28.01.11 - 2-бет: Ынтымактын данакери
Кыргыз эл акыны, "Манас" орденинин ээси, бардыгыбыз жакшы көргөн Шакебиз - Шайлообек Дүйшеев агабыз алтымыштан ашты. Февралдын 23үндө туулган да күнү. Айтылуу акындын чыгармачылык кечеси 26-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт. Ушул мааракенин аркасы менен Ат-Башыдан чыккан Шарипа Садыбакасова, Накен Касиев, Аскар Салымбеков, Мелис Эшимканов, Мухтар Өмүракунов, Шаршенбек Абдыкеримов сыяктуу адамдар эл ынтымагын бекемдейли деген жакшы ниет менен атайын "Ат-Башым" коомуна биригишүүдө. Ынтымак адегенде туулуп-өскөн жерден башталса, бара-бара жалпы өлкөнүн масштабына жайылса мыкты эле болбойт беле.

Нарынбектин мончосунун буусу ай…
Борбордогу "Жыргал" мончосун кимдер билбейт. Мончонун ээси "ата журтчу" депутат Нарынбек Молдобаев аны ремонттоп иштетип атканы белгилүү. Ремонттогону, иштеткени дурус дечи, бирок менчик башка мончолорго атаандашпай баасын орточо эле койсо, болбосо ошончо кымбат баа койгондон кийин тапичке менен шейшепти деле ошонун ичине кошуп койсо депутаттын такыясына тар келмек эмес экен. Элдин баары эле Нарынбек депутаттай күндүз Ак үйдө иштеп, кечкисин булоолонуп мончодо жүрбөйт да. Бааны төмөндөткөндү ойлоноорсуз, депутат мырза. Баса, аялдар бөлүмүнө чач кургаткыч жетишсиз, эске алаарсыз.

Эңсеген эркиндик
Белоруссияда жансактап жүргөн экс-президент Курманбек Бакиевдин экинчи аялы ак орустардын түнт токоюнан тажап, түйүнчөгүн түйүнгөн бойдон мекенине кайтып келгени ММКда кеңири чагылдырылган. Бирок мунун баары калп экенин Курманбек Бакиев журналисттердин бирине төмөндөгүчө "сүйүнчүлөптүр": "Уул-кызым мектепте окуп атат. Апрель окуясынан кийин жеңеңердин жүзү ачылып, менин мыйзамдуу жубайым катары таанылды. Эми аны кубаласам да кетпейт".

Аныгы андай эмес
"Ар-намыс" партиясынын басма сөз кызматы "Жаңы Агым" гезитинин 21-январдагы санында партия лидери Феликс Куловго карата келтирилген каңкуулоо чындыкка төп келбесин билдирет. Анткени "Ар-намыс" партиясынын жетекчисинде телефон тыңшоочу аппарат эч качан болгон эмес. Генерал Ф.Кулов мыйзамды урматтаган жана телефондук болобу же башка кабарландыруулардын купуялуулугу сакталууга тийиш экендигин жакшы түшүнгөн адам катары мындай жолго эч качан барган эмес жана барбайт. Бул жөнүндө саясатчы кабарчылардын суроолоруна жооп берген учурларда аныгы андай эмес экенин буга чейин нечен ирет билдирген.
"Ар-намыс" партиясынын лидери Ф.Куловго байланыштуу жогорудагыдай негизсиз каңкуулоонун абройлуу "Жаңы Агым" гезитине жарыяланып кетиши өкүнүүнү туудурат.

Дубайда кимдер дүпө-дүп?
"Уккан кулакта жазык жок" демекчи, Кадыржан Батыров , Жалаллидин Салахудинов , Иномжан Абдрасулов сындуу өзбек тыңчыкмалары Дубайда жолугушту дейт. Анда алар июнь коогалаңына кимиси канчалык салым кошконунун тегерегинде кеп салышыптыр. Сен күнөөлүү, мен күнөөлүү деп атышып, акырында мушташканга чейин баргандары кызык. Жансакчылары убагында ажыратып калбаганда балким, кырылышып кетишет беле… Ала допучан "атамандардын" түштөн кийин минтип акылына кирип, башын ташка койгулаганы бөлөк улуттун өкүлдөрүнө сабак болсо болгону.

