21.01.11 - 14-бет:
  Майкечен маек

ОМА:
"Ырчынын деңгээли тойго түшпөш керек"
Толук аты-жөнү: Андарбеков Өмүрбек Андарбекович
Туулган күнү, жылы: 1982-жыл, 15-март
Кичи мекени: Талас шаары
Бою, салмагы: 170 см, 82 кг
Билими: КУУ экономика факультети, эл аралык факультет, Дипломатия академиясы
Хоббиси: спорт
Учурда: ырчы
Жетишкендиктери: Лос-Анжелесте өткөн дүйнөлүк аткаруучулар конкурсунун жеңүүчүсү, сахнадагы артисттик жана вокал боюнча дүйнөлүк чемпион аталган. Төрт алтын, бир күмүш медалдын ээси.


- Өмүрбек, көптөн бери гезит беттерине чыкпай, теледен көрүнбөй, кабарыңды билдирбей кеттиң го…
- Чыгармачыл адам катары таанымал болгондон кийин бул тармакта олуттуу жаңылыгым жок болгондуктан мен үчүн эмес, кыргыз эли үчүн кызыктуу окуялар болбогонуна байланыштуу кичине көлөкөгө туруп калдым. Себеби мен "бутун кайрып алыптыр", "туфлисин жоготуптур" деген жаңылыктар менен деле чыга бергенден алысмын. Акыркы күндөрү гезиттер, жаңылыктар ушундай майда болуп кетти. Мен мындайга каршымын. Андай нерселер Батышта жакшы кабыл алынганы менен биздин элге туура келбейт. Анткени ал жакта бир тармакка башын салган адам ошол гана тармак менен кетет. Ал эми биздин эл көп кырдуу талантка ээ өзгөчө калк. Мындай эл үчүн жанагындай майда-чүйдө жаңылыктар кыжыр келтире турган нерсе болуш керек.
- Анда эмнеге майда эмес жаңылык жаратпай жатасың?
- Бир чоң ийгилик жараткандан кийин андан ылдый турган ийгиликти багынткан анча бааланбай калат. Андыктан багынткан чокуңдан бийигирээгине аракет кылсаң гана алга жылуу болот. Ошондуктан буга чейин басып өткөн сыноолордон кыйыныраагына катышайын деп, орусча айтканда "звездный часымды" күтүп отурам.
- Эл арасында Ома Бакиевдер менен жакшы эле. Ошолор бийликтен кеткенден бери чыкпай калды деген сөз да айтылып жүрөт. Буга эмне дейсиң?
- Эл ар кандай айта берет. Кайсы бир чоңго жагып калып анын назарына түшүп калган талант болсо, бул ошонун адамы тура деп айтылып калат. Мен бир да чоңдун таанышы болгон эмесмин, эч кимдин кишиси эмесмин. Өзүмдүн аброюм менен, аракетим, эмгегим менен эч кимге жалдырабай ушул деңгээлге жеткем. Бакиев президент учурунда мага квартира бергени - бул менин жетишкендигим үчүн мамлекеттин атынан ыраазычылык билдирип бергени болгон. Мен андан жалдырап эчтеке сураган да эмесмин. Менин аракетимди баалап белек берип койсо эле Бакиевдин адамы деген туура эмес го. Анткени кайсы гана өлкө башчысы болбосун элдин атынан ыраазычылык билдирип, мамлекеттин атынан белек бергенге укуктуу. Отунбаева учурунда деле өлкө намысын коргогон азаматтарыбыз үй алып жатпайбы.
- Ошол үй белекке берилип жаткан учурда мына үйлүү болдум, эми үйлөнөм деген убада бердиң эле...
- Мурун үйлүү-жайлуу болгондо дароо эле үйлөнөм деп ойлоп жүргөм. Кийин жакшылап талдап көрсөм, шашылып үйлөнүп алып анан ажырашып кетип, менден үлгү алып жүрүшкөн инилериме туура эмес таасир бергим келбей, үй-бүлө сыяктуу олуттуу маселеге шашпай мамиле кылууну туура таптым.
