presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элге кебин айтпаса эрендерден не пайда?

КР Маданият жана маалымат министри Нурлан ШАКИЕВ:
"Садык Шер-Нияз министр болгондо сүйүнгөм…"
- Нурлан мырза, сиздин Маданият жана маалымат министрлигине келишиңиз маалымат каражаттарында көптөгөн сын пикирлерди жаратты. Мунун негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Тилекке каршы, кээ бир учурда биз билип-билбей эле жеке таарынычтарды анан көралбастыктарды алдыңкы орунга коюп алабыз. Мына, Исхак Раззаковдун куттуу иш бөлмөсүндө отурам (учурда Маданият министрлиги жайгашкан имаратта Раззаковдун тушунда кыргыз өкмөтү отурган), мени жазган гезиттердин көбүн окубайм. Бирок угуп жатам. Себеби анча-мынча пендечиликтен жогору туруп, ушак-айыңдан алысыраак болгонго аракет кылам. Кээ бир журналисттер "биз баягыда сени минтип жаздык эле, капа болгон жоксуңбу?" деп өздөрү сурап калып жатат. Аларга айтаарым, мен бул кызматка суранып келген жокмун. Биринчиден, кудайдын буйругу, экинчиден, мени билген адамдар сунуш кылды. Башкалар буга чычалайбы, көралбайбы, башын ташка урабы, бул алардын пендечилиги. Мен ага капа болбой, терикпей, өз ишимди кыла берем. Алар жазгандай мокочо же жинди болсом кудай мага бул кызматты ыроолобойт эле. Кесиптештерим ошону түшүнө албай жатат. Чындыгында Садык Шер-Нияз ушул жерге министр болгондо маданиятты көтөрө турган киши келди деп сүйүнгөм. Андан кийин маданият тармагын түшүнбөгөн адам келди дегендерди алардын жеке пикири деп ойлойм. Бирок ошолор менин аз болсо да басып өткөн жолума бир саресеп салып коюшса мындай пикирден алыс болмок. Кантип мен маданияттан алысмын, эгер он тогуз жашымда маданият тармагын чагылдырган "Обон" менчик гезитин жетектесем, жыйырма жашымда "Учкун" деген саясый гезитти башкарсам, жыйырма эки жашымда "Эркин Тоо" өкмөттүк гезитинде редактордун биринчи орунбасары кызматын аркалап беш жыл иштесем… Андан кийин белгилүү себептер менен Акаевдин бийлигине оппозицияга кеттим. 2005-жылдагы 24-март революциясынан кийин өзүм мурда иштеп кеткен гезитке башкы редактор болуп келдим. Ал жерде бир жыл жети ай иштедим. Эми чындыкты айтсаң мактангандай болосуң, бирок ошол "Эркин Тоо" гезитинин жамааты баары күбө, барып сурагыла, менин убагымда кандай эле, кыска убакыттын ичинде аталган гезиттин материалдык-техникалык базасын кандай оңдоп кеттим. Ошол коллективге ыракмат, алардын көпчүлүгү мен министрликке келгенде гезит аркылуу кылган ишим тууралуу жылуу сөзүн айтышыптыр.
- Ал эми президент К.Бакиев-дин басма сөз катчысы болуп турганда кандай иштерди жасадыңыз?
- Бул кызматта эки жыл жети ай иштедим. Маалымат катчысы - мамлекеттик саясый кызмат. Анда өз алдынча иш-аракеттерди жасоо мүмкүн эмес. Эң башкысы, саясый интригаларга аралашпай милдетимди так аткарууга аракеттендим. Кийин ЭлТР коомдук телерадио каналында бир жыл эки ай жетекчилик кылып турдум. Ошондо да бул жигит гезит менен жүргөн неме, телени түшүнбөйт дешкен. Чындыктан качпаган адамдар, бүтүндөй кыргыз эли күбө, башында аталган канал кандай эле, кийин кандай болду? Мен ЭлТРди спутникке чейин чыгарып койдум. Бул каналды азыр 54 мамлекет көрөт. Бул идеяны ишке ашырууда ошол эле президенттин Малеваная баштаган катчылыгы мага каршы болгон. Президентке мындай нерсе болбойт деп кат жазышкан. Мен ошондой тоскоолдуктарды жеңип, инвестиция тартып, идеямды ишке ашырдым. Мындан башка ЭлТРдин материалдык-техникалык абалы кандай эле, мен келгенде кандай болду, кыргыз эли билет. Мына бүгүн менин бул министрликке келгениме бир ай бир күн болду, мекемедеги ар бир кызматкерден сурагыла, мен бул тармакты түшүнөт бекем, же түшүнбөйт бекем.
