presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Ким Чен Ир
Корея Элдик Демократиялык Республикасынын башчысы жана анын мураскери деп айтылып жүргөн уулу Ким Чон Ын хакерлердин чабуулуна туш болушту. Дал кичүү Кимдин туулган күнүндө компьютер кыйындары өлкө лидерлеринин Твиттер социалдык желесиндеги баракчасын "талкалап", ага "Ким Чен Ирди жана анын баласын бийликтен кетирип, жаңы жашоо куралы" деген маанидеги чакырыкты жайгаштырып коюшкан. Маалыматта хакерлер бул саясатчылар 24 миллион элди кул кылып келгени айтылат. Мындай шок кылган "белекти" Кимдин үй-бүлөсү өмүрү алган эмес экен.
Дэвид Бекхэм
"Спайс гелс" тобунун ырчысына үйлөнгөн Дэвид төртүнчү баласын күтүп жатат. Жубайы Виктория фигурам бузулат-сузулат дебей эле дагы бир ирет уул төрөп берүүнү убада кылыптыр. Бул жылдыздуу жубайлардын учурда 11 жаштагы Бруклин, 8 жаштагы Ромео жана 5 жаштагы Круиз деген уулдары бар. Учурда Дэвид Бекхэм АКШ чемпионатындагы тыныгуу учурунда Лондондун "Тоттенхэм" клубунда февралдын аягына чейин оюн көрсөтөм деп туру.
Рианна
Барбадостон чыккан поп-ырчы Улуу Британиянын хитпараддарынын тарыхындагы рекордду жаңыртты. Анын ар түрдүү аталыштагы ырлары бул өлкөнүн эң абройлуу хит параддарында бешинчи жыл катары менен жылдын ыры деп табылып отурат. Бул айымдар арасындагы жалгыз рекорд. Мындай жетишкендикти 1957-1963-жылдары атактуу Элвис Пресли гана койгон. Бул жылы Рианнанын "What's My Name?" аттуу ыры англиялыктардын кулагын сүйүнтүп жатыптыр.
Ксения Собчак
Кайсы жакка башын салса эле акча чыгарган окемдердин бул сулуусу эми "Макс" аттуу эротикалык журналга редактор болду. 200 миң тираж менен чыкчу бул басылмага эми орустардын чоңдорун чечиндирип чыгарам дейт. Ксюшага ишенсек болчудай. Анткени бу селки биртоп чиновниктердин көңүлүн алганга жетишип жүрөт.




  ДҮЙНӨКҮН


КИЙДҮЙНӨ. Германиянын Кельн шаарынын соту жумуш берүүчүлөр кол алдындагыларды жумушка сөзсүз түрдө бюстгалтер тагынып келүүсүн милдеттендирген эрежесин бекитип берди. Андан сырткары, айымдарга тырмагынын узундугу 0,5 сантиметрден ашпагыдай талапты коюуга укук берди. Көрсө, немис сулуулары эмчеккап такпай эле жумушка бара беришип, кесиптеш эркектерди жумушунан алаксытышат экен. Ал эми Италияда айымдар жайкысын ылдыйкы ич кийимин кийбей койгонун маалымат иретинде айтып коелу.

ЖАНДҮЙНӨ. Белоруссиянын Старые Поддубы айылынын жанындагы токойдо түлкү мергенчини атып жарадар кылды. Кантип деп таң калып атасызбы? Ууга чыккан мергенчи түлкүнү көрө калып кош атары менен бастыра калса, тиги шүмшүк жаныбар жарадар болуп жата калат. Окту үнөмдөгөн мергенчи мылтыктын арты менен жыга жаап эле өлтүрөйүн деп кармагычы менен бир чабат. Чала жан жаткан жандыкты тирүү бекен деп тескери кармаган мылтыгы менен кыймылдатып жатканда, куу түлкү кош атардын баскычын баса салыптыр. Бактыга жараша мергенчиге тийген ок анын далысын оюп өтүптүр.

ИШДҮЙНӨ. Лондондун 50 жаштагы тургуну Роберт Найтон өмүр бою ковролин салгыч болуп иштеп келген. Өткөндө Некст Моделс менеджмент агенттигинин өкүлүнүн үйүнө ковролин төшөп жатып, үй кожойкеси күйөөсүнө алган костюмун тигинин кийип көрүүсүн суранат. Анткени айым белекке алынган кийим кийилгенде кандай жарашарын көрөйүн деген эле. Укмуштай сонун жарашып калганын көргөн адис Робертке модель болбойсузбу деген сунушун айткан. Жогорку айлыктуу жумушка дароо макулдугун берген Найтон мырзага Кудайдын деле боору ооруган окшойт. Азыр кычырап кийингени үчүн ири суммадагы маяна алып, чиренип жүрөт.

