presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Түбү тешик казына

Акчасы күчтүү мамлекеттин өзү күчтүү
Жакында 2011-жылдын бюджет долбоору парламент элегинен өтөт. Ал эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапса, анда мамказынанын киреше бөлүгү 61 млрд. 100 млн. сомду түзүп, чыгашасы 79 млрд. 700 млн. сом болмокчу. Анын негизинде бюджет таңсыктыгы 18 млрд. 600 млн. сомду чапчып, бул көрсөткүч ички дүң жыйымдын (ИДЖ) 7,8%ына барабар болору ачыкка чыгат. Буга улай инфляция 7%дан ашпасы күтүлүүдө.

Расмий статистикага ылайык былтыр өлкө капчыгы 65 млрд. сомго кампайган. Натыйжада ИДЖ 5,5%га өсүп, инфляция 8%дан ашпасы болжолдонгон. Тилекке каршы, апрель коогалаңынан кийин экономика тармагы артка кетип, инфляция арааны 17%ды басып жыгылды.
Быйыл деле абал чеке жылытарлык эмес, өлбө жаным өлбөлөп жашап жатабыз. Ошон үчүн кыргыз өкмөтүнүн инфляция 7%дан ашпайт деп үмүт артканы куру кыял бойдон кала бериши толук мүмкүн. Маселенин бир жагы ушундай.
Экинчиден, бюджет тартыштыгын жабууда тышкы каржылоо орчундуу роль ойнойт. Тагырагы, бюджет таңсыктыгынын 16 млрд. 36 млн. 418 миң 400 сому эл аралык донорлордун көмөгү аркасында толукталат. "Тешиктин" калган бөлүгүн ички булактардын эсебинен "бүтөө" пландалган. Ушул факт сырткы карыздын өлчөмү дагы жогоруларын каңкуулайт.

Аткаминерлер баары бир "жейт"
Төмөндөгү таблицада белгиленгендей, республикалык бюджет он фактордун негизинде түзүлөт. Көрүнүп тургандай, экономикалык маселелер жана жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка сарпталган чыгым бюджеттин дээрлик жарымына тете.
Мунун ичинен аткаруу жана мыйзам чыгаруу органына 884 млн. 400 миң сом чегерүү каралган. Бул Атамбаев башында турган министрлер кабинети каражатты үнөмдүү пайдаланууга ниеттенгенинен кабар берет. Себеби, жолборс жылында жогорудагы Ак үй, Көк үй билермандарына 1 млрд. 21 млн. 500 миң сом бөлүнгөн.

Жарытпаган отуз пайыз
Былтыр мугалимдер маянанын аздыгына нааразычылыгын билдирип, "көтөрүлүшкө" чыгышкан. Жыйынтыгында мамказынадан билим берүү тармагына 5 млрд. 289 млн. 100 миң сом бөлүү (өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд. 800 миң сомго арбын - Н.К.) пландалыптыр. Эске салсак, ашыкча делген 1 млрд. 800 миң сом педагогдордун айлык акысын 30%га жогорулатууга гана жетет. Ошол эле маалда мугалимдер маяна көлөмүн эки эсеге чейин көбөйтүү талабын койгондугун унутпасак. Келечек ээлерин тарбиялаган агай-эжейлер менен эсептешүүдөн бөлөк арга жок, алар дүңүнөн жумуш таштаса шайыбыз кетери калетсиз. Демек, өкмөт акени алдыда чоң сыноо күтүп туру.
Айлык акы көйгөйү жеке эле агартуу тармагына эмес медицина чөйрөсүнө да таандык. Жакынкы аралыкта ак халатчандар маянабызды көтөргүлө деп чыкпасына эч ким кепилдик бере албайт. Мындай талапты орундатууга өлкө капчыгынын шаасы жетеби? Жок деп ишенимдүү жооп узатабыз. Не дегенде, саламаттык сактоо тармагына болгону 5 млрд. 669 млн. 600 миң сом гана чегерүү каралган. Быйылкы кошула турган 29 млн. сом менен кайсы тешик бүтөлмөкчү?..

