21.01.11 - 19-бет: ДҮЙНӨКҮН
Өлсө дагы акча табышат
Москва шаарынын депутаттары ушул жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин 903 миллион рублга камсыздандырылышат. Бул жол менен ар бир депутат 25 миллион рубль ала алат. Мосшааркеңеште 35 эл өкүлү бар. Эгер бул убакыттын ичинде депутат майып болуп калса көрсөтүлгөн сумманын 15-75 пайызын ала алат. Эгер каза болуп калчу болсо анын жакындары миллиондорду колуна алышат. Мындай нерсени кыкемдер укпаса экен деп эле калдык. Биздин депутаттар өзүнө шарт түзүүнү жакшы көрүшчү эле…

Оттон ысык ким эле?
Италиянын Феникс Милано машина кооздоочу ательеси кытайлык бир бизнесменге корпусу жалаң алтындан жасалган "Фиат 500 С" автоунаасын жасап беришти. "Ла Дольче Вита Голд энд Диамондс" атты алган бул зер күлүктүн баасы 550 миң еврону түздү. Унааны кооздоодо 999 пробадагы мыкты алтын колдонулган. Мындай белекти кытайлык чоң капчык 18 жаштагы ойношуна арнаптыр.

Арнольд кайра экранда
2003-жылы "Терминатордун" үчүнчү бөлүгүн тартып бүтөөрү менен Калифорния штатынын губернатору болуп кеткен Голливуд жылдызы 2011-жыл кирээри менен кызматын демократчыл Джерри Браунга өткөрүп берди. Ал мезгилде киного тартылбай жүргөн актер болгону бир жолу жалаң жылдыздар тартылган "Ээ-жаа бербегендер" ("Неудержимые") аттуу тасмада эпизоддук ролду ойноп берген. Эми кино жылдызы "Эр жүрөк", "Перл Харбор" аттуу тасмалардын режиссеру Рэндолл Уоллестин тасмасына тартылууну чечти. Арнольдго биртоп студиялар баса калып башкы ролду сунушташкан. Бирок темир губернатор экинчи дүйнөлүк согуштагы баатырдын ролун жараткысы келиптир. Буюрса жакынкы айларда Шварценеггердин жаңы тасмасына күбө боло алабыз.

Уят кылбайт маскана
Колчестер шаарында алкаштар көп. Бирок бул шаар байыркы калаа болгондуктан туристтер көп келет. Келгендердин баары эле ичимдик ичип жинге тийген жергиликтүү тургундардан жийиркенишчү. Жакында жергиликтүү бийлик шаардын эл көрбөгөн чет жагына маскана ачышты. Ал жакта ичимдик арзаныраак болгондуктан, тамагы кургап тургандардын баары ошол жакка бара башташты. Ал эми туристтер Колчестерде алкаштар жок дегенге ишенбей кайра кетип жатышат.

Чылап ичкиле
АКШнын Атлантик-Ситисинде Америка сулуусу конкурсу бүтөөрү менен трансвеститтердин конкурсу башталат. Бул салтка айланган жарышта Китти Хикап атты алып жүргөн 32 жаштагы Дэвид Хайленд эң сулуу трансвестит болуп табылды. Алар сулуулар конкурсундагыдай эле ырдап, бийлеп, калыстардын суроолоруна жооп беришип, купальникчен чыгышты. Ал эми чыныгы сулуулар конкурсунда 17 жаштагы небраскалык Тереза Скэнлен жеңүүчү аталып, АКШнын сулуусу деген титулга ээ болду. Бирок окурмандардын айтымында, Тереза 17 жаштан алда канча улуу көрүнөт экен. Сүрөттү көрүп өзүңүздөр баа бериңиздер.

Жаныбардын Ленини
2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өткөн дүйнөлүк биринчиликте сегиз беттештин жыйынтыгын туура айтып берген көзү ачык осьминог Паулдун жылдызы жанган эле. Ал октябрь айында о дүйнө көздөй кете берген. Анын күйөрмандары ушунчалык көп болгондуктан Германиянын Оберхаузен шаарынын океанариумуна Паулдун эстелиги коюлуп, ага атайын мемориалдык комплекс салынды. Ал жерде маркум көзү ачыктын күлү да атайын кутучага коюлат.

Уурунун жолу кууш беле?
Кельн шаарында белгилүү бир фирмалардын кеңсесине түн жамына уурулукка кирген кылмышкерлер лифтке тыгылып калышып, аны өздөрү ачабыз деп колу кыпчылып, авариялык учурда чалынуучу телефондон куткаруучуларды чакырууга аргасыз болушкан. Полисайлардын колуна түшүп калышкан жолу жок кылмышкерлер аман калгандарына сүйүнүп темир тор артына камалганы кетишти.

Гитлер ичпей калган экен
Германиянын Кайзерштуль аймагында экинчи дүйнөлүк согуш учурунда катылган 500 даана вино табылды. Адистер ичип көрүп вино жарамдуу экен, муну кымбат баада сата турган нерсе экен деп тыянак чыгарышкан. Учурда көпкө сакталган көп сандагы виного кызыккандар көп болгондуктан, аукционду кийинки жылга калтырууну сунушташкан. Ага чейин винолордун бөтөлкөлөрү тазаланып, сыртына мыкты сапаттагы этикеткалар чапталат.

