14.01.10 - 3-бет:
  Жуманын "мыскыл тамашасы"

Белден ылдый бекер айтыш
КТРКдагы "Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсүнө чакырылган эл депутаты Турсунбай Бакир уулу жана укук коргоочу Динара Ошурахунова бекер "концерт" тартуулашып, көңүлүбүздү бир көтөрүп койду окшойт. Бул жолку "Ыңгайсыз суроолордо" парламентте намаз окуу темасы талкууланмак. Депутат Турсунбай Бакир уулу парламентте намаз окуу демилгесин А.Жапаров өзүнө "акылдашып" туруп көтөрүп чыкканын айтып, жакшы эле баштагандай болгон. Анан эле сөздөн сөз чыгып отуруп, Динара Ошурахунова айым менен кадимкидей айтышка түшсө болобу. Акын айтыш дебегиле, орой айтканда катын айтышка түштү. Темадан четтешип төшөккө чейин түшүп кетишип, араң кайтышты. Динара айымга да айла жок экен, тастаңдап тартынган жок.
Айта кете турган нерсе, Турсунбай Бакир уулу өзүн такшалган саясатчы, ким менен болсо да тил табыша билген дипломат, жок дегенде дин жолунда жүргөн такыбалыгын көрсөтө алган жок. Кыргызча айтканда, аялга теңелип абийирин айрандай төгүп алды. Эзелтеден эркектигине салып, аялга теңелбей басып кеткен жазылбаган мыйзамды Турсунбай ажы уруп да койгон жок. Отурса турса кудайды айтып, беш маал намазын үзбөгөн, пакиза деген ажыбыздын кебетеси бул болсо калганыбыз кайда барабыз?! Атаңдын көрү, Турсунбай саясатчы же ажы болбой акын болуп калганда, колуна комуз карматып казактардын аял төкмөлөрү менен айтыштырсак, баш байге бизден кетмек эмес окшойт.




  Сая-саалы

Камбар-Ата-2 ГЭСи жең ичинен соодаландыбы?
Расмий эмес маалыматтарга караганда А. Атамбаев В. Путин менен жолукканда Камбар-Ата-2 ГЭСин өз күчүбүз менен бүтүрө албайбыз, аны толугу менен Россияга өткөрүп берели, силер Кыргызстандын бюджетине акча бөлүп бергиле деген мааниде сунуш киргизген. Көктөн тилегени жерден табылган орус өкмөтү бул сунушту илгиртпей илип кетип, Кыргызстан тарапка керектеле турган каражаттын тизмесин даярдап келүүнү тапшырган. Россия Кыргызстандагы ГЭС аркылуу Орто Азияга болгон геосаясый кызыкчылыгын чечери түшүнүктүү. Кыргыз парламентинде орусчул күчтөр басымдуулук кылганын эске алсак бул маселени ЖК оңой эле мыйзамдаштыра салышы мүмкүн.

Менст, тоюс, люстрация келбей калдыбы?
"Люстрация" коомдук бирикмеси учурда өз талаптарын канааттандыруу үчүн элди көчөгө чыгаруунун аракетинде. Алардын талабы Кумтөр кенин кайра элге кайтаруу, люстрация мыйзамын кабыл алуу жана Ахматбек Келдибековду төрагалыктан кетирүү. Кечээ, 13-январда "Баракелдеге" "Элдик кыймыл "Люстрация" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Лира Усубалиева эски аянттагы өкмөт үйүнүн алдына 400-500дөй адам нааразычылык акциясына чогулуп жатат деп билдирген. Маалыматты тактайлы деп барсак, аянтка эч ким келбептир.

Калк калп айтпайт, бирок жаңылышы мүмкүн
Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева тууралуу жергиликтүү элдин тескери пикири көбүрөөк. Бул чөлкөмдөгүлөр анын Талас шаарындагы автобазаны менчиктештирүүгө катуу киришкенин, губернаторлукка келери менен дагы бир майлуу жерди менчиктештирүүгө жетишкенин айтып жүрүшөт. Жергиликтүү элдин өкүлдөрү төөбуурчак баасынын көтөрүлбөй жаткандыгына да азыркы губернатордун катыштыгы бар деп эсептешет. Учурда бул чуулгандуу окуя элге жайылып, "Ата мекен" партиясынын кадрлык жана кадырлык саясатына доо кетип жаткан кези.

