presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кылкылдама

КТРКнын кезектеги "шоусу" башталды, сценарийи кимдики?
Жакында коомдук каналдын башкы директорунун ТВ боюнча орунбасары болуп Мырзакул Мамбеталиев, радио боюнча орунбасарлыгына Руслан Асанбек уулу жана стратегиялык өнүгүү боюнча орунбасарлыкка Алмазбек Абеков дайындалган. Булардын ичинен Алмазбек Абековдун кызматка келиши гана талаш жараткан жок. Калган экөө боюнча кажы-кужу сөз көп. Өзгөчө Руслан Асанбек уулунун радио тармагына келиши жамааттын нааразычылыгын жаратты.

Ызы-чуудан ким пайда тапты?
44 адамдын колу коюлган кайрылуу катында радионун кызматкерлери КТРК башкы директору Кубат Оторбаевге Руслан Асанбек уулунун КТРКнын башкы директорунун орунбасарына бекиткен чечимди жокко чыгаруу, ага чейин иш алып бараткан Кадыр Кошалиевди ордуна калтыруу же жамааттын пикирин эске алып сырттан эмес жалпы кызматкерлер көргөзгөн кадрды бекитип берүү талабын коюшуп, бул талап 7-январга чейин аткарылбаса тийиштүү жерлерге кайрылууга жана нааразычылык жүрүштөрдү жасоого аргасыз экендиктерин айтышкан.
11-январда 50 чакты киши ЖК алдына нааразычылык акциясын уюштуруп, алардын алдына депутат Жылдыз Жолдошева чыгып, КТРКдагы орунбасарлардын дайындалышы боюнча нааразычылык катын президентке, ЖК төрагасына, өкмөт башчыга жеткире тургандыгын убада кылган. Ага чейин эле Руслан Асанбек уулу кызмат ордунан баш тарткан билдирүүсүн жазган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул маселеге чекит коюла элек. Нааразы болгон тараптын айрымдары КТРКдагы бул кадрлык жүрүшкө Ак үйдүн, атап айтканда, президенттин пресс-катчысы Султан Каназаровдун тиешеси бар экенин айтып жатышат. Биз Султан Каназаров менен байланышканда, ал Руслан Асанбек уулун билээрин, бирок анын кызматка келишине эч тиешеси жок экенин билдирди.f




