presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Арманга салган асыл мал

Билим жана илим министрлиги кой бакса, айыл чарба министрлиги эмне такалайт?
Эгемендүүлүктүн эртеси эле айыл чарба реформасына шылтоолоп (1991-94-жылдар) 9 млн.дон ашык меринос койлорун "оомийин" кылып жибергенбиз. Кыргыздар аны жалпак тилге салып ак кой деп койчу. Кезегинде ушу ак койдун ача туягы баспаган, маараган үнүнө толбогон алыскы-жакынкы жайыттар, кокту-колоттор калбай, мынча малдан жер майышып турчу. Анын айынан чоң жайлоолор (Соң-Көл, Суусамыр, Каркыра, Сырт, Ак-Сай, Арпа) деградацияга учурап, чөбү качып, куту учуп бараткан. Ушуга карабастан ак койду 10 млн.го чейин жеткиребиз деп күүлөнгөн күндөрдү да баштан өткөргөнбүз.


Кесепеттүү реформа
Дүйнөлүк практикада ар кандай реформа өнүгүү багытындагы кардиналдык өзгөрүүлөргө, оң натыйжалуу чукул бурулуштарга алып келсе, экс-президент А.Акаевдин реформасы Кыргызстандын айыл чарбасын, ага байланышкан кайра иштетүү өндүрүшүн, өнөр жай ишканаларын кыйратып кетти. Айрыкча Кыргызстан калкынын 65%ын түзгөн айыл жерлеринде жүз миңдеген жумушсуздар армиясы пайда болуп, мигрант аталып Казакстан, Орусияга тентип кетүүгө аргасыз болушту. Айыл чарбасынын кайсы тармагын алба, илимий негизде өнүктүрүү, тагыраагы, айыл чарба маданияты деген түшүнүк өлдү. Аягында минтип өзүбүздү өзүбүз азык-түлүк менен камсыз кыла албай, керектөө баасы асмандап баратат. Ал эми Кыргызстандын илимий, экономикалык, кала берсе маданий сыймыгы болгон ак койго келе турган болсок, бул асыл малды күндүзү чырак менен таппай турган абалга келип калдык.

Алтын эмес, азап жүн
Азыр бул койлор элдин колунда жок эмес, бар. Бирок алар эбак аргындашып, өзүнө таандык породалык касиетин жоготуп койгон. Себеби бул койлорду баарынан мурда жүнү үчүн багаар элек. Кыргызстан жүн өндүрүү боюнча 1980-90-жылдар аралыгында союзда үчүнчү орунда турчу. Жылына 35 миң тонна жүн, 150 миң тонна кой этин өндүрчүбүз. Учурда Кыргызстанда ак-карасы болуп болгону 11 миң тонна жүн өндүрүлөт. Уяң жүндүн 1 кили 100 сомдон жогору. Бирок ортомчулар 60 сомдон ашырбайт. Андыктан карапайым эл ак койду абалкыдай ардактабай, куйругуна карап кара койго өтүшкөн. Токмоктогу жүндү кайра иштетүүчү ишкананын бул күндөрү сүлдөрү эле турат. Аны калыбына келтирип иштеткен күндө деле уяң жүн менен толук камсыз кыла албайбыз. Себеби уяң жүндүү койлорубуздун саны уучка толбойт.

Күлөсүңбү? Ыйлайсыңбы?
Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгын ойлосок, уяң жүндүү койду багуунун келечеги кенен. Күн өткөн сайын өнүккөн өлкөлөр, жалпы эле адамзат синтетикадан качып, таза жүндөн жасалган кийимдерге тап кое баштады. Мындай шарттарда колдо болгон ак койдун санын көбөйтүүгө неге болбосун. Бирок республикада бул койдун канчасы сакталып калгандыгын эч ким так билбейт. Айталы, айыл чарба министрлигинин мал чарбасы боюнча башкы башкармасынын жетекчиси С.Алиевге кайрылганымда, "биз жылына 600-700 тонна уяң жүн алабыз. Буга караганда 200-250 миң ак кой болушу керек" деп жооп берди. Бул жоопко ыйлаарымды же күлөөрүмдү билбедим. Аныгында кыргыз меринос койлору бүгүнкү күндө болгону жети мамлекеттик асыл тукум мамлекеттик заводунда сакталып калган. (Таластагы М.Н.Лущихин атындагы завод, Жети-Өгүздөгү "Оргочор", Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык", Чоң Алайдагы "Кашка-Суу" ж.б.). Кашайганда мындагы койлордун жалпы санын билбей жатпайбызбы.
Кыргыз бийлигинин бул койлорду сактоо багытындагы кээ бир кадамдарын карап отуруп бооруң тырмап жыгыласың. Тагыраагы, К.Бакиев бийлигинин акылы жеткени ушул болуптур, 2009-жылы асыл тукум мал өстүрүү чарбалары билим берүү жана илим министрлигине баш ийип калган. Ошондон бери ушул абал сакталып келүүдө. Андай болсо айыл чарба министрлигинин зарылдыгы барбы? Кайсы тарабынан алба, муну акылга сыйдыра албайсың.

