presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өнөртөр

Советжан Асанкадыров:
"Эркектерде деле ынтымак ыдырайт"
"Салам, калкым, салам…" деген обон жаңырса адашпай "Айкөл" тобу ырдап жатканын билебиз. Бир нече жыл мурда түзүлгөн топтун курамы улам жаңыланып отуруп, бүгүнкү күндө төрт жигит жаңы репертуардын үстүндө иштеп жатат. Топ канча жолу жаңыланбасын, "Айкөлдүн" жетекчиси Советжан АСАНКАДЫРОВ дайыма топтун башында туруп, ысыгына күйүп суугуна тоңуп келет.


- Топтун түзүлгөнүнө канча жыл болду?
- "Айкөл" тобу 1994-жылы түзүлгөн. Андан бери он жети жыл өттү. Буюрса, үч жылдан кийин жыйырма жылдыгыбызды белгилейбиз. Башында баарыбыз эле Караколдогу музыкалык окуу жайда мугалим болуп иштечүбүз. Ошондо "Айдың көл" деген жыйырма төрт кишиден турган фольклордук топту жетектечүмүн. Ушундай көп киши менен гастролго чыгуу оорчулук жаратты. Ошондон улам бир солист үч-төрт аспапта ойной тургандай кылып топту кыскартууну туура көрдүк. Башында алты бала калдык, анан топ келип чыкты. Акыркы убакта "Айкөл" тобу тарап кетти, чыкпай калды деген сөздөр көп айтылып жатат. Бирок мен бул пикирлерге кошулбайм. Анткени топтогу солисттердин бири чыгып анын ордун башкасы толуктап турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Буюрса, жаңы курам менен ырларды жаздырып, ар кандай берүүлөргө тартылып жатабыз.
- Учурда топто канча бала ырдап жатат?
- Мени менен төрт адам эмгектенебиз. Үч жаңы бала алдым. "Айкөл" тобу ачылгандан бери фольклорду эстрада менен айкалыштыруу деген негизги максатты көздөп келгенбиз. Азыр да ошол оюбуздан кайта элекпиз, ушул нукта эле кыргыздын колоритин жоготпой иштейбиз. Курамды мындан ары көбөйтөйүн деген оюм деле жок. Себеби, аларды да багыш керек, костюм тиктириш керек. Репертуарды жаңыртып туруу зарыл. Андан көрө аз бирок саз иш алып барууну туура көрдүк. Ар бири аспапта ойной алышат, үндөрү мыкты. Буюрса, үнгө басым жасап, бир эле ырды үч-төрт үн менен коштоп ырдоонун үстүндө иштеп жатабыз.
- Билими жок ырдап чыккандар арбын, сиздин топтогу уландардын баарында билим барбы?
- Тубаса таланттын арты менен көп жыл бою ырдап жүргөндөр бар эмеспи. Бирок сөзсүз музыкалык сабатка ээ болуш керек. Менин тобумда бир баланын музыкалык билими жок, бирок кичинесинен ырдап келе жаткан экен. Эми ушул жылдан баштап музыкалык билим ал деп жатам. Анткени ырчы болуп туруп до деген нотаны билбесе, анда уят эле. Мен өзүм тогуз жыл билим алгам.
- Он жети жыл ичинде топтун курамы канча жолу жаңырды?
- Балдар үч жолу алмашты. Буга чейинки курамы азыр ар кайсы жерде жүрөт. Кээде жолугуп турабыз. Кыстаган турмуш чыгармачылыкты жеңип кетти. Топ түзүп, аны көтөрүп кетүү кыйын иш экени айтпаса деле маалым. Эки ырды компьютердин жардамы менен жасап алып чыгыш башка кеп, ал эми сапаттуу чыгарма жаратыш такыр башка кеп.
"Айкөл" үчүн көп кыйынчылыктарга, курмандыктарга бардык. Топтун биринчи курамына мен аябай ыраазымын. Жаңы түзүлгөндө бир бөлмөдө күнү-түнү даярданып, талыкпаган эмгектин аркасы менен чыктык.
- Топко кыздарды алып, башкача стиль менен иштешүүнү пландаган жоксуздарбы?
- Башынан эле эркектерден түзүлгөн соң кыздар тууралуу сөз да болгон эмес. Анүстүнө кыз кишинин түйшүгү көп болот эмеспи. Биз менен тең жарышып гастролдорго чыга алышпайт. Эч ким деле бизге андай идея киргизген эмес.
- Интригадан корктуңузбу?
- Интрига кыздардын эле эмес эркектердин арасында деле болот. Эгер коллективде ынтымак болбосо иш алып баруу эки-үч эсе оор. Биз деле башында жакшы чыкканыбыз менен белгилүү боло баштаганда арабыздан өздөрүн жылдыз сезгендер болду. Өз алдымча чыгам деп топтон кетип калып, бирок көбү чыга алышкан жок. "Айкөлдүн" узак убакытка тыныгуу алып калганынын себеби да ушундан болсо керек.
- Өзүңүз тобу жок эле жеке ырчы катары чыккыңыз келбейби?
- Антсем деле болот. Бирок түптөлүп, элге сиңип калган топту жокко чыгарып салганга мүмкүн эмес го дейм. Өз алдымча ырдайм дегенден алысмын. Бирок чакырылган жерлерге өзүм жалгыз эле барып топтун атынан ырдап жүрөм.
- Топтон сырткары эмне иш менен алектенесиз?
- Буга чейин көп эле мамлекеттик жумуштарда иштеп келдик. Кыргыз Республикасынын улуттук маданият борборунун башкы директорунун орунбасары болуп иштедим. Андан кийин Бишкек шаарындагы музыкалык мектептин директору болдум. Учурда өзүмдүн жеке мектебим бар. Эстетикалык жактан билим берүүнү колго алып жатам. "Аяй" деп аталаган мектеп ачууну эки жыл пландап жүрүп ишке ашырдым. Мектеп курагына чейинки балдар музыкалык жактан да, башка тармактан да билим алууга мүмкүнчүлүк түздүм.




