28.01.11 - 18-бет:
  Жыйындан жыйынтык чыгабы?


Бала бакытпы же…

Акыркы кезде калктын аялуу катмарында жашаган бөбөктөрдүн балалыктын бактылуу күндөрүн кечирүүнүн ордуна базарларда тачке түртүп, бут тазалап отургандары көнүмүшкө айланды.



Учурда Кыргызстан боюнча көчөдө калган балдардын баш калкалоочу бир нече интернаты бар. Алардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Балдардын баш калкалоочу жайларын көбөйтүүнүн ордуна аны азайтуу керек дешет "Үй-бүлө камкордугунан ажыраган балдарды социалдык коргоодо институционалдык механизмдерди жакшыртуу" аталыштагы жыйындын катышуучулары. Бул талкууга жакындарынан, үй-бүлөдөн зомбулук көрүп, психикалык жактан жабыркап, укугунан ажыраган өспүрүмдөр жөнүндө социалдык роликтер көрсөтүлүп, катышуучуларга өзгөчө таасир калтырды.

Жыйынга ЖК депутаттары, КР Акыйкатчысы, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, Калкты социалдык коргоо министрлиги, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Каржы министрлиги, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун катышуучулары социалдык саясаттын төмөн деңгээлинин натыйжасынан келип чыккан, ата-эне камкордугунан ажыраган 11 миң кичинекей жарандын жана 800 миң жакырчылыкта жашаган бөбөктөрдүн абалын талкууга алды.

Бөбөктөрдүн жакырчылыгын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн абалын жөлөк пул менен пенсия жакшыртып ийген жок. Акыркы кезде оор шартта жашаган үй-бүлөлөр менен социалдык жетимдик күч алып, карапайым калктын ден соолугу начарлап, социалдык кызматтардын жетишсиз өнүгүүсү, алардын төмөнкү деңгээли көбөйгөндүгүнө байланыштуу коом алдында социалдык коргоо тармагын тез арада реформалоону аткаруу бийлигинин милдети кылып киргизүү жыйындын негизги өзөгү болду.

Жыйындын катышуучусу, социалдык саясат институтунун директору Гүлнара ДЕРБИШЕВА төмөнкүлөрдү айтты:

- Азыр Кыргызстандын аялуу катмарынын социалдык абалын оңдоо керек. Мурда социалдык каражат бир эле пенсия менен жөлөк пул деп ойлочубуз. Социалдык жактан уюштуруу структураларын өзгөртүп, карыялар, жакыр үй-бүлөнүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын бөлүмдөр түзүлүшү шарт. Негизи калктын бул катмары өкмөт үчүн оор жүк деп ойлоп атабыз. Бул оор жүк эмес, эгер пайдалуу каражатты буларга инвестиция кылсак коом үчүн пайда алып келет. Ошондуктан бул системаны реформаласакпы дейбиз. Мисалы, бир балага жөлөк пул катары айына 232 сом берилет. Ал эми интернатта жашаган бир балага айына мамлекет эсебинен 7000 сом сарптайбыз. Анын көбү коммуналдык чыгымга, мекеменин оңдоо иштерине, ал жердеги кызматкерлердин айлыгына кетет да, балдарга жетпей калат. Ошондуктан биз интернаттарды азайтып, андан көрө ошол баланы үй-бүлөдө багып, ага төлөнчү жөлөк пулду көбөйтүп берсек деген ой бар. Бюджеттеги каражаттын 40%ы социалдык коргоого кеткени менен анын канчасы балдарга жетти-жетпеди, аны эч ким көзөмөлдөбөйт.

Ража МСЕФЕР, Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү:

- Учурда балдардын укугун коргоо, алардын билим деңгээлин өстүрүү боюнча көзөмөл жүргүзүп атабыз. Өткөн жылдагы Ош коогалаңында психикалык жактан жабыркаган балдарга да убагында көптөгөн жардамдарды бергенбиз. Азыркыга чейин алардын мектепке барып атканы тууралуу көзөмөл жүргүзүлүп атат. Албетте, түштүктө абал бир калыпка түшкөнү менен балдардын ээн-эркин көчөдө басып, мектептерге баруусу дале кооптуу. Жабыркаган мектептерди калыбына келтирүүдө жана ал жердеги окуучулардын коопсуздугу үчүн атайын унаа алууга жардам бердик. Учурда Кыргызстан боюнча балдардын көйгөйү, маселелери абдан көп.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА










Ак халатчанга акарат

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Октябрь айылынын тургундары Абдрахман Назарбеков менен жубайы Токтокан редакциябызга жардам сурап кайрылышкан.



