presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жамбашы сулуу жаңы жүз
Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль "Армани" фирмасынын кийимдерин мактаган рекламалык роликтерге тартылды. 2011-жылы мода болчу Эмпорио "Армани" ич кийимдери менен "Армани" жынсы шымдарын Надаль менен Голливуд жылдызы Меган Фокс жарнамалап, бул жыл үчүн аталган бренддин жүздөрү болушмакчы. Буга чейин бул фирманын камчысын атактуу футболист Криштиану Роналдо, Дэвид Бекхэм жана анын жубайы Виктория чаап келишкен. Быйыл өзгөчө популярдуулукка ээ болуп жаткан Лионель Мессини бул ишке тарталы десе, эки жыл катары менен "жылдын мыкты футболчусу" болгон чабуулчунун дене түзүлүшү өтө эле тыртайып көрүнөт экен. Ошол себептен быйылкы жыл үчүн эң сүйкүмдүү спортчу катары Рафаэль Надаль табылды.

Ашың бышты ашына
Азия Кубогундо ашыналарыбыз Өзбекстан командасы өз тобунда биринчи орунду алышып, жарым финалга чейин катуу келишти эле, чыныгы күчтүүлөрдөн жаакка шапалак жегендей боло түштү. Жарым финалдык оюнда Австралия курама командасы менен беттешти эле жашыл континенттин футболчулары ала допучандарды ит эле кылды. Оюндун бешинчи мүнөтүндө гол соккон австралиялыктар 83-мүнөттө эсепти 6:0гө жеткирип салышты. Тандыр самсы аз жеп алышканбы, айтор, өзкелер селейип эле туруп бергендей болду. Бул эсеп мындай чоң турнирдеги алгачкы ири эсеп болуп тарыхта кала турган болду. Бүгүн кечинде 3 күндөн бери аш басып жешкен өзбектер 3-орун үчүн Түштүк кореялыктар менен беттешет. Ал эми эртең финалда Австралия менен Япония командалары Азиянын мыктысын аныкташат.

Көздүү мончок жерде калбайт
Мюнхендин атактуу "Бавария" клубунда оюн көрсөтүп келген команданын капитаны Марк ван Боммел башкы машыктыруучу менен айтыша кетип, командадан кетээрин билдирди. Мындай абалдан пайдалана калган "Милан" клубу күчтүү жарым коргоочуну арзан сатып ала калды. "Бавариянын" анабашы Луи ван Галь ачууга алдырып, маанилүү позицияда ойногон күчтүү оюнчусун алдырып ийгенге кеч өкүнүп калды. Учурда "Милан" Италия биринчилигинде биринчи орунда баратат. Эгер алар алтын медаль тагынып калышса, Марк ван Боммель Европадагы 4 күчтүү чемпионаттардын жеңүүчүсү болот. Буга чейин ал "ПСВда" Голландия чемпиону, "Барселонада" Испания чемпиону жана "Баварияда" Германия чемпиону болгон.

Катуу кетти казактар
Континенталдык хоккей лигасында оюн көрсөтүп келе жаткан эң начар команда Новокузнецктин "Металлургу" казактардын "Барысынан" 10 шайба киргиздирип ийишти. Оюндун 13-мүнөтүндө эле 3 гол соктуруп ийишкенде окемдер дарбазачысын алмаштырышты. Экинчи дарбазачы да кыйратпаганынан эсеп 10:2 менен жыйынтыкталды. Күчтүүлөргө алы жетпеген баурдастарыбыз алсыздарды ойда сабап алганын көргөн орустун башка командалары кичүү инисинин өчүн алуу максатында тишин кайрап калышты. Буюрса жакында "Барыс" да ири айырма менен утулаарын бөркүңүздөй көрө бериңиздер.

Бакиев эмес, Бакаев
Футбол дүйнөсүндө чоң популярдуулукка ээ Goal.com сайты ушул аптанын мыкты футболчусун аныктап чыкты. Аптанын мыкты футболчусу киргизген голдун санына, жараткан голдору канчалык деңгээлде роль ойногондугуна жараша аныкталчу. Бул жумада атактуу футбол жылдыздары Карим Бензема, Арьен Роббен жана Фернандо Торрестер экиден гол согуп, командаларын жеңишке алып келишкен. Бирок эмнегедир булар аптанын футболчусу боло албады. Жарым чейректик финалда Иордания командасына эки гол соккон өзбектердин Улугбек Бакаеви өтүп кеткен жети күндүктүн кыйыны деп табылды. Учурда дүйнө жүзү Бакаев деген ким, Бакиев деген болчу эле деп таң калышууда.

Таланттуулар тегирменинде
"Найк" футбол академиясы жыл сайын "Шанс" программасынын алкагында дүйнө жүзүнөн атайын тандап алуу турунан өтүшкөн 100 мадырабашты чакырып алып, сыноодон өткөрүп, келечек футбол жылдыздарын даярдоо үчүн сегиз баланы тандап алышат. Бул сынакка быйыл калыс катары белгилүү машыктыруучулар Гус Хиддинк, Арсен Венгер жана Лондондун "Арсенал" футбол клубунун жылдыздары келишти. Никлас Бендтнер, Джек Уилшир, Алекс Сонг, Клинт Демпси жана окемдердин Андрей Аршавини болушунча өз мекендештерин өткөрүп жиберүүгө аракеттеништи. Ошентсе да сынак калыс өтүп, экинчи турга 35 баланы алып калышты.




  KYRGYZSPORT

Топ чапкычтар толкуну
Бүгүнкү кыргыз спортуна арналган бөлүмүбүздү акыркы кезде катуу күүлөнүп жаткан волейбол оюнуна арнайбыз. Анткени командалык оюндар боюнча спорттун башка түрлөрү мынчалык деңгээлде жандана албай келет. Мында жаңы келген федерация башчыларынын аракетин айтпай кетсек болбос. Жөнөкөй мисал катары ушул аптада өтүп жаткан КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Анатолий Грибановдун жаркын элесине арналган айымдар арасындагы кезектеги эл аралык турнирдин өткөрүлгөнүн айтсак болот. Бул турнирге Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия сыяктуу жакынкы өлкөлөрдөн командалар чакырылган. Кыргызстандагы акыркы ызы-чуу, террордук актылардын катталып жатканы спортчуларды кооптондуруп коюптур. Ошентсе да, Бишкекке Казакстандын жогорку лигасында ойногон оюнчулардын келиши биз үчүн чоң сыймык. Өзгөчө Казакстан Республикасынын 20 жашка чейинки курама командасынын биздин чакырууну кабыл алганы турнирдин дегээлинин өсүшүнөн кабар берип турат. Беш күндөн бери өтүп жаткан оюндарга зал толо күйөрмандар келишип, беттештер кызуу сүрөөн менен жогорку көрсөткүчтө өтүп жатат. Бүгүн финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы деп тергелип келген "Салам-Алик" волейбул клубу баурдастарыбыздын курама командасы менен саат 14:00дө күч сынашмакчы. Буга чейин бир да командага утулбай келген боордош элдин кыз-келиндеринин кимиси кыйын экени дал ушул беттеште аныкталат.

Кудрет
ТАЙЧАБАРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??