  Ат жалында

КТРК байкоочулар кеңешинин төрайымы Эльвира САРИЕВА:
"Элдин каршы чыкканы табигый нерсе"
- Эльвира айым, орунбасарларды бекитүүнүн жол-жобосун түшүндүрө кетсеңиз?
- Орунбасарлыкты КТРКнын башкы директору дайындайт. Байкоочу кеңеш болсо ошол дайындоого макулдугун берет. Байкоочу кеңештин өз ара талкуулоосунан кийин башкы директор ишеним артып сунуштаган команданы бекитип берүү жөнүндө чечим чыгарган. Ошону менен бирге башкы директорго жаңы команда менен биргеликте алты айдын ичинде оң натыйжалуу жыйынтыкты көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берилген.
- Сиздерге бул чечимди кабыл алууда кысым көрсөткөндөр болдубу?
- Байкоочу кеңешке эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү да орунбасарларды дайындоо процессине кийлигишкен жок. Орунбасарларын дайындоону жана команданы түзүү башкы директордун толук өз эркиндигинде.
- КТРК жамааты орунбасарларды бекитүү ишине эмне үчүн каршы чыгып жатат деп ойлойсуз? Жамаат сиздерге кандай талап коюуда?
- Кандай гана өзгөрүү чечими кабыл алынбасын, ал дайыма тоскоолдук алып келет. КТРК коллективинин талабы ар тараптуу болуп жатат: буга чейинки орунбасарлардын калышын талап кылган өкүлдөрү бар жана ошондой эле жаңы орунбасарлардын дайындалуусуна канааттангандар да кезигет. Башкы директор пикир-талаптардын бардыгын карап, коллектив менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул реформалоо процесси жана ага өзгөрүүгө даяр эмес элдин каршы чыкканы табигый нерсе, ал өзүнчө алдыда өтө турган дагы бир этап.
- Байкоочулар кеңешинин эмки кадамдары кандай болот?
- Байкоочу кеңеш өз ишин жүргүзө берет. Редакциялык саясатты бекитүү - кеңештин кийинки кадамы. Ошондой эле КТРКдагы финансылык кырдаал тууралуу ар тараптуу ойлорду эске алуу менен бирге кылдат финансылык аудит өткөрүү зарылчылыгы бар. Финансылык аудиттин жыйынтыгы жарыяланат. Байкоочу кеңештин ар бир кыймылы коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жобосуна ылайык жүргүзүлүп жатат.
КТРК башкы директорунун орунбасары Кадыр КОШАЛИЕВ:
"Байкоочу кеңеш тараш керек"
- Кадыр мырза, КТРК орунбасарлары алмаштырылды, сиз кайдасыз?
- Ордумда эле иштеп жатам. Кечээ жакында байкоочулар кеңеши чогулуп орунбасарлар жөнүндөгү маселени карап, менин ордума Асанбек уулу Русланды башкы директордун сунушу менен бекитүүгө макулдук беришкен экен. Бирок радиодо иштеген 60 адамдын 45и каршы чыгып, жыйынтыгында Руслан мырза талапкерлигин кайра алып салгандыгы жөнүндө маалыматыңыз бардыр.
- Байкоочулар кеңешинин кадамдары кандай болуп жатат?
- Биринчиден, мен башынан эле байкоочулар кеңешинин курамы өтө шашылыш тандалгандыгын, телерадио тармагын билбеген, көбүнесе өкмөттүк эмес уюмдарга жакын, бирге иштешкен, батышчыл, кызыкчылыгы бир адамдар келишти деп айтып келем. Мекенчил, кыргыз баалуулуктарын түшүнгөндөр азчылыкты түзүшөт. Турмуш көрсөткөндөй, баш директорду шайлаганда Бакиевдин идеологдорунун бирин шайлашып бир жаңылса, орунбасарларын сунуштаганда экинчи ирет жаңылышты. Жобо да алешем, чийки жазылган. Баш директорду сунуштаганда жөнөкөй көпчүлүк добуш талап кылынса, орунбасарларга келгенде 3/2 добуш керек имиш.
- Анан?
- Татыксыз адамдар көпчүлүктү түзүп калгандан кийин бул байкоочулар кеңеши тарашы керек.
- Мындан аркы кадамдар кандай болушу мүмкүн?
- Көпчүлүк эмгек жамаатынын жана коомчулуктун өкүлдөрү кол коюшкан кат бийлик бутактарына жөнөтүлдү. Кыргыз эл депутаты, комитеттин төрайымы Ж.Жолдошева менен эл депутаты Э.Эрматовдун колу коюлган кат корпорацияга келип түштү деп уктум. Мындан ары кадам КР Президенти Р.Отунбаеванын, Жогорку Кеңештин чечимине ылайык болот. Байкоочулар кеңеши тараса, баары жаңы барактан башталат...
Бул тема ушуну менен жыйынтыкталбайт. 20-январда КТРК башкы директору өз талапкерин, ал эми жамаат өз талапкерин байкоочу кеңешке сунуштай турганы айтылууда. Ошол эле учурда ЖК байкоочулар кеңешин кайра түзүшү да мүмкүн.




Каргайын десем байкушсуң
Билип туруп унчукпаган УӨ
Улуттук комиссия "убактылуу өкмөт жеткиликтүү иш алып баралбагандан улам ушул коогалуу июнь окуясы чыкты, ошондуктан моралдык жактан жооп бериш керек" деген тыянак чыгарды.

