presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жаралуу сезим
Марат оорукананын короосундагы отургучта Шамил менен Айдайдын жанаша сүйлөшүп отурганын көрүп, дагы эмне болушаар экен деген кыязда аларды сыртынан карап турду. Айдай Маратты келип калат деп таптакыр ойлогон эмес. Алардын сөзү үзүл-кесил угулгандыктан Марат жакын келди. Кызуу сөзгө кирип алышкан Айдай менен Шамил Маратты байкашкан жок.
- Сиздин жолдошуңуз эмне болуп иштейт? - деп сурады Шамил Айдайды карап.
- Менин жолдошум бар деп ким айтты? Жолдошум жок, курсактагы баламды өзүм үчүн төрөп алам. Мен жалгызмын, мага бала керек, - деди Айдай оор үшкүрүнө.
- Сиз али жашсыз го... Турмушка чыксаңыз сиздей айымды эч бир эркек таштабаса керек.
- Ал менин кош бойлуу экенимди билгенден кийин таштап кеткен. Азыр мени менен иши да жок. Жакында үйлөнөм деген.
- Кантип эле? - деди ишенкиребеген Шамил.
- Ушинтип эле. Ал узун сөз, - деди Айдай. Алардын сөзүн угуп турган Марат чыдай албай басып келди да Айдайды карап:
- Кандайсың? - деп колун созуп бетинен өбөйүн дегенде Айдай алик албай мисирейе Маратты карады да:
- Эмне келдиң? - деди. Шамил Маратты көргөндө Айдай айтып аткан жигит экенин дароо баамдады. Кетип калайын деп ойлоп, бирок Айдайдын Маратта көңүлү жок экенин билгендиктен отуруп калды.
- Сени менен сүйлөшөйүн дегем, - деди Марат Шамилден кызганганын билгизбегенге аракеттене өзүн токтоо кармап.
- Сүйлөшө турган сөзүм жок! Кетип кал, болбосо...
- Болбосо эмне кыласың! Мобу жаңы жигитиңе мени сабатасыңбы! - деп жанатан кызганычка көөдөнү толуп, айталбай аткан жинин чыгарып алды.
- Жогол, көзүмө көрүнбөй!.. Сени көрөйүн деген көзүм жок. Мен сени тааныбайм, билгим да келбейт. Энеси жок жетим кызды эмне кылабыз деп ойлодуңар да ээ. Сага кыз даярдап коюшпады беле, эмнеге ага үйлөнбөй жүрөсүң?! - деди мыскылдай.
- Эй дос, сен кетип калчы, Айдай менен сүйлөшө турган сөзүм бар, - деди Марат Шамилди карап. Ордунан туруп келаткан Шамилди билектен кармаган Айдай:
- Бул эч жакка кетпейт, айтчу сөзүңдү ушул жерден айт, - деди.
- Сен ушуга тийейин деп атасыңбы? Курсактагы балаңдын кимден экенин билеби? Сенин ушундайыңдан таштап кеттим да. Сабира таежем Айдайга ишенбе деп туура айтыптыр. Эми ага ишендим, сени мобул алат деп ойлоп атасыңбы? Алса да ал сенин акчаңа, атаңдын бийлигине кызыгып алышы мүмкүн, - деген Марат Айдайды кемсинтип сүйлөп атты. Анын ар бир сөзү Айдайга катуу тийди. Акыры чыдабай кетип, Маратты жаакка чапты да:
- Мени жайыма койчу, уктуңбу! Экинчи келбе, мен сени чакырдымбы! Жогол! - деп көзүнүн жашын агызып оорукананын ичине кирип кетти. Шамил Айдайдын артынан баруудан тартынып, эмне кылаарын билбей ыңгайсыз абалда калды. Марат менен Шамил Айдай киргенче аны узата карап турушту. Аңгыча Марат Шамилге карап:
- Сен Айдайга эмнеге келдиң эле? Сен кимсиң? - деп кекете сурады.
- Ишиң болбосун, мен сага отчет бербейм. Аялга да ушундай мамиле жасайсыңбы, - деген Шамилдин сөзүн уккан Мараттын кыжыры кайнап аны бет талаштыра коюп жиберди. Экөө ал жерден мушташып кетишти. Мектепте окуп жүргөндө Шамил күрөшкө катышып, коргонуу ыкмаларын мыкты өздөштүргөн эле. Ага атырылып аткан Маратты бир заматта көмөлөтө жыкты да басып кетти. Шамилден жеңилип калган Марат ызаланып арырак жерде жаткан муштумдай болгон ташты алды. Кетип бараткан Шамилдин артынан келип таш менен башка коюп жиберди. Башка катуу тийген таштан улам Шамил эс-учун жоготуп жерге кулап түштү. Оорукананын короосундагылар ызы-чуу түшө доктурларды чакыртышты. Шамилди оорукага алып киришип, милиция чакыртышты. Шамилдин башынан кан шорголоп, эс-учун жоготуп жатып калганын көргөн Марат коркуп кетти. Ал эми Айдай палатага кирип, керебетине чүмкөнүп жатып алып Мараттын айткан сөздөрүнө ызаланып ыйлап атты. Оорукананын короосундагы Марат менен Шамилдин мушташын билген жок.
