presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Серпилткен сезим

"Мени сүйөт, ошондуктан кызганат" деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп келебиз. А чынында кызганыч чоң оору экенин, анын түбү бактысыздыкка алып келээрин убакыттын өтүшү менен түшүнүп мойнубузга алабыз. Түгөйлөрдүн ортосундагы чыр-чатак, түшүнбөстүктөр ушул сезимдин айынан келип чыгаары анык. Айрымдары аны жеңсе, кээ бири жеңилип, ооруга айлантып алышы мүмкүн.
"Сенден сулуу болсо дагы алганым..."
Кызганычтан кыйналып жүрөм
Жигитим менен сүйлөшкөнүмө жарым жылдын жүзү болду. Эрнис мүнөзүнө жараша жакшынакай келбеттүү жигит. Өзгөчө ойноктоп, күйүп турган кара көздөрү бир көргөн адамды өзүнө тартып, арбап турат. Жолуккан сайын курбуларым экөөбүздүн жакшы түгөй экенибизди бир айтып бир коюшпайт. Бирок акыркы күндөрү экөөбүздүн урушубуз көбөйүп, чыртылдап кабак бүркөгөнүбүз күчөп баратат. Ал мени кызганып, мен аны... Ортодо талаша турган эч нерсе жок, бирок жолугушканда сөзсүз эки же үч жолу уруша кетип табышабыз. Кээде урушкан бойдон эки жакка ажырап жумалап сүйлөшпөй калган күндөр болот. Андайда ойго жаман нерселер гана келет эмеспи. Башка кыз таап алдыбы деген суроо мээмде уюп турганы турган. Кадимкидей башым ооруп, көңүлүм чөгүп чүнчүп жүдөй түшөм. Кызганыч сезими эркиме баш ийбей түркүн ой мээме тээп, урунаарга тоо таппай калган күндөрүм көп болот. Менин көзүмчө Эрнис башка кыздарга күлө багып, аларды сөзгө тартканын бир да жолу көргөн эмесмин, чын эле менден башка кыз аны кызыктырбайбы же дагы жөн жерден менин дооматыма калбайын деп сактанабы, белгисиз... Ушул сезим менен канча ирет күрөшүп, өзүмдү кармаганга аракет кылдым, бирок жыйынтык жок. Кызганчаактыгымдын айынан андан ажырап калуудан корком...
Арзу, 24 жашта, Бишкек шаары


Кызганыч - табиятынан өзүмчүл келген адамдарга мүнөздүү сапат. Адам бул сезимге алдырганда оңой менен түгөйүнө ишенбейт, сөз көтөрө албай калат. Сүйүктүүсүнүн баскан-турганын, ар бир кадамын тескей баштайт. Эгер сиз өнөктөшүңүздөн ушул сапаттарды байкасаңыз, анда ал кызганып жатат деп билиңиз. Кызганычты үч түргө бөлүп караса болот.
Классикалык. Ортодо сүйүү өчүп бара жатканда пайда болот. Мындай учурда адам жумурткадан кыр издеп, урушкусу келип калат. Кызганычтын бул түрүнүн кандайдыр бир деңгээлде пайдасы да бар. Анткени өчүп бара жаткан сезимдерди ойготууга, сүйүктүү адамыңыз менен кайра тил табышууга аздыр-көптүр мүмкүнчүлүк бар. Болгону аша чаппай, чеги менен болгон оң.
Алкоголдук. Адам өзүнүн алсыздыгын мойнуна алып, сүйүүсү үчүн күрөшүүгө кызганычтан башка жол таппай калганда алкоголдук кызганыч пайда болот. Айрымдар сүйгөнүн кызганыч менен кармап калам деген жаңылыш ойдо болушат. "Эгер сен мени таштап кетсең, мен өз жанымды кыям", же болбосо "сенсиз мага жашоонун кереги" жок деген коркутуулар да ушул этапта башталат. Кээ бир адамдар кызганычтын айынан жан кечти болуп чыга келиши мүмкүн.
Паталогиялык. Кызганычтын эң коркунучтуу, кооптуу түрү. Себеби адам кызганыч менен бала кезинен бери ооруп баштайт. Паталогиялык кызганыч өзгөчө ичи тар адамдарга мүнөздүү. Бара-бара кызганыч ооруга айланып, кийинки жашоосуна тоскоолдуктарды жаратаары турган иш. Мындай түр менен ооруган адам түгөйүнүн жетишкен ийгиликтерин көрө албайт, бирок ич тардыгын жашырып кызганыч экенин көрсөткүсү келет. Ишине бут тосуп (өзгөчө мырзаларга таандык көрүнүш), аялын бучкактап карыш жылдырбай, аял киши үйдө бала менен отуруш керек деген түшүнүккө келип такалышат.
Орду менен кызганасызбы же обу жок кызганчааксызбы?
Адахан КОЖОГУЛОВ, теле алып баруучу:
"Башында чарт-чурт деп..."
- Жаңы үйлөнгөн кезде кызганычтын айынан чарт-чурт болуп кеткен күндөр көп эле болгон. Анын убакыттын өтүшү менен бири-бирибиздин ишенимибизге кирип, кызганычтын айынан көп урушпай калдык. Башкалардай болуп мен да, келинчегим да кызганчаак адамдардан эмеспиз. Сезимдерибизди бир калыпта кармап жүргөн адамдарданбыз. Кызгансак деле чоң маселеге айлантпай, ичибизге катып тим болобуз.