- Кыздар сыныңдан өтпөй жаткан окшойт. Жага турганы кандай сапатка ээ болушу керек?
- Биринчиден, мага, менин ата-энеме күйүмдүү болгон, тууган-туушкандардын арасындагы мамилелерди билген тарбиялуу кыз болушу керек.
- Менимче, кыргыз кыздарынын баары эле мындай сапатка ээ…
- Туура, кыргыздын кыздарынын баары эле жакшы. Өзгөчө айылда ата-эненин тарбиясын алган кыздар ушундай сапаттарга ээ. Ал эми шаардагы өзүн-өзү билип жаткан кыздардын мындай болуп калышына алар эмес, аларга көңүл бурбай койгон ата-энелери күнөөлүү. Ар адамдын маңдайына бир күн жазылган. Нике кайып деп коет экен, мага да бирөө жолугат деп күтүп жүрөм…
- Үнү жакшы болгон менен Оманын ырлары аз дешет.
- Өзүмдү улуу инсандарга теңебейин. Бирок Атай Огомбаев өмүр бою болгону жети ыр ырдаса, Муса Баетов он эки гана ыр аткарган. Кеп санда эмес, сапатта болуш керек деп ойлойм. Азырынча репертуарымдын кенендиги менен мактана албайм.
- Эмне себептен шайлоодо "Республиканын" камчысын чаптың?
- Бардык эле партиялар көп акча сунуштап чакырышты. Мен партиянын программасы менен анын курамын карап, анан иштөөгө макулдугумду бердим. "Республикада" өзүнүн тармагында ийгилик жараткан, бизнестен тирденген жалаң 30-40 жаштагы байкелер экен. Ошолорго ишенип, булар үчүн элди үгүттөдүм. Анткени өлкөнү эчтекени кыйратпай эле куру сөз менен убада берген адамдар эмес, заманбап бизнестин тилин билгендер көтөрө аларына көзүм жетет. Бирок эч бир партиянын мүчөсү эмесмин, жөн гана үгүттөө иштерине катышып бердим. Саясатка азырынча өзүмдү даярдай элекмин. Саясат оюнчук эмес экенин жакшы билем.
- Ома тойлорго барбайт. Барса да акчаны аябай көп алат экен го…
- Мен досторумдун, жакындарымдын тоюна гана барып куттуктап ырдап берем. Башка тойлорго чакырбасын деп көп акчаны айтып коем. Ошол суммага чыдайм дегендерге барууга аргасыз болом. Себеби барбай койгонго башка шылтоом калбай калат. Анткени мен ырчынын деңгээли тойго түшүп кетишин туура көрбөйм. Кудайга шүгүр, тойдун акчасына муктаж эмесмин.
- Анда киреше булагың каяктан?
- Тарыхта сууну, мануфактураны ээлеген адам бай болгон. Кийинчерээк акчалуулар бай болушкан. Учурда маалыматка ээ адам бай болот. Мен ошол маалыматты туура колдонуу менен акча таап келем.
- Кандайча?
- Мисалы, бир жерде бул товар мынча турса, башка жерде ал товар кымбатыраак турат. Муну көбү билбейт. А мен билдим. Ошонун натыйжасында эле акча жасаса болот.
- Ырчы болбосоң ким болот элең?
- Мен Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов менен күрөшүп жүргөн спортчумун. Жашыбыздан чогуу машыгып келебиз. Мына кечээ эле Данчик менен күрөштүм. Эгер спортчу болуп кетсем жаман жолго түшүп кетишим мүмкүн эле. Бирок ырчылык тоскоол болбойт. Учурда экинчи жогорку билим алып жатам.




