presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көңүл чордонунда

"Кумтөр" Акаевдин менчиги…би?
Акыркы мезгилде демилгелүү топторго курултай өткөрүү маселесин козгоо мода болду. Алардын арасында чыныгы мекенчил адамдардын топтору да, демилге көтөрүмүш болуп саясый оюндарын жүргүзгөндөрү да бар. Алардын кимиси чыныгы эли-жерине күйгөнүн, кимиси жеке кызыкчылыгын аркалап, кайрадан бийликке келип калган коррупционерлердин камчысын чаап жүргөнүн эл өзү электен өткөрүп алар. Бул жолу дагы бир чуу чыгарып жаткан демилгелүү топтун аракеттери менен тааныштырабыз.

Шейшембиде "Кумтөр" долбоорунун тагдыры элдик курултайда чечилет темасындагы маалымат жыйыны өттү. Ысык-Көл облусунун төрт атуулу демилгелүү топ түзүшүп, президенттин коомдук кабылдамасынан баштап журналисттерге чейин чуркап жүрүшөт. Башкы идеясы - "кен байлыктар туура эмес келишимдин негизинде чет элдиктер менен мурдакы бийлик тарабынан талап-тонолууда. Жаңы келишим түзүш керек". Мындай талап менен 13-январда Балыкчы шаарында митинг өткөрүлүп, уюштуруучулардын айтымында аларды Аксыда (Жалал-Абад), Нарын менен Таласта колдоп чыгышкан. Эч бир тараптан реакция болбогондо, Бишкекке келип журналисттерди маалымат жыйынына чакырышыптыр.
Топтун мүчөсү Жекшенбек Шамыралиев: "Кумтөр" боюнча 1993-жылдагы келишимге кайра кайтышыбыз керек. Ошондогу Кыргызстанга 67% деген жери туура болчу. Акаев аны 37ге түшүрүп, Бакиев болсо таптакыр башкача кылып, Кыргызстанга өндүрүлгөн продукция эмес, 33% акция гана тиешелүү дегенге жеткизди. Ал дагы эл аралык эмес, Канаданын Торонто шаарындагы биржада айланат экен. Биз депозитарийге суроо жөнөтүп, акциялар кимдин колунда экенин билгибиз келет. Ошондо биртоп адамдардын фамилиялары чыгат эле. Биздин чоңдор эмнеге бизге аны айтышпайт. Биздин 33% акцияларды болсо Максим Бакиев менен Елисеев экөө революция учурунда эле өздөрүнө алып кетишиптир" деп катуу ыза болду. Сыягы Шамыралиев мырза Торонто биржасы эл аралык экенин, акциялар учурда 1,5 млрд. доллар турарын, ушундай демилгелердин кесепетинен акциялардын баалары төмөндөп, кыргыз эли чыгымдарга учурап атканын көзгө илбейт окшойт. Анүстүнө акциялар чөнтөккө салып кете тургандай оюнчук эмес.
Андан ары сөзүн улутташтыруу боюнча улады.
- Ушунча көп объектилер мамлекетке өтүп, "Кумтөр" боюнча эмнеге эч ким унчукпайт? Көрсө, бийлик революциядан кийин эле бир жылдын салыктарын алдын ала казынанын тешигин бүтөгөнү сурап алышыптыр. Эми унчугалбай отурушат.
Бюджеттин миллиондогон дефицити учурунда өкмөт чындап ири салык төлөөчүлөргө кайрылганын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" бир жылдык эмес, 11 млн. доллар салыкты алдын ала төлөп бергени көпчүлүккө маалым болгон. Эмне үчүн өкмөттүн кайрылуусуна жооп берген ишканалар жаманатты болуп атканы түшүнүксүз.
Андан аркы уккандарыбыз чындап кызыктуу көрүндү. "Акаев Кыргызстанды алдап сатып кеткен 2 млрд. 869 млн. долларга, Бакиев 1 млрд. 999 млн. долларга, демек баш-аягы 4 млрд. 799 млн. долларга эл чыгаша болгон. Ошондо жалпысынан 5 млрд. болуп атат. Академик Мамбетов болсо 16 жыл ичинде 25 млрд. долларга жакын алтын чыккан деп эсептеген. Башынан келишим коррупциясыз түзүлгөн болсо биздин эл азыр жакшы жашамак" деп коррупциянын бетин ачкандай болду. "Жаш балдар, кыздар шаарда "жиптерди" минип жүрүшөт, биз болсо карыганча ошого жете албай жүрөбүз" деп Жекшенбек Шамыралиев арманын айтты. Сыягы күткөнү ошо го.
Мурдакы бийликтин кыңыр иштерин ачууга Жаныбек Толкунов да кошулду.
