деди атасын карап.
- Айдай, сени менен сүйлөшсөм болобу?.. - Мараттын үнү каргылданып чыкты.
- Сени менен сүйлөшө турган сөзүм жок, көзүмө көрүнбөй кетип кал! Сени көргүм келбейт, турчу нары, адамдын кыжырын келтирбей... - деп Мараттын айтайын деген сөзүн укпай аны көкүрөктөн түртүп, эшикти тарс жаап алды. Кызынын кыялына Насирдин да унчуккан жок. Туура кылдык дегендей экөө бейкапар телевизор көрүп отуруп калышты. Бирок экөөнүн тең оюнда Марат эмнеге келди деген суроо турду. Ата-энесине таарынганы аз келгенсип, Айдайдын жасаган мамилесине ызаланган Мараттын көзүнө жаш тегерене түштү. Өзүн ай-ааламда эч кимге кереги жоктой сезди. Эмне кыларын билбей, Айдайдын эшигинин алдына сүйөнүп отура кетти. Таң атканча ушул жерден чыкпайм, акыры айласы кеткенде киргизишер деген ойго жетеленди. Бирок, Айдай аны сыртка чыгып карап да койгон жок. Түн ортосуна чейин сыз жерде отурду. Кантип көзү илинип кеткенин да билбей калыптыр. Аңгыча Айдайдын эшиги ачылып, ичинен Насирдин чыкканда ойгонду. Анын сыз жерде отурганына кайдыгер карап, Айдай менен Насирдин эшикти бекитип чыгып кетишти. Ага ооз да ачышкан жок. Алардын муздак, кайдыгер мамилесине Марат ардана түштү. Насирдин менен Айдай чыккандан кийин биртопто ордунан козголду. Анан сыртка чыгып, түз эле дүкөнгө кирди да эки бөтөлкө арак алды. Өзү жалгыз парк аралап басып, отургучка көчүк басып бир бөтөлкө аракты ичти. Ачкарын ичкен арак башын деңгиретип, бир заматта мас болуп калды. Ары-бери өткөндөргө тийишип, булдуруктап сүйлөп, экинчи бөтөлкөсүн жарымына чейин ичкенден кийин отургучка жатып уктап калды.
* * *
Мараттын энеси аны издеп, досторуна, окуган жерине барды. Бирок эч жерден табалбады. Балким Айдайга кеткендир деп ойлоп Сабира аркылуу Насирдинге телефон чалып, анын дайынын укту. Уулун үйүнө киргизбей, сыртка калтырып койгонуна ого бетер кыжыры келген Мараттын энеси Айдайды көрөйүн деген көзү жок. Ушунун баарына Айдайды күнөөлөп турду.
Паркта эс-учун жоготуп мас болуп уктап жаткан Маратты кошуналары көрүп, үйүнө телефон чалып, аны алып кетишти. Кечке маал Марат эсине келсе өз үйүндө жаткан экен. Анын ойгонгонун көргөн атасы кулак-мээсинин кужурун алып, кайрадан урушуп кирди. Марат баарына тоюп кетти. Унчукпай ордунан теңселе турду да ашканага кирип аш бычакты алып, аркы бөлмөдө анын сай сөөгүн сыздата жаман сөздөр менен урушуп аткан атасынын сөзүн угуп, ызасы менен өзүн-өзү курсакка сайды. Анын артынан ашканага кирген апасы кызыл жаян кан болгон уулун көрө кыйкырып жиберди. Үйдө ызы-чуу болуп, дароо "тез жардам" чакырышты. Өчөшкөнсүп чакырган дарыгерлер да кеч келишти. Бул учурда Марат кансырап, дем алуусу оорлой баштаган эле.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??