presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көкөйгө тийген көгүлтүр от

Арзандады, бирок пайда жок
Тамсилдеги иттин доолдай тиктиргениндей болуп "Кыргызгаз" ишканасынын, кыргыз тың чыкмаларынын эсине көгүлтүр от маселеси декабрда гана түшөт. Быйыл да адаттагыдай кыргыз чиновниктери декабрь айынын аягында ойгонушуп, Өзбекстан менен сүйлөшүүнү "башташ керек" дей башташкан. Агезде Энергетика министрлиги, "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун жетекчилиги кошуналардан газдын миң кубун 140 доллардан алабыз деп мактанып да жиберишкен эле. Ага удаа эле премьер-министр Алмазбек Атамбаев алардын мындай билдирүүсү жөө жомок экенин, өзбек газынын баасын азыркы баада кармап туруу чоң утуш экенин маалымдаган. Анан эмне болду?


"Кыргызгаздын" бул маалыматы коомдо биртоп талаш-тартышты жаратып, буга ишенип-ишенбегендер да арбын болду. Себеби айрым ММКлар өзбек газын Казакстан 83 доллардан сатып аларын, а Европада газдын миң кубу 350 доллар турарын жарыялашкан эле. Буга удаа эле массалык маалымат каражаттарында "Кыргызгаз" 3 млн. доллар карызды төлөмөйүнчө Өзбекстан көгүлтүр от бербей тургандыгы айтылган. Декабрь айында "Кыргызгаз" башчысы Тургунбек Кулмурзаев Ташкентке барып келип, коомчулукка кандай сүйлөшүүлөр болгону тууралуу ак да, көк да деген эмес.
Жума башында аталган ишкана башчысы маалымат жыйынын уюштуруп, көгүлтүр от боюнча көп маалыматты ортого салды. Тургунбек мырзанын айтымында, эми өзбек тарап Кыргызстанга 200 млн. куб метр газ берип, анын миң кубун 223 доллардан сатат. "Биз эки тараптуу келишимге маанилүү өзгөртүү киргиздик. Ал өзгөрүү боюнча өзбек тарап бизге муктаждыгыбызга жараша газ берип турууга макул болду. Азырынча 200 млн. куб метр газ алууга макулдаштык. Эгер газга болгон муктаждык өссө, "Узтрансгаз" дагы кошумча газ берүүгө даяр. Болгону, биз өз убагында акча которуп туруубуз керек" дейт ал. Тургунбек Кулмурзаевдин билдиришинче, Бишкек октябрь айынан тарта Ташкенттен газды 160 доллардан берүүнү сурап келген. Декабрь айындагы эки тараптуу макулдашууда Өзбекстан газды 253 доллардан сунуштап, сүйлөшүүлөрдөн соң бааны 238 долларга төмөндөткөн. Январь айындагы жолугушууда газдын баасы биринчи вариант боюнча 235, экинчи вариант боюнча 223 доллар болуп бычылып, "КыргызГаз" жетекчилигинин өтүнүчү менен экинчи баада келишим түзүлгөн.
Тургунбек Кулмурзаевге ишенсек, "Кыргызгазды" мурунку бийлик эптеп банкрот кылууга аракет кылган. "Нефть, газ системасы зыянсыз система. Ошого карабай акционердик коом 2009-жылды 480 млн. сом чыгаша менен аяктаган. Бул өтө чоң сумма. Муну менен эски бийлик "Кыргызгазды" банкрот кылып, андан аркы пландарын ишке ашырмак" дейт мекеменин азыркы башчысы. Мындан сырткары, Тургунбек Кулмурзаев 2011-жылы эгер өкмөт "Кыргызгазга" өткөн жылдардагыдай тариф тартыштыгына кошумча каражат бөлсө газга болгон тариф жогорулабай тургандыгын, ошол эле мезгилде тарифти төмөндөтүү да мүмкүн эмес экенин каңкуулады.
Баарына токтолгон Тургунбек мырза негедир өзү бир кезде "Кыргызгазды" жетектеп турганда пайда болгон 20 млн. доллар тууралуу ооз ачкан жок. Бул карыз өзбек тарап менен сүйлөшпөй газды казактардын түтүгүнөн уурдагандыктан улам келип чыккан сумма эле. Бул карызды "Кыргызгаз" кантип төлөөрүнө, эмне үчүн жетекчилик көгүлтүр от көйгөйүн жайында, күзүндө эле чечип койбогондугуна кызыктык эле, Тургунбек мырзадан кызыктуудай жооп болду. "2004-2005-жылдары Өзбекстан газды жаап койгондо "Кыргызгаз" Казакстандан газ алып 20 млн. доллар карыз болгон экен. Анын 2 миллиону төлөнүп, 18 миллиону калыптыр. Быйыл 3 млн. 700 миң долларын төлөп бердик. Эми ал карызды төрт-беш жылда график менен төлөп берели десек казак тарап макул болбой жатат. Алты-жети жыл мурун төлөп бербей коюшкан экен, эми айла жок төлөп беришибиз керек" дейт оозу-мурду кыйшайбаган Тургунбек Кулмурзаев. Ошол алты-жети жыл мурун Өзбекстан менен өз убагында келишим түзбөй, кыргызстандыктарды газсыз калтырып, кийин казактарга олчойто карыз кылып кызматтан кеткен ким эле? Унутпасак, ошол "төлөп бербей койгондордун" башында "Кыргызгаздын" ошо кездеги жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев бар болсо керек эле.
Сөз арасында "Кыргызгаз" жетекчисинен интернет сайттарга чыккан Өзбекстан газды 213 доллардан сунуштаганы, а ишкана эмне үчүн ага макул болбой койгондугу суралды. Тургунбек Кулмурзаев бул таптакыр такталбаган маалымат деп алакан жайды. Анда "АКИpress", "Центразия.ру" сайттары 213 доллар дегенди асмандан алып жазганбы? Кыргызда "жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дечү эле, эртең 223 доллар менен 213 доллардын арты былгып, эл жабыр тартпаса болгону.
Мелис СОВЕТ уулу


Майда бирок маанилүү
Кыргызстан 1995-жылы Өзбекстан газын 55 доллардан, 2000-2006-жылдары 42 доллардан алып келген. 2006-жылы газ 55 доллар, 2007-жылы 100, 2008-жылы 145, 2009-жылы 240, 2010-жылы 242 долларга жогорулаган.
"Кыргызгаздын" учурда 700 млн. сом кредиттик карызы болсо, абоненттердин ишканага болгон жалпы карызы 10 млн. доллар. Мындан сырткары, мекеме бүгүнкү күндө "Казактрансгазга" 14 млн. доллар карыз.
"Кыргызнефтигаз" компаниясы жылына болгону 30 млн. куб метр газ өндүрөт.
Учурда Кыргызстандын түштүгүндө пайдалануучулар үчүн газ тарифи 14 сом 10 тыйын, түндүгүндө 14 сом 50 тыйын.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??