Миллиарддар сууга агабы?
Акыйкаттык үчүн айтышыбыз керек, жаңы бийлик айыл чарбасына аз да болсо назарын бурду. Маселен, былтыр айыл чарба министрлигине 1 млрд. 118,0 млн. сом коросо, коен жылында ал сумма 1 млрд. 305 млн. 400 миң сомго жетти. Ортодогу айырмачылык 232 млн. 400 миң. Арийне, адистер айыл чарбасын ирдентүүгө бери дегенде 3-4 млрд. сомдун тегерегинде каражат бөлүү зарылдыгын какшап келишет. Албетте, буга Ак үйдүн жообу даяр, казынада ашыкча тыйын жок! Антейин десең, коалициялык өкмөттө төрт "ымыркай" министрлик (Маданият жана маалымат министрлиги, Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитет, Калкты социалдык жактан камсыздоо министрлиги, Жаштар иши боюнча министрлик) "көз жарды". Сөз жок, Маданият жана маданият агенттигинин статусу жогорулап, министрликке айланышы, Жаштар иши боюнча министрликтин түптөлүшү колдоого аларлык. Бирок, бири бирин кайталаган мекемелерди жаратуунун пайдасы жок эле. Себеби, ага миллиарддар сарпталат. Жөнөкөй мисал, "туулганына" ай айланбай жатып Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитеттин жылдык "аштыгы" 1 млрд. 992 млн. 500 миң сомду чапчып туру. Бул тармакты мыкты түшүнгөн адистер аталган агенттиктин милдетин айыл чарба министрлиги таптатынакай эле аткарарын айтышат. Анда ансыз деле экономикабыз бечел баладай абалда турган шартта мындай "клон" министрликке ашыкча акча чачуунун кажети бар беле?

Коогасы күч коопсуздук
"Укук коргоо системасына жеткиликтүү каражат бөлүнбөйт. Мунун кесепетинен өлкө коопсуздугуна доо кетип, "кызыл шапкечен", сот акелер ашынган "коррупционердин" кейпин кийип, "үч тамгачылар" оппозициянын сары изине чөп салуудан бөлөк иш кылбайт" деп наалычубуз. Эми минтип асанкайгыланууга кандайдыр бир деңгээлде бөгөт коюлду. Буга тиешелүү мекемелерге ири көлөмдөгү каражат чегерилгени себеп (№2 таблицаны караңыз).
Бөлүнчү каражаттын 90%ы маянага жумшалат. Алсак, ИИМ структурасында эмгектенгендер жыл бою 2 млрд. 295 млн. 187 миң 300 сомду "ашайт".
Кыргызстанда жолдор начар абалда экендиги жашыруун эмес. Деген менен, эл аралык абройлуу уюмдар мындай көйгөйдү айттырбай сезип, жакшы эле жардамдашып келатат. Эгер пландалган иштер жүзөгө ашса, анда Тараз-Талас-Суусамыр, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам, Ош-Исфана каттамдарынын айрым участкалары оңдолмокчу. Бул жаатта сарпталчу каражаттардын кээ бир бөлүгү грант түрүндө которулат.




Ток этерин айтканда
Акыркы үч жылда бюджет тартыштыгы дээрлик төрт эсеге өскөн. Маселен, 2009-жылы бюджет таңсыктыгы расмий статистика боюнча 4 млрд. 388,9 млн., былтыр 13 млрд. 565,1 млн., быйыл 18 млрд. 600 млн. сом болмокчу.
Республикалык бюджеттин негизги бөлүгүн салыктык кирешелер түзөт. Ал 45 млрд. 140 млн. 900 миң сомго барабар.
Президент менен премьердин литердик каттамдарын аткарууга 29 млн. сом сарпталат.
Энергетика министрлиги коен жылында 1 млрд. 794 млн. 66 миң 200 сомду "кемирмекчи". Ал эми Жаштар иштери боюнча министрлиги 51 млн. 240 миң 600, Маданият жана маалымат министрлиги 605 млн. 591 млн., Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 1 млрд. 348 млн. 852 миң 400 жана Экономикалык жөнгө салуу министрлигине 382 млн. 478 миң 300 сом чегерилген.




Бюджет таңсыктыгы
18 млрд. 600 миң сомду түзөрү болжолдонууда. Бул канчалык деңгээлде реалдуу?
Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
- Бул мурдагы техникалык өкмөттүн бюджет долбоору. Жаңы өкмөттүн бюджет долбоору парламентке түшө элек. Андыктан талкууга салуунун эч кажети жок.
Рахатбек ИРСАЛИЕВ, жеке ишкер:
- Бюджеттин чыгаша бөлүгүн кескин түрдө кыскартыш керек. Анүчүн өкмөт структурасында, парламентте, жергиликтүү бийлик органдарында реформа жүргүзүү зарыл. Ошондо гана тартыштык жаралбайт.
Кубан ӨМҮРАЛИЕВ, көз карандысыз эксперт:
- Өлкө экономикасы оор абалда экенин эске алсак, республикалык бюджет таңсыктыгы 18 млрд. сомдон ашканы реалдуу көрүнүш.
Темир САРИЕВ,
"Ак шумкар" партиясынын төрагасы:
- Мен мындай маалыматка кошулам.
Аскарбек АСАНАЛИЕВ,
"Идеянын жана экономиканын борбору" компаниясынын директору:
- Мүмкүн эмес. Бюджет тартыштыгы мындан да жогору болушу ыктымал. Себеби биздеги салык саясаты жана салыктык эмес жыйымдар базар экономикасына туура келбейт.




Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru, тел.:38-67-19





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??