presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ак-Сай, Арпада эмне калды?

Кулжаны курутуп бүтөбүзбү?

Жерибиздин көркү, элибиздин сыймыгы болгон кайберендердин саны жыл өткөн сайын азайып баратат. Буга эң биринчи "эки буттуу" карышкырлар себеп болууда. Учурда дүрбүлүү сайлуу мылтыктар менен куралданган, тоо-ташты тандабай жүргөн машине мингендер көбөйдү. Алардын жетпеген жери, чыкпаган чокусу, атпаган аңы калбады. Баары өчү бардай мүйүздөрү калдайган керемет жаныбар кулжага тап коюшууда. Кийинки кезде аңчылык маданиятынан алыс мындай адамдар кайберендин тукумун кырып келишип, этин базарга сатып жаткандыгы жөнүндө кеп-сөз тарап кетти. Ушуга байланыштуу аңчылыкты көзөмөлдөө, аңчылык ресурсун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин бөлүм башчысы Жээналы уулу Алмазга кайрылдык.

- Учурда кийиктин эти базарда сатылууда деп жатышат. Ушул чынбы?
- "Калк айтса калп айтпайт" эмеспи. Мындай фактылар болушу толук мүмкүн. Анткени былтыр эле Бишкектеги кайсы бир кафеден кийиктин этин тапканбыз. Быйыл андайды кезиктире элекпиз. Азыр ар бир браконьердин чөнтөк телефону бар. Бири-бири менен байланышы тыгыз. Бизге маалымат жеткен күндө да, барып баса калайын десең изин суутуп кеткен болот. Жакында эле биздин департаменттин кызматкерлери жети топко бөлүнүп, Ак-Сай, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң аймактарын кыдырып чыктык. Ак-Сайдан бир теке алып келаткан киши кармалды. Айыбын тарттырдык.
- Аңчылык боюнча ар түрдүү фирмалар жаандан кийинки козу карындай эле жайнап кетти. Мынчалык тез көбөйгөнүнө караганда абдан пайдалуу болсо керек.
- Аңчылыкты уюштуруу фирмалары 90-жылдан кийин пайда болду. Бүгүнкү күндө алардын саны 73кө жетти. Биздин департамент аңчылык боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатат. Ошол мыйзамда фирмалардын санын азайтып, бирок аймактарын кеңейтүү (40-70 миң гектарга чейин) каралган. Буга барсак фирмалардын аянты кеңейип, ага жараша жан-жаныбарлары да көбөйүп, квота алганга жакшы шарт түзүлөт. Тейлөө сапаты жакшырат. Ошону менен аймагы чакан (20-30 миң гектар), эптеп эле пайда табууну көздөгөн, бир жылы иштеп, бир жылы иштебеген фирмалар жоюлат.
- Аркар-кулжаларды атууга тыюу салып, алиги фирмаларды айдап жиберсе болбойбу?
- Департаментке караштуу 14,4 млн.гектар жер бар. Анын 7 млн. гектардан ашыгы жеке менчик фирмаларга таандык. Биздин мекемеде республика боюнча 126 киши иштейт. Анын 13ү борбордук аппаратта отурат. Калгандарына бизге таандык жерлерди бөлүштүрсөк, мисалы Ош облусунда бир егерге 150 миң гектарга чейин аймакты кароого туура келет. Эгер аркар-кулжага мораторий жарыяласак жеке менчик фирмалар кетип калышат дагы, алар карап турган аймактын жан-жаныбарларын коргоо биздин моюнга түшүп калат. Ушу тапта бул фирмаларда 224 киши эмгектенет. Мораторий жарыяланып кала турган болсо, ал жерлерди коруу үчүн ушунча кишини кызматка алууга аргасыз болобуз. Аларды кармаганга каражат жагы кандай болуп калат анда. Ошон үчүн аркар-кулжага мораторий жарыялоо көп жактуу маселе болуп турат.
- Чет өлкөлүктөрдүн биздин кулжаларга болгон кызыгуусу күч. Бир кулжанын наркы канча турат?
- Жылына мамлекеттик аңчылык департаменти тарабынан, Улуттук илимдер академиясы менен бирдикте кулжалардын санына жараша лимит бекитилет. (Бул жолу лимит 70 баш кулжага бекитилди). 2009-2010-жылдардагы аңчылык сезонунда 55 кулжа атылды. Ал эми 2010-2011-жылкы сезондо 35 кулжа атылды. Ар бир кулжа 250 миң сом турат. Бирок бул аз. Анткени кулжа дүйнөдө жакшы баалангандыктан, анын баасын дагы көтөрүү керек.
- Минтип отуруп кулжалардын түбүнө жетип албайбызбы?
- Кыргызстанда аркар-кулжалардын саны 15 миңге чукул. Алардын Марко поло, Тянь-Шань, Северцев аркар-кулжасы деген үч түрү бар. Үчөө тең кызыл китепке киргизилген. Кийинки эки түрүн атууга таптакыр тыюу салынган.
Анткени алар өтө сейрек кездешет. Марко Полого уруксат берилет. Мунун себеби алар карыган сайын куутка жарабай калат. Коргоно албай бөөдө карышкырга жем болот. Андан көрө мыйзам чегинде чет элдик аңчыларга аттырып, мамлекетке пайда түшүрсө дурус эле эмеспи. Ал эми жаңы түзүлгөн фирмаларга биринчи жылы уруксат берилбейт. Анткени алар бир жыл бою өздөрү алган жерлерге егерлерин коюп, жан-жаныбарларынын санын тактап, базасын түзүп алышы керек. Эгер кайсы бир фирма мергенчилерди чакырып алып жеринен эч нерсе таппай калса, анын кийинки ишмердигине доо кетет. Аларга ишенип эч ким барбай калат.
- Демек, мындай фирмалардын пайдасы гана бар турбайбы.
- Жаратылышты коргоо жагынан пайдасы бар дечи. Бирок алардын санын кыскартып, жерин чоңойтуунун мааниси зор. Канчалык жер аянты чоң болсо, фирмалар ошончолук ишенимдүү иштейт.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13





