presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Банан жейбиз, курма жейбиз…

Кышкы жер-жемиштердин кадыры канчалык?
Кышында биздин базарда саналуу гана жер-жемиштер калат. Кардарлар бул мезгилде жергиликтүү жер-жемиштер менен кошо сырттан келген банан, киви, мандарин, курмага басым коеру белгилүү. Андыктан алардын адам организмине канчалык деңгээлде пайдалуу экендигине токтоло кетели.

Мисалы, банан аритмия, атеросклероз жана жүрөк-кан тамыр ооруларына жардам берет экен. Андан сырткары, бул жемиш организмде эндорфин гормондорун иштеп чыгууга түрткү болот. Ал эми бул гормондор медицинада "бактылуулуктун гормону" деп аталат.
Киви курамында С витамининин көптүгү менен мөмөлөрдүн ичинде алдыда. Ал элдик медицинада сасык тумоо менен күрөшүүдө эң мыкты каражат катары белгилүү. Анын атаандаштары катары апельсин менен лимонду да айтса болот. Алар дененин температурасын түшүрүүдө ж.б. ооруларда жардам берет.
Мандарин курамында калийдин көптүгү менен тамакты сиңирүүгө көмөк көрсөтөт. Аталган жемиштеги фитонцид заты вирустарды жок кылат дейт медиктер.
Дагы бир тропикалык жер-жемиш - бул ананас. Медиктер анын курамында сыйкырдуу бромелин заты бар, ал ар бир клетканы тазалап турат дешет. Ананастын мекени Түштүк Америка болуп эсептелет. Бирок аны Тайланд, Филиппин жана Тайванда да өстүрүшөт. Ананастын мөмөсү гана эмес, анын жалбырактарынан да пайда көрүшөт. Алсак Филиппин жана Тайванда жалбырактарынан була алуу үчүн өстүрүшөт. Ананас витаминдеринин көптүгү менен мактана албаса да, курамындагы пектин заты ичегилердин жакшы иштешине түрткү берет. Ал эми жогоруда айтылган бромелин затына токтолсок, бул тамакты сиңирүүгө, канды тазалоого жана иммунитетти чыңдоого жардам берет. Биз майлуу жана эт кошулган тамактарды көп жейбиз, бирок аны сиңирүү үчүн дары ичкендин ордуна ананас ширесин, же өзүн жеген пайдалуу. Ананастагы калий тузунун жогорку кошундусу организмди ашыкча салмактан жана суюктуктан арылтат. Акыркы илимий ачылыштардын маалыматына таянсак, ананас кан басымын төмөндөтөт, жүрөк, инфаркт жана инсульт оорусуна кабылбоо аракетин көрөт.
Кышкы жер-жемиштердин ичинен эң көп тараган жана жакынкы жылдардан бери биздин жерибизде да өстүрүлө баштаган курмага кененирээк токтоло кетели. Анын түпкү мекени Япония. Дүйнөлүк коомчулук курма менен таанышканына көп боло элек. Буга чейин ал бир гана Япония, Кытай, Италия, Испания, Египет жана Америкада өсөт деп айтылып келген. Бирок учурда аны Кыргызстандын түштүгүндө да өстүрүп, пайдасын көрө башташты. Байыркы гректер курманы "Кудайдын кара өрүгү" деп сыйлашып келген. Эң кызыгы, анын дарагы 500 жыл жашайт.
Курманын курамында темир, фолий кычкылы, йод, каротин, пектин ж.б. витаминдер бар. Анын дарагы тигилгенден 3-4 жылдан кийин мөмө бере баштайт да, бийиктиги 8-12 метрге жетет. Орточо эсеп менен ар бир дарактан 250 килограммдын тегерегинде курма топтолот. Андагы глюкозанын молчулугу аны таттуу жемиш катары таанытат. Эки-үч курма жеген кишинин курсагы тамак ичкендей тоёт. Ток алып жүрүүчүлүгү жактан курма инжир жана жүзүм менен тең тайлаша алат.
Курманын дүйнө жүзүндө 1200гө жакын сорту бар, бирок анын ичинен "шоколад курма" деп аталган түрү өзгөчө суроо-талапка ээ. Ал эми сары-кызгылт түстөгү курманы жылуу сууга 5-6 саат салып койсо ооз батташтырган абалын жоготот. Сатып аларда курманын кабыгына көз салыңыз. Эгерде анда күрөң түстөгү сызыкчалар бар болсо, анын бышкандыгынан кабар берет.
Курма А жана С витаминдерине бай, бул адамдын иммунитетин чыңдайт. Андагы темир менен кальций кандын формуласын жакшыртса, магний нерв системасына жакшы таасир берет. Ага кызгылт түсүн берген бета-каротин көздүн көрүүсүн жогорулатат жана карылыкты алдын алат. Медиктердин айтымында, курманы кант оорусу менен жабыркагандар жегенге болбойт. Анткени курманын курамындагы шекер кандагы шекердин деңгээлин көтөрүп жибериши мүмкүн.
Ал эми косметологдор бетине безетки чыгып кеткендерге курмадан жасалган масканы сунуштайт. Ал үчүн бир курма жана бир жумуртканын агын аралаштырып бетке сүйкөп, 15-20 мүнөт кармагандан кийин жууп салыш керек.
Биздин жергиликтүү жер-жемиштер деле жогорудагы чет элдик азыктардан кем калбайт. Мисалы, алманын курамында биртоп витаминдер, микроэлементтер жана каротин бар. Алмадагы пектин заты организмден холестерин ж.б. катуу металлдардын тузун чыгарууга көмөк көрсөтөт. Алмурут жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алып, адамдын баш айлануусун жана чаалыккандыгын жеңилдетет. Эң маанилүүсү, алмурут адамдын суукка болгон чыдамдуулугун жогорулатып, о.э. кандагы шекердин деңгээлин төмөндөтөт. Ал эми анар - мөмөлөрдүн ичинен эң көп микроэлементтери бар чоң казына. Иммунитетти колдоо жана гемоглобинди жөнгө салуу үчүн аптасына бир анар жеп туруу жетиштүү.
Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??