* * *
Насирдин кызынын Шамилди оозунан түшүрбөй калганынан улам ойлонуп калган. Чын эле Шамил токтоо, маңдайы жарык жигит экен. Балким анын Айдайда сезими болсо, эмне үчүн экөөнү үйлөнтүүгө болбойт эле. Айдай баарыбир менин сөзүмдү укпайт, эгерде кааласа үйлөнтүп коем деген ойго жетеленип атты. Ал эми Сабирага үйлөнбөйм деп чечти. Үйдү Саамайга каттатып берем, бирок, Сабирага үйлөнбөсөм да аны башка эркекке турмушка чыгууга уруксат бербейм деп ойлоду Насирдин. Айдайдын турмушка чыкпай калганына Сабираны күнөөлөп, өчүн алам деп атты. Кечке жуук Айдайга ооруканага келсе, ал жердеги дарыгерлер ызы-чуу болуп атышыптыр. Оорукананын алдында милициянын машинеси токтоп, алардын арасынан Мараттын караанын көрдү. Маратты көргөндө бир жамандыкты сезгендей Насирдиндин жүрөгү болк дей түштү. Ой деген күлүк эмеспи, Марат келип Айдайга бир жамандык жасадыбы деген ой келди. Ал милициянын жанына барып иштин чоо-жайын сурады. Марат Насирдинди көрүп, милицияны карап актана түштү:
- Мына ишенбесеңер, менин аялымдын атасы. Айдайдын боюндагы баласы менден айтып коюңузчу... - деди шашкалактап. Насирдин Мараттын милицияларга актанып атканын карап:
- Эмне болду? - деп эч нерсени түшүнбөй турду. Маратты суракка алып аткан милиционер:
- Айдайдын атасы сиз болосузбу? - деп сурады.
- Ооба, а эмне болду? Айдай каякта, ал тынч элеби?
- Айдай жакшы эле... Бул жигит Айдайдын жолдошу болом дейт. Сиз далилдей аласызбы, ал эми Айдай болсо муну тааныбайм дейт...
- Айдай кандай айтса ошондой. Мен муну тааныгым да келбейт. Деги айткылачы, эмне болду?
- Бул сиздин күйөө балаңызмын деген жигит Айдай менен турган жигитти таш менен уруп, өлтүрүп кое жаздады. Анын баш сөөгү сынып кеттиби, айтор эсине келбей, башка ооруканага алып кетишти.
- Айдай менен турган кайсы жигит экен? - деп сурады Насирдин түшүнө бербей.
- Шамил деген жигит экен. Аны Айдай айтты, досум болчу дейт.
- А Айдай каякта?
- Ал палатасында, кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен ийне сайып жаткырып коюшту. Чыныңызды айтыңызчы, бул жигит сиздин күйөө балаңызбы, болбосо бул Айдай менин аялым, башка жигит менен сүйлөшүп турганын көрүп кызганып кеттим деп айтып атат, - деди сурак алган милиционер Насирдинди карап.
- Мен муну тааныбайм, кызым турмушка чыккан эмес. Анын күйөөсү жок, - деди да ооруканага кирип кетти. Палатада көзүнүн жашын көлдөтүп, Айдай керебетинде жаткан экен, атасын көрүп ого бетер эреркеп кетти:
- Ата, Марат Шамилдин башын жарып салды. Эми Шамил эмне болот? Апасы ансыз деле бир буту жерде, бир буту көрдө турат. Жалгыз уулунун башы жарылып эс-учун жоготуп жатканын укса кантет. Шамилдин абалы оор, анын башын операция жасайбыз дешти доктурлар. Сиз тезирээк Шамил жаткан ооруканага барыңыз, - деди шашкалактай. Насирдин кызынын айтканына көнүп дароо эле Шамил жаткан ооруканага жөнөдү. Ооруканага барса аны операцияга алып кирип кетишиптир...




  Эрдик улутка карабайт

Азыркынын анык баатыры

Чүй облустук жол коопсуздук башкы башкармалыгынын кичи сержанты, жыйырма эки жаштагы Руслан Сидоренконун жасаган эрдиги учурда коомчулукту дүң кылды. Анткени Руслан өз өмүрүн тобокелге салып кыш чилдесинде каналга түшүп, сууга чөгүп аткан тогуз кишинин өмүрүн сактап калды.