Батыровдун университети Айтматовдун атын алат
Июнь окуяларына чейин Кыргыз-өзбек университети, андан соң Ош мамлекеттик социалдык университети деп аталып жүргөн окуу жайга Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу демилгелери көтөрүлүүдө. Мындай сунушту Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков президенттин администрациясына жөнөттү. Муну окуу жайдын жамааты да колдошууда.

Кен байлыктар кимдин чөнтөгүн кампайтууда?
Экономика боюнча адис Базарбай Мамбетовдун айтуусу боюнча, Кыргызстанда жер байлыктарын изилдөө, казып алуу боюнча 900 лицензия берилген, анын 500ү иштетүүгө, калган 400ү чалгындоо иштерине багытталган. Бирок 900гө жакын лицензия алган ишканалар саналуу гана адамдардын чөнтөгү үчүн иштеп, өлкөгө пайда алып келбейт. Адистин айтымында, кен байлык иштетүүчү ишканалар 11 жыл ичинде мамлекеттик бюджетке (Кумтөрдү эске албаганда) 5 млрд. 53 млн. сом гана которгон.





  Крим-аалы

Кимдин сөөгү?
12-январда эртең менен Ош шаарындагы Увам каналынан азиат улутундагы 30-35 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Куткаруучулар өлгөн адамдын ким экенин тактоо үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.

Арамдык ажалга жеткирди
11-январда Бишкектин Биринчи май РИИБне Дордой жаңы конушунун тургуну белгисиз эки жигит аны бычак менен коркутуп, 500 сомун, уюлдук телефонун жана айдап жүргөн "Ауди-100" унаасын тартып алганын айтып арыз жазган. Арыз түшөрү менен милиционерлер анын унаасын издөөгө салышкан. Арадан жарым саат өтпөй Жаш гвардия бульвары менен Маевка айылына кетчү жолдун кесилишинен жол кырсыгы катталган. Көрсө, издөөгө алынган унааны тиги экөө шашып айдап баратып кырсыкка кабылып, бири ошол жерден жан берсе, экинчиси ооруканага жетпей көз жумган. Учурда көз жумгандардын ким экени такталууда.

Кырчылдашуу качан токтойт?
Москва шаарында көчө шыпыргыч болуп иштеген 19 жаштагы кыргыз жигит менен 22 жаштагы өзбектин ортосунда уруш чыккан. Натыйжада өзбек жигит муз талкалоочу темир менен кыргыз жигитти башка чаап эстен тандырган. Ооруканага жеткен кыргыз жигиттин башы жарылып, оор абалда, ал эми өзбек түрмөгө отурду.

Жасалма акча жазасын берет
Май куюучу жайдан унаасына 35 литр бензин куйдурган Бишкек шаарынын тургуну жасалма 5000 сомдук менен эсептешип аткан жеринен кармалды. Көрсө, ал майды жасалма акча менен алдап алып кетейин деген экен.

Ажалдуу жол
12-январда Балыкчы-Каракол автожолунун 99-чакырымындагы Корумду айылынан жол кырсыгы катталды. "Дэу матиз" унаасынын айдоочусу Ж.Сулайманкулов рулду башкаралбай кырсыкка кабылып, о дүйнөгө аттанды.

Алакачмайды орус түшүнбөйт да
Өткөн жылдын 26-октябрында Россиянын Вологда шаарында жашаган 24 жаштагы Бакай Жоробеков 17 жаштагы кыргыз кызды алакачып үйүнө алпарган. Көңүлү жок кызды милиционерлер келип куткарып, ал эми күйөө болчу жигитти адам уурдады деген кине тагып темир торго салышкан. Б.Жоробеков кыздын ата-энеси уруксат берген, биздин салт ушундай деп актанганы менен орустардын мыйзамына туура эмес иш кылганы үчүн анын кылмыш иши сотко өттү.





