21.01.11 - 15-бет: Айтса айтпаса төгүнбү
Оолуккандын олуясы көп
Массалык маалымат каражаттарынан ар кандай кабарларды угуп, көрүп отуруп колума калем кармадым. Өлкөдө революция, андан соң июнь окуясы болуп өттү. Ошондой оор кырдаалда Роза Отунбаева, Темир Сариев, Исмаил Исаков, Курсан Асанов, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Сооронбай Жээнбеков сыяктуулардын эмгегин белгилеп койсок андан эч нерсебиз кемибейт. Албетте, депутат Камчыбек Ташиев деле кыргыз эли үчүн июнь окуясында биртоп иштерди жасаптыр. Бирок анын сессияга келгендерди сен эмне кылып койдуң деп кокологону туура эмес. Азыр айрым билермандарыбыз убактылуу өкмөт жеп койду, эскилерди кызматка коюп салды деген дооматтарын коюп жатышат. Мындай негизсиз дооматтарга Азиза Абдырасуловага окшогон "укук коргоочулар" да кошул-ташыл болуп, элди дүргүтүп жатышат. Өлкө тынчыбай жатса түштүктө өлгөндөрдүн мынчасы кыргыз, мынчасы өзбек деп дене санаган Азизанын максаты, көздөгөнү эмне? Муну өзүнөн да сурайт элем. Дегеле укук коргоочулардын айтымына карасаң, сабалган, өлтүрүлгөн, зордукталгандар өзбектер экен да, мыкаачылар кыргыздар экен. Минтип бөлүп-жарбай эле кылмыш кылгандарды улутуна карабай жазалашыбыз керек эле. Дагы бир кемчилигибиз, эмне болбосун эле пикет-митингге чыгууларды адатка айланттык. Стабилдүүлүк болбой жатса, Ак үйгө жөө барабыз, өкмөт, президент кетсин, парламент тарасын деп кыйкыра берип эмнеге жеттик? Анан бизде мыйзам алдында жооп берүү деген болбой калды. Түштүктөгү башаламандыкка тиешеси барлар, анын ичиндеги Бектур Асанов, Үсөн Сыдыков неге жоопко тартылбайт? Буларга окшогон жүздөгөн айыпкерлер эркин эле кызматта иштеп жүрүшөт. Россияда бир орусту кыргыз өлтүрүп коюптур деп мамлекеттик деңгээлде чуу чыгарып жатышат. А канча кыргызды орустар өлтүрүп коюп жатышат. Неге кыргыз бийлиги ооз ачпайт? Парламенттик шайлоодо болсо азыркы депутаттар элди акча, арак менен алдашты. А арактан канча кырчындай жигиттер, келиндер көз жумуп жатышат. Азыр бир да депутат аракты азайтуу боюнча маселе көтөрбөгөнү кызык. Дагы бир жагдай, азыр элдин көбү серепчи, олуя болуп кетти. Божомолдоп оюна келгенди айтышып алар да элдин канын кызытып жатышат. Бийлик неге аларды тартипке чакырып, жөнү жок нерселерди жайылтууга тыюу салбайт? Бул аз келгенсип мугалимдер кыйын учурда өкмөттү демитип чыгып жатышат. Мен кырк жыл мугалим болдум. Согушка чейин, согуштан кийинки биздин акыбалыбыз ит чыдагыс эле. Ошондо да биз унчукпай өлкө үчүн иштегенбиз. Мына ушунун баарын эске алсак, азыр бизге акча, бийлик, мансап, саясат эмес, тартип, ыйман, адамгерчилик, мыйзам керек болуп турат. Ойлонгулачы, туугандарым.
К. АБДЫШҮКҮРОВ, Нарын району, Куланак айылы