Кайтарып алыш керек
Учурда эчендеген улуу муундардын мээнети, эбегейсиз каражаттар менен түптөлгөн кыргыз уяң жүндүү койлору кылдын учунда турат. Асылды ардактабаган маңкурттугубуз, түркөйлүгүбүз менен ак койдун түбүнө жете турган көздөнүп калдык. Кочкор районундагы "Кочкор" (1300 кой), Нарын районундагы "Тянь-Шань" (6507 кой) асыл тукум мамлекеттик заводдорунда сакталып турган койлорду өткөн жылы жергиликтүү элдин талап кеткенин "Жаңы Агым" гезити көп жазды. Азыр бул окуя ибилистин өзү да бутун сындырып ала турган деңгээлде. Талап кеткендер үлүшүбүз, көз акыбыз бар деп бербей жатышат. (Ал койлор аманбы-жокпу, эч ким тактай элек.) Лахол, Жер-Көчкү, Кара-Кужур айылдарынын жашоочулары чарба жетекчиси С.Чолуев ушуга жеткирди деп айыпташса, тигил өзүнүн жүйөөлөрүн келтирүүдө. Кептин кыскасы, ким кандай сүйлөбөсүн бир жоголсо табылбай турган, жергиликтүү шартка ыңгайлашкан меринос койунун уникалдуу породасын сактап калуу, аларды ордуна коюу мамлекеттик бийликтин, укук коргоо органдарынын башкы милдети болуш керек. Башка жол көрбөй турабыз.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-13





  Күнкөйгөй

Өткөн жылы Камбар-Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке кириши мамлекетибиздин саясый-экономикалык турмушундагы чоң окуя болгон. Эми тезек тербейбиз деп кубанганыбызды айт. Анткени ушул биринчи агрегаттан эле жылына 750 млн.киловатт-саат энергия өндүрүп алмакчы болгонбуз. Президент Р.Отунбаева көшөгөсүн ачып, кнопкасын басып, биринчи аталган агрегатты ишке киргизгенден бери болгону 19 млн. киловатт-саат энергия өндүрүлүптүр. Бул таз кейпибиз менен жылдык энергия өндүрүү 500 млн.киловатт-саатка да жетпей турганы көрүнүп калды. Ошентип өтө шашылыш, ашкере шаңдануучулук менен чала бүткөрүлгөн кылым курулушу Кыргызстанды кыйла оңтойсуз абалга алып келгени аз келгенсип, бюджеттен дагы кошумча каражат тиленип турган чагы.