  ӨНӨРМАН

Марадонадан ашып түшкөн Месси
Өткөн саныбызда экинчи жыл катары менен "Алтын топтун" ээси Месси болду деп жазсак, бир окурманыбыз телефон чалып "Месси жөнүндө кененирээк жазып койгулачы. Балам Мессинин футболкасын сатып бер деп чатак салып жатат. Биздин убакта эң кыйын футболчу Марадона эле, уулумдун айтуусуна караганда Месси андан да ашып түшкөн имиш" дейт. Окурмандын суранычын орундатып дүйнөнүн эң кыйын футболчусунун өмүр баянына үңүлдүк.

Лионель Месси 1987-жылы 24-июнда Аргентинанын Росарио шаарында жарык дүйнөгө келген. Миллионго жакын тургуну бар бул шаар Аргентина борбору Буэнос-Айрестен 300 чакырым алыстыкта болгондуктан, өтө деле өнүгүп кеткендердин катарына кирбейт. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан Леонун атасы Хорхе металлургия заводунда жумушчу болсо, апасы Силия жөнөкөй пол жуугуч болуп жанын багышкан. Үй-бүлөнүн эркеси болгон футбол жылдызынын Родриго, Матиас деген агалары жана Мария аттуу эжеси бар. Жумушунан сырткаркы убакта Хорхе аксакал "Грандолини" аттуу жергиликтүү балдар командасын машыктырчу. Атасынын жанынан чыкпаган Лео бир нече саат тобун кучактап алып ар кайсы группадагы балдар менен машыга берет. Беш жашынан баштап футболго кадам таштаган Лионелди 1995-жылы "Ньюэллз Олд Бойз" командасы чакырып, келишим менен ойното баштайт. Ал жерде башкалардан өзгөчөлөнгөн шамдагай Лео "сирке" деген атка конот. Алгачкы ири турнирдин алдында биринчи жолу медициналык кароодон өткөн Мессиге адистер өсүү гормону жетишпейт деген диагноз коюшат. Көрсө, кедей үй-бүлө эптеп-септеп курсагын тойгузуп жүргөндүктөн биртоп витаминдерди жебей калган экен. Муну калыбына келтирүү үчүн ири суммадагы каражат керек болгон. Болбосо Месси өмүр бою эчтекеге жарабаган шал болуп калышы мүмкүн эле. Мындай акча Аргентинадан табылбай коет. Бул шарт Хорхе аксакалды баласын колунан жетелетип атактуу "Барселона" клубуна барууга аргасыз кылат. Лео кароо-сынактан өтүп, легендарлуу клубдун балдар командасына жазылат. "Барселона" дүйнөдөгү эң күчтүү доктурлардын жардамы менен Мессини адам кылышат. Дал ушул каталондук клубда биз сыймыктана караган Месси азыркы деңгээлди багындыра алат. Клубдун мындай аракетине ыраазы болгон Месси "Барсадан" эч жакка кетпесин айтып, 2016-жылга чейин келишимин узартып салды. Болгону 23 жашка караган Лионель Мессиден дагы биртоп ийгиликтерди күтсөк болот.
Массалык маалымат каражаттары тарабынан бул футболчуга "жаңы Марадона" деген ат ыйгарылган. Бирок учурда адистердин берген баасына таянсак Лионель Месси Марадоннадан да мыкты оюн көрсөтө алат. Андыктан Мессини кумиринен ашып түшкөн талант десек жаңылышпайбыз.
Багынткан чокулары
2008-жылкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, 2005-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону (турнирдин мыкты оюнчусу жана эң көп гол киргизген мыкты чабуулчу). "Барселона" менен төрт жолу Испания чемпиону аталган (2004/05, 2005/06, 2008/09 жана 2009/10). 2007, 2009 жана 2010-жылдары Испаниянын мыкты футболчусу деп табылса, 2005-2007 жана 2009-жылдары Аргентинанын мыкты спортчусу болгон. Эки жолу чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү (2005/06, 2008/09), 2009-жылы Ла Лиганын бомбардири, 2008/09 жана 2009/10-жылдары Чемпиондор лигасынын бомбардири аталган. 2009-жылы УЕФА тарабынан "жылдын мыктын футболчусу" болсо, 2009-жылы клубдар арасында дүйнө чемпиону аталып, "Алтын топтун" жана "Бриллиант топтун" ээси болгон. 2010-жылы бул эки сыйлык бириктирилип, "ФИФАнын алтын тобун" экинчи жыл катары менен ала алды. Ал бул жарышта акыркы Европа жана дүйнө чемпиондугун багынтышкан клубдаштары Хави Эрнандес менен Андреас Иньестаны ашып өттү.
Месси футбол өнөрүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүп алган бирден бир оюнчу. Өзү сологой болсо да оң тараптан мыкты оюн көрсөтөт. 11 метрлик айып соккусун, стандарттык абалдын баарын мыкты аткара алат. Анын шамдагайлыгынан коргоочулар дайыма эреже бузууга аргасыз болушат. Футбол тарыхында чабуулчуга каршы ойноп айып кагазын алуу боюнча биринчи орунда Месси турат. Анткени коргоочулар Леону чалып гана токтотпосо, мындай эч убакта токтото албайт. Ушундай бийиктиктерди багындырып, көз жоосун алган жаш футболчу карапайым үй-бүлөдөн чыгып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандарды чогултуп, легендарлуу Марадонаны артка калтырып жаткан кыскача өмүр таржымалы кыргыздын мадырабаштары үчүн үлгү болуп, Месси багынткан бийиктикке жол көрсөтүп берээрине ишенебиз.
Бетти даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