Медалдын эки бети
Ташиевди неге ташбараңга ала бересиңер?
Мен кыргыз атуулу катары Ташиевдин өз партиясына бакиевчилерди кошуп алганына нааразымын. Бул жагынан ал киши туура эмес кадам жасап алганы чын. Бирок июнь окуясы болуп жатканда Ош, Жалал-Абадга ким барып, эки элди элдештирүүгө ким салым кошо алды? Мен өзүм көрбөсөм да, ошол кезде ал жакта менин тааныштарым, жакындарым Камчыбек Ташиев менен бирге ок аралап, от кечип жүрүштү. Дагы Кудай сактаптыр, болбосо жүздөгөн адамдын өмүрүн алган ок Ташиевге деле тиймек экен. Анын эрдигин, тайманбастыгын, эли үчүн күйгөндүгүн башкалар билбесе да Ош, Жалал-Абад эли жакшы билет, түшүнүшөт. Бакиев бийлигинин убагында 1993-жылкы Конституцияны ошол кездеги көсөм депутаттар жапырт колдоп, кабыл алып жатканда жалгыз Ташиев "позор" деп басып кетпеди беле. Ошондо Бакиевдин таманын жалаганга даяр чиновниктер учурда кызматтарда отурушат. Албетте андай адамдар "Ата журт" партиясында да бар экени чын. Бирок ошондой чиновниктер ошол эле "Ата мекенде", "Республикада", "Ар намыста", КСДПда жүрүшпөйбү. Буларды көрбөй эле, Ташиевдин партиясындагы бакиевчилерди неге даана, ачык көрүп калдык? Кыргыз азаматтары, аксакалдары илгери өлүп баратса да калыстыкты айтып кетишкен. Мен кыргыз атуулу, чүйлүк жигит катары калыс оюмду калкка сиздердин гезит аркылуу жеткизейин дегем. Менимче, Камчыбек Ташиев кыргыз эл баатыры наамына татыктуу эле иш жасады. Менин пикирим туура эмес болсо, анын эрдигине күбө болгондордун пикирин да угуп көрүңүздөр. Бүгүн менин бул пикиримди туура эмес көрсөңөр, эртең аны тарых, фактылар тастыктап чыгат.
Максат КАРАТАЕВ, Ак-Өргө жаңы конушу

Азыркынын азаматы
Акүйсүз деле аракет кылса болот
Мен Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектепте көп жылдан бери мугалим болуп иштеп келем. Биздин мектеп 1975-жылы Казыбек айылы Пограничник колхозу болуп турганда курулган. Ошол жылдан тарта мектепте бир катар директорлор дараметтерине жараша эмгектенип кетишти. 2007-жылы октябрь айында Алмамбет Эшмамбетов мектеп жамааты тарабынан директор болуп шайланган. Агезде мектептин ички-сырткы абалы начар болгондуктан Алмамбеттин мойнунда чоң жоопкерчилик бар эле. Ошентип директордун аракетинин аркасында акырындык менен мектебибиз оңоло баштады. Эшмамбетовдун демилгеси менен ардагер мугалимдердин, учурда эл, жамаат кадырлаган кесиптештеримдин, ошондой эле көзү өткөн мугалимдердин үй-бүлөлөрү тарабынан класстар оңдолуп, жасалгаланды. Мектептин кире беришиндеги фойени айылдык бизнесмен Болот Кенжебаев 250 миң сомго кафелдеп берди. Буга кошумча ал 2011-жылы мектептин биринчи кабатындагы узундугу 75 метр келген коридорго кафель төшөттүрүп берерин билдирди. Мындан сырткары Алмамбеттин аракетинин аркасында долбоорлор менен иштөө да өз жемишин берип, "Стимулдук грант" долбоору ишке ашты. Долбоордон 1,5 млн. сом каралып, аны менен мектептин чатыры толук жаңыртылды. АРИС долбоорунун жардамы менен мектептин спорт залын жылуулоо иши жакында башталганы турат. Долбоордун өздүк салымын Аскар Салымбеков төлөп берди. Мындай жышаананы айылдын башка патриот уулдары да колдошуп, окуу жылынын аягында райондук, облустук деңгээлдеги спорт оюндарын уюштуруп, алдыңкы окуучуларга стипендия берип, материалдык, моралдык жардам беришерин убада кылышканы кубандырат. Кыскасы, бул ийгиликтер Алмамбет Эшмамбетовдун уюштуруучулук аракетинен улам болуп отурат. Албетте "көп түкүрсө көл" дегендей, мектеп жамаатынын, директордун чарбалык иштери боюнча орунбасары Кубанычбек Кудайбергеновдун да салымдары мактоого татырлык. Сөз аягында, ийгиликке чек болбойт, башка мектеп жамааттары, жетекчилери да заманга шылтап, кол куушуруп отура бербей аракет кылышса деген тилектемин.
Муса МАМБЕТАЛИЕВ, Нааматбек Үсөналиев атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Арман дүйнө
Жан дүйнөңдө жанып турсун сулуулук
Урматтуу "Жаңы Агым" гезитинин калемгерлери! Бул катымды карынын кеби катары басып коюңуздарды суранам. Мен жаш кезимен жетим өсүп, жогорку окуу жайын бүтүрдүм. Жубайым Бурулуш Тыналиева менен кол кармашып мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыктык. Бала-бакыралуу болуп, эл катары жашадык. Балдарыбыз чоңоюп турмуштан өз ордуларын табышты. Эми гана балдардын сыйын көрөр кезде жолдошум каза болуп калды. Карыган кезде түгөйүңөн ажырап калгандан оор нерсе жок экен. Кайгыдан ден соолугум начарлады. Жакында кесиптештерим келип жылуу сөздөрүн айтышып, ичтеги арман-бугумду жеңилдетип кетишти. Ошол кесиптештериме аз да болсо чын дилимдеги ыр түрмөгүн тартуулайын. Мүмкүн болсо көмүскөнү чечмелеген сөзгө орун берип койсоңуздар.
Эсиңдеби