  Кокуй, эмне дейт?

Тарыхый эстеликтер аты эле айтып тургандай, элибиздин байыркы маданияты, сыймыгы. Бирок канга сиңген кайдыгерлигибиздин айынан, улуттук уңгубуз, эзелки изибиз болгон тарыхый эстеликтер четинен жок болууда. Аны менен кошо мамлекетибизге таандык бүтүндөй доорлор, кылымдар күбүлүп түшүүдө. Баса, Манас дейбиз. Дал ушул Манасыбызга таандык делген эстеликтердин алды уурдалып, арты кыйроо алдында турат. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, археолог Кубатбек ТАБАЛДИЕВ күйүп-бышып төмөнкүлөргө токтолду.

"Аккуланын мамысын уурдап кетишти"
- Кубатбек мырза, Кыргызстандагы тарыхый эстеликтер каралбай калды деп "ыйлап" эле келатасыз. Жыйынтык барбы?
- Тарыхый эстеликтерибизди көздүн карегиндей сактоонун зарылдыгын айта берип тилим тешилди. Уккан деле жан жок. Коомчулуктун көңүлүн буруу максатында ушул тема боюнча эл аралык семинарларды, конференцияларды өткөрдүк. Бул иште эл аралык окумуштуулар, айрыкча түрк окумуштуусу, профессор Ремзи Атаоглу жакшы жардам берип жатат. Бирок, тарыхый эстелик деген эмне экендигин билбеген туташ сабатсыздык күн өткөн сайын орду толгус жоготууларга алып келүүдө. Атургай мамлекеттик вандализмдин келип чыгышына жол берилип кетип жатат.
- Мамлекеттик вандализм дегениңиз кандай?
- Мындан биртоп жыл илгери Балыкчы - Кара-Кече темир жолун салабыз деп күпүлдөшпөдү беле. Адатта мындай курулушту баштаардын алдында мыйзам боюнча мамлекет алгач археологдорго кайрылат. Балыкчы - Кара-Кече темир жолун курууну баштагандар мыйзамды уруп да койгон жок. Натыйжада, сак-усун дооруна таандык мүрзөлөр жолдун таманында калды. Алматы - Өрнөк жолун салууда да Өрнөктөгү байыркы сүрөттөрү бар далай таштарды, аскаларды жардырып салышты. Тоңдогу Кан-Дөбө аталган байыркы шаардын үстүнө суу топтоочу дамба куруп жиберишти. Мындай фактылар ондоп, жүздөп саналат. Бул мамлекеттик вандализм эмей эмне?
- Дүйнөлүк практикада тарыхый эстеликтерди сактоодо кандай чаралар колдонулат? Ушу жагына кызыгып көрдүңүзбү?
- Дүйнөдө ар бир эл тарыхый эстеликтерден тамырын издешип, өтмүшүн ошого байланыштырып аалам маданиятынан өзүнүн ордун тапкысы келет. А биз болсо ташка тамгадай басылган байыркы тарыхыбызды, жазууларыбызды жайлап жатпайбызбы. Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, мисалы, Америкада индеецтердин турмушуна байланышкан ар бир тарыхый эстеликтерди тимеле алпештеп турушат. Алар баарыдан мурда жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштерин мыкты жүргүзүшөт. Биз бул жагынан аксап жатабыз.