Сатылбаган ушул эле калды эле
Улуу Британиянын атактуу премьер-министри Уинстон Черчиллдин жасалма жаагы аукционго коюлуп, 19-январь күнү 19 миң фунт стерлингге сатылып кетти (23 миң евро). Алтындан жасалган бул жасалма жаакты жасаган адам Уилфред Фиш мындай эмгеги үчүн рыцарь деген наамга да татыктуу болгон. Ал тиши жок Черчиллди так сүйлөтө турган жаак жасап бергени үчүн ушундай жогорку сыйлыкка көрсөтүлгөн.

Маяк бербечи…
Днепетровскийдин "Сырдуу арал" зоопаркында жашап келген Гена аттуу крокодилге операция жасалат. Анткени ал көрүүчүлөрдүн биринин колунан түшүп кеткен чөнтөк телефонун жутуп алып, табигый жол менен сыртка чыгара алган эмес. Күн сайын эртең менен алтыда крокодилдин ичинен ойготкуч шыңгыраса, эртеден кечке телефон чалуулардын вибро кыймылдары крокодилге тынчтык бербей жатыптыр.

"Наркобарон"
Колумбия полисайлары өзгөчө көгүчкөн кармап алышты. Бул канаттуу абройлуу кылмышкерлер кармалган түрмөлөрдүн бирине наркотикалык зат ташычу экен. Бул жолкусунда нашаа жөнөтүүчүлөр көгүчкөндүн алы келбеген салмактагы героинди жабыштырып койгон үчүн канаттуу уча албай чарчап калып, полисайлардын колуна түшүп калган.

Алеки салам
Жаңы Зеландия менен Непалдын өкүлдөрү кол алышуу боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд коюшту. Нью-Йорктун Таймс-Скверинде өткөн жарышта бул эки жуптан башка дагы катышуучулар учурашышкан. Бирок күндүн суугунда 33 саат 3 мүнөт эч ким тура алган эмес. Буга чейинки рекорд 19 саат 30 мүнөт 45 секунд болгон эле. Гиннес китебинин өкүлдөрү бул саламдашууну каттоого аргасыз болушту.

Экинчиге чегиртке
Голландиялык профессор Арнольд ван Хейс курт-кумурскалардан даярдалуучу тамактардын рецебин жазган кулинария китебин чыгарам деп чыкты. Мындай кадам акыр заман учурунда, талаа-түздө калган учурларда адамдарга ачка калууга жол бербейт дейт.

Эскобарды эстешпей
Харьков шаарында "Жаңы жылыңар менен харьковдуктар!" деген куттуктоо сөзү жазылган билбордго сүрөттү жасагандар интернеттен эле жылмайып турган бирөөнүн сүрөтүн алып коюп коюшкан. Көрсө, тиги ырсайган неме колумбиялык атактуу наркобарон Пабло Эскобар болуп чыккан. Буга байланыштуу чыр жогорку деңгээлге чыгып кетти.

Өтүгү майрыктар тандады
АКШнын киносынчылар ассоциациясы өзүнүн жыл жыйынтыгын чыгарган сыйлыктарын тапшырды. "Жылдын мыкты тасмасы" деп сынчылар Дэвид Финчердин Фейсбук социалдык желесине арналган "Социалдык желе" аттуу тасмасын аныкташса, Колин Ферт 2010дун мыкты актеру болду. Ал "Король сүйлөйт" тасмасындагы ролу менен сынчылардын купулуна толгон. "Кара ак куу" тасмасындагы ролу үчүн Натали Портман да мыкты актриса деген наамга ээ болду. Сынчылардын табитине баа бергиси келгендер жогорудагы тасмаларды көрүп чыгышса болот.

"Жылдыз" жыдыганда
Америкалык рэппер Гуччи Мэйн мыйзамды көп бузат. Бир нече жолу шарттуу соттолгон ырчы, кезектеги сотунда акылы айнып калды деген диагноз менен жиндиканага жаткырылат. Гуччи ал жактан дарыланып чыгаары менен бетине балмуздактын сүрөтү тартылган татуировка түшүрүп алды. Сүрөттөгү балмуздактын артында тартылган чагылган менен кандай байланышы бар дегенди түшүндүрө албаган рэппердин айнып калганы чындык окшойт.

Адам түгөнүп калгансып…
АКШнын Бостон шаарында кызык окуя болду. Эл каттоо учурунда Сэл аттуу мышыкты үй-бүлө мүчөсү катары адашып каттап алышкан. Жакында Сэлди сот отурумуна чакырышты. Эспезитонун үй-бүлөсү ал биздин мышык, ал сот отурумуна катыша албайт. Ал англисче билбейт деп кайрылышса, АКШнын мыйзамында сот отурумуна катышкандар англис тилин билбесе деле катыша берет деген жооп келип, эми мышык чечим чыгаруучу соттук отурумга кожойкеси менен катыша турган болду. Эскерте кетсек, АКШда соттук отурумдун (суд присяжных) катарына кокусунан тандалган жол менен курам түзүлөт.

www булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