presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аскар баштаса аябайт
Олигарх Аскар Салымбеков медиа бизнеске тиш салууга белсенгендей. Дегенибиз, жаңы гезит ачууну пландаштырганын "дордойчу" бизнесмендин жакын кишилери айтышты. Ушу тапта басылманын багыты, структурасы түзүлө баштаганын эскертип өтөлү.

Жаасы катуу жаз
Жакындан бери казак бийлиги Алмазбек Атамбаевге каршы саясат жүргүзө баштаганын эшиттик. Ага ылайык, жаздын алгачкы айында массалык нааразычылык акциялары өтмөкчү. Митингдин негизги максаты - коалициялык өкмөттү отставкага айдоо. Эң таңгалычтуусу, Нуракенин "барбарос" планын жүзөгө ашырууга "Ата журт" партиясынын тыңчыкмалары көмөктөшөт дешет. Айтор, "эки элди эриктирбей, бир элди бириктирбеген" саясый күрөштөр алдыда.

Муштум боло алышабы?
Укканыбызга караганда, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен экс-башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев президенттик шайлоого чогуу аттануу чечимине токтолушуптур. Булардын катарына "эсил кайран" "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов кошулду. Ошондой эле "акыйкатчы" саясатчы Аликбек Жекшенкулов да ысымы аталган инсандар менен биргеликте кызматташуу ниетин кыйытканы дайын болду.

Жүрөк да, өзү да жаш
Экс-министр Турусбек Мамашов быйыл үйлөнөрүн эркин басылмалардын бири жар салды. Мында чындыктын үлүшү бар экендигин Санта Клаустун "атакеси" деле танбайт. А кишиге кайрылсак, "кыздарым, туугандарым, жакын санаалаштарым бүлө күтүшүмдү суранып атышат. Учурда мени түшүнгөн, сыйлаган аялзатын издеп жүрөм. Кудай буюрса, ушу жылы үйлөнөм. Жубайлыкка талапкерлер чыгууда, бирок алар көпчүлүк божомолдогондой улуттук каналдын селкилери эмес… Жашым өтүп калгангабы, айтор, бири жакса экинчиси андан дагы укмуш көрүнүп, курган жүрөк чыныгы ээсин таппай кыйналууда" деп табышмактанта жооп узатты.

Кулматов кимдерди кууратты?
Бажы тармагынын ичи тынч эмес. Бул тармакта иштегендер жетекчиси Кубан Кулматовго көңүлү жылыбай, жогору жакка кайрылуу катын жолдоого белсенишүүдө. "Сүйүү" катында Кулматовдун ишиндеги кемчиликтер, коррупцияны кантип гүлдөтүп атканы камтылышы ыктымал. Буга премьер кайдыгер карабай тиешелүү чара көрөт деп үмүт кылышат.

Акылбек акылына эми келди
"Ар-намысчы" депутат Акылбек Жапаров финансы министрлиги бюджет долбоорун кыргыз тилинде жазышы керектигин билдирди. Эл өкүлүнүн бу демилгеси колдоого аларлык. Арийне, эне тилине чындап күйсө неге мурдатан кам көрбөдү? Акылбек Үсөнбекович кезинде аталган министрликти жетектегени эсибизде. Ошондо республикалык бюджетти орус тилинде сайрап коргочу. Жапаров байкебиз чамасы патриот көрүнөйүн деп аткан го.

Айбектин алы ушубу?
Чүйдүн жаңы губернатору Айбек Азыранкулов жаштыгына салып өз милдетин так аткаралбай атыр. Мындан улам ал кожоюну Алмазбек Атамбаевге иштей албайт өңдөнөм, кызматтан кетирсеңиз дегендей суранбайбы. Өзүнүн деңгээлин билгени үчүн "балапан" ачендикке баракелде дейли. Бирок анын ордун аңдыгандар, калпагыңарды көккө ыргытып сүйүнбөгүлө, башбакан Айбекти ишти акырындап өздөштүрүп кетесиң деп жылуу-жумшак жолго салды.

