presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Справочный бүйрө
Кем акыл балдар кимден?
С.: - Эркектин жумуртка клеткаларынын активдүүлүгү аз болсо да кем акыл балдар төрөлөбү?
Садырбек,
Бишкек шаары
П.: - Жок. Эркектин уругунун эң мыктысы гана аялдын жумуртка клеткаларына жетип, түйүлдүк пайда болот. Баланын кем акыл, оорукчан туулушуна наркотик, алкоголь сыяктуу зыяндуу заттар себепкер. Алар уруктун ичиндеги гендердин бузулуусуна алып келет.

Тиштемейинче кумардан канбайм
С.: - Аялдар менен жыныстык катнашта болуп, жакындашууну баштасам эле аларды тиштеп этин оорутмайынча кумарым канбайт. Жакшы эле өзүмдү карманайын десем эле тиштегенди баштайм. Бул эмнеси?
Талгат,

Ош шаары
П.: - Мындайды "мазохизм" деп аташат. Тубаса жыныстык кеселдердин катарына кирет. "Мазохизм" деп аталып калганынын себеби, сиздикиндей окуяны биринчи ирет сүрөттөп жазган австриялык жазуучу Л.Захер - Мазохтун атынан аталган. Сөзсүз сексопатологго көрүнүңүз.

Күйөөмдү сүйбөй калдымбы?
С.: - Күйөөм менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконубузга алты жыл болду. Бирок акыркы кездерде аны көрсөм эле кыжырым кайнай берет. Бул эмнеси, аны сүйбөй калдымбы же?..
Мадина, Токмок шаары
П.: - Негизи мындай көйгөй сезимди ички катып, ой-пикир алмашпоодон, сырдашуудан алыстагандан улам пайда болот. Мындай кырдаалда ичке бук толо берип, ортоңорду алыстатып жатат. Бул абдан коркунучтуу. Күйөөңүз менен сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпаса психотерапевтке кайрылыңыз.

Кан чыгып калат
С.: - Этек кирим келээрине бир-эки күн калганда эмнегедир киндигимен кан чыгып калат. Эмнеге?
Айганыш, Жалал-Абад шаары
П.: - Этек кир келгенде кээде дененин ар кайсы жеринен кан чыккан учурлар кездешет. Көбүнчө мурундан кан чыгат. Сиздики болсо жатындын чел кабыгындай гормоналдык өзгөрүүлөр киндик каналдарында да жүрсө керек. Бул коркунучтуу деле эмес.




