presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жунгли токоюнда

Кылмышын жабуу үчүн дагы кылмыш кылган мурдагы милийса сөрөй
ИИМдин расмий маалыматы боюнча ушул жылдын 19-январында кечки саат 20.30 чамасында Кочкор районунан Ак-Талаа, Мантыш айылына бурулган жерден МАN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны көгүш куртка кийген белгисиз жарандар токтотуп, айдоочуну жанындагы эки жүргүнчүсү менен кошо сабап, алардын жанындагы 100 миң сомдон ашык каражатын тоноп кеткен. Учурда жабыркаган үч жигит ооруканада, ал эми бул кылмыш ишине шектүү делип эки адам кармалды.

Жабырлануучу Дамир МУСАЕВ:
- Мен төрт жылдан бери мал менен соода кылам. Кээде машинем менен айылдагы элдин малын Кочкорго же Бишкекке тартып келип берем. Ошол күнү биз Жумгалга баратканбыз. Жолдон милиция кызматкеринин кийимин кийген бейтааныш жаран токтотту. Мен аны биринчи МАИ кызматкери го деп ойлогом. Оюмда эч нерсе жок машинеден түшүп аны көздөй басып, бирок шектүүдөй көрүнгөнүнөн сен кимсиң деп сурадым. Ал "мен кылмышкерди издөө бөлүмүнөнмүн" деп, ал ортодо анын артынан төрт бала түшө калып эле таяк менен башка бир чапты. Мен өзүмө келе албай калганда башка-көзгө чапкылап киришти. Койгула балдар деп кыйкырып кирсем бирөөсү мылтык алып чыгып атып салгыла деди. Мылтыкты алып келип такаганда колум менен түртүп ийсем атылган мылтык менин бармагымды жулуп кетип, андан ары өздөрүнүн машинесинин айнегин талкалап кетти. Тигилердин ниети жаман экенин түшүнүп, белимдеги акчаны чечип берип, "акчаны алгыла, жаныбызды койгула" дедим. Ошол эле маалда алар мени менен келаткан эки жигитти да өтө мыкаачылык менен сабап жатышты. Эс-учубузду жоготкондо баарыбыздын колу-бутубузду жип менен таңып, өзүбүздүн машинебиздин бортуна ыргытып, үстүбүзгө борттогу таңгак чөптү жаап салды да машинени айдап барып ээн коктуга токтотуп коюп кетип калышты. Менин колум бош байланып калыптыр, аны чечип жанымдагыларды бошоттум.
Жабырлануучу Алтынбек БАЙМЕНДИЕВ:
- Мен Жумгал районунун Кызарт айылынанмын, Бишкек шаарында турам. Биз негизинен кайнагам Дамир, бөлөлөрүм менен көптөн бери мал менен иштеп келебиз. 19-январда адаттагыдай эле Жумгалга базарга баратканбыз. Ал жактан мал сатып алмакпыз. Кыскасы бизде дайым акча болорун билгендер бар. Ал күнү бизди МАИ кызматкеринин таягы менен милициянын кийимин кийген киши тоскон. Терезеден документтерин көрсөтүүгө түшкөн Дамир кайнагамды дүпүрөтүп сабап калышканынан мен аны милициялар менен эмнеге мушташып кетти экен деп кабинадан түшө калып чуркап бардым. Бирок дубинка менен эки чапканда эле жерге жыгылдым. Анан ошол жердеги аялдаманын артына сүйрөп барып тургус кылып сабап, акча кайда экенин сурады. Жолдун ары жагына өткөрүп алып да аябай сабады. Соо эч жерибиз калган жок. Менимче, алар бизди шаардан эле ээрчип барса керек. Себеби күндүз мен ошол машинени көргөм. Бизди жолдон бир-эки жолу кууп өткөн. Кыскасы, алар бизди күн мурунтан эле акмалап жүргөн окшойт.
Экөө кармалды, экөө издөөдө
Жабыркагандардын үчүнчүсү Бакыт Шакиров бул макаланы даярдап жатканда реанимацияда эсине келе албай жаткан. Айтылган факт боюнча Кочкор РИИБнин кылмыш иликтөө өкүлдөрү тарабынан бул кылмышка шектүү деп Кочкор районунун мурдагы милиция кызматкери, Жумгал районунун Чаек айылында жашаган,1985-жылы туулган Исаев Арген Айтбекович жана Бишкек шаарынын тургуну, 1985-жылы туулган Акматов Нурлан кармалды.
Ал эми колго түшкөндөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөсү менен 1988-жылы Жумгал районунун Кайырма айылында туулган Курамаев Нуралыга жана 1987-жылы туулган Жумгал районунун Байзак айылындагы К.Алиев көчөсүнүн 71-үйүндө жашайт деп катталган Абдыкадыров Адилетке издөө жарыяланды.
Учурда бул топтун башында мурдагы милиция кызматкери Арген Исаев турганы айтылууда. Токтоло кетсек, ал былтыр жайга чейин Кочкор РИИБсинде эмгектенген. Бирок түштүктөгү июнь окуяларында Жалал-Абадга жөнөтүлүп, ал жерден бир аскер кызматкери менен мушташа кетип, аны жанындагы курбусунун автоматы менен бутка атып, бул иш боюнча кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн. Учурда мурдагы милиция кызматкери Арген Исаев жогорудагы кылмыш ишин жабууга акча табуу аракети менен ушул жолго барганын айтууда.
Султан
КУДАЙБЕРГЕНОВ




