14.01.10 - 15-бет:
  Бут турган жерге кол жетпейт

Тоодо кыргыз байлыгы, томуктай бирок айлыгы
Качан, кайда болбосун эки кыргыздын башы бириксе эле "Кыргызстан кен байлыктардын өлкөсү, кыргыздын байлыгы тоолордо" дешмей. Ошентип ооз толтура сүйлөгөнүбүз менен жыйырма жыл ичинде тоо өнөр жайы өлөсөл абалга келиптир. Тоо өнөр жайын өзүбүз жолго сала албай жатып, иштетебиз деген инвесторлордун да далайын ташбараңга алып жолго салганбыз. Ал тургай азыр да мындай акциялар токтотулбай келатат. А чындыгында, эгер инвесторлорго жакшы мыйзамдык база түзүп, алардын иштешине шарт түзүп бергенде экономикабыз бир кыйла өнүгөт эле. Анткени бизде тоо кен байлыктары, көмүр, нефтинин, жер астынан чыгуучу таза суулардын, курулушка керектүү таш, кумдун запасы көп.


Этегибиз эки эсе кыскарыптыр
Алсак, Кыргызстанда Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Жерүй, Талды-Булак, Терек-Сай, Андаш сыяктуу ири жана майда алтын кендери бар. Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарында болсо 120дан ашуун көмүр карьерлери, Баткен, Жалал-Абад облустарында нефть, газ кендери иштетилбей калган. Республика боюнча жер астынан чыгуучу минералдык, ден соолукка пайдалуу суулардын он миңден ашык скважиналары болсо, учурда анын 500гө жакыны гана иштетилет экен. Булардан тышкары биздин аймакта акиташ, чопо, курулуш таштары, кум өндүрүүнүн келечеги кең. Бирок 2000-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайы таптакыр эле кыскарып кеткен. Мисалы, 2000-жылы өлкө боюнча 22 275 килограмм алтын өндүрүлсө, 2007-жылы болгону 10 230 килограмм алтын өндүрүлүп калган. Акыркы он жыл аралыгында "Кыргызалтын" ААКсынын Макмал, Солтон-Сары, Терек-Сайдан өндүрүүчү алтыны 1500 килограммдан 830 килограммга чейин түшүп кеткен. 2009-жылы Кыргызстанда 16,9 тонна алтын өндүрүлсө, "Кыргызалтын" ААКсы 2008-жылга салыштырмалуу 184 килограммга аз алтын өндүргөн. Көмүр 2000-жылы 388 миң тонна өндүрүлсө, 2007-жылы 322 миң тоннага азайган. А былтыр Кыргызстан тырмышып жатып 500 миң тоннадан ашык көмүр өндүрүптүр. Албетте, 2,3 млрд. тонна көмүр запасы бар, союз мезгилинде жылына 5 млн. тонна көмүр өндүргөн Кыргызстан үчүн 500 миң тонна өтө аз. Союз доорун эске албаганда да экономика жана өнөр жайдын каны болгон көмүр, газ, алтын өндүрүү 1990-жылдарга салыштырмалуу эки-үч эсеге азайып кеткен.

Итий болгон ишканалар
Учурда республикада Кумтөр, Макмал алтын комбинаттары, Хайдаркен сымап, Кадамжай сурьма, Кара-Балта уран, Сары-Жаз калай комбинаттары жана Терек-Сай, Солтон-Сары алтын кендери иштетилип жатат. Булардын ичинен учурда тоо кен өнөр жайынын 70 пайызын түзгөн Кумтөр гана стабилдүү иштейт. Кумтөр компаниясы чалгындалган карьер запастары менен 2015-жылга чейин, а жер астындагы ресурстарын кошкондо 2020-жылга чейин иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар. "Кыргызалтын" ААКсы болсо ушу кезге чейин стабилдүү иштей албай келет. Бул мекеме чалгындаган алтын кендери кайра чалгындоого муктаж. Каражаттын тартыштыгынан улам акционердик коом алтын кендерин иштете албай, 2005-жылдан тарта алтын өндүрүү көрсөткүчү болжолдонгон пландан биртоп ылдыйлап кеткен. Андыктан азыркы бийлик башка кендерди иштетүүгө аракет кылбаса алтынсыз отуруп калуубуз ажеп эмес.
Кадамжай сурьма комбинаты 2005-жылдан тарта туруктуу жеткирилбеген Россия сырьесуна көз каранды. Ошол себептен сурьма продукцияларын чыгаруу да анча жакшы эмес. Эгер сырьену Хайдаркандан алып келүүнү же Кадамжай сурьма кенин иштетүүнү колго албасак, бул комбинат жакын арада жабылып тынат дешет адистер.
Хайдаркан сымап комбинатынын акыбалы да өтө оор. Анткени азыр дүйнөлүк рынокто сымаптын баасы туруктуу болбой, аны өндүрүү, колдонуу бир топ кыскарып кеткен. Каражаттын жетишсиздигинен комбинат 2009-2012-жылдын менчиктештирүү программасына киргизилген. Кара-Балта тоо кен комбинаты акыркы отуз жылда Казакстандан ташылып келген сырье менен иштетилип келатат. Өздүк сырьелук базасы болбогондуктан буга да үмүт артуу кыйын.