  Дөөлөрдүн махабаты

Донжуан Джон Кеннеди
Аялдарды кол каптай алмаштырган белгилүү эркектердин катарында мурдагы АКШ президенти Джон Кеннеди тууралуу көп айтылат. Джон Кеннеди аялдарды алмаштырбаса, кадимкидей башы ооруп, эч нерсеге көңүлү чаппай калганын жанындагылар жакшы билишчү. Президентти дайыма үч аял төшөк жактан тейлеп турчу. Алардын бири өзүнүн мыйзамдуу жубайы, экинчиси - көңүлдөшү, үчүнчүсү - анын капканына түшкөн, азгырган айым болгон. Булардан тышкары күнүгө бир-эки жолу кумарга батуу үчүн сулуу айымдарды алмаштырып турган. Атүгүл өзүнүн катынпоздугун президент минтип айтканы бар: "Мен аялдар менен жакындашууда жок дегенде үч жолу ар кандай ыкмада сүйүү ойнун ойногондон кийин андан кеталам" деген. Ошол кезде Кеннединин жанына жалгыз бой аялды калтыруу коркунучтуу дешчү. Себеби, кандай гана кырдаал болбосун ал баарыбир жанындагы аял менен сөзсүз сексуалдык катнашка барган. Президент кайсы жерден кумарга баткысы келсе эч нерсеге карачу эмес. Атүгүл Кеннеди жылаңач бийлеген бийчи менен шкафтын ичинен да жыныстык катнашта болгон деп айтылып жүрөт.
Чындыгында Кеннеди эң темпераменттүү, сексуалдуу эркектердин катарына кирген. Ал сексуалдык канааттануудан өзүн чектеген эмес, бул болгону табигаттын муктаждыгы деп эсептеген. Койнунда жаткан аялдардын келбетиндеги кемчилигине маани берчү эмес. Президенттин Ак үйдөгү иш бөлмөсүнүн ичинде дагы анын көңүл ачууга ылайыктуу диваны менен өзүнчө бөлмө бар болчу. Аялы анын көңүл ачуусуна жолтоо болбош үчүн дайыма шаардын четиндеги дачасына жиберип турчу. Кеннединин койнуна кирген аялдардын саны эки миңге чукул деп айтылат. Бирок президент төшөктө өнөктөшүнүн канааттануу алганына маани берчү эмес, өзүнүн гана кумарын кандырууга ашыкчу. Анткени менен Кеннеди менен кумарга баткан айым "президент менен жаткан 30 секунд жашоомдогу эң сонун убакыт болгон" деп эскергени бар.
Ален Делондун азгырыгы
Өткөн кылымдын кыздарын өзүнүн сулуулугу, таланттуулугу менен эс-учунан тандыра сүйдүргөн француз киноактеру Ален Делон жүрөгүндө сүйүүнүн учкунусуз жашай албаганын жашырбайт. Жаш кезинде аракка, коркунучтуу мафияга, аялдарга да жакын болгон. Бирок өзүнүн бардык жетишкендиктеринин себепкери сулуу айымдар деп эсептейт. Абдан сүйөнчөөк Ален бир да кызды берилип сүйгөн эмес. Сулууларды тез эле алмаштырып турчу. Сүйүүдө жана үй-бүлөдө адам дайыма эркин болушу керек деп эсептечү. Ал кыздардын келбетине гана баа бергендиктен сойкулар менен деле жата берчү. Анткен менен Алендин жашоосунда акылдуу аялдар көп кездешкен. Азыр Ален Делон жетимиштен ашканда гана аялдарды коркунучтуу шайтан деп эсептеп калды. Бирок, ошол коркунучтуу шайтан эркектерге сөзсүз керек дейт. Актерду азгырам деп сулуу айымдар аракет деле кылчу эмес. Аларды Ален өзү эле көз жаздымда калтырчу эмес. Бирок ал акыркы интервьюларында "мен өзүмдү кандай сүйсөм, мени ошондой сүйгөн айым табылбады" деп кейиген.
Пабло Пикассонун "керемети"
Дүйнөгө өзүнүн кереметтүү картиналары менен таанылган Пабло Пикассо жылдызы жок болуп, айымдарды өзүнө анча тартчу эмес. Бирок аны менен бир жолу кумарга баткан айым жанынан чыгалбай калчу. Пикассону дайыма сулуу жана жаш айымдар курчап жүрчү. Ошондуктан ал улгайганча мени картайтпай аткан ушул аялдар деп көп айтчу. Пикассо да аялдарды тез эле алмаштырып турчу. Аны менен кумарга баткан айымдардын арасында жакын досторунун аялдары да болгон. Кумар кандырган айымдардын баары сүрөтчү мага өзгөчө көңүл бөлсө деп кыялданышчу. Далай айымдардын даамын таткан Пикассо аларды эки түргө бөлчү. Биринчисин сулуулуктун ханышасы десе, экинчилерди кумарга батчу төшөктөр деп койчу. Кандай гана аял менен жакындабасын бардыгына Кудайындай мамиле кылчу да, алар менен ажырашканда гана эки типке бөлчү. Өзүнө жакпаган айымдар менен кумарга батса, аны эсинен тез эле сызып, унутууга аракеттенчү. Пикассо 72 жашка чыкканда анын акыркы аялы 27 жашта эле. Сүрөтчү 91 жашка чыгып көз жумган, бирок өмүрүнүн акырына чейин сексуалдык дараметин жоготкон эмес.
Даярдаган
Жамал МАЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??