- Сизге 7-апрелден кийин ЭлТРге байланышкан кылмыш иши козголгон. Бул маселе азыр кайсы чекте?
- Бул боюнча гезиттерден окудум. Ал маалымат мен министр болгондон кийин чыга баштады. Анан кандайча мага кылмыш иши козголушу мүмкүн деп таң калдым. Муну тактайын деп Ошко, мага иш козгогон прокуратурага барып, кылмыш ишин козгодуңар, иш менен тааныштыргыла дедим. Көрсө ал май айында козголгон кылмыш иши экен. Эмне себептен козгодуңар десем, менин үстүмөн "Шакиев ЭлТРди жеп-ичип талкалап кетти, ушуга иш козгогула" деп Жамбыл Камчиев арыз жазыптыр. Прокуратура ошонун негизинде иш козгоптур. Мен ЭлТРди башкарып турганда Жамбыл Камчиев "концерт койгону жатам, реклама кылайын дедим эле каражатым жок, бирок концерттен түшкөн акчадан төлөп берейин, кепилдик кат менен уруксат берсең концертимдин рекламасын теледен берейин" деп келген. Мен ага жардам иретинде рекламанын акчасын концерттен түшкөн акчадан кутулуу шарты менен макулдугумду бергем. Бирок концерттен кийин Жамбыл Камчиев келбей койду. Эки ай өткөндөн кийин мен юристти жөнөттүм. Жамбыл келип "мен карызымды төлөй албайм, себеби концерттен банкрот болдум, бирок менде концерттин диски бар, аны 19 миң сомго ал, ошону менен карызым жабылсын" деди. Андай кылууга болбойт эле. Мен ага ушундан уялбайсыңарбы деп катуу айттым. Жамбыл ошондо сөгүнүп, сага көргүлүктү көрсөтөм деп чыгып кеткен. Ал ошол жеке таарынычынан менин үстүмөн прокуратурага арыз жазыптыр. Прокуратура эч кандай мыйзам бузуу жок деп, бирок мага бир гана доо коюптур. Аны ЭлТРдин кызматкерлери билет, мен ишке жаңы келген учурда аталган телеканалда машина тартыш болчу. Бул жакта болгону эки гана машинабыз бар эле. Анан президенттик шайлоонун асты болуп калды, жамаат рекламадан түшкөн каражаттарды топтоп, бюджеттин эсебинен эмес, атайын каражаттын эсебинен үч машина алууну чечтик. Жобо боюнча өзүбүздүн каражатка өзүбүз ээ эмес экенбиз. Өкмөттөн уруксат сурашыбыз керек экен. Андыктан мен өкмөт башчысына бизде машина тартыш, өзүбүздүн рекламадан тапкан акчабызга үч автомашина алууну чечтик деп кат жолдодум. Премьер-министр макул болуп, өкмөттүн буйругун чыгарып беребиз деди. Бирок базардан үч машина сатып алганы жатканда ал жерде бизге ылайык дагы төртүнчү машина кошулуп калды. Өзүң билесиң, дүңүнөн алганда арзан болот. Биз мүмкүнчүлүктү пайдаланып ЭлТРдин эсебине төртүнчү автомашинаны да алдык. Мен дароо премьер- министрге силер үч машина алууга уруксат бердиңер эле, төртүнчү машина да чыгып калды, аны да алалы деп кат жаздым. Премьер-министр ала бер, токтомду кийин чыгарып беребиз деди. Мен алдым, токтом чыккан жок. Эми өкмөттө ошондой бюрократия бар, барган каттар айлап-жылдап жүрө берет. Ошентип арадан бир-эки ай өттү окшойт, ортодо премьер-министр алмашып кетти. Жаңы премьерге аны түшүндүргөнчө үч-төрт ай өттү. Төртүнчү машинага токтом чыкты, бирок кечикти. Ушул жерден прокуратура сен төртүнчү машинаны мыйзам бузуу менен өкмөттүн токтому чыга электе сатып алыпсың деп жатат. Бирок мен өз учурунда өкмөт башчыга кат жазгам да. Ал сакталуу. Андыктан мен ойлойм, бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок, болгону процедура бузулган. Бирок иштин кызыкчылыгы үчүн көп жерде эле ушундай болот. Эң башкысы, мамлекетке зыян келген жок. Учурда төрт машина жүрүп турат. Мен аларды чөнтөгүмө сатып алган эмесмин. Бардык кагаздар жайында. Прокуратура учурда бул кылмыш ишин логика боюнча деле кыскартышыбыз керек деп айтышты. Аны коллегаларым мен киши өлтүрүп койгондой же миллион сом жеп алгандай кылып уу-дуу кылганына чынында абдан кейидим. Бул иштин жөн-жайы тууралуу менден бир ооз сурап коюшса болмок.