Айлампа
Элесиңе гүлдесте
12-январь күнү Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракеси өттү. Бул демилгени Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков көтөрүп чыккан. Борбордон мааракеге катышканы вице-примьер министр Ибрагим Жунусов, Маданият жана маалымат министри Н. Шакиев, президенттин кеңешчиси Султан Раев барышты. Рыспай Абдыкадыровдун урматына арналган эки күндүк концерт Жолболду Алыбаев, Саламат Садыкова, Арзыбек Бедияров, Кадыралы Артыков, Абидин Темировдун катышуусу менен өттү.


Съездбектен эски-жаңы ырлар
Жаңы жылды ойдогудай тоскон ырчы жигит учурда төрт ыр жаздырып, "Сезээр бекен" деген ырына клип тарттырып жатат. Буюрса кымбат, мазмундуу клиптердин катарын толуктаарын сүйүнчүлөгөнгө үлгүрдү. "Жыл жаңырса эле мурдакы чыгармалар хит болуп турса да мага эскирип калгандай сезиле берет" деген Съездбек азыр репертуарын жаңыртуу менен алек. Чыгармаларын толуктап бүткөндөн кийин "Жаңы жер" деген аталыштагы альбомун чыгарганы турат.


Айчүрөктө аралаш майрам
12-январь Айчүрөк Иманалиева үчүн кош майрам. Өзүнүн туулган күнү жана уул-кызын да ушул күнү жарык дүйнөгө алып келген. Бир үйдө үч адамдын майрамын жыл сайын көзгө көрүнөрлүк кылып белгилешчү. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп үйдө эле отурууну туура көрүшкөн. Себеби эки жакка чыгууга деле кенен убактылары жок. Майрамга кетире турган убакытты 27-28-январда өтүүчү жеке концерттин даярдыгына жумшап жатат. Концерт А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ырчы өзүнүн репертуарындагы жаңы чыгармаларын аткарат.


Останкинодон алган опут
Коомчулукта болуп жаткан социалдык көйгөйлөрдү талкууга алган КТРКдагы "Түнгө карай" берүүсү жаштардын дымагы жана аракети менен жакшы өнүгүп жаткан учур. Таланттуу алып баруучунун бири Эркин Рыскулбеков Москванын "Останкино" телестудиясынан мастер-класс өтүп, тажрыйба топтоп келди. Москванын тележурналисттери, андан сырткары Россиянын эстрада жылдыздары менен жакындан таанышканга үлгүрүптүр. Эми аз да болсо топтогон тажрыйбасын күнүмдүк жумушуна пайдалануунун аракетин көрүп жатат.


Камчы казак киносуна тартылат
Акыркы убакта актеру ди-джей, ди-джейи ырчы, ырчысы алып баруучу болуп, бир эле учурда биртоп иштин башын баштагандар арбын болбоду беле. Анын катарында "Дем" театрынын актеру Камчы Сарыбаев да бар. "Кыргызстан обондору" радиосунда ди-джейлик кызматты аркалап жүрүп, азыр ал кызматынан убактылуу четтеди. Жумушунун көптүгүнөн эки анжы ойдо болуп, акырында актерлук кесипти таштабаса да ди-джей болууну токтото турууну ылайык көргөн. Жаз алды менен казак-кыргыз режиссерлору биргеликте тарта турган тарыхый тасмадан көрүнүктүү ролду аткарганы турат.


Бетти даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??