Жылаңач кыздардын сүрөтүн тартканда жубайыңыз кызганбайбы?
Юристанбек ШЫГАЕВ, сүрөтчү:
"Кызганыч келинчегимде күч"
- Оу-у, жубайым экөөбүз ал сүрөттөрдүн айынан канча уруштук. Башында сөзсүз кызганып уруш чыгарат, бирок кийин жумушумдун жыйынтыгын көргөзмөлөргө барып көргөндө унчукпай, түшүнгөн түр көрсөтүп калат. Мага караганда келинчегим кызганчаак. Кээде мага мени кызганбайсың деген дооматын коюп калат, анда мен адамдын өз уятына койдум, кызганганда эмне деп кутулам. Албетте мен деле аны кызганам, бирок уруш чыгарбай эле күчүмдү полотнодон чыгарам. Үй-бүлө болгондон кийин эң негизгиси, ишеним болуш керек.

Кызганыч бул оору дегенге кошуласызбы?
Борончу КУДАЙБЕРГЕНОВ:
"Күйөөсүн кызганып жатып эле бузган..."
- Адам өзүмчүл, бирөөнө ишенүү деген сезимден кур калганда кызганчаак болуп чыга келет. Илгери автобустарга түшүп талон бастырчу эмес белек. Ошондо бир дос баламдын келинчеги чөнтөгүнөн эки талон таап алып, автобуска ким менен түштүң деп катуу уруш чыгарган. Ошондон кийин болоор-болбос нерсеге кызгана берип күйөөсүн өзү эле бузуп алды. Кийин ал да көп басып кетти. Ушундан улам кызганыч чоң оору экенин түшүнгөм. Бактыга жараша келинчегим экөөбүз тең кызганчаак эмеспиз, ошондон улам азыр ээн-эркин жүргөнгө жакшы шарттар түзүлүп жатат окшойт.




  Шыпаагер

Сүннөттүн сырдуу жактары

Баланы сүннөткө отугузуу ата-эненин мойнундагы парз. Башында табыптардын, аксакалдардын жардамы менен бул милдет иш жүзүнө ашырылып келсе, азыр көбү медициналык жолго ыктап калышты. Динде, медицинада баланы сүннөткө отургузууда кандай айырмачылыктар бар экенин, дегеле бул салт бизге кайдан келгенин карап көрдүк.


Египеттен ээрчип келген
Эркек баланы сүннөткө отургузуу салты бизге египеттиктерден келген. Биздин доорго чейин 1800-жылы пайда болгон салтты ошондо эле диний көз караш менен талкуулашкан. Кийинчерээк медицина өнүгө баштаганда сүннөттү мастурбация менен байланыштырышкан. Анткени адам өзүнө мастурбация жасаган учурда сүннөткө отурбаган эркектин жыныс мүчөсүнө инфекция кирип, ден соолугуна залакасын тийгизерин аныкташкан. Башында жапайы салт катары карашкан сүннөттүн пайдалуу жактарын таап чыгышып, Египеттен Түндүк Америкага кеңири тараган. Азыр көп өлкөдө ушул салт колдонулуп келет. Болгон айырмачылык баланын жаш курагында. Мисалы, Египетте 14-17 жашка чейин, Гамбиядагы урууларда 6-8 жашка чейин, Израилде ымыркай төрөлгөндө сегиз күндөн кийин сүннөткө отургузушат.