  И-тагдаалы

Сиздер менен биз барбыз
"Жаңы Агым" гезити ар бир кыргыздын көкүрөк көйгөйүн, элдин мүдөөсүн, үнүн жогору жактагыларга жеткизип, эл кызматында болууга кызыкдар. Гезит жамаатынын негизги максаты акыйкаттык, чындык издеп чырылдап жүргөн, таланты бар таанышы жок, акылы мол акчасы жок мекендештерибизге көмөк көрсөтүү. Редакция үчүн ар бир окурмандын сын-пикири, сунушу, маалыматы маанилүү. Калыстыктын каалгасын таппай, адилеттүүлүктөн адашып калсаңыз "Жаңы Агым" гезитине кайрылыңыз. Саясый, социалдык, экономикалык, маданий далилдүү, даректүү маалыматыңыз, арыз-арманыңыз, жандүйнөгө азык берер жакшы оюңуз, келечек муунга айтар кеп-кеңешиңиз болсо биз менен байланышыңыздар. Урматтуу окурман, жаңы жылдан тарта "Жаңы Агым" гезитине жазылуу республиканын бардык байланыш түйүндөрүндө жүрүп жатат. Жазылыңыз, шашылыңыз, жакшы маалыматка ээ болууга ашыгыңыз!

Алайкуубу, Аляскабы?
Алайкуу айыл өкмөтүндө азыр акыбал оор. Бир кап ун 1500 сомго чыкса, күйүүчү майдын кымбаттыгынан райондун борбору Кара-Кулжага барып келүү 1200-1300 сомго чыккан. Акыркы кездерде пособие айлап кечигип, климаттын катаалдыгынан, мамлекеттин көңүл бурбагандыгынан жаштар Ошко, Чүйгө кетип калып жатышканын айтат айыл өкмөт башчысы Нуркамил Асылбеков. "Тамак-аш кымбаттап, чегарага жакын аймак катары мамлекеттен жардам, жеңилдик болбогондуктан жылыга эл суюлуп баратат. Жаңы ишке кирген мугалимдин айлыгы 1400 сом, ошон үчүн мугалимдер бизге келбей калды. Районго барчу жол өтө катаал. Чегарага жакын айылдарга жеңилдик берүү боюнча мыйзам кабыл алынбаса келечекте чегарада киши калбай калышы мүмкүн" дейт айыл өкмөт башчысы.

"Ат-Башы биздин калаабыз,
Автобус менен барабыз"
Алыскы Ат-Башы районунда күзүндө кар түшүп, биртоп мал кырылып, ондогон гектар арпа-буудай кар алдында калган эле. Өкмөт арпа-буудайын кар басып калгандарга ун жардам берген. Бирок малы өлгөндөргө өкмөт жардам бере алган эмес. "Өкмөттүн ушунусуна да рахмат. Жазында дыйкандарга бекер үрөн, арзан күйүүчү май беребиз деп убада кылышты. Ошол аткарылса болду" дешет ат-башылыктар. Быйыл бул өрөөндө кар аз түшкөнү менен суук катуу болуп, карышкыр күч. Эл үчүн эң негизги жакшы жаңылык, бир кезде Бишкек-Ат-Башы маршрутунда каттаган түнкү автобустун эми өрөөндүн эң четки айылы Өзгөрүшкө чейин каттаганы болду. "Карапайым калк, студенттер үчүн бул чоң жеңилдик. Ылайым дөөтүбүз жүрүп турсун" дешет сүйүнгөнүн жашыра албаган айылдыктар.

Жазуусу бар таш табылды
Кечээ жакында Сары-Жаздан геолог жигит боорунда табияттан жазуусу бар таш таап алган (сүрөттү караңыз). Окумуштуулардын айтуусу боюнча анын бетиндеги жазуу "Аллах акбар" деп чечмеленет экен. Сары-Жаз аймагы Көлдүн ары жагында Кыргызстандан Кытай тарапка аша берген тарапта экенин эсепке алсак, бул тарапта дин анчалык күчтүү болбогону түшүнүктүү. Аталган табылганын буга чейин эл көзүнө көрүнбөй жатканы кызык.