Карайлаткан Камбар-Ата 2
Камбар-Ата 2 ГЭСинин карт тарыхы бар. Анын курулушу мындан 25 жыл мурда эле (1984-жыл, 27-март) башталган. Демейде мындай курулуштарды бир дем менен эле бүткөрүп кетүүчү күркүрөгөн союз бул ГЭСке келгенде эмнегедир кашаңдык кылгандай. Ошентсе да 6-7 жылдын аралыгында 80-90% дык жумуштарды аткарып койгон. Дагы 1-2 жылда аягына деле чыгып коймок, өзү союлуп кетпедиби.
К.Бакиев бийлиги анча-мынчасы эле калыптыр, калганын өз күчүбүз менен бүтүрөбүз демилгесин көтөрүп чыгып, бюджеттен оңбогондой каражат бөлүп, шымаланып жакшы эле киришкен. К.Бакиев үчүн бул ГЭСтин бүткөрүлүшү баарыдан мурда саясый максат, Орусия менен сүйлөшүүдөгү көзүр карта болчу. Эптеп бүтүп кетсе "тезек тергиле" деген сөзү жуулуп, мен курдурдум деп көкүрөк кагып турмак. Экинчи жагынан каражат жетпейт шылтоосу менен Орусиягабы же башкагабы, "пулдап" жибергенге шарт түзүлмөк. Ансыз да Камбар-Ата каскаддарын бетине кармап 300 млн. доллар алып жиберген.
Бул идеяны УӨ өкмөт да укмуштай илбериңкилик менен илип алды. Алар да бул курулушту будамайлап бүткөрө салып эл көзүнө жакшы көрүнүүнү, эң негизгиси, Бакиев таптаган жолго түшүп Орусия менен сүйлөшүүдө туз кармаган оюнчудай бекем турууну көздөгөндүгү эми билинип отурат.
Ошентип кылым курулушу 2007-жылы кайра башталган. Баштаганда да 25 жыл мурда коюлган агрегаттар бүгүн жарайбы-жарабайбы, майлап-сүттөп койчу жерлери барбы дегенге бурчамы келбей, тоону томкоро жардырып, сууну бөгөй салышкан. Шашкан шайтандын иши экен, жарытып жардыра алышпай 1 млн. 700 миң куб тоо топурагынын ордуна болгону 780 миң куб гана тоо көчүрүшкөн. Айласыздан плотинанын деңгээлин 63 метрге чейин көтөрүү үчүн калган топуракты ташып төгүүгө туура келип, ашыкча каражат кеткен. Жалпысынан Камбар-Ата 2нин биринчи агрегатын ишке киргизүүгө 9,5 млрд.сом жумшалган.
Жогоруда айтканымдай, УӨ бийликке келген эле күнү Камбар-Ата ГЭСи белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт деп жар салган. Анан бүткөрүштү. Президент Р.Отунбаева аталган ГЭСтин биринчи агрегатынын ачылыш кнопкасын басып тарыхта калды. Ал күндөрү калпагыбызды көккө ыргытып баарыбыз эле сүйүнгөнбүз. Бирок сүйүнбөй сүмүрөн калалы. Ошондон көп өтпөй эле "Жаңы Агым" газетасына (№12 (012), 24-сентябрь, 2010) жеке булактардан алынган фактыларга таянып жазылган "Калп Камбар-Атадабы же канайымдабы?" деген макалада ишке берилди деген биринчи агрегаттын генератору эч кандай энергия бербей эле бош айланып жатканы, генераторго суу кое берүүчү крандын коюлбагандыгы, наркы 140 млн.рубль турган ал крандын Кыргызстанга али алынып келинбегендиги, ансыз генераторду иштетүүгө болбой тургандыгы, авариялык системанын иштебегендиги,
ГЭСке ток кетүүчү өткөргүчтөрдүн тартылбагандыгы, агрегаттын системаларын муздатып туруучу трансформаторлордун (2 млн. долларлык) жараксыздыгы өңдүү кемчиликтер бар экендиги айтылган.
Буга ал кездеги энергетика министри О.Артыкбаев бүргөдөй секирип чычалаган. Көрсө, Камбар-Ата 2нин жамаачысы муну менен эле бүтпөйт экен. Качкын президент К.Бакиев кыргызга бир жакшылык кылайын дегенби, "Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги плотинаны суу жеп кетиши мүмкүн, ошо жагына көз салса дегендей видео керээзин калтырыптыр.
Иш ушундай экенин эмки энергетика министри Аскарбек Шадиев да безилдеп айтып, депутаттар корпусун өзүңөр барып көрсөңөр боло деп чырылдады. Анын белгилөөсүнө караганда, тоону жардырып көчүрүү 43%га гана аткарылган. Ошондой эле бетондоп үлгүрө албай калгандыктан бир трубада килейген тешик пайда болуп, топуракты эшип жеп жатыптыр. Мындайда топурак-таш аралашкан суу агымы генератор үчүн канчалык коркунучтуу экенин айтпай эле коелу. Ошондой эле биринчи жана экинчи тоннелдин ортосунан суу тамчылап, бара-бара жаракага айланып, андан чыккан суу генераторго өтүп кетиши мүмкүн дейт министр.
Ошентип курулуп бүтсө өндүрүлгөн энергияны айтпаганда да жыл сайын 1,2 млрд. сууну үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк берүүчү Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги азыркы абал ушундай. Муну менен кыргыз бийлиги Камбар-Ата 1 ГЭСинин да келечегине балта шилтегени турушат. Анткени Өзбекстан бул
ГЭСтердин курулушуна эбактан бери эле каршы болуп келген. Алардын сапаты боюнча эл аралык эксперттерди да тартып жаткан. Эми ачылып калган жогоркудай жоорубузду чукубайт деп ким кепил боло алат.
Темирбек Алымбеков,
тел.:38-68-13


кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??