- Ошол 26-декабрь күнү жетекчилик мага эс алууга уруксат берген эле. Жолдошторум менен Чүй облусундагы райондордун биринен иштеримди бүткөрүп Бишкекке бараткам. Александровка айылына жеткенде машинемди бейтааныш аял токтотуп калды. Анын көздөрүнөн абдан тынчсызданып атканы дароо байкалды. Алиги аял арыраак жактагы каналга машине ичиндеги кишилери менен түшүп кеткенин айтты. Ал аялдын көргөзмөсү менен көпүрөнүн жанына келдик. Көпүрөнүн четин тосуп турган темир тосмо сынып, тоңуп турган сууга машина кулаган экен. Бирок ошондой салмактагы машинаени муз көтөрө алмак беле, муз жарылып машине сууга чөгүп баратыптыр. Анүстүнө машиненин үстүнө көпүрөнүн оор темирлери да түшкөн экен. Ушунчалык катуу соккудан унаанын терезелери сынып кетиптир. Биз машинеге келгенде ал суунун түбүнө кирип көрүнбөй калыптыр. Суудан аялдардын анан балдардын ызы-чуусу гана угулуп атты. Аларды карап каналдын жээгинде бир нече адам эмне кыларын билбей турушту. Жардам берүүчү куткаруучуларды чакырууга мүмкүн эмес эле. Алар келгенче сууга чөккөн унаанын ичиндегилердин баары тумчугуп өлөөрү айдан ачык болчу. Ошондо үстүмдөгү тонду чечип муздак сууга секирдим да, чөгүп бараткан машинеге кирдим. Унаанын артындагы жаш аял "адегенде биздин кичинекей балдарды куткаргылачы" деп кыйкырды. Чөгүп аткан "Фольксваген-Дента" унаасынын ичинде айдоочудан бөлөк дагы үч аял, беш кичинекей бала бар экен. Балдардын эң кичинесине болгону сегиз эле ай болуптур. Эшикти ачайын десем ачылбай койду. Машине ушунчалык катуу урунгандыктан айдоочу эсин жоготуп койгон экен. Адегенде эс-учун жоготуп койгон айдоочуну терезеден араң дегенде алып чыктым. Андан кийин артынан колума урунган кичинекей балдардын эң кенжесин алып чыгып жээктеги бизди карап тургандарга бердим. Аларды тез арада куткарыш керек деген ойдон суунун муздак экенин да сезбей калыптырмын, - дейт Руслан.
Русландын айтуусунда каналга чөккөн унаадагы адамдарды жалгыз алып чыгалмак эмес. Жолдон өтүп бараткан "Жигули" машинесинин айдоочусу дагы бир Руслан аттуу жигит ага жардам берген. Ошол учурда окуяны карап турган адамдар болгон. Бирок эч кимиси чөгүп аткандарга жардамга келген эмес. Бирөө сууда сүзгөндү билбейм десе, экинчиси муздак каналга түшкүсү келбедиби, айтор, дагы бир шылтоону айткан. Чөгүп кеткен унаадагылардын баарын аман-эсен алып чыгып, суу болгон кичинекей балдарды жолдон өтүп бараткан машинеге салып коңшу айылдагы үйлөргө жеткиришкен. Жабырлануучулардын бардыгы суудан чыккандан кийин "тез жардам" чакырышкан. Бактыга жараша кырсыкка кабылган адамдардын бири да катуу жаракат алышпаганын дарыгерлер бир сыйра текшергенден кийин айтышты.
Милиционер Руслан Сидоренкого жабырлануучулар алкышын айтып, жашаган дарегин калтырышкан экен. Жаңы жыл өткөндөн кийин Русландын жетекчилиги жабырлануучулардын дареги боюнча барышса, ал үйдө эч ким жашабаган, ээси жок там болуп чыкты. Ошол учурда бардыгы муздак суудан чыгып, ызы-чуу болушуп чөнтөк телефондорунун номерлерин деле беришпептир. Бирок Руслан жардам берген адамдарды издеп таап, алардын абалын сөзсүз билем дейт.
Жакшынын шарапаты баары бир билинет эмеспи, жаңы жыл алдында Русландын эрдигин ошол кезде эч ким баалабаса да, азыр билинип отурат. Ушунча кишинин өмүрүн сактап калам деп деле ойлогон эмесмин дейт жаш милиционер. Тилекке каршы, "Жигули" унаасынын айдоочусу Руслан да дарегин калтырбаптыр.
Чүй облустук жол коопсуздук башкы башкармалыгынын начальнигинин орунбасары, милициянын майору Мурадил БУЛАНОВ жетекчилик Руслан Сидоренкону кантип сыйлаганын айтып берди.
- Русландын бул эрдигин билгенден кийин аны өзүбүздүн башкы башкармалыктын Ардак грамотасы менен сыйладык. Андан кийин чинин да чоңойттук. Мурда кичи сержант болсо, азыр сержант болду. Андан тышкары ИИБге Руслан Сидоренкону сыйлоо тууралуу сунуштаганбыз. Алар тарабынан кандай сыйлык берилет, азырынча белгисиз. Русландын иштегение бир эле жыл болгон. Жумушка тыкан, абдан жоопкерчиликтүү кызматкер. Жол эрежелери боюнча жарандардын коопсуздугун көзөмөлгө алганда, кылмышкерлердин бетин ачууда да көп салымын кошуп келет. Бир жылдын ичинде эле ушундай иштерди аткарып аткандан кийин Русландан дагы көптү күтсө болот.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??