Өмүр чиркин өтүп жатат зымырап,
Өзүңсүз мен жүрөм жашап, кыбырап.
Эске түшүп тосуп чыккан күндөрүм,
Эх чиркин ай, таттуу күлкүң угулат.

Тагдыр мени чөгөлөттүң, кыйнадың,
Ташыркадым, кусаланып ыйладым.
Жылуу сөздөр жүрөгүмдү жибитип,
Кесиптештер кетер кезде кыйбадым.

Ажар, сага каалайм өмүр, аруулук,
Жаша дайым бакыт-сыйга малынып,
Келбет эмес касиетиң бекем тут,
Жан дүйнөңдө жанып турсун сулуулук.
Султан ТУРДАКУНОВ, пенсионер, Жети-Өгүз району, Жон-Булак айылы

Карыздын арты арыз
Эмикинин эпчил мэринин икаясы
Токмок шаарынын мэри Нуржан Абдумажитов 1993-жылы менден 3 миң доллар карыз алган. Аркасынан чуркатып карызымды бербегенинен бир кездеги ИИМ министри Өмүрбек Кутуевге арыз менен кайрылууга аргасыз болгом. Нуржан Абдумажитов кийин жалынып, "азыр миң долларын берейин, карызымды толук алдым деп жаз" дегенинен арызды ал айткандай жазып ишти жаптыргам. Ошондон бери ал тил эмизип келатат. Нуржан Токмокто эки бөлмөлүү үйүм бар деген эле, ал эски, киши жашабаган үй экен. Буга карабай алайын десем үйдүн документтери жок экен. Айла жок албай калгам. Ошентип, Токмок шаарынын мэри Н.Абдумажитов жанына жакын жуутпай келатат. Мындай адам кантип мэр болуп жүргөнүнө таң калам?.. Мен эгер ага жөнү жок доомат айтсам мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын. Нуржан, албетте аман болсун. Кокус көзү жумулуп кетсе кыргызча айтканда карызымды алмайын койдурбайм. Мен болбосом балдарым койдурбайт. Ушуну эске алып койсун.
Жеңишбек АЛЫМСЕЙИТОВ, Бишкек шаары,


7 микрорайон,

16 үй, 52 кв.