  Жолтикен

жылкы уурдайм деп ажал тапты
Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын тургуну Жаныбек (аты-жөнү өзгөртүлдү - Н.К.) 22-январь күнү түнкү саат он бирлер чамасында эшикке чыкса айылдык балдар топтошуп турган экен. Кайра үйүнө кирейин десе, ары жактан курткасынын топусун баса кийген эки жигит келатканын көрүп токтоп калат. Топуларын баса кийген эки жигит топтошкон айылдык балдар менен учурашпай эле өтүп кеткен экен. Негизи айылдыктар бирин-бири жакшы тааныгандыктан сөзсүз учурашып өтүшмөк. Аларды көргөн Жаныбек бир нерсени шектенгени менен үйүнө кирип жатып алат. Бирок биртопко чейин алиги эки баладан бир нерсени шектенип уктай албай жатса, сыртта жүргөн уулу үйгө кирип келип:
- Ата, мал сарайды бекиттиңиз беле? Эшиги аңырайып ачылып турат, - дейт.
- Эшикти жапкам, ким ачты болду экен? - деп Жаныбек бир жамандыктын жышаанын сезгендей уулун ээрчитип сыртка чыкса, короосунда байланып турган кулундуу бээ жок. Кишенеген кулун байланып ордунда турат, а бээни бирөө жетелеп кеткен экен. Жаңы жааган кардын үстүндө жылкынын изи калыптыр. Ал эми мал сарайдын оозунда жылкыны байлаган кесилген жип жаткан. Жылкынын уурдалганын билген Жаныбек дароо эле кошуна жашаган инисине чуркап барып анын унаасын айдатып, аттын изи менен кууп жөнөшөт. Аттын изи айылдан чыгып, тоо тарапка кеткен жерден дайынсыз болуп кетет, бирок улам акмалап отуруп, акыры Боз-Бөлтөк деген жерден 300-400 метр аралыкта алардын караанын көрүштү. Эки караан атка минип чаптырып баратышкан экен. Аларга унааны жакыныраак айдаткан Жаныбек "токтогула!" деп кыйкырып, эскертүү иретинде мылтык менен эки жолу асманга атат. Бирок берки экөө мылтыктын үнүнөн коркмок түгүл тескерисинче, атты болушунча чаап, качууга аракет жасаган. Октун үнүн тоготпой качып бараткан экөөнү токтотмокко айласы кеткен Жаныбек ошол тарапты көздөй ок атканда, аттын үстүндө учкашып бараткан бирөөсү ооп түшөт. Ал эми биринчиси аттын үстүнөн секирип түшүп, жыгылган шеригине көңүл бөлбөй, артын карабай тоону көздөй качып жөнөгөн. Ал эми талаа жаңырткан октун үнүнөн чочулаган бээ үйдө калган кулунуна сызган. Унаанын ичиндегилер жыгылган кылмышкердин жанына барышса ал жигит беш мүнөттөн кийин эле каза болуп калган. Ок далысына тийген экен. Түнкү саат үчтөрдө Аламүдүн РИИБне "тоодо атышуулар болуп атат" деген кабар түшкөн. Ошол күнү күзөттө Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Мирбек Сыдыков жана башка изкубарлар окуя болгон жерге барышса, кишилер топтошуп, жерде бейтааныш жигиттин сөөгү жаткан эле. Тергөөчү жерде жаткан жигитти ким атканын сураганда эле Жаныбек болгон окуяны айтып берген.
Малды уурдап бараткан жигиттин ким экенин тактоо кыйынчылык деле туудурган жок. Себеби анын чөнтөгүндө уюлдук телефону болгон. Уюлдук телефондон маркумдун жакындарын таап, ал Талас облусунун 22 жаштагы тургуну экени белгилүү болду. Анын Бишкекке келгенине биртоп убакыт болсо да туруктуу иштеген иши болбоптур. Мурда да темир тор артына отуруп чыккан экен. Ал эми жанындагы шериги тоо аралап кайда кеткени белгисиз, айтор, изин жашырып жүрөт. Анын үстүнөн да мал уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынды.
Короодо байланып турган малын бир заматта жоготуп, ошонун айынан капысынан адам өмүрүнө забын болгон Жаныбектин колундагы аңчылыкка ылайыкташтырылган курал эч жерде каттоодо болгон эмес. Учурда Жаныбектин үстүнөн иш козголуп, КР КЖКсынын 99-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылды. Бул берене "Аргасыз коргонуунун чегинен чыгып, же болбосо коргонуу үчүн кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чараларды колдонуп, киши өлтүрдү" болуп саналат. Ал эми анын колундагы каттоодо жок аңчылык куралын сактаганы үчүн мыйзам боюнча административдик айып каралган. Анүстүнө бул ок атуучу куралга кирбейт экен.
Учурда Арашан айылынын тургуну Жаныбек үй камагына алынды.
- Негизи мындай кырдаалга кабылган адамдар мыйзам боюнча үч жылга чейин кылмыш жообуна тартылышы шарт. Аны сот өкүмү чечет, анын жасаган кылмышынын жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлары эске алынып, ошонун негизинде административдик айып төлөп, же шарттуу түрдө кесилиши да ыктымал, - дейт бул кылмыш ишин тергеп аткан Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Мирбек Сыдыков.
Капыстан ок жеп көз жумган жигиттин сөөгүн Таластагы жакындары алып кетишти. Бир жылкы адам өмүрүнө тетеби деп маркумдун жакындары арызданып, Жаныбекти күнөөлөп аткан кези. Бирок бирөөнүн малына көз артып, аны арам жол менен уурдап алууну көздөгөндөрдү кудай деле кечирбесе керек. Балким атайын Арашан айылына жылкы уурдоого барбаса, ал жигит аман калат беле…
Назира

КУЛМАТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??