28.01.11 - 10-бет: Кайда баратабыз, ыя?
Айдар Акаев, Максим Бакиевдин ордун эми Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов ээледиби?
Куудул Күмөндөр Абылов "аялыма оңой менен баш ийчү эмес элем, кантип мени башкарып калганын билбей калыптырмын" дегендей, Роза Отунбаева айым кантип Кыргызстандын президенти болуп калганын көпчүлүк өтө кеч аңдады. Апрель окуялары, Башмыйзамды өзгөртүү, убактылуу өкмөттүн "концерттери", каргашалуу түштүк окуялары, референдум (калайык калк карап-аңдаганга, санап-ойлонгонго убактысы болбой), анан эле Орто Азиядагы биринчи президент-айымга ээ болуп жатып калдык. Президент болгону Отунбаеванын ишмердүүлүгүн эми араң саресепке салгандар үн ката баштагандай. Албетте Роза айым өткөөл мезгилдин президенти катары кабыл алынып жатканы айдан ачык, бирок мамлекет башында туруп кандай маанилүү иштердин "күнөөкөрү" болуп жатканы али да болсо бүдөмүк. Ошондон улам күдүк жоромолдор, бүтүк дөдөмөлдөр да оболоп келет.

Президент-айымды Нобель сыйлыгына көрсөткөндөр, мөөнөтүн дагы беш жылга узарталы дегендер да жок эмес. Же бакандай кайсы эмгеги үчүн экенин айтышпайт. Кыйын учурда өлкө башына келип калганы үчүнбү? Же президент-айым болуп калганы үчүнбү? Бирок соңку учурда Лондондон миллиондорго сатып алынган хансарайы, уулу Атай Садыбакасовдун, бир тууганы Болот Отунбаевдин тегерегиндеги уу-дуу кепти кайда катып кое алмакпыз? Бир тууганы Болотту эгемендик алганы саясый майдандан дегеле эшиткен эмес элек, эми социал-демократтар партиясынан көрүнүп, же депутат болору, же ал партиянын жетекчиси болору ачык айтылбай, ар кыл кептердин гана бутасына ээ болуп отурат. Ал эми уулу Атай да чуулгандуу иштин башкаарманына алеки заматта айланды. "Манас" аэропортуна күйүүчү май ташыган компанияга уулунун тиешеси бар экен" деген эле сөз Отунбаеванын оюн онго, санаасын санга бөлдү. Авиамай тармагы учурунда Акаевдин уулу Айдарды, Бакиевдин уулу Максимди эч кимди тааныбаган "эргулдарга" айлантканын эл жакшы билет. Бирок ушунча болуп мурунку бийлик да, кийинки бийлик да президенттин уулдары кантип акча жегендерин, коррупциялык схемаларын көзгө сайып көрсөтүшө элек. Ооз жүзүндө гана орок орушууда. Атүгүл Роза айым өзү далил фактыларды келтирип, он айдын ичинде ал схеманы ойрон кылып койгонго чамасы чак бойдон.
"Манас" аэропортундагы америкалык базаны күйүүчү май менен камсыз кылуу абдан кирешелүү тармак. Күйүүчү майды "Мина корп" деген америкалык компания жеткирип турат. Азыр ал компаниянын коррупциялык схемаларын Башпрокуратура алты айдан бери аңтарып жатат, эл күткөн жыйынтык дале жок. "Мина корп" америкалыктарга тиешелүү болгондуктан, АКШ Конгрессинде да иликтөө жүргөн. Бирок алар мыйзам бузуу табалбай, бул компания кайрадан кыргыз өкмөтү менен келишим түзүп өз ишин улантып келет. Эң кызыгы, 7-апрелден кийин кайдан-жайдан "Мега-ойл" деген жаңы компания пайда болду. Анын артында ким турары да белгисиз. Президент да, өкмөт да бул компания жөнүндө ооз ачышпады. Имиштерге абай салсак, вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен президенттин уулу Атай Садыбакасовдун кулактары көрүнөт. Бул сөз кайдан? Акча бар жерде сөзсүз Бабановдун ысымы аталашына таң калбайбыз дечи, а президенттин уулу кайдан сөзгө илеше калды десең? Бул имиштин төркүнү кайда?
