presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Гүлчамбар

Чолпон ЖАКУПОВА:
"Жеңишбекке чыккынчылык кылдык"
7- апрелдеги коогалаңдагы массалык кан төгүүлөр боюнча айыпталган "альфачылардын" укугун коргоп жаткан "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон ЖАКУПОВАдан маркум "альфачы" Жеңишбек БАБАРАИМОВ тууралуу сурадык.
- Сиздин оюңузча, Жеңишбек Бабараимов сот жообуна тартылып атып, кантип Арашанда болгон атайын операцияга катышып калды?
- Ал үй камагында отурган, "кылым сотунда" менин коргоомдо турган жигит болчу. Аны жетекчилик кантип пайдаланып, эмнеге бул операцияга жибергенин билбейм. Бирок мыйзам боюнча аны бул операцияга катыштырып, пайдаланууга жетекчиликтин акысы жок болчу. Республика боюнча атайын даярдыктан өткөн "Альфада" иштеген кызматкерлер саналуу. Ар бир "альфачыны" жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн көп убакыт, күч талап кылынат. Ошондуктан өлкөдө бир нерсе болсо эле "Альфанын" күчүн пайдаланып, астыга салышат. Анткени алар атайын даярдыктан өтүшкөн. Арашанда террористтер менен болгон катуу күрөштө да "альфачылар" барып, ок атылып жаткан үйгө вертолет менен түшүрүлүптүр. Бул операцияны башка жоокерлер аткаралбайт болчу. Бирок алардын ордуна ошондой кызматты аткара тургандар жок болгондуктан жиберишти.
- Үй камагында отурган сегиз "альфачыдан" бөлөктөрү барса болбойт беле?
- "Альфада" канча жоокер кызмат кылат, так санын билбейм. Себеби бул жашыруун уюм. Бирок алардын өтө аз санда экенин билем. "Альфаны" Кыргызстандагы бардык чуулгандуу жерлерде колдонушат. Мисалы, Урмат Барыктабасовдун чуусунда, Оштогу окуяда, Роза Отунбаева түштүккө барганда ушул "альфачыларды" пайдаланышкан.
- 7-апрелдеги коогалаңда сегиз "альфачыга" массалык адам өлтүргөн деген күнөө коюлуп аткан. Алардын күнөөлөрү далилдендиби?
- Алардын күнөөлөрү далилденген жок. Баллистикалык экспертиза эсепте турган курал-жарактардан эч кандай далил табышкан эмес. Негизи мыйзам боюнча далилденбеген ишти сот кайра артка жиберип, же токтотуш керек болчу.
- Сиз "альфачылардын" материалдык абалы, алган маяналары жөнүндө билдиңизби?
- "Альфачылардын" алган маянасы канча экенин билбейм, бирок көп эмес экенин билем. Жеңишбек эки баласы, аялы менен батирге акча төлөп жашашчу. 7-апрелдеги курман болгондорго түздөн-түз күнөөсү барлар, телефонго 60 тыйынды кошуп, электр энергиясын, жылуулукту кымбаттатып, элди дүрбөтүп коюп качып кетишти. Буга карапайым элдин балдарын күнөөлөп соттоп атышат. Бул калыстыкпы? Качкандар чегарадан машинеге үй-бүлөсүн, бала-чакасын салып, коопсуздугу камсыздалган ачык жол менен бейкапар өтүп кетишти. Эмне үчүн саясатчылар күнөөкөрлөрдү сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти? Үй-бүлөсүн алып качып кеткендер тууралуу эч нерсе айтышпайт. Ошондуктан мен карапайым калктын балдарынын тебеленип аткан укугун коргойм. Ал эми 7-апрелде көз жумгандардын жакындарына карапайым элдин уулдарын каршы коюп, туура эмес үгүттөп атышат. Карапайым эл аны түшүнбөй атат. Жакында көз жумган үч милиционерди, Жеңишбекти эскерип, Жеңиш аянтына гүл коюп, куран окуталы десек, аны түшүнбөй бизге каршы митинг өткөрүштү. Ошол жерден бирөө мага атырылып, "Жакупова, сенин да балаң өлүп калсын!" деп айтты. Чындыгында Жеңишбекке мамлекет чыккынчылык кылды. Ал соттолуп атканын билген. Аны кемсинтип, жаман сөздөр менен тилдешти, бирок Жеңишбек ошонун баарына карабай элди коргоо үчүн террористтерге каршы чыгып, парашюттан секирип, өз өмүрүн тобокелге салып көз жумду. Бул деген чыныгы эрдик. Мен үй камагындамын деп ал коркунучтуу операциядан баш тартса деле болмок. Бирок ал анткен жок. Эгер мамлекет ошол Жеңишбек сыяктуу балдарды материалдык, моралдык жактан толук камсыз кылып, ошондо баарына көз жумуп террористтерге каршы элди коргосо бир жөн. Ал эми Жеңишбек үч айдан бери бир да мыйзамды талкуулабаган 120 депутаттын алган маянасынан эки-үч эсе аз акча алчу. Мен ошону түшүндүрөйүн дегем, бирок карапайым эл укпай, жаман сөздөрдү айтышты.
- Жеңишбектин жакындары анын Арашандагы операцияга катышканын билишиптирби?
- Ошондо Жеңишбектин аялы үйүндө эки баласы менен отуруп, телевизордон күйөөсүнүн өлгөнүн угуптур. Телевизордон укса да ага ишенгиси келбей, балким бул башкадыр деген үмүт менен эки баласын кучактап акыркы минуталарга чейин үйүндө жалгыз ыйлап отурган. Ошол операцияга катышкан бардык "альфачылардын" аялдары да телевизордон бирөө көз жумду дегенде менин күйөөм эмеспи деп санаага батып, Кудайга үнү жеткендерин айтышты.
- Жеңишбек көз жумду. Эми аны менен кошо соттолуп аткан жолдошторунун тагдыры эмне болот?
- Алардын тагдыры белгисиз. 7-апрелде жоголгон курал-жарактарды Арашандагы террористтерден тапканын айтышты. Телевизордон 7-апрелде карапайым элдин курал көтөрүп атышып жүргөнүн көргөзүп атат. Негизи мыйзам боюнча атайын мекемелерге кол салуу болсо, күч органдары атууга укуктуу болгон. Эгерде муну жокко чыгаргысы келсе, анда күч органдары кандай гана шарт болбосун ок атууга тыюу салынары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизишсин. Ошол эле президентти, өкмөт башчыларын коргоп жүргөндөр анда курал-жарак албай колдоруна гүл кармап коргошсун. Мына, акыркы көз жумган үч милиционердин колунда табелдик куралы жок экен, алар эмне болду? Мисалы 6-7-апрелде Таласта 631 курал жоголгон. Бишкектен да күч органдарынын куралдары жоголуп элге сиңип кетти. Азыр элде эки миңдей курал-жарак бар. Эмне үчүн ошол жоголгон куралдарды иликтөөгө алышпайт? Эми ошол элдеги куралдар элди атпайт деп ким кепилдик берет. Эгерде ошол жоголгон куралдар террористтердин колуна тийсе, келечегибиз эмне болот?
- Жеңишбек сиз коргогон "альфачылардын" бири болчу. Ал кандай элестерди калтырып кетти сизге?
- Ал абдан токтоо, жөнөкөй, тартынчаак жигит болчу. Анын соттон кийинки акыркы сөзү эсимде калды. Жеңишбек "Чолпон эже, бизди таштабаңыз. Эгерде сиз таштап кетсеңиз, бизди эч ким коргобойт, биздин эч кимге керегибиз жок" деп айткан эле. А тескерисинче, аны мен коргогон жокмун, ал элди, бизди террорчулардан коргоду. Ошол "кылым сотунда" мыйзам бузуулар ушунчалык көп болду. Кимдин мезгилинде, кандай бийликтин алдында жашабайлы, эң негизгиси биз адам экенибизди унутпасак экен.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





