presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кырдаал

Кычкач
"Чыгалбай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" дегендей, жума башында мугалимдерден кембизби дештиби, айтор, медиктер журту да айлыгыбызды көтөргүлө деген талабын коюп чыкты. Эң кызыгы, алардын анабашында саламаттык сактоо министри Сабыр Жумабековдун өзү турду. Медиктердин абалын жакшы түшүнөрүн билдирди. Кыргызда "өтүгүңө жараша бутуңду сун" дечү эле. Өкмөт бюджеттин чама-чаркын мугалимдерге түшүндүрө албай, айлыгыңарды мүмкүн болушунча көтөрөлү деп жаткан шарттарда, өзү өкмөттүн мүчөсү болгон министрдин медиктердин алдында туу көтөрүп турушу ойлондурбай койбойт.

Финансы министри Ч.Имашев "этимди эле кесип албасаңар, бюджетте ашык эч нерсе жок. Эгер кимдир бирөөлөр келип бюджет таңкыстыгын эки эсе көтөрүп жиберем десе ордумду азыр эле бошотуп берейин" маанисинде бир жарылып алды. Муну менен ак халатчандар журтун азырынча кое турбайсыңарбы дегенден алыспыз. Бул маселе эбак эле чечилиши керек эле. Чечилбеди. Болгону мугалимдердин эбин таппай турганда медиктердин да айлык маселесин коюп жатышы, өлкөнүн өп-чап бюджетин "өлтүрүп" койбойбу дегенди айталбай жатабыз.
Азыркы күндө үстүбүздөгү жылдын бюджети парламентте каралып жатат. Ал убактылуу өкмөт тарабынан сунуш кылынганын КТРКдан премьер-министрдин өзү айтты. Ошентип бул бюджетти даярдоого А.Атамбаевдин өкмөтү катышпаптыр. Демек, парламент кандай бекитип берсе ошого жараша иштейбиз дегендей кылып турат. Бүгүнкү күндө врачтардын орточо айлыгы 3,9 миң сом. Медайымдар 2,5-3 миң, ал эми санитаркалар 1,7 миң сом алышат. Биздеги кабыл алынган эң төмөнкү жашоо керектөөсү 5 миң 270 сом экенин эске алсак, медиктерибиздин айлыгы эмнеге жетмек эле?! Бир жагынан ушул айлык менен иштеп жаткан кыргыз медицинасынын деңгээлин бийиктетпесе да, асты төмөндөтпөгөн ак халатчандарга ыракматтан башка эч нерсе айталбайсың. Коңшу Казакстанда медиктердин айлыгы бизге салыштырмалуу 4-5 эсеге жогору. Орусияда да медиктердин абалы жаман эмес. Жыл сайын 700дөн ашык жогорку квалификациялуу, дасыккан медиктер сыртка чыгып кетишүүдө.
Ушундан улам он жылдан кийин кыргыз медицинасы жок болуп кетиши мүмкүн деп какшаган министр Сабыр Жумабековду бир чети түшүнсө болот. Министр Ч.Имашев "биз мугалимдердин айлыгын он жолу көтөрсөк дагы маселе чечилбей келген. Анткени эшикте инфляция деген бар. Ошондуктан мугалимдер, медиктер болобу, жалпы эле социалдык тармактагы кызматкерлердин айлык маселесин түп тамырынан бери реформа жүргүзүү жолу менен гана чечүүгө болот. Медиктердин айлыгын көтөрүү үчүн бюджетте каралган башка бирөөлөрдүн ырыскысын кырка албайбыз" деп жатат. Ал эми премьер-министр А.Атамбаев "бюджет дефицитинен коркпош керек, социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин айлыгы май айынан баштап жогорулай баштайт. Каржы булактарын таап жатабыз" деп ишеничтүү сүйлөөдө. КТРКдагы сөзүнө караганда, негизинен салык, бажы тармактарына басым жасалат окшойт.
Ошентип өкмөт мугалимдер менен медиктердин айлыгынын айласын таппай турган шартта күч структураларынын 15 миң ардагерлери да капталдан чыкты. Аларга мамлекет 450 млн. сом карыз экен. Жети жылдан бери чечилбей келе жаткан бул маселени жаңы өкмөт үч жылдын ичинде төлөп берели десе, ага чейин ким бар, ким жок деп ардагерлер көнбөй жатышат. Бул маселе Ф.Кулов, А.Атамбаев, И.Чудинов өкмөт башында турган Бакиев мезгилинен бери эле көтөрүлүп келет. Акыры И.Чудиновдун өкмөтүн сотко берип утуп да алышкан. Ага ылайык өткөн жылдын 2-апрелинде төлөнүп берилмек. Белгилүү окуяларга байланыштуу төлөнбөй калган. Ардагерлер эми А.Атамбаевдин өкмөтүн коколоодо.
Ошентип атка мингенине эки жума боло элек А.Атамбаевдин өкмөтүн социалдык көйгөйлөр ар тараптан кычкачтай кысып баратат. Мугалимдер айлык маселесин ачык айтып ак чечпесеңер ушул айдын жыйырмасынан кийин бүт республика боюнча иш таштайбыз дешүүдө. Медиктер болсо айтчусун айтып алып, эми ойлонгула дегендей кылышты окшойт. Депутат Д.Ниязалиева быйыл пенсиянын тартыштыгы 1 млрд. 9 млн. сом болуп калышы мүмкүн деп эсти чыгарууда.
Бул арада А.Атамбаевдин өкмөтү абалдан чыгуунун түрдүү жолдорунун башын жыландай кылтыйта баштады. Өкмөт мүчөсү, транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга байланышкан "Ата мекен" фракциясында өткөн талкууда калпагыңды башыңдан учурган фактыны айтып чыкты. Министрдин айтымында, аталган темир жолдун курулушу үчүн (жалпы наркы 2 млрд. сом) мурунку бийлик Тереккан, Перевальное алтын кендерин, Сандыктагы алюминий (наркы 150 млрд. доллар), Жетим-Тоодогу темир кендерин (наркы 3 трлн. доллар) Кытайга бермек болгон экен. Жетим-Тоону чалгындоо боюнча лицензия Кытай тарапка берилип да кетиптир. Бул фактыны айтуу менен министр Э.Исаков депутаттарга карап, буга эмне дейсиңер деп турду.
Ошондой эле өзүнүн концессия жолун, тагыраак айтканда, инвестор тарап курулушту бүткөрүп, пайдасына тең орток болуу жолун сунуш кылды.
Депутат Ө.Текебаев Кытай тарапка кендерди берүүдөн башка жолдорду издеп көрүүнү, башкача айтканда, "ата мекенчи" депутат Өмүрбек Абдырахмановдун Сингапурдагы акчалуу досторун чакырууну каңкуулады. Алардын ким экенин тактап берген жок. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда саясый-социалдык турмуштун казаны кайнай баштады. Очогун тамызып жаткандар өзүбүздүн эле мугалим, медиктер журту, Сингапурдан дос күткөн саясатчы эргулдар.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??