presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Алонсо эмес, Хавиге бергем!
Футбол боюнча Гватемала курама командасынын капитаны Густаво Кабрера өзүн дүйнө жүзүнө аябай рекламалап алды. Жылдын мыкты футболчусун аныктоодо ар бир мамлекеттин башкы машыктыруучулары менен капитандарынын добушу саналмак. Анын "Барселонанын" жарым коргоочусу Хавиге берген добушун ФИФАнын өкүлдөрү Хаби деп жазып алып, "Реалдын" оюнчусу Хаби Алонсонун эсебине кошуп коюшуптур. Эмнеге андай кылып менин добушумду эсептебей коюшту деп чыр салган Густавону дүйнө жүзү футболчу катары эмес, ФИФАны сөккөн адам катары таанып калышты.

Месси го мыкты, баурдаска эмне жок?
Лионель Месси экинчи жыл катары менен жылдын мыкты футболчусу аталып, "Алтын топту" экинчи ирет колуна кармады. Билермандардын болжолу боюнча бу жолу Лионелдин командалашы Андреас Иньеста алышы керек эле. Сакадай бою сары алтын футболчу үчүн кыргызстандыктар да жогорку баасын бергенин айта кетпесек болбойт. Добуш бергендердин 22,65 пайызына жаккан Месси Иньестаны 17,36% менен экинчи орунда калтырган. Баса, коңшу казактар бизди да дүйнө тааныды деп кубанып алышыптыр. Анткени, Пушкаштын атын алып жүргөн "жылдын эң кооз голу" сыйлыгын алган түркиялык Халил Алтынтоп өзүнүн укмуштай голун дал ушул баурдастарыбыздын дарбазасына Казакстандагы оюнда киргизген.

Роналдиньо Риодо
2004-жана 2005-жылдары жылдын мыкты футболчусу болуп табылган бразилиялык Роналдиньо Италиянын "Милан" клубунан кетти. Бразилиянын "Фламенго" клубу менен 2014-жылга чейин келишим түзгөн коен тиштин айлыгы 5,5 миллион еврону түзмөй болду. Акча куруп кетсин, бул кадам менен Роналдиньо 2014-жылы Бразилияда өтүүчү дүйнө биринчилигинде өз өлкөсүнүн курама командасынын катарына кирип калайын деген аракети үчүн мекенине кетиптир.

Аршавиниң артист тура
Орустардын көзгө басар футболчусу Андрей Аршавин футбол жылдыздары Лионель Месси жана Дидье Дрогба менен бир катарда атактуу Пепси КО компаниясынын товарларын рекламалап келет. Бул жолу "Арсеналдын" 23-номери Лейс чипсилерин мактап жарнамалык роликке тартылды. Режиссердун айтымында, Андрейдин актерлук жактан таланты бар экен. Жакында киного тартылуу сунушун берсекпи деп ойлонуп калышты.

Диара дыр коебу?
"Реалдын" жарым коргоочусу Лассана Диараны өткөндө "Вильяреал" менен болгон беттеште биринчи таймдан кийин машыктыруучу алмаштырып салды эле, былтыңдап кийим алмаштыруучу бөлмөгө оюн бүткүчө эле кирип кеткен. Бул кылыгына жини келген клуб жетекчилиги спортчуга акчалай айып салды эле, мен башка клубга кетем деп чыкты. Бул таланттуу жарым коргоочуга "Манчестер Юнайтед" кызыгып жүргөнү белгилүү. Бир болсо Диараң дыр койгону калды.

Кириленко кирип кетти
Баскетбол боюнча Россия курама командасынын капитаны Андрей Кириленко АКШ жарандыгын алып алды. 2001-жылдан бери НБАда "Юта Джаз" клубунда өнөр көрсөтүп келген оюнчунун бул кадамын окемдер түшүнбөй калышты. АКШнын жараны эми Россиянын курамына ойной албасы айтпаса да түшүнүктүү. Көзгө басар узунун алдырып ийген орустар тилин тиштеп отурушат.