- Мен 12 жыл "Кумтөрдүн" коопсуздук кызматында иштегем. Айлыгына ашыкпай, жөн эле кызыкчылык үчүн. Менин өзүмдүн бизнесим бар. Ошончо жылда көрүп-билгенимдин негизинде КОК Акаевдин менчиги деп айта алам. Бүгүнкү күндө да кожоюндук кылып атат. Биздин чиновниктердин көбү да акцияларына ээ. Азыр эч кандай далилдер жок, курултайда баарын айтып беребиз. Курултай качан жана кайсы жерде болорун азырынча тактай элекпиз.
Самат Алиев болсо мамлекеттик деңгээлде экологиялык аудит өткөрүү маселесин козгоду: "Экология маселеси биз койгон алты талаптын ичинде бар. Дүйнөгө таанымал эксперттерди чакырып аудит өткөрүү керек. Айлана-чөйрө булганып жатат. Карышкырлар "Кумтөрдөн" чыккан жугундуларга семирип, майда жандыктарга аң уулабай, табигый азыктануу системасы бузулуп жатат. Николай Дроздовду чакырсак деп турабыз". Кыргызстандыктар ансыз да кыйналып турганда карышкырлардын семирип кетүүсүн колго алуу маселесин көтөрүү керекпи?
Дагы бир сенсация, инвесторлор демилгелүү топко телефон аркылуу кайрылып, "Камеко" кетсе "Кумтөрдү" иштетип бергенге биз барбыз" деп катарга тизилип жатышыптыр. "РосЗолото", "УзЗолото" сыяктуу ишканалардан акысыз кеңеш беришип, колдоо көрсөтүүгө даяр экен. Бирок бир да фамилия аталбай, бир да кагаз көрсөтүлбөй, бир да далил келтирилгени жок. Кайдан чалганы белгисиз "инвесторлор" жөнүндөгү маалымат "эл аралык сотто канадалык өнөктөштөр алдында жооп берип калбайлы" дегендин алдын алуу максатында экен. Көрсө бийлик өкүлдөрү митинг уюштуруп, пикетке чыккан адамдарды "эл аралык пикир бузулат, инвесторлор качып, айыпка да жыгышы мүмкүн" деп коркутушат экен. Ооба, бизде эр жүрөк адамдар көп. Алардын туура эмес кылыктарынан бүтүндөй өлкөнүн экономикасы залака тартаары кеп эместей. Анткени алар алигиче "жип" мине элек. Кайдагы эл кызыкчылыгы жөнүндө сөз болушу мүмкүн?
Деги биз качан тынч турмушка жетебиз? Эми бул демилге көтөргөн төртөө өкмөттөн аларга жаккан жооп болбосо чоң чуу чыгарууга даяр экен. Ж.Шамыралиев ачык-айрым эле "азыртан кен байлыктарды кандай колдонууну биз айткандай кыла баштабаса, өкмөт жакында жаз келерин унутпасын. Болбосо кайрадан нааразы болгон эл көтөрүлөт. Кайрадан кан. Кайрадан мародерлук" деп коркутту. Ага кошуп "Көлдүн эли эми жөн эле трассаны торобойт. Он бусик менен тоодогу ишканага барып, ал жердегилерди тез эле кууп чыгып, басып алабыз. Азыр баарына даяр жигиттер көп" деп мактанды. Ошол тоодо иштеп жаткандар өзүбүздүн кыргыздар эмес бекен? Же ич күйдүлүкпү? Ушул эле төрт адамдын айланасындагылар алардын "секреттерин" айтып жатышат. Көрсө, "жөн эле кызыкчылык үчүн" 12 жыл иштеген Жаныбек Толкунов жарым миллион сомго эс алуу акысын (отпускные) "Кумтөр" карыз деп айыптап жүргөн кези. Акча үчүн иштебесе да, жумуштан 500 миң сом үчүн кеткен окшойт. Шамыралиев Жекшенбек болсо КОК уюштурган микрокредиттик агенттиктен 2 млн. 500 миң сом насыя алганы белгилүү. Насыя берген агенттиктен алган маалымат боюнча пайыздары өткөн жылга төлөнгөн, 2011-жылдыкы 31-январга чейин төлөнө башташы керек, ал эми негизги сумма (2,5 млн.) эми төлөнөр бекен?
Чоңдорду катуу айыптап жатканы, Франциядагы кызыныкына саясый башпаанек сурап кетүүнү көздөгөндөй дешет тааныгандар.
Ушундай маанилүү, арты көпкө чубала турган, бирок бир да кенедей далили жок нерселерди көпчүлүккө айтып чыгуунун максаты эмнеде? Канчага чейин казанчы тикмечинин ишине, өтүкчү ырчынын ишине кийлигише бермекчи? Ар ким оюна келгенин оттоп, төрт адамдан биригип алып өкмөткө талап кое берсек өнүгөбүзбү? Деги бугубуз качан чыгып бүтөт?
Айжан НОГОЙБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??