БУТДҮЙНӨ. Жаңы Зеландияда аукционго беш буттуу торпок коюлду. Бул ирет жаратылыштын катасы экинчи жолу лот иретинде сатыкка чыкты. Биринчи жолу торпокту сатып алган айымды күйөөсү урушкандыктан, экинчи соодага катышуучу айымдар күйөөсүнөн уруксат алмайынча аукционго катышпайт экен. Сүрөттү жакшылап карасаңыздар, торпоктун мойну жагынан бешинчи буту салаңдап турат. Мындай сейрек кездешүүчү жаныбардын баасы болгону 100 жаңы зеландия долларына же АКШнын 70 жашылбайына бааланганы таң калтырбай койбойт.

МЕНДҮЙНӨ. Сиэтлдин тургуну кадимки кино жана комикстеги каарман суперменди туурап, атайын кийим кийип алып шаардын көчөлөрүндө кылмыштуулук менен күрөшүп жүрүптүр. Ошондой күндөрдүн биринде бир чоң муштум туш болуп, Феникс Джонстун мурдун талкалай чааптыр. Полисайлар өзүн шер ойлогон баатырга супермен болбой эле кылмышкерлерди көрсөңөр 911ге чалып койгула деп кеңеш берди.

ЧҮЧДҮЙНӨ. Италиялык Дарко Санджермано кокусунан башына ок жеп ооруканага түшөт. Түнкү смендеги дарыгерлер бошобогондугунан аларды күтүп кансырап жаткан Дарко аябай чүчкүргүсү келип "ап-чү!" дегенде мурдунун оң жактагы тешигинен башына тийген ок чыгып кеткен. Муну көргөн дарыгерлер таң калып, Дарконун дарылануусун бекер кылып берүүгө сөз беришиптир.




Россия. Мамдума депутаттары кылмыш иштерине байланышкан мыйзамдарды либерализациялоого байланышкан оңдоп түзөөлөрдү биринчи окууда кабыл алышты. Эми окемдер тоок уурдагандарды деле түрмөгө тыга бербей, акчалай салык салышат экен. Майда-барат кылмыштардын баарына айып салынып, акчасы жоктор коомдук иштерде иштеп жазасын алышат. Муну менен мамлекет кылмышкерлерди бакпай, алардан пайда табууну көздөгөн. Андан сырткары, президент Дмитрий Медведевдин сунушу менен пара бергендер кармалчу болсо берген парасынан 10 эсе көп айыпты мамлекетке айып пулу катары төлөп берүүгө муктаж болот экен. Биздин жаш парламент окемдерден үлгү алып, ушул сыяктуу мыйзамдарды токуп чыкса кана?
Белоруссия. Ак орустардын өлкөсүндө жакында эле өткөн президенттик шайлоонун айланасындагы ызы-чуулар бүт дүйнө жүзүнө жага бербеди. Көкбет президенттин кадамдарын жактырбагандар четтен чыгат. Анын оппозицияга кылган мамилесине жини келген Европарламенттин президенти Ежи Бузек бул өлкөнү дүйнө чемпионаттары, олимпиада сыяктуу эл аралык оюндарга катыштырбай жазалайлы деген сунуш менен чыкты. Эске салсак, президент Лукашенко Белоруссиянын Улуттук олимпиада кыймылынын төрагасы болгондуктан, ак орустардын спортчулары күчтүүлөрдүн катарында өнөрүн көрсөтүшүп келет.
Тунис. Бир айга жакынкы убактан бери Тунистин борборундагы башаламандык токтобой келет. Нааразылык акциясы жогорку билимдүү 26 жаштагы тургун жумуштун жоктугунан мыйзамсыз азык-түлүк сатып отурган жеринен товарын полисайларга тарттырып ийгенине жини келип өзүн-өзү өрттөп ийгенден кийин башталган. Өлкөдө жумушсуздук болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, азык-түлүккө болгон баа асманга чыгып кеткен. Бир айдын ичинде кагылышуулардан 50 киши курман болду. Бүгүнкү күндө борбор шаарга аскер киргизилип, алардын кирээри менен 21 киши о дүйнө көздөй кете берди.
Австралия. 1974-жылы бул өлкөдө катуу суу ташкыны болуп, тарыхтагы эң чоң зыянга учураган. Акыркы күндөрдө тынбай жааган жаандын айынан Брисбен шаарын суу каптап, 20 миң үй суу астында калды. Бактыга жараша өлгөндөрдүн саны аз эле. Учурда 12 киши чөгүп кеткени такталса, 43 адамдын дайыны жок. Бул жолку суу каптоо Австралиянын тарыхындагы эң күчтүү, көп зыянга учураткан жаратылыш кырсыгы болуп калды.
АКШ. 8-январда конгрессмен Габриэль Гиффордско кол салуу болгондон баштап, америкалыктар жабыла курал сатып ала башташты. Анткени мыйзам токугучтар курал сатып алууну кыйындатууну кароону сунуштап жатышат. Андан сырткары, курал менен кол салгандар көп болгондуктан адамдар коргонуу максатында жеңил тапанчаларды алышууда. Өзгөчө Глок деген аталышты алып жүргөн жарым автоматташкан жеңил тапанча кымбаттыгына карабай дүкөндөрдө калбай калыптыр.
www булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??