Өкмөт күйбөсө, өзгөнүн башы оорумак беле
Экономисттердин айтымында, эгер өлкөдө стабилдүүлүк болгондо жакынкы эки-үч жылда алтын өндүрүү колго алынмак. Көп убакыттан бери даярдалып келаткан Жерүй, Талды-Булак, Иштамберди, Бозумчак, Андаш, Куру-Тегерек пайдаланууга берилип, дагы үч-төрт жылдан соң Кумбел, Каратор сыяктуу майда алтын кендери ишке киргизилиши мүмкүн эле. 2019-2020-жылдары Алтын-Жылга, Үңкүр-Таш, Тоголок, Чаарат алтын кендери иштетилип, өндүрүлгөн алтын 47 тоннага, жез жылына 20 тоннага чейин жетмек экен.
Энергетиктердин билдиргенине караганда, жылуулук, электр энергиясынын тартыштыгынан улам, жакынкы эки-үч жылда Кыргызстан жылыга 2,5 млн. тоннага чейин көмүр талап кыла баштайт. Мынчалык көлөмдөгү көмүрдү алуу үчүн Жыргалаң шахтасынан жыл сайын 100 тонна көмүр, Туруктан 15 тонна, Кара-Кече, Миң-Куштан 1,6 млн. тонна, Тегене, Кура-Тут, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак көмүр кендеринен 130 миң тонна, Кызыл-Булак, Сары-Моголдон 150 тоннадай, Сүлүктү, Беш-Буркан, Алмалык, Абшир көмүр кендеринен 100 миң тонна көмүр өндүрүү керектигин айтышат адистер. Бул ишке ашса 7 облус, бардык кыштак, шаарлар казактардын көмүрүсүз эле жылуулук менен камсыз болмок. Ал үчүн Балыкчы-Кара-Кече-Кытай-Жалал-Абад-Торугарт темир жолу курулушу керектигин экономисттер какшап эле келатышат. Кытай тарап да бул темир жолдун курулушуна кызыкдар. Кытай элчилиги бул ишти баштоо үчүн Кыргызстанда баягы эле ишенимдүү өкмөт, туруктуу мыйзам жок болуп жатканын илгери эле билдиришкен. А кыргызстандык көмүр өндүрүүчү мекемелердин техникалык абалы талапка жооп бербейт. Анын үстүнө өлкөнүн транспорттук инфраструктурасы араңжан абалда турат.

Колдо бар нефтинин баркы жок
Кыргызстанда иштетилбей калган нефть, газ скважиналары, белгилүү нефть, газ кендери арбын. "Кыргызнефтегаз" акционердик коому жеке компаниялар менен 2008-2009-жылдары геологиялык чалгындоо иштерин башташкан. Россиянын "Газпрому" да бир жылдан бери нефть чыга турган келечектүү аянттарды чалгындап келатат. "Баткеннефтегаз" ишканасына болсо эски бийликтин убагында эле кыска мөөнөттө Бүргөндү массивин чалгындап, нефти, газ чыга турган жерлерди ишке киргизүү тапшырылган. Эгер аталган массивди чалгындоо, ийгиликтүү иштетүү жүзөгө ашса нефть өндүрүү 2015-жылы 150 миң тоннага чейин, 2015-жылы 300 миң тоннага жетип, 2020-жылы атамекендик нефть өлкө муктаждыгынын 25 пайызын жапмак. Тилекке каршы, 2010-жылдагы окуялардан улам мунун баары реалдуулуктан алыстап кеткен. Азырынча "Кыргызнефтегазда" да, "Газпромдо" да оозго аларлык аракеттер байкалбайт. Минтип ыргылжың болуп жатканда, жылыга ондогон миллион жашылбайлар Өзбекстандын газына, Казакстандын көмүрүнө, Россиянын күйүүчү майына ушатылат.