- Президент Курманбек Бакиев менен жеке мамилеңиз кандай болду эле?
- Азыр бирөөнү акаевчи, бирөөнү бакиевчи деп жатышат. Эгер бул принципте иш кыла турган болсок, анда мага азыр бийликте тургандардын арасынан Акаевдин же Бакиевдин учурунда иштебегендерди таап бергилечи? Азыркы депутаттардын, өкмөт курамындагылардын, убактылуу өкмөт болуп жүргөндөрдүн кимиси Акаев менен же Бакиев менен иштебептир? Булар Марстан түшүптүрбү? Адамдарды минтип бөлүп-жаруу туура эмес. Ооба, кудайдын буйругу экен, мен президент К.Бакиев менен иштештим, жаман иштеген жокмун. Колуман келишинче өзүмдүн милдеттеримди так аткарганга аракет кылдым. Дагы бир жолу айтам, мен КР президентинин басма сөз катчысы болгом. Мен К.Бакиевдин жеке катчысы болгон эмесмин. Бирок азыр убагында Акаев менен да, Бакиев менен иштегендер да маска кийип алышты, коркконумдан иштегем дегендей… Мен антип айтпайм. Тагдырдын буйругу экен, мен ал киши менен иштештим. Ал киши мени ошол кызматтарга көтөрдү. Бирок мен мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп бердим. Кезинде биз менен президенттик аппаратта иштегендер билет, мен Бакиевдин пресс-катчысы болсом да ал кишинин кемчиликтерин дайыма бетине айтып келгем. ЭлТРде отурганда да айтып жүргөм. Биртоп журналисттер катышкан Бакиевдин жыйыны болгон, ошондо да мен Бакиевдин кемчилигин бетине айткам. Бирок бийликтен кеткенден кийин ал киши тууралуу бир да жаман айткан жокмун.
- Сөзүбүздүн акырында, сиз министр болуп келгенден кийинки күн тартибинде турган негизги маселе эмне болду?
- Биринчи чоң маселе, маданият тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акысы өтө төмөн экен. Тактап айтканда, орточо айлык 2308 сом. Бул эмне деген шумдук? Адамдар ушул айлык менен кантип иштейт? Анан кантип биз маданияттан жаңыланууну, чыгармачылыкты талап кылабыз, же күтөбүз? Мен келгенде эле медиктердин, мугалимдердин маселеси каралып жатканда ушул көйгөйдү парламентке, өкмөткө койдум. Билим берүү менен маданият куштун эки канатындай, бир канатын күүлөп, бир канатын таштап койсок болбойт, ушуну чогуу эле карасак жакшы болот эле деп министр катары маселе көтөрдүм. Өкмөт башчысы Алмаз Шаршенович да ушундай пикирде экен. Вице-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Ибрагим Жунусов да колдошту. Буюрса 1-майдан баштап маданият чөйрөсүндө иштегендердин айлык акысы эки жарым-үч эсеге чейин көтөрүлөт. Бул абдан чоң камкордук, стимул. Ушундай оор кырдаалда жогорудагыдай чечимге барганы үчүн коалициялык өкмөткө ыракмат айтышыбыз керек. Эмгек акыдан сырткары учурда театрлардын, филармониянын, опера-балет театрынын акыбалы кейиштүү. Айрыкча театрларда. Кышында жылытуу системасы иштебегенден улам артисттер жөтөлүп, үшүп репетиция кылып жатышат. Бир чети сууктугунан улам да театрларга эл келбейт. Бүгүнкү күндө маданияттын акыбалы ушундай. Менин сыйкырдуу таягым жок, бардыгын дароо оңдоп ийе албайм. Бирок негизги көйгөйлөрүн чечүү боюнча акырындап өз сунуштарымды айтып жатам. Мен ойлойм, мунун жемиши кечирээк болот. Бирок биз ишти баштадык. Көп иш кылабыз буюрса. Андыктан мен маданий коомчулуктун жардамына муктажмын.
Зайырбек АЖЫМАТОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??