- Тарыхый эстеликтердин сакталышына бийлик тарабынан колдоо барбы?
- Балээнинби! Тескерисинче ыйлай турган абалга жетип калдык. Балыкчыдагы Сары-Булуң деген жерде турган мындан миң жыл мурунку металл иштеткен байыркы завод бар эле. Ал жерге тарыхый эстелик деген атайын көрнөк илинип коюлган болчу. Биздин маңкурттар адегенде ошол көрнөгүн кесип кетишти. Андан кийин топурак таппай калгансып бульдозер менен 30 метрдей дубалдарын сүздүрүп, топурагын ташып үй салышкан. Кочкор районундагы Кум-Дөбө айлындагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын урандыларынан кирпич куймай оорусу күчөп кетти. Мындагы кадимки Кырк-Чоронун күмбөзү аталган комплекс турган жерди да жергиликтүү бийлик элге бөлүп берүү маселесин коюп жатат. Андай болгон күндө Манаска байланышкан дагы бир тарыхый эстеликтен, ошондой эле Кочкор-Башы шаарынын акыркы калдыктарынан кол жууп калышыбыз ыктымал. Дагы бир кошумчалай кете турган нерсе, Ат-Башы өрөөнүндөгү Ат-Башы айылына кире бериш жердин секисиндеги байыркы хунндарга байланышкан узундугу беш чакырым келген тарыхый эстеликтердин көз алдыда талкаланып баратканы зээниң кейитет. Мурун бул жерге подстанция коюлуп бир талкаланды эле. Эми Ат-Башыдагы кирпич заводу үчүн жер түгөнүп калгансып, топуракты ушул жерден ташып жатышат. Жергиликтүү бийликке бул тууралуу канча айттык. Эч кандай чара көрүлбөйт.
- Соң-Көлдөгү Аккуланын мамысын алып кетти деп чыркырап жүрдүңүз эле.
- Соң-Көлдөгү Манастын таш тулгасы аталган тарыхый эстеликтердин арасында Аккуланын мамысы делген эки таш бар эле. Былтыр барсак бирөөсүн түбү менен омкоруп же сындырып алып кетиптир. Ушул эле Соң-Көлдө Гүлгаакынын ташы делчү дагы бир мамы ташты атайын издеп барсам бир жума мурун кимдир бирөөлөр жип машинесине жүктөп алып кеткен экен.
- Ал таштарды эмне кылышат. Сатышабы?
- Азыр мындай таштарды алып келип үйүнө же кафе, ресторандардын алдына коюп алган мода болуп баратат. Көрүп жүрөсүңөр, Бишкекте балбал таштар толуп кетти. Бул мыйзамсыз. Улуттун энчиси болгон тарыхый эстеликтерди минтип менчиктеп алууга эч кимдин акысы жок. Анүстүнө пайда үчүн энесин сатканга даярлар да арабызда толтура. Мүмкүн ошолор колдуу болуп кеттиби, ким билет?
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??