(Уландысы. Башы 2-бетте)
Бала Төрөбаев "борзыйбы"?
ЖК регламентине ылайык эл өкүлдөрү 3-6-январда алыскы региондорду кыдырышы керек эле. Бирок вице-спикер Бакыт Төрөбаев регламентти тоготпочудай. Анткени Бакыт Эргешович ошол күндөрү ысык өлкөлөрдүн биринде чартаңбай тээп жүрдү. Эми кантип отчет берерин күтүп атабыз. Же чет жактагы шайлоочуларыма жолуктум деп суудан кургак чыгабы?

Өмүрбектен Өмүрбек кем эмес
Өткөндө "Ата мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев мамлекеттик резиденцияны бошотпой жатканын жазганбыз. Энди 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов да мамрезиденцияда жашоого далалат жасаганын кулагыбыз чалды. Бирок Өмүрчиктин аруу тилеги жүзөгө ашары арсар. Мыйзам боюнча президент, өкмөт башчысы жана спикер гана резиденцияда күн кечириши каралган.

Жоголгон "ийне" көрүндү
Убактылуу өкмөт тарабынан Финансы полиция кызматынын мурдагы ачендиги Акимжан Муйбиллаевге издөө салынган. Арийне, экс-аткаминердин мекенине кайтканына бир айдын жүзү толуп, борбордо ээн-эркин жортуп жүрү. Баягы козголгон кылмыш иштерине жооп бере элек, бул тууралуу укук коргоо органдары деле "лам" дебеди. Же Акимжан мырза да башкаларчылап азыркы бийлик менен жең ичинен "соодалашып", маселесин оң жагына чечип алганбы?

Черин жалаң чет өлкөдө жазгандар
Бүгүнкү күндө Кыргызстан бычак мизинде туру. Ошого карабастан УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев чет өлкөлөрдүн бирине учуп кеткени айтылууда. Анын ал жакта не иш кылып жатканы жана качан кайтары туурасында "үч тамга" адаттагыдай эле унчукпайт. Ага катарлаш Башпрокурор Кубатбек Байболов жубайы менен Америкада эс алып келгени дайын болду.

Илме кайып Искендербек
Жакынкы аралыкта Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов "пошелдордун" сабына илиниши толук мүмкүн. Бошогон орунга "Республика" партиясынын өкүлү дайындалаары күтүлүүдө. Ушу тапта 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов Жалал-Абад губернаторлугуна кимди отургузарын ойлонууда. Эсептөө палатасынын экс-төрагасы Искендербек Гайпкулов парламенттик шайлоодо "Республикага" опол тоодой салым кошкону маалым. Гайпкуловдун ошол эмгеги эске алынып губернаторлукка барабы деп божомолдогон кербезибиз.

Быкыйыңа чыкыйым…
Энергетика министри Аскарбек Шадиев менен спикер Ахматбек Келдибековдун ортосун "кара мышык" аралады. Ток этерине токтолгондо, ЖоКе "боссу" А.Шадиевге "атака" койду. Ал Энергетика министринин "косяктарын" чукуп, аны ММК аркылуу шардана кылат дейт. Аскарбек мырза деле жөн жигит эмес, анын "атакасын" майтарууну караштырып аткандыр.

"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??