"Ымыркайды сүннөткө отургузууга болот"
Сүннөткө отургузуунун медицинадагы жол-жобосу тууралуу медицина илиминин доктору, профессор, "Эне жана баланы коргоо" улуттук борборунун директору Камчыбек УЗАКБАЕВге суроо узаттык.
- Баланы сүннөткө отургузууда медицинанын динден кандай өзгөчөлүгү бар?
- Чынында баланы үй шартында эмес, медициналык жол менен сүннөткө отургузуу коркунучсуз. Анткени жыныстык мүчөнүн сырткы анан ички катмары болот. Эгер үй шартында сүннөт отургузса ички катмар жакшы кесилбей, тери сезгенип, түрдүү инфекция кириши мүмкүн. Сүннөткө отургузуу - бул операция. Башка операциялар үй шартында жасалышы мүмкүн эмес. Медицинада сүннөткө отургузганды наркоздун жардамы менен жасайбыз. Ошол жер оорутпагыдай ийне сайып, операциядан кийин бала ойгонуп баса берет. Бирок кесилген жер тез айыгып кетиш үчүн суукка көп чыкпай, ар кандай кокустуктардан сактанышы керек. Эгер ойноп жатып жыгылып же урунуп алса, анда ырбап кетиши ыктымал.
- Медицина жолуна өткөнгө чейин үй шартында эле сүннөткө отургузуп келишпеди беле?
- Анда деле ошол кесиптеги табыптар кылдат мамиле жасап келишкен. Медицинада санитардык көзөмөлдөн өткөн таза аспаптар колдонулат. Ал эми үй шартында болсо маки менен кескенде оору жукпайт деп ким кепилдик бере алат?
- Баланын жаш курагы эске алынабы?
- Динде өзүнүн жол-жобосу менен жаш куракка маани берилиши мүмкүн. Бирок медицинада бала канча жашта экени эч кандай деле роль ойнобойт. Мисалы, Израилде бала жаңы төрөлгөндө деле сүннөткө отургузушат. Анткени кээде баланын органы сезгенип, инфекция кирип заара чыгаруучу каналдар кысылып калат. Заара кыларда ооруксунуу болсо, мөөнөтүнөн мурда сүннөткө отургузууга туура келет. Эрте сүннөткө отургузгандын эч кандай зыяны жок. Азыр бизге бир жаштагы балдарды деле алып келишет.
- Сүннөткө отургузмакчы болгон доктурдун шалаакылыгынан жапа чеккен Нурсултандын кийинки жашоосуна коркунуч туулбайбы?
- Чынында ал кишини дарыгер деп атоого деле ооз барбайт. Өзү врач, бирок хирург болбогондон кийин мындай ишке барганы туура эмес. Азыр Нурсултанга үч-төрт операция жасалды, бирок жыйынтыгы чыга элек. Кийинки жашоосунда бир аз тоскоолдуктар кездешүүсү мүмкүн. Анүстүнө психологиялык жактан доо алган бала көп убакытка чейин кыйналат.
"Күнүгө чөнтөктө жүргөн маки менен кесилбейт"
Ал эми сүннөткө болгон диний көз карашты Кыргыз Республикасынын муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ЭРМАТОВ ажы мындай түшүндүрдү.
- Сүннөткө динде кандай аныктама берилет?
- Сүннөт кылуучулук деген Ибрагим пайгамбардан бери келе жаткан салт. Эркектер тазалыкты сактоо үчүн, ден соолугу үчүн ушундай нерсеге барат. Эркек муктаждыктарды жасаган соң ар кандай ооруну жуктуруп, илдетке кабылышы мүмкүн. Шариятыбызда "ашыкча эт" деп коюшат экен, ошол этти алыш үчүн эркек сүннөткө отургузулат.
- Баланы канча жашында сүннөткө отургузуу ылайык?
- Негизи эркек бала төрөлгөнүнө жети күн толгондон баштап жети жашка чейин төрт же беш жашында сүннөткө отургузса болот. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө наристе төрөлгөндө эле ашыкча этти алып салышат экен. Бул да жакшы. Анткени кичине кезинде кан тамырлар көп жабыркабай, кансыроо деген нерсе болбойт.
- Табыптар маки менен сүннөткө отургузуп жүрүшөт. Коркунучтуу жактары көп го?
- Медиктер болобу же ата-бабадан берки салтты улап келген атайын устаттар болобу, эң негизгиси, этти ашыкча кесип, кан тамырларды жабыркатпаш керек. Усталардын атайын аспабы бар, алар да жол-жобосу менен атайын сүннөткө арналган таза маки менен ашыкча этти алганды билишет. Сүннөт десе эле күнүгө чөнтөгүнө салып жүргөн макини элестетиштин кереги жок. Атайын кармап жүргөн табыптын бычагы менен бул салт жүзөгө ашырылат.

Бетти даярдаган
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??