Талкалаганбыз, эми эр болсок куруп көрөлү
Окумуштуулардын айтымында, Кыргызстанда Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтердин дээрлик бардыгы бар. 1960-жылдан 1992-жылга чейин Күтөсай II кенинде сейрек кездешүүчү элементтердин ири запасы ачык иштетилип келген. 1995-жылы бул элементтерди байытуучу Ак-Түз фабрикасы жабылып тынган. Фабрика ошол жылы менчик компанияга сатылып, бүгүнкүгө чейин иштетилбей турат. Фабрикадан чыккан коргошун, молибден концентраттарын кайра иштетип, даяр продукт кылып пайдаланууга чыгарган Орловка химиялык-металлургиялык заводу да менчиктештирилген. Учурда бул ишкана жогорку сапаттагы кремний чыгарууга багытталып, россиялыктар иштетимиш этип жатышат. Бир кезде сейрек кездешүүчү элементтерден 120 аталыштагы продукция чыгарган, союз ичиндеги көзгө басар заводдун тагдыры бүгүн ушундай. Адистердин айтымында, сейрек кездешүүчү элементтер өндүрүшүн калыптандыруу пайдасыз. Чыгашага карабаган күнү да, өндүрүүчү, кайра иштетүүчү комплекстерди ордуна келтирүүгө кеминде 2-3 жыл керек. Кыскасы, кезинде экономикабызга ири кирешелерди берип турган сейрек кездешүүчү элементтер өндүрүшү эбак өлгөн. Казакстан болсо акыркы беш-он жылда мындай ишканаларын толук бутуна тургузуп, учурда завод, фабрикаларынын продукцияларын Орто Азия, Батыш өлкөлөрүнө экспорттоого жетишип отурат.

Курулуш индустриясы кубартат, кайра кубантат
Бизде курулуш ишканалары тоо кен өнөр жайынын продукциясынын 20 пайызын чыгарат. А курулуш продукциясынын 70 пайызын Кант цемент заводу берип келген. Апрель окуясынан соң заводдун 13 пайыз акциясы улутташтырылып, натыйжада цемент өндүрүү кескин кыскарып кеткен. Учурда заводду газдык системадан көмүр системасына өткөрүү да токтоп турат. А газ менен иштетүү завод ээси үчүн пайдасыз. Мунун баары заводдун эле эмес, анын кызматкерлеринин, завод менен кызматташ мекемелердин, Кыргызстан курулушуна чоң кедергисин тийгизбей койбойт. Эске салсак, 2010-жылы завод цемент өндүрүүнү көбөйтүп, ички рынокту толук камсыз кылып, өндүрүлгөн цементтин басымдуу бөлүгүн экспорттоону пландаштырган. Тилекке каршы, завод өткөн жылы жарым-жартылай гана иштеп, натыйжада цемент баасы өзүбүздө эле асманга чыкты.
Тоо кен өнөр жайынан курулуш материал кендерин иштетүүдө бир аз жылыш бар экени кубантат. Алсак акыркы жылдары кум, топурак, чопо, курулуш таштарын өндүрүү өткөн жылдарга салыштырмалуу өскөн. 2009-жылы Жалал-Абадда курулган акиташ, үлүл кабыктарынан жылма курулуш плиткаларын чыгаруучу ири заводдун, Араван, Кадамжай райондорундагы цемент заводдорунун иштеши буга далил. Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда курулуш материалдарынын запасы менен миңдеген жылдарга бара алат. Бирок канткен күнү да тоо кен байлыктарына инвестиция тартып, иштете билбесек экономикабыз эгерим оңолбосун жогорку мисалдар айтып турат.

Мелис СОВЕТ уулу