Роза Отунбаева жакында туугандарынын авиамай чуусуна эч тиешеси жоктугун, аталган компаниянын медиа чөйрөдө президентти жаманатты кылууга багытталганы - компаниянын "жанталашып" өзүн актоого, күмөндүү ишмердүүлүгүн улантуу үчүн жагымдуу шарт түзүүгө болгон аракети катары белгилеп, бирок уулу Атайга "Мина корп" өздөрү чыгып жолуккандарын, уулу бул тармакка эч тиешеси жок экендигин айтканын белгилеп кетти. Мурунку президенттер да ушинтип жокко чыгарып, атүгүл карганып жиберишчү эле. Эми жаңы президенттин сөзүнө кантип ишенбейли. Бирок анча болду, апрелде түзүлгөн "Мега-ойл" компаниясы тууралуу так маалымат берип кеткенде эмне? Kginform агенттигинин маалыматы боюнча ошол эле "Мега-ойл" январдын башында тоннасын 850 доллардан 15 миң тонна авиакеросин "Манас" мамконцернине саткан. Алар болсо "Мина корп" корпорациясына тоннасын 1050 доллардан сатып отурат. "Манас" авиабазасына жылына 40 миң тонна май керектелет. Анан эсептей бериңиз, бир тоннадан эле таза кирешеси 200 долларды түзүп калат экен.
Эми Атай Садыбакасов кандайча компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп калды? Роза айымдын айтуусу боюнча "Мина корп" уулуна өздөрү чыккан экен. Тиешеси жок болсо, анда Атай Садыбакасов алар менен эмнеге жолугат? "Тиешем жок" деп айтыш үчүн элеби? "Тиешем жок" деп жолукпай койсо болбойбу? Ал эми "Мина корп" Вашингтондон үн катып, Кыргызстандын президенти, премьер-министри да алардын ишмердүүлүгүнө саясый боек сүртүп жаткандарын белгилеп, бирок ага карабай кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экендиктерин, ошондуктан президентке жакын кишилердин өтүнүчү боюнча уулу Атай Садыбакасовго башка өлкөдөн жолуккандарын, сүйлөшүүдө өкмөт менен болгон мамилелер, менчик маселеси талкуулангандыгын, бирок эч майнап бербегендигин, алар эч кандай мыйзам бузууларга барбастыгын, келишимдин негизинде гана иш жүргүзөрүн, президент Отунбаева айткандай эч кандай күмөндүү ишмердүүлүк жөнүндө сөз болууга мүмкүн эместигин, АКШ Конгрессинин, АКШ коргоо министрлигинин текшерүүлөрү эле компанияны актап койгондугун, Кыргызстандын Башпрокуратурасы алигүнчө мыйзам бузуу болгондугун көрсөтө албай келаткандыгын белгилешкен.
Учурунда Бакиевдин мурдун балта кеспеди. Ал эми президент-айымдын саясый бейнесине сүртүмдөр али алдыда деп ишенип туралы.
Сейит ЖАПСАР уулу


  Кимге ишенебиз?

Андагысы туурабы же азыркысыбы?
Азыр саясатчылардын айтканына ишенүү кыйын болуп калды. Себеп дегенде бир эле окуя жөнүндө учурунда бир пикир айтса, убакыт өткөн соң башкача пикир айтканын көп эле угуп жатабыз. Ушуга байланыштуу айрым чиновниктердин андагы жана азыркы айткандарын ортого салабыз.