Шайыргүлдү шал кылган ким?

Алардын кызы, 1989-жылы туулган Шайыргүл Бекиева өткөн жылдын 2-июлунда колтугуна без чочуп чыдатпай ооруганынан Октябрь айылындагы №1 ооруканага кайрылган. Шайыргүл өзү да медициналык окуу жайды аяктап, аталган айылдын бейтапканасында медайым болуп иштеп жүргөн. Ооруканадан аны Исмат Кыдыралиев деген врач көрүп, дароо эле фурункул (чыйкан) деген диагноз коюп, ириңдеген жерди кесет да, жакшы тазалаган эмес. Негизи кандай гана хирургиялык операция болбосун ириң өрчүп кетпес үчүн сөзсүз түрдө антибиотик бериши керек болчу. Анын ордуна ооруну басаңдатуу үчүн анальгин менен кетанал берген. Шайыргүл медициналык кызматкер болгондуктан ооруканага төлөнүүчү кошумча төлөмгө жеңилдетүүчү жагдай каралмак. Бирок оорукана жетекчилери андан акчаны толук төлөтүп алган.

Исмат Кыдыралиев 11-июлга чейин амбулатордук дарылайм деп Шайыргүлгө талаптагыдай көңүл бурган эмес. 12-июль күнү Шайыргүлдүн абалы оорлоп, 14-июль күнү Жалал-Абад облустук ооруканасына оор абалында жаткырылган. Ал жерден Шайыргүлдүн туугандары томография кылууну суранышканда дарыгерлер уруксат бербей коюшкан. Акыры жаш кыздын ден соолугу начарлаганда айласы кеткен туугандары шашылыш Бишкек шаарындагы улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө алып келишкен. Госпиталдан 17-июль күнү ириң өрчүп, сөөгүнө кеткендигине байланыштуу Шайыргүлгө кайрадан операция жасалып, ден соолугу жакшырганы менен заарасы чыкпай, эки буту иштебей майып болуп калды.

- Куландан соо жүргөн кызымдын бир заматта майып болуп калышына ак халатчандар күнөөлүү. Ошондон улам Шайыргүлгө операция жасаган Исмат Кыдыралиевдин үстүнөн Сузак райондук прокуратурага арыз менен кайрылсам, алар соттук-медициналык экспертиза дайындаган эле. Экспертиза боюнча бир ооз сурап көрөйүн деп Жалал-Абад облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун жетекчиси Орозбек Данияровго барсам, ал жерде Исмат Кыдыралиев да жүрүптүр. Ал кеткенден кийин жетекчиден экспертизанын жыйынтыгын сурасам, Исмат Кыдыралиев сүттөн ак болуп чыга келди. Кимдин айынан, кайсы оорунун негизинде Шайыргүлдүн буту иштебей калгандыгын так көрсөтө албаган экспертиза бюросунун жетекчисине таң калдык. Бул экспертизага нейрохирург кошулган да, катышкан да эмес, хирургду жөн эле корутундуга кол койдурушкан, - дейт кызынын абалына чыркыраган ата-эне Назарбековдор. Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышып, атайын комиссия түзүп экспертиза жасоону жана өз ишине кайдыгер мамиле жасаган врач Исмат Кыдыралиевдин ишин карап, облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун жетекчиси Орозбек Данияровго тийиштүү чара көрүп берүүсүн суранышкан.

Бирок ушул күнгө чейин эч бир чара көрүлбөй, бойго жеткен кыз төшөктөн тура албай, кыймылдабай жатат. Анын дары-дармегине, памперсине оңбогондой акча кетип атканы белгилүү. Ал эми үй-бүлөдө мындан бөлөк да бойго жеткен эки кыз бар. Бири мектепте окуса, экинчиси ЖОЖдордун биринде акча төлөп билим алат. Үй ээси өмүр бою укук коргоо органында иштеп пенсияга чыккан. Буга чейин эч кимден жардам сурап көргөн эмеспиз, бирок Шайыргүл өз алдынча жылганга коляска жок, дарысына чоң каражат керек дешет. Аны Германиянын тажрыйбалуу врачтары гана дарылай алышарын айтышкан. Бирок бардык маселе каражатка такалууда. Жыйырмадан эми гана ашкан жаш кыз майып болуп каларын ким ойлоптур.