Эрикпеген экстер
"Ак жолчу" парламенттеги экс-депутаттар жаңы жыл астында чогулушту. Бизге жеткен маалыматка таянсак, майрамдык кечеге үч фракциядан (IV чакырылышта үч фракция болгон) 40ка жакын депутат катышкан. Кыскарта чапканда, экстер өткөн-кеткенден кеп салып абдан чер жазышты. Айрыкча Асанбек Байтиковдун Ак үйдүн "агентине" кантип айланганы, кимдерди "подставить" эткени узак сөзгө арзыды дейт кечеге күбө болгондор. Ошондон кийин "Ак жол" фракциясынын мурдагы "атаманы" Улугбек Ормонов Дубайга жол тартканы белгилүү болду.

Жаныбектин жаны чын эле "бекпи"?
"Учур" гезитинин кечээги санында Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) экс-жетекчиси Жаныбек Бакчиев кайрылып тууруна "конору" кабарланган. Бул окуяны изилдеп жатып кызык көрүнүшкө тушуктук. Жаныбек мырза жыл башында Лондонго каттап, ал жактан эски санаалашы Максим Бакиевге жолукканын билгендер маалымдашты. Жыйынтыгында кичи Бакиев Ак үйдөгү таасирдүү фигурага коңгуроо кагыптыр. Ал дагы Максим Курманбековичтин сөзүн жерге калтырбаган немеби, айтор, Бакчиевге МКК төрагалыгын ыйгарууга убада берген имиш. Андыктан, Ж.Б. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрүн ээлесе таңгалбай эле койгонубуз оң.

Жаш келсе ишке
Гезиттин өткөн санында "республикачыл" депутат Исхак Пирматовдун "Кыргызнефтегаз" ишканасын жетектеген кезинде миллиондорду "мойсогондугу" ачыкка чыккандыгы баяндалган. Ушул темага учурунда эркин басылмалар кенен токтолгонун эскерте кетели, биз жогорудагы кабарды ошого негиздеп жазганбыз. Мунун чын-бышыгын тактоо максатында атайын иликтөө жүргүздүк. Көрсө, тиешелүү органдар И.Пирматовдун "Кыргызнефтегаздагы" ишмердүүлүгүн апрель окуясынан бери бир нече ирет тыкыр изилдеп, эч кандай мыйзам бузуу фактысын таппаптыр. Бул боюнча документтер редакциянын куржунуна келип түштү. Ал ортодо "Республиканын" саясый кеңеши жыйын өткөрүп, Пирматовдун былыгын чукууга кимдер кызыкдар экендигин талкуулады. Натыйжада "республикачыдардын" ичинен эч кимиси "чыккынчылык" кылбагандыгы далилденди. Не демекпиз? Куш тилиндей кабарга дароо реакция жасап, коомчулукка так маалымат жеткирүүгө көмөктөшкөнү үчүн "Республика" партиясына баракелде. Ал эми жаңыдан саясый айдыңга баш баккан Исхак Айтбаевичтин мындан ары чалынбай түз басышын каалайбыз.

Кимдер "тазаланат"?
Жакында ЖоКе аппаратында "тазалануу" башталат. Натыйжада ажерде эмгектенгендердин айрымдары жумушунан кол жуушу ыктымал. Ак үйдөгү күбүр-шыбырга кулак салсак, "тазалоо" саясатынын артында президенттик аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев турат экен. Буга парламент ичиндеги кээ бир лөктөр капа имиш. Ак үйдөгү ички интригалар туурасында убагы келгенде кеп козгойбуз.

Ажынын айтаары ушу да
Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында "ар-намысчы" депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнүн кошоматка жакындыгын далилдеди. Анын пикиринде, кыргыз бийлиги Ислам Каримовду Нобель сыйлыгына көрсөтүп атканын айтсак эле расмий Ташкент эрип кетип газдын баасын төмөндөтүп жиберет имиш. Акыл болбосоң кое кал! Ушуга эле алданып калгыдай өзбек президенти бокмурун бала эмес да. Анча болду, орус премьери Владимир Владимирович Путинге тоонун чокусун бергенибиз аз келгенсип, эми Дмитрий Медведевди деле Нобель сыйлыгына көрсөтпөйлүбү. Балким, ал деле элжиреп кетип бензинди таптакыр бекер кылаар, ыя?..

(Уландысы 9-бетте)






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??