Баягы эле Коркмазов
"Ата журт" партиясынан депутаттык мандатын тапшырган Нурзат Осмонованын ордуна экс-коммунист Хаджимурат Коркмазов келет. Себеби ал тизме боюнча 29-номурда. Ошондой эле ал ЖоКе жарышта "Ата журт" партиясынын чөнтөгүн жакшы эле калыңдаткан. Шайлоонун шайтан оюндарында чачкан миллиондорун мандат тагынган соң чогултат го…

Кармалат. Кайра кое берилет
Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакиров дүйшөмбү күнү кылтакка илинди. А киши учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кармоочу жайында "эс алып" атыр. М.Бакиров деле бөлөк экс-аткаминерлерчилеп эркиндикке чыгышы мүмкүн. Себеби парламенттеги кээ бир депутаттар аны бошотуп алууга бардык аракетин жумшоодо.

Акча кайда?
Эркеталтаң экс-ханзаада Максим Бакиевдин Логвиненко-Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги "Манас" банкында жеке кабинети болор эле. 9-апрелде утурумдук өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров баштаган комиссия "Манаска" кирип Макстын бөлмөсүнөн ири өлчөмдөгү "жашылбай" тапканы эл ичинде айтылып жүрөт. Арийне, Азикенин бул тууралуу расмий маалымат жарыялаганын эч жерден укпаптырбыз. Азыр деле кеч эмес. Азимбек Анаркулович "Манастан" табылган каражаттын тегерегинде кеп салса, жамы журт анын тазалыгына ошондо чындап ишенмек.

Уул эрке эмеспи?
Президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов туурасында түрдүү сөздөр айтыла баштады. Аңыздарга абай салсак, Атай мырза 2008-жылы борбордогу Эркиндик бульварындагы энеси экөө жашаган төрт бөлмөлүү үйдү күрөөгө коюп, "Азияуниверсалбанкынан" 200 миң доллар алган экен. Арийне, банкка бир дагы тыйын төлөгөн эмес. Былтыр "Азияуниверсалбанкы" жоюлуп кетти. А күрөөгө коюлган үйүчү? Ал жөнүндө расмий кагаз жок. Мындан тышкары, чет жактан "темир тулпар" алып келип, бажы төлөмүн төлөбөй каттатып, өкмөткө 87 миң сом зыян келтиргени каңкууланууда. Ушул өңдөнгөн кептерге Роза Исаковна ачык жооп узатпайбы. Антпесе, кечээги Курманбек Салиевич , андан мурдагы Аскар Акайыч уулдарын сүттөн ак деп жанталаша актанып жатышып, акыры көргүлүктү көрүштү го. Үчүнчүсүндө да ошондой көрүнүш кайталанбаса дегенибиз…

Шаа мүйүздөр
"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" накылы "Ата журт" партиясына жарашып турат. Президенттик шайлоонун мөөнөтү жакындаганы шаа мүйүздөр шакылдап, "ата журтчу" төрт "кочкор" ажо жарышка тымызын камынууда. Алар: Ахматбек Келдибеков , Мыктыбек Абдылдаев , Камчыбек Ташиев жана Нариман Түлеев . Кечээ эле эркиндиги менен кош айтышуу коркунучуна кептелип, убактылуу өкмөттүн алсыздыгынан улам бакыйган депутатка айланган азаматтардын президенттик шайлоого катышуусуна мыйзам жол берет. Ошол эле учурда кыргыздын "мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраптыр" дегенин унутушпаса…

Ата-бала азилинен
"Ата мекенчи" депутат Равшан Жээнбеков атасына, тагырагы, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Бабырбек Жээнбековго звандап, жакын таанышымды жумушка орноштурбайсызбы деп өтүнбөйбү. Анда директор атасы бош орун жок экенин айтат. Ал антсе кичи Жээнбеков силер депутаттын тилин албайсыңарбы дегендей тамашага салыптыр. Бабырбек мырза да жөн калмакпы, сен эл үчүн депутатсың, мен үчүн дале бокмурун баласың деп уулун ого бетер "күйгүзгөнү".
Жакында эле ата-баланын жакын адамы дүйнөдөн өттү. Биз кайраттан башка айтарыбыз жок.

"Жаңы Агым" - пресс