Кызынын күйүтүнөн апасы Токтокандын да кант диабети, радикулит, гипертония сыяктуу эски оорулары кармап ооруп аткан чагы. Ошентсе да баарына кайыл болуп, Шайыргүл эсен-соо айыкса, ант урган ак халатчандар жазасын алышар дейт.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА










  Мыктынын мыктысы дешчү беле


"Оскар" сыйлыгынын ооматы кеттиби?

Мыктылардын мыктысына ыйгарылуучу "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 27-февралында өтөт. Жыл сайын толуктоолор киргизилип жатып, быйылкы салтанатта көп деле көзгө көрүнөөрлүк өзгөчөлүктөр байкалбайт. "Оскардын" кээ бир кемчилик-артыкчылыктарын ылгап чыктык.



Сыйлыктан да сынак күчтүү

Жетимиш эки жылдан бери тапшырылып келген "Оскар" сыйлыгына талапкерлерден арыз өткөн жылдын биринчи декабрынан баштап кабыл алынган. Жылдагыдан айырмаланып, ушул жолку сыйлыкта кээ бир орундар кыскарган. Мурда "Эң мыкты мультфильм" номинациясына 70 мүнөткө созулган анимациялык фильмдер көрсөтүлсө, бул жолу анын узактыгы 40 мүнөттөн ашпашы керек. "Эң мыкты спецэффекттер" номинациясына мурда үч кино коюлса, быйыл беш кино көрсөтүлөт. Мындай салтанаттуу шоуну алып баруунун өзү да чоң жоопкерчиликти талап кылат. Жыйырма сегиз түгөйдүн арасынан ылгап отуруп калыстар тобу акырында актриса Энн Хэтэуэй менен Джеймс Франкого токтолушту.

Учурда "Мыкты спецэффекттер", "Мыкты ыр", "Мыкты режиссер" номинациясына ат салышкандардын тизмеси такталды. "Мыкты спецэффекттер" номинациясына жылдын популярдуу деп табылган он беш тасмасы камтылды. Анын арасында Мартин Скорсезенин "Каргышка калгандардын аралы", Эдгар Райттын "Скотт Пилигрим баарына каршы" тасмалары катталды. Ал эми дөө-шаалар арасынан "Мыкты режиссер" номинациясына төмөнкүлөр коюлган: Дэвид Финчэр, Даррен Арнофски, Дэвид Рассел жана Том Хупер. Жогоруда аты аталган режиссерлордун кинолору буга чейин "Жылдын киносу", "Мыкты кино" өңдүү көрүнүктүү сынактарда алдыңкы орундарга жетишкен.



Машакаты көп кече

"Оскар" сыйлыгынын келип чыгышына, статуэткага аттын коюлушуна китепканачы Маргарет Херриктин салымы чоң. Алтын капталган статуэтканы колуна алган аялдын "агам Оскарга окшош экен" деген бир ооз сөзүнөн сыйлыкка ошол ат берилген. Эң биринчи тапшыруу аземи 1939-жылы 16-майда өткөн. Жетимиш жылдан бери ар жылдын март-апрель айларында өтүүчү салтанат 2004-жылдан бери февраль-март айларына жылдырылган.

"Оскар" сыйлыгы мамлекеттин экономикасына жыл сайын 700 млн. доллар киреше алып келип, он миң адамды жумуш менен камсыз кылат. Статуэтканы Чикагодогу эң ири эритүүчү фабрика жасайт. Бийиктиги 34, туурасы 13 сантиметр, салмагы 3,85 килограмм статуэтканы алтын жалатып жасашат. Жерге төшөлө турган кызыл килемдин туурасы он метр, ал эми узундугу 150 метрге жетет. Ар бири 135 килограммдан турган төрт чоң түрмөк килемдин жалпы салмагы беш тонна. Салтанаттуу кечеге төрт күн калганда килем төшөлүп баштайт. Төртөөнү бириктирип жерге төшөш үчүн 21 адамдын күчү керек. Ал эми килемди жыйнаганга болгону төрт саат убакыт жумшалат.



Бегимай БАЙБОСУНОВА