Тактап айтканда, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Ош менен Жалал-Абад облустарынын губернаторлорунун жана Ош, Жалал-Абад шаарларынын мэрлеринин кызмат орундарына татыктуу экендигин караштыруу жагын мамлекет башчысына сунуштаган. Ошондой эле улуттук комиссия убактылуу өкмөттөгү күч түзүмдөрүнүн мурдагы куратору Азимбек Бекназаровдун, мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун жана мурдагы Ички иштер министри Болот Шердин аракеттерине саясый баа берүү маселесин көтөрдү.
Комиссиянын пикири боюнча бийлик эки улуттун тирешүүсүн мындай коогалаңга жеткирбей калса болмок. Күч түзүмдөрү жана коопсуздук органдары бул окуя боюнча алдын ала маалыматтар болгондугуна карабастан өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон мамлекеттеги тынчтыкты камсыз кыла алышкан эмес. Ошондуктан алар саясый жоопкерчилик тартышы керек.
Ошол эле учурда комиссиянын жыйынтыгында окуянын өрчүшүнө жана ырбап кетишине кызыкдар чет элдик атайын кызматтардын аракеттери кыйыр түрүндө байкалгандыгы, араздашкан эки тарапка тең ок чыгарышкан белгисиз автоунаалардын жүргөндүгү каттоого алынган. Кыскасы, мамлекет алсыз болуп турган учурдан пайдаланып, өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууну көздөшкөн тараптар болгон. Көптөгөн адамдар, серепчилер, журналисттер, атургай бийлик өкүлдөрү да ошол окуялардын алдында Ош менен Жалал-Абадга көп чет элдик жарандар келишкендигин айтып жүрүшөт.



Кенчилер карарууда
54 адам эмне үчүн жер алдында?
Сүлүктүдөгү кенчилердин иш таштоосу кечээ дагы уланды. Акцияга катышкандардын жалпы саны 220 киши. Эң коркунучтуусу, алардын ичинде жер астында иш таштап жаткан 54 кенчи да бар. Кенчилер ишканага мамлекеттик мүлк министрлигинен өкүлдөр келип, кайра-кайра мыйзамсыз текшерүүгө алып жатышканына нааразы болушууда. Мындан сырткары, ага чейинки ишкана башчысы Раимкул Назаровдун кайра кызмат ордуна кайтарылуусун талап кылып атышат.

Талапташтардын айтуусу боюнча мурдагы жетекчи Раимкул Назаровду 11-январь күнү өздөрүн каржы полициясынын кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз бирөөлөр күчтөп, белгисиз жакка алып кетишкен. Бирок мамлекеттик мүлк министрлиги жана каржы полициясы кенчилердин дооматына азырынча жооп бере элек.
Экинчи тараптын билдиргенине караганда, Раимбек Назаровдун тарапкерлери иш таштоо уюштуруп, акционерлердин чогулуш өткөрүүсүнө тоскоолдук жасашкан. Бирок ага карабай акционерлердин жыйыны өтүп, анда Эргеш Мадаминов "Сүлүктү-көмүр" акционердик коомунун жетекчиси болуп шайланды.
Эң кызыгы, нааразычылык акциясына чыккандардын маалыматына ишенсек, "Сүлүктү-көмүр" акционердик коомунун 45% акциясы мамлекеттик мүлк фондуна, ал эми 43% акциясы учурда жумуштан бошогон Раимбек Назаровго таандык. Ал эми бүгүнкү күндө анын ордун ээлеген Эргеш Мадаминовдун бир пайызга жетпеген акциясы бар. Мындан улам Сүлүктү көмүр кениндеги окуя катардагы рейдерликпи деген божомол жаратат. Андыктан бул маселе акыр аягына чейин гезиттин көз кырында болот.

Акыркы маалымат боюнча алты кенчи ачкачылык жарыялады.
Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??