Кеңешбек ДҮЙШӨБАЕВ,
УКМК жетекчиси:
- Оштогу, Жалал-Абаддагы башаламандыктын катышуучуларынын арасында ӨКМдин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев да болгон. Мындан сырткары, бул акцияларга "Ак жол" партиясынын мүчөлөрү, экс-министрлер активдүү катышкан. ("Вечерний Бишкек", 25.06.2010)
- Кыргызстан атайын кызматы түштүктө-гү этникалык кагылышууларды токтото албаганынын себеби, биз Максим, Жаныш Бакиевдердин телефондук сүйлөшүүлөрү боюнча 2010-жылдын 22-июнуна даярданып жатканбыз. Сүйлөшүүнү болсо май айында эле тутканбыз. (24.kg.19.01.11)
Камчыбек ТАШИЕВ, депутат:
- Июнь айындагы чоң кагылышты болтурбай койсо болмок. 7-апрелден кийин бийликке келген адамдар билимине, илимине, же болбосо эл-журт арасында кадыр-баркына карабастан, каалаган адамдарды каалаган жумушка коё башташты. Ошонун кесепети июнь айындагы өзбек-кыргыз кагылышына алып келди. ("Азаттык", 22.01.2011)
- Биз ал кишини (Бакиевди) сактап кала албадык, бирок акыр-аягы келип, мына көрүп турасыздар, Бакиевди биз алып келебиз мамлекетке! "Ата мекен", КСДП, БЭК партиялары бийлигин колдонушса, эртең алып коебуз колдорунан, билесиздер! (АКИpress, 07.10.2010)
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ,
депутат:
- "Менин Кадыржан Батыров менен эч кандай байланышым жок. Мен аны менен эки-үч жолу гана телефон аркылуу сүйлөшкөм. Мен ага анын иш-аракеттери мыйзамга каршы келерин эскерткем. Ал "Ата мекен" партиясын коркок деп айыптаган. Эгер биз дос болсок, ал ушинтип айтмак беле?" (24.kg,13.0710)
Кадыржан
Батыров:
- Мага Өмүрбек Текебаев чалып жардам сурады. Анан бизге анын иниси Асылбек Текебаев келди. Кийинчерээк мени менен Отунбаева, Бекназаров, Текебаев, Эмил Каптагаев байланышты. Анан Темир Сариев да тынымсыз чалып жатты. (СКУНС-ИНФО интернет гезити. 29.09.2010)
Темир САРИЕВ,
экс-каржы министри:
- Кылмыш ишин козгоп, Максим Бакиев менен Михаил Наделди алып келип, алардын акчаларын кайра алып келип банкка салдырыш керек. Бул боюнча тергөө органдары, Улуттук банк катуу иштөөсү керек. ("Азаттык")
- Апрелден кийин банктардын ячейкаларынан жалпы суммасы 21 миллион доллар алынган жана алардын Марат, Максим Бакиевдер менен Бакыт Калыевге жана башкаларга таандык экендиги аныкталган. Ал эми ал каражаттын кайсы бир бөлүгүн убактылуу өкмөт түштүктөгү абалды турукташтыруу үчүн сарптаган. Атап айтсам, алгач 1 миллион 999 миң доллар, экинчисинде 5 миллион доллар алынган.
Азимбек БЕКНАЗАРОВ,
экс-вице-премьер:
- Миллион доллар тууралуу Т.Сариев экөөбүздүн ортобуздагы сөз кадимкидей эле сүйлөшүү. Биринчиси, мен аркылуу болгон иштердин баары кеңешилип жаткандыгынын белгиси болсо, экинчиси, Бакиевдер түштүктү ээлегенге тынымсыз, күн-түн дебей аракеттенип жатканда, стабилдүүлүктү жөнгө салуу максатында революцияны колдогон элди Жалал-Абад, Ошко ташуу үчүн каражатты кайдан табуу керектиги жөнүндөгү сүйлөшүү эле. Сүйлөшүүдө мен Сариевге мыйзам бузулбасын деп жатам, ал "кантип мыйзамга тууралайбыз" деп менден сурап жатат. Ал учурда бир да банк иштебей турган. Бухгалтерия, касса жок болчу. ("Алиби", 30.11.10)
Азимбек
Бекназаров:
- Мейли минус деп өткөргүлө. Минусуна булар токтом чыгарат. Токтомдо кимдир бирөө алыш керек. Силерден бирөө алыш керек. Баягыда мен ошондой кылгам.
Темир Сариев:
- Беш жылдан кийин булар текшерсе жеп койгон деп айтат да. Ошон үчүн ал жерде кагаз калбаш керек. Мурунку актыларды айрып туруп, 19ду 18 деп жазып, ошону менен кетиш керек. (Интернет булактары. 19.05.2010)
Даярдаган
Мелис СОВЕТ уулу