Жарк дей түштү чагылган
Буэнос-Айрестин "Расинг" футбол клубунда массажчы болуп иштеген Сесар Нарди машыгуу учурунда наркы дүйнөгө кетип ийди. 61 жаштагы массажчы команданын коргоочусу Родольфо Молинаны жумшартайын деп турганда жанында турган суу чачкычка келип тийген чагылгандын заряды так гана Сесарга тийген. Жерде жаткан Родольфо катуу чочугандан башка зыян тарткан жок. Бул жоготуу клуб үчүн катуу тийгендиктен, ушул жумадагы беттештерин жылдырып салууну суранышкан.




Сандар айтат сапатын
Кыргызстан курама командасынын оюнчуларынын баарынын баасы 640 миң эле евро турат экен. Эң кымбат футболчубуз Вадим Харченко - 175 миң евро турса, Эсенкул уулу Чолпонбек - 150 миң, Антон Землянухин - 150 миң еврого бааланат тура. Ал эми Кыргызстандын фонунда башка өлкөлөрдүн акчасы астрономиялык болуп көрүнөт. Мындай эсепти transfermarkt.de порталы иликтеп чыкты. Ага ылайык төмөндө кайсы өлкөнүн курамасы канча тураарын билип алсаңыз болот:
Испания - 645 млн. евро
Аргентина - 397,8 млн. евро
Англия - 396, 5 млн. евро
Франция - 318, 5 млн. евро
Португалия - 318, 3 млн. евро
Италия - 310,5 млн. евро
Германия - 246,5 млн евро
Россия - 219,6 млн. евро
Голландия - 216,75 млн. евро
Сербия - 203,35 млн. евро
Кошуналарыбыз:
Өзбекстан - 10,325 млн. евро
Казакстан - 7,375 млн. евро
Түркмөнстан - 1,875 млн. евро
Тажикстан - 275 миң. евро
"Солвейгди" соолуткан "Сириус"
Балдар жана өспүрүмдөрдүн лигасы үчүн волейбол федерациясы тарабынан уюштурулган 1993-жылдан кийин туулган кыздардын арасындагы "Бурганак" аттуу турнирди Токмоктун "Сириус" командасы жеңип кетти. Кара-Балтанын "Манас" спорт комплексинде өткөн кызуу таймаштарда Бишкектин "Солвейг спорт" клубу экинчи орунга нааразы болушса, Балыкчынын секелектери үчүнчү орунга сүйүнүштү.

Туфли кийбей топ тепкендер
Акыркы мезгилде кыз-келиндердин арасындагы спорт күч ала баштады. Өткөн аптада Беловодскинин "Урожай" спорт комплексинде кыздардын футбол боюнча турнири болуп өттү. Футбол федерациясынын кабарына таянсак, баш байгени ФФКРнын сулуулары илип кетиптир. Турнир кожойкелери "КГРК Химик" клубу күмүш тагынууга аргасыз болушса, кайыңдылыктар коло менен куру кайтпады.

Бекер жаткыча барган оң
"Дордой" футбол клубу Кыргызстандын биринчилигин кочкор-аталыктарга алдырып ийип, эч жакка жолдомо бербеген кубокту кучактап кышкы залда мини-футбол ойноп жаткан жеринен кубанычтуу кабар угушту. 20-февралдан 1-мартка чейин өтчү Түркмөнстан президентинин XVII кубогуна чакыруу алышты. Байге фонду 35 миң жашылбай болгон турнирге Түркмөнстан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Тажикстан жана Түркиянын клубдары катышат. Бирок ушул убакка чейин "Дордой" да, Канттын "Абдыш-Атасы" да топтук тайпадан ары өтө албай келет.

Миң-Кушта муз тоңду
Жумгал району Кыргызстанга хоккейчилери менен таанымал. Дал ошол миң-куштук хоккейчилер ачык асман астына муз тоңдурушуп, машыгууларын башташты. Кошуна Казакстандагы кышкы Азия оюндарынын жүрүшүн көргөн жаш балдар бул спортко берилип кетеби деген чоң үмүтү менен бул ишке салымын кошкон айыл башчысы Самира Жунушова аял болсо